Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№71, 26.09.08-ж.

PRESSKG.COM

ActionTeaser.ru - ???????? ???????





  Президент өргөөсүндө

Мамлекеттик финансыны башкаруу жакшырат
25-сентябрда Өкмөт Үйүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин кызматкерлери жана донордук коомдоштуктун өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Премьер -министри Игорь Чудинов жана КР Президентинин Администрациясынын башчысы Медет Садыркулов катышты.
Жолугушууну ачып жатып, мамлекет башчысы күн тартибиндеги башкы маселе - мамлекеттик финансыны башкаруудагы азыркы абалды талкуулоо болоорун айтты. "Каржы министрлиги өкмөттөгү башкы министрликтердин бири болуп саналат, мамлекеттик башкаруунун бүткүл системасынын натыйжалуулугу көп жагынан анын ишинин ийгилигине жараша болот. Ошондуктан, биз анын ишине өзгөчө маани беребиз. Каржы министрлигинин реформалоо боюнча планын мамлекет башчысы катары мен дагы, донорлук коомдоштук да колдоого алган болчубуз. Бүгүн биз бул процесстин азыркы абалын жана келечегин талкууламакчыбыз", - деди К.Бакиев.
Андан соң Каржы министри Тажикан Калимбетова доклад жасап, министрликтин бул багыттагы иши жөнүндө кыскача айтып берди. Ошондой эле донордук коомдоштуктун өкүлдөрү да пикир бөлүшүп, белгиленген реформаларды ишке ашыруу боюнча Каржы министрлигин мындан ары да колдоого, алар менен кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Талкуунун жүрүшүндө реформаны активдештирүүгө терс таасирин тийгизип жаткан проблемалар да белгиленип, аларды чечүүнүн жолдору аныкталды.Ошондой эле реформаларды жүргүзүүгө мамилени өзгөртүүнүн жана бул процесстин негизги аткаруучусу жана координатору катары Каржы министрлигинин ролун жогорулатуунун зарылдыгы белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Президент Курманбек Бакиев дүйнөлүк финансылык жана фондулук рыноктордо кырдаал татаал бойдон калып жаткандыгын айтты. "Бул процесс биздин өнөктөш өлкөлөргө да таасирин тийгизди. Демек, Кыргызстан да эртеби-кечпи дүйнөлүк жана регионалдык финансылык кыйынчылыктын натыйжасын сезиши мүмкүн. Ошондуктан, Каржы министрлиги мүмкүн болуучу терс натыйжаларга азыртан даяр туруусу керек. Окуялардын өнүгүүсүнүн божомолун даярдап, ошондой эле кырдаал кыйындап кете турган болсо, ага шайкеш аракеттенүүнүн планын иштеп чыгуусу зарыл", - деди К.Бакиев.
Мамлекет башчысы ошондой эле Каржы министрлиги, Улуттук Банк жана Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин ортосундагы өз ара байланышты жакшыртуунун зарылдыгын белгиледи.
Азык -түлүккө, энергоресурстарга жана коммуналдык кызматтарга баалардын кескин жогорулоосунун шартында бүгүн өкмөттүн алдында калктын аз камсыз болгон катмарын коргоо боюнча татаал милдет тургандыгын айтып, Президент кырдаал кескин начарлап кетчү болсо, Өкмөт жана Каржы министрлиги резервдердин туруктуу деңгээлин камсыз кылуусу керектигин белгиледи. Акча каражаттарынын кыймылын пландоого жана башкарууга андан да көбүрөөк көңүл буруу зарыл. Каржы министрлиги жана Казначейлик такай Президентке жана Премьер-министрге өз божомолдорун айтып, мамлекеттик бюджеттин туруксуздугуна алып келүүсү мүмкүн болгон бардык тобокелчиликтер жөнүндө маалымдап туруусу керек.
Жолугушуунун соңунда Президент Курманбек Бакиев Премьер-министр Игор Чудиновго бул реформалардын жүрүшүн жеке көзөмөлгө алып, белгиленген бардык иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылууну тапшырды. Мамлекет башчысы ошондой эле реформаларды тездетүү үчүн зарыл чараларды көрүү боюнча Каржы министрлигине конкреттүү тапшырмаларды берди. Андан сырткары, Президент жакынкы келечекке бир катар милдеттерди, атап айтканда, бюджетти түзүүдө жана аткарууда мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин жогорулатуунун зарылдыгына, мамлекеттик каражаттардын пайдаланылышын талдоону күчөтүүгө байланышкан милдеттерди белгиледи.



Террористтик жардырууга байланыштуу көңүл айтты
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардариге Исламабаддагы террористтик жардырууга байланыштуу көңүл айтты.
Телеграммада:
"Үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрында Исламабадда көптөгөн адамдардын өмүрүнүн кыйылышына алып келген террористтик жардыруу болуп өткөндүгү жөнүндөгү кабарды Кыргызстанда терең кыжырдануу менен кабыл алышты.
Бул адамгерчиликсиз акцияны чечкиндүү айыптоо менен биз Сиздин буга натыйжалуу каршылык көрсөтүүгө багытталган чараларыңызды колдой тургандыгыбызды билдиребиз жана дүйнөлүк коомчулукту эл аралык терроризмге каршы биргелешип күрөшүүгө чакырабыз.
Бүткүл Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтамын. Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына биздин көңүл айтуубузду жана алардын кайгысын тең бөлүшө тургандыгыбызды айтып коюшуңузду өтүнөм", - деп айтылган.


Тиешелүү тармактарга тапшырмалар берилди
23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Кыргызстандагы өзбек диаспорасынын өкүлдөрүн кабыл алды.
Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучулары менен аларды кызыктырган темалар боюнча, негизинен билим берүү, бизнес жүргүзүү, жалпы эле өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө пикир алышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө КРнын Салык кодексинин жаңы редакциясына тиешелүү ойлор жана пикирлер айтылды. Ошондой эле энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө сөз болду.
Жолугушуудан кийин Президент Кыргызстандагы өзбек диаспорасы тарабынан көтөрүлгөн маселелерди чечүү үчүн керектүү чараларды көрүү боюнча тиешелүү тармактарга тапшырмаларды берди.




Атактуу хирург "Даңк" медалын тагынды
23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Россия медициналык илимдер академиясынын А.Н.Бакулев атындагы жүрөк-кан тамырлар хирургиясынын илимий борборунун башкы директору Леонид Бокерияны кабыл алды.
Жолугушууга КРнын Саламаттыкты сактоо министри Марат Мамбетов жана КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жүрөк хирургиясы жана органдардын трансплантациясы илим-изилдөө институтунун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор Калдарбек Абдраманов да катышты.
Дүйнөлүк атак-даңкы бар хирургду куттуктоо менен Президент Курманбек Бакиев академик Иса Ахунбаевдин 100 жылдык мааракесинин урматына республикага келгендиги үчүн ага ыракмат айтты. "Мен муну анын жаркын элесине гана эмес, ошондой эле анын шакирттерине, бардык жолун жолдоочуларга көрсөтүлгөн урмат-сый деп эсептеймин",-деп айтты мамлекет башчысы.
Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы маданий, илимий жана тарыхый салттар сакталып гана калбастан, андан ары өнүгүп да жаткандыгы өзгөчө белгиленди. "Россиянын жана Кыргызстандын адис медиктеринин достугу жана кызматташуусу мындан ары да чыңдала берээринде жана дагы кыйла натыйжалуу болоорунда эч бир шек жок",-деп белгиледи К.Бакиев.
Мамлекет башчысы медицина жагындагы кыргыз-россиялык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги, ошондой эле Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр хирургиясынын өнүгүшүнө жана калыптанышына кошкон салымы үчүн Л.Бокерияны "Даңк" медалы менен сыйлады.
Өз кезегинде Л.Бокерия кыргыз жергесинде жылуу кабыл алуусу жана өзүнүн ишине берген жогорку баасы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле Курманбек Бакиевге Россия Федерациясында кардиохирургиянын өнүгүшү жана андан аркы келечеги тууралуу айтып берип, Кыргызстандын кардиохирургдарынын тажрыйбасына жана кесипкөйлүктөрүнө жогорку баасын берди. Атап айтканда, ал Россия Федерациясынын А.Н. Бакулев атындагы жүрөк-кан тамырлар хирургиясынын борборунда соңку бир нече ондогон жылдарда Кыргызстандан жүрөк-кан тамырлар хирургиясы боюнча медицина илимдеринин 12 доктору жана 30дан ашык медицина илимдеринин кандидаттары окуудан өтүшкөндүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын жана Россиянын медицинасынын өз ара иш-аракеттеринин келечектери тууралуу пикир алышуулар да болду.

Т.Темиров, "Эркин Тоо".







Яндекс.Метрика