Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№71, 26.09.08-ж.







Курулушта бурулуш бар, бирок сапатындачы?
Советтер союзу урагандан кийин Кыргызстанда курулуш тармагы солгундап, токтоп калган эле. Азыркы учурда бул тармак кайрадан колго алынып, жанданып бараткандай. Акыркы 3 жылда жаңы курулган заманбап мекеме-ишканалар, көп кабаттуу үйлөр көбөйдү. Мындан сырткары, 40тан ашуун жаңы конуштар пайда болду.
2006-жылдан бери КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык статистика комитетинин маалыматтары боюнча шериктештикке кирген өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан турак-жайларды ишке берүү боюнча эң алдыңкы орундарды ээлеп келет. Бул албетте, жакшы көрүнүш. Бирок, санына жараша сапаты дегендей, канча турак-жай курулса да алар сапаты жагынан да жакшы болушу абзел. Биринчи кезекте алардын сейсмологиялык туруктуулугу талапка жооп бериши керек. Кыргыз Республикасынын сейсмологиялык институтунун адистеринин айтымында 2011-2016- жылдары Кыргызстандын аймагында сейсмологиялык активдүүлүк күчөшү мүмкүн. Ошондуктан биз ага азыртадан даярдык көрүүбүз зарыл дешет алар.
Өлкөдө курулуштун өнүгүшү адегенде жеке менчик турак-жайлардын курулушунан башталган. Башкача айтканда, курулуштарды мамлекет өзү каржылай албай калган. Быйыл гана бир топ мектептер менен Камбар-Ата-2 ГЭСи мамлекеттин эсебинен курулууда. Ошентсе да, азыр мамлекеттик курулуштарга караганда жеке менчик курулуштар басымдуулук кылат. Аларды көбүнчө Кытай, Казакстан, Корея, Түркиянын компаниялары өз стандарттарына ылайык курушууда. Ал эми Бишкектеги конуштарда курулуп жаткан жаңы үйлөрдүн көпчүлүгү ылайдан жасалган чийки кыштан эле ашар жолу менен тургузулуп жаткандыгы баарына белгилүү. Сейсмологиялык институттун директору "Бул үйлөрдүн сейсмологиялык туруктуулугу жөнүндө азыр эч нерсе айтууга болбойт. Мындан бир топ жыл мурда автордук же мамлекеттик көзөмөлү жок эле көп үйлөр курулуп кеткен. Азыр да алардын курулушуна көзөмөл жакшы эмес. Себеби, аларды тийиштүү органдар көзөмөлгө алайын дешсе, бул жеке менчик турак-жайы деп көзөмөлчүлөрдү үйгө киргизбей коюшат. Мурун ар бир үйгө сейсмологиялык туруктуулугун аныктаган же канча балл жер титирөөгө чыдай тургандыгы жазылган үй паспорттору берилчү. Эми кайрадан аны жандандыруу керек" - деп билдирди. Институттун атайын адистеринин маалыматына караганда азыркы курулуштардын эң эле сапатсызы жаңы конуштарда. Ал үйлөрдүн 70-80 пайызы 7-8-9 балл жер титирөөгө туруштук бере албашы аныкталган. Ошондуктан учурда жаңы үй куруп жаткандар сапаттуу курулуш материалдарын колдонуп, тажрыйбалуу куруучулардын катышуусу менен үйлөрдү куруусу керек. Анүчүн кайсы курулуш материалы чыдамдуу, сапаттуу экендигин билүү зарыл. Адистердин айтымында союз убагындагыга караганда азыркы курулуш материалдарынын сапаты бир топ төмөн. Көбүнчө Кытайдан алынып келинген курулуш материалдарынын тез эле ийилип же чирип кетээрин куруучулар өздөрү да айтып жүрүшөт. Тилекке каршы, базарларда салыштырмалуу арзан, көп болгондуктан кытайдын курулуш материалдарын колдонууга туура келет.
Биздин өлкөдө курулуш материалдарынын көп түрлөрүн өндүрүүгө болот. Кыргызстандын аймагынан курулуш материалдары үчүн колдонулчу чийки сырьенун 2 миңден ашык кени бар. Мисалы, алардын эң ирилеринин бири-айнек өндүрүүгө керектелчү сырьелор. Аны учурда Токмоктогу айнек заводу кайра иштетип, Кыргызстанды эле эмес, бир нече чет өлкөлөрдү айнектин түрлөрү менен камсыздап келет. Бул товар авто машинага керектелүүчү айнектен баштап терезе айнектеринин жана күзгүлөрдүн түрлөрүн чыгарат. Бизде металл-пластик айнек конструкциялары чыккан бир нече мекемелер иштейт. Кыргыз айнеги Казакстанга, Тажикстанга экспорттолот.
Жаратылыш таштарын кайра иштетүү да жолго коюлуп, гранит, мрамор, траветинден таш плиталары иштелип чыгарылат. Таш плиталары кээде Казакстандан алынып келинет. Мындан тышкары, Кыргызстанда металл жана темирбетондук тирөөчтөр да жасалат. Биз өзүбүздү өзүбүз цемент менен да камсыздай алабыз. Ысык- Көлдөгү Күрмөнтү цемент заводу менен Канттагы цемент комбинаты азырынча бул материалды өндүрүү жагынан алдыда келишүүдө. Эксперттердин айтымында Кыргызстан курулуш материалдарын өндүрүүнү ушул ыргакта улантып кете алса, жакынкы жылдарда аларды башка өлкөлөрдөн алынып келинбей калат. Себеби, цемент өндүргөн заводдордун курулуш материалдарды экспорттогонго да чамасы жетет. Мисалы, Бишкектин четинде курулуп жаткан "Джал Артис" жаңы №15 кичирайондун курулушунун металлы гана башка өлкөлөрдөн алынып келинбесе, башка курулуш материалдары өзүбүздүкү. Кирпичтин түрлөрүн да Кыргызстан өзү өндүрөт. Акыркы мезгилдерде ылайдан жасалган чийки кыштын өтө көбөйүп кеткендиги байкалган. Бул айрыкча борборубуздун айланасындагы жаңы курулуп жаткан конуштардагы үйлөрдү куруу үчүн пайдаланылат. Калган курулуш материалдары чет жактан импорттолуп келет. Гипсокортон, арматура сыяктуу курулуш материалдарынын көбү Кытайдан, сантехника курулуш материалдары Белоруссия, Германия, Франция, Италия, Голландия, Польша, Бельгия, Россия, Казакстан жана Кытайдан алынып келинет. Ал эми курулуш үчүн жыгач материалдары өзүбүздүн токойлордон мыйзамсыз да, мыйзамдуу да алынууда.
Ошентип, өлкөбүздүн статистика комитетинин билдиргенине караганда үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында жалпы аянты 259,3 миң чарчы метрлик турак-жай пайдаланууга берилген. Бул көрсөткүч 2007-жылдын II кварталынын деңгээлинен 24,1 пайызга көп.
Бир эле шаар жергесинде эмес, айыл жергесинде да курулуштун саны көбөйгөн. Турак-жайларды ишке киргизүү боюнча биринчи орунда Ош облусу турат. Бирок, жогоруда белгилеп өткөндөй курулуштардын санынан сапатына анчейин көңүл бурулбай жатканы жашыруун эмес. Бул көрүнүшкө албетте жеке менчик турак-үй куруучулар эле эмес, курулуштун сапатына көзөмөл жүргүзгөн тийиштүү органдардын да көңүл буруусу зарыл. Айрыкча курулуштун дүркүрөп өрүш алып турган мезгилинде элге турак-жайлардын сапаты, сейсмологиялык туруктуулугу сыяктуу маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин көп жүргүзүп туруу маанилүү.

Ж.Кенжетаева,
"Эркин Тоо".




Айылдык мектепте абал өзгөрүүдө
Тагаева Жыпаргүл, Жети­Өгүз районундагы Чоң­Жаргылчак орто мектебинин биология мугалими

1982­жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетин бүтүргөн. Университетти бүткөндөн кийин Дархан орто мектебинде, ал эми 1989­жылдан бери Чоң­Жаргылчак орто мектебинде эмгектенүүдө. Мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы, директор кызматтарында иштеген.

­ Жыпаргүл эже, тажрыйбалуу мугалим катары айтсаңыз, эмне үчүн айылдык балдардын билим деңгээли төмөн болууда?
­ Менин оюмча айыл жеринде жашоо­шарт башка. Ата­энелердин көпчүлүгү балдарынын негизги милдети окуу экенин эске албай, чарбалык иштерге көбүрөөк аралаштырып, мисалы картошка жыйналып бүткүчө 1­2 жумалап сабакка жибербей коюшат. Андан кийин балдар сабактарга жетишпей, ошону менен окууга кызыгуусу деле солгундап калат. Бул айылдык мектеп үчүн типтүү эле көрүнүш болуп калды. Экинчиден, айылда мугалимдер жетишпейт. Ар бир сабакты предметтик мугалимдер өзүлөрү өтсө жакшы. Мугалим жетишпегенден кийин кээде ар кандай болот, тарыхты тарыхчы эмес мугалим окутушу мүмкүн. Анан кантип жакшы жыйынтык болсун.
­ Өзүңүздөрдүн айылдан мектепти бүтүп, мугалимдик кесип алып кайра баргандар болуп жатабы?
­ Кайра баргандар бар. Бирок, негизинен эркек балдар. Кыздар окууну бүтүп, шаарда калып же башка жактарга турмушка чыгып кетет экен.
­ Сиздин баамыңызда ошол жаңы бүткөн жаш мугалимдердин даярдык деңгээли кандай?
­ Эми, албетте деңгээли мурдагы убактардагыдай эмес. Негизи, ЖОЖдордо акча төлөп окуп, акча берип экзамен, зачет алып окугандардын дитинде эч кандай жакшы сабак өтөйүн деген ыкылас деле болбойт. Ушуга байланыштуу дагы бир маселе ­ ата­энелер дагы балам мектепте жаман окуса да, акчасын төлөп жогорку окуу жайынан окутуп алам деген түшүнүк бар. Туура, азыр акча төлөп каалаган окууга окуса болот, бирок алар биз каалагандай кадр болбойт экен да. Бул бир эле мугалимдик кесипке эмес, бардык эле кесиптерге тиешелүү деп ойлойм.
Бирок бизге депозит боюнча келген бир жигиттин балдарга терең билим берүүгө ынтаасы зор экенин байкадым. Өзү Кочкор районунан. Мектепте да, университетте да жакшы окуган бала экен. Негизи билимдин түпкү башаты ушул мектептен башталаарында шек жок. Мектепте жакшы окуган баладан жакшы студент, жакшы адис чыгуу мүмкүнчүлүгү да чоң.
­ Сиз кандай ойлойсуз, мына азыр заман өзгөрүп, биз үчүн жат болгон рынок шартында жашап жатабыз. Жашоо­турмуш принциби, адамдардын көз карашы, коомго болгон мамилеси өзгөрдү. Бирок балдарга билим берүү системасы, өзгөчө мектепте, анын ичинде айылда мурдагыдай эле программа боюнча окутуп жатабыз. Окуу программаларын, окутуу методикасын бүгүнкү күнгө алгылыктуу болгондой кылып эмнеге өзгөртпөйбүз?
­ Жакшы мугалим өзү ар дайым изденип, балдарга жугумдуу болгондой кылып сабак өтүүгө аракеттенет. Бул көбүнчө мугалимдин жеке өзүнө байланыштуу. Ал эми жалпы окутуу программасы, методикасы жөнүндө айтсак, азыркы кезде мен билгенден Ысык­Көл, Талас облустарында "Айылдык мектеп" долбоору иштеп жатат. Мында айылда билим берүүнү көтөрүү багытында жакшы иштер каралган экен. Ушул долбоордун көмөгү менен бүгүнкү заманбап көрсөтмө окуу куралдары менен камсыз болдук. Мисалы, мен өз предметим үчүн микроскоп, адамдын склети, өсүмдүктүн түзүлүшү ж.б. бардыгы болуп 16 миң сомго көрсөтмө куралдуу болгонум, сабакты кызыктуу өтүүгө чоң өбөлгө болду. Баарынан да бул балдардын сабакка кызыгуусун, көңүл бөлүүсүн күчөттү десем болот. Долбоордун талабына ылайык сабакты да башка формада өтөбүз. Сабак өтүүдө класстагы окуучуларды 4­5 топко бөлүп, анын лидери дайындалат. Балдардын жообуна мурдагыдай бааны мен койбоймун, балдар өзүлөрү коет. Мурда биз көбүнчө жакшы окугандарды сурап, сабак билбегендер отура беришкендей эмес. Окутуунун бул ыкмасында балдар баары активдүү катышып, сабак аябай жандуу өтөт. Ар бир топ бирин­бири сүрөп, өз ара атаандашып, сабакка даярдануусуна да түрткү болот экен. Балдардын логикалык ой жүгүртүүсүнүн өсүүсүнө, эркин болуусуна шарт түзөт. Мага окутуунун бул методикасы жакты. Өзүм эң начар делген 9­классты тандап алдым эле. Азыр бул класстын да деңгээли көтөрүлдү десем болот. Ушинтип айылдык мектептерде аталган долбоордун көмөгү менен жакшы өзгөрүүлөр жүрө баштады жана бул бүт республикага жайылат деген ишенимдемин.
­ Мектебиңиздердин материалдык­техникалык базасы кандай? Бул жагынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлиги жардам берип жатабы?
­ Ооба, жардам берип жатышат. Мектепке колдон келишинче материалдык да, моралдык да жактан көмөк берип жатышат. Биздин мектептин алдыңкы окуучуларына айыл өкмөтү да өзүнчө стипендия уюштурган. Баарынан кубанычтуусу мектебибиз жаңы курулган. Мурдагы мектеп имараты аябай эскирип, абалыбыз начар эле. Азыр жаңы типтеги эки кабаттуу мектепке ээ болгонбуз. Мында Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Исабеков жакшы жардам берди. Анын кийлигишүүсү менен мектепти куруу мамлекеттик бюджетке киргизилген. Чынында канча жылдап курулбай келген мектеп акыркы 2­3 жылдын ичинде эле курулуп, пайдаланууга берилди. Ошондой эле "Айылдык мектеп" долбоорунун алкагында мектебибизде компьютердик класс түзүлүп, көптөгөн предметтик көрсөтмө окуу куралдары менен камсыз болдук. Азыр материалдык­техникалык абалыбыз жакшы. Депозит аркасында кадрдык маселелерди да чечүүгө аракет болууда. Эми мугалимдер өзүбүз гана изденип иштөөбүз керек, негизи ушул.
­ Мамлекет айлык акыңарды көбөйтүүгө дайым аракет жасоодо. Азыр айлык акыңыздар түзүк элеби?
­ Ооба, айлык акыбыз көбөйтүлүп жатат. Бирок азыркы жашоо талабына салыштырмалуу көп деп айтууга болбойт. Бизге окшоп айылда жашагандарга анча билинбейт, бирок шаар жериндегилерге дагы эле оор болуп жатса керек. Чынында бул мамлекет үчүн өтө оор маселе экенин түшүнөм. Ошентсе да бул багытта ар дайым жакшылыкка үмүт артып келебиз. Биз болбосок бизден кийинки муундарга татыктуу эмгек акы алуу шыбагасы тиер деген үмүт бар.

Б.ТУРДАЛИЕВА,
"Эркин Тоо".












??.??