Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№71, 26.09.08-ж.





  Мыйзам залы

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Абдуллаева
ДЕПУТАТ АЯЛДАРДЫН ИЧИНДЕ АЛЬЯНС ТҮЗҮЛГӨН
- Чолпон Галийаскеровна, сиз орун басар болгон жаштар, гендер саясаты, дене тарбиясы жана спорт боюнча комитет кандай мыйзам долбоорлорун карап, кайсы иш-чаралардын үстүндө алектенүүдө?
- Биздин комитетте гендер саясаты деген жаңы багыт уюштурулду. Бул мурда такыр болгон эмес. Биз бул багытта Конституцияга таянуу менен Эсеп палатасында жана Борбордук шайлоо комиссиясында иштеген аялдардын саны 30%дан кем болбошу керек деген чечимди мыйзамга киргиздик. Жогорку Кеңеште 23 аял депутат болгону менен министрликтерде 4 гана аял жетекчи бар. Баарыбыз жакшы түшүнгөндөй, канчалык башкарууда аялдар көбүрөөк болсо ошончолук башаламандыктар токтоп, тартип орнойт. Биз азыр балага эмчек эмизүү маселеси жөнүндөгү мыйзамды карап жатабыз. Унду витаминдер менен байытуу жөнүндөгү мыйзамды карадык, анын жакын арада кабыл алынышы болжолдонууда. Себеби, витамин менен байытылбаган ундун жетишсиздигинен аз кандуулук менен ооруган аялдардын саны көп. Ошондуктан жаш энелердин, дегеле улуттун денинин сак болушу үчүн бул мыйзамдын кабыл алынышы абдан керек. Андан сырткары биздин комитет жаштар саясатын жандандырып, жаштар менен абдан тыгыз иштешүүдө.
Азыркы биздин парламент мыйзамдарды үч окууда кабыл алат. Мыйзамды биринчи окууда кабыл алгандан кийин аны интернетке жайгаштырабыз, экинчи окууда берене боюнча кабыл алып, аны бардык жарандык коом талкуулайт, талкуудан кийин үчүнчү окуусунда мыйзамды толук кабыл алабыз.
- Депутат айымдар парламентте бири-бириңер менен кандай алакада иштешесиздер?
- Биздин депутат аялдардын ичинде альянс түзүлгөн. Мен ал альянстын координаторумун. Ал эми өкмөттүк эмес уюмдардын ичинде координатор болуп Мира Карабаева дайындалган. Биз алар менен абдан тыгыз иштешебиз. Мен жакында Баткенде, Таласта болуп, өкмөттүк эмес уюмдарда иштеген айымдар менен кезигиштим. Аларды өзгөчө чек ара, жол, электр энергия маселелери кыйнайт экен. Ошондуктан биздин аялдар альянсынын өкүлдөрү жер-жерлерде биргеликте иштешели дедик. Өлкөнүн Президенти мекеме-уюмдарга, губернатор, акимдерге өздөрүнүн өнүктүрүү программасын түзгүлө деген. Биздин альянс да бул багыттан четте калган жок. Азыр биз губернаторлордун аял орун басарлары менен тыгыз иштешип, социалдык маселелерди чечүүгө биригип жатабыз.
- Жакында жаштар үчүн тегерек стол уюштурдуңуздар. Анда кайсы маселелер каралды?
- "Ак Жол" партиясынын жаштар канатын Жогорку Кеңештин депутаты Максат Кунакунов жетектейт. Ал 26 жашында депутат болуп келген. Жаштар деп биз 14 жаштан 35 жашка чейинкилерди түшүнөбүз. Бул курактагылар өлкөбүздүн калкынын 45%ын түзөт. Жаман жери ушул курактагы жаштарыбыздын көбү Кыргызстандан сырткары жашап, иштеп жүрүшөт. Дагы бир өксүк - билим берүү жааты өтө начар. Билим алууда 60 өлкө катышкан сынакта биздин жаштар акыркы орунда калышты. Диплом алгандан кийин да ал жаштар жумуш таппай жүрүшөт. ВИЧ/СПИД менен ооруган жаштардын саны да өсүп баратат. Жаштар бизнеске кирүү үчүн кредит алууга кое турган күрөөсү жок кыйналышат. Кыргыздын кыз ала качуусун чет өлкөлүк айрым уюмдар мал уурдоого салыштырышып, шылдыңдап жатышат. Азыркы жаштар бири-бирин көрүп-билип туруп эле ала качып кетишет. Айрым ӨЭУлар өлкөнүн терс жагын көрсөткөн роликтерин токтотуусу керек. Акыркы 2-3 жылда спорт жанданып, жаштар спортко көңүл буруп калышты. Спортсмендер өздөрү да спортту көтөрүүгө кошкон салымы үчүн Президентке ыраазы болушууда.
Ушул маселелер тегерек столдо айтылды. Жаштардын ушунчалык оюн ачык-айкын айтып, келечекке өз салымдарын кошууга дилгирленип тургандары мени абдан кубандырды. Биз бул жыйынга келген олимпиадалык чемпиондорду да куттуктап алдык. Алар да жаштарды кантип спортко тартуу жөнүндөгү ойлорунан бөлүшүштү.
- Сиз депутат болгонго чейин Таласта төө буурчак сатуу боюнча дыйкандар, түрк фирмалары менен иштешип келдиңиз. Азыр төө буурчакты дыйкандар канчадан өткөрүүдө? Талас элине кандайдыр бир жардам көрсөтөсүзбү?
- Биз азыр региондор боюнча бөлүнбөйбүз. "Ак Жол" партиясы бардык Кыргызстан боюнча иштейт. Туура, мен агрардык сектордо 8 жылдай иштедим. "Талас" айыл чарба кооперативин уюштургам. Азыр бизнес менен алектенбейм, бирок Таласка баттан барып, эл менен жолугушуп турам. Быйыл Талас областынын Кара-Буура жана Манас райондору төө буурчак, ал эми Талас району картошка айдашты. Бүгүнкү күнү да төө буурчактын 1 килосунун төмөнкү баасы 21-25 сом болууда. Төө буурчакты сатып алуу боюнча Таласта 38 фирма иштейт. Дыйкандар түшүмүн кимге сатат, кайсы фирма менен келишим түзөт, өзү чечет.
- Жакында сизди Таласка барып келди деп уктук.
- Ооба, 15-сентябрда Манас районунун Сөгөт айылында башталгыч класстар үчүн мектеп ачылды. Бул айыл Союз учурунда келечеги жок айыл делип, эч кандай жардам берилген эмес экен. Мурдагы 15-20 түтүн 44 түтүнгө көбөйүптүр. Ушул айылга мектеп салынып, элдин көптөн күткөн тилектери аткарылды. Биз, Жогорку Кеңештин депутаттары А.Кенжебаева, Т.Жумабекова болуп бөбөктөрдү жаңы билим бешиги менен куттуктаганы барып, белектерибизди берип келдик. Бул жакшы жөрөлгөнү айылдык фермер Жанарбек Байтиков өз милдетине алып бүткөргөн. Сүйүнгөн элдин черин жаза Бишкектен барган белгилүү ырчылар концерт коюп беришти. Биз дагы Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте мүмкүнчүлүк болсо мектепке керектүү жабдууларды алып берүүгө убада бердик.
Маектешкен
Сымбат Максутова,
"Эркин Тоо".




Табият берген байлыкты сактай билели
Кара-Буура мамлекеттик коругунун бүгүнкү абалы жана эртеңки келечеги жөнүндө айтып берүүсүн өтүнүп, анын директору Момбеков Алмаз Канаевичке кайрылдык.
- Алмаз Канаевич, Сиз жетекчи болуп иш баштаган Кара-Буура коругунун канча гектар жери бар жана ал башкалардан эмнеси менен айырмаланат. Адегенде биз ушуну тактап алып, анан гана маегибизди улантсак деп турам?
- Жакшы болот. Менин көз карашым боюнча кеп коруктун ээлеген жалпы аянтында, аз же көп экендигинде эмес. Биз анын баа жеткис байлыгы, элибизге тийгизе турган пайдасы жөнүндө аңгеме-дүкөнүбүздү курсак туура болчудай. Буга сиз деле каршы болбосоңуз керек деген ойдомун. Эми сөздүн туурасын айта турган болсом Кара-Буура коругу жаңыдан уюшулгандыгына карабастан кооздугу, баа жеткис байлыгы, элге керектүү болгон табылгыс дарылык жапайы чөптөрү, сейрек кездеше турган жан-жаныбарларынын көптүгү менен республикабыздагы башка коруктардан айырмаланып, келечектен көптү үмүттөндүрөт. Ошондуктан абалтан корукка болгон элдин мамилеси азыр таптакыр башкача болуп калды. Адамдар жөн эле кире бербейт, ал катуу кайтарууда турат.
- Башкалардан баа жеткис байлыгы менен айырмаланат деп айтып кеттиңиз, ошону курулай сөз менен эмес, далилдүү фактылар менен айтып бере аласызбы?
- Казакстан менен чектеш "Сулуу", "Куруараба", "Ашуу-Төр" жана "Күрүч-Көл" деген чокусунан ак кар, көк муз кетпеген эң алыскы жайлоолордун 60 миң гектарга жакын жерин камтыган корукка караштуу жерлерде не деген гана чөптөрдүн түрлөрү өсөт дейсиң. Маселен, дүйнөдө сейрек кездешүүчү баалуу 1500гө жакын чөптөрдүн түрлөрү болсо, ошолордун 120дан ашыгын биздин "Сулуу Бакайыр", "Курубак", "Ашуу-Төр" жана башка жайлоолордон кездештирүүгө болот. Ал эми СССРдин, ошондой эле Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген "Энделик" чөбүн бизден башка эч жерден издеп таба албайсың. Жашоо өмүрү бар болгону жети гана күнгө жеткен "Грейха" мандалагы биздин жерде көп өсүп, жапайы жол менен жыл өткөн сайын көбөйүүдө. Жалаң эле жоогазындын 7 түрү биздин коруктун аймагында өсүп, көбөйүп бара жатканын бардык эле адамдар билишпейт, ошондуктан булардын жок болуп кетпөөсү үчүн биздин егерлер жана коомдук башталышта өз ыктыяры менен иштеп жатышкан айыл өкмөттөрүнүн патриот адамдары биргелешип иш алып барышууда.
- Ден соолукка керектүү болгон дары-дармектердин бардыгы негизинен чөптөн жасалары айтылып жүрөт, бирок аны тактап билүү ар кимдин эле колунан келбесе керек?
-Мунуңузга мен да кошулам. Дарылык чөптөрдү даярдаган атайын адамдар болот, ошолор кандай чөптү кайсы убакта даярдаш керектигин жакшы билишет. Жүргүзүлгөн изилдөө ишибизге караганда биздин корукта эле касиети күчтүү дарылык чөптөрдүн 60тан ашык түрү бар. Булардын ичинен чекенди, ит мурун, уу коргошун, ак барпы, барбарис, өрмөкара, көкөмерен, кийик чөп, алтын тамыр, бозунач жана башкаларды бөлүп айтса болот.
- Алмаз мырза, акыркы убакта аркар, кулжа, эчки-текелердин саны барган сайын азайып, жапайы аңчылык кылгандар тартипке чакырылбай жаткандыгы сиздерди тынчсыздандырбайбы?
- Чынын айтканда жүрөк өйүтө турган маселелердин бири мына ушул. Өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илгендер азыр деле жок эмес. Мергенчиликке, айрыкча туут учурунда катуу тыюу салган атайын мыйзамдар бар экенине карабастан тартип бузуп, эчки-теке, аркар-кулжаларга кол салгандар буга чейин көп эле болгон, ал эми азыр болсо алардын аягы тыйылып калды. 59667 гектар жерди ээлеген жалпы аянттын 21 гектарында арча, кайың, ар кандай бак-дарактарды мекен кылып баарлаган кымбат баалуу сейрек кездешүүчү айбанаттар - аркарларды, эчки-текелерди, күрөң аюу, илбирстер менен кундуз жана суусарларды атып жок кылууга жол бербөө, кайтаруу максаттарында егерликке айыл өкмөттөрүнүн ичинен иштеген ишине жоопкерчилик менен маиле кыла турган 12 адамды кызматка алып, ошолор менен күн-түн дебей иш жүргүзүп жатабыз.
-Мергенчилер суук колун салбаса аркар-кулжа, эчки-текелердин санын көбөйтүүгө болору айтпаса да түшүнүктүү дечи?
- Ооба, ошолорду жок кылуунун ордуна төл эсебинен көбөйтсө болот. Бизде 30дан ашык штаттан тышкары кызматкерлер бар, алар коомдук башталышта иштеп жатышат. Туут учурунда булар өз участокторунда болушуп, дайыма көзөмөл кылышат. Көп жылдардан бери иштеп келе жатышкан егерлердин байкоосуна караганда эң көбү Курубакайырдын башында "Кендинин" сайында, "Бүлөөсай" жана "Кызылташ" тоо кыркаларында, жыйынтыктап айтканда 21 жерде төлдөө менен өзүлөрүнүн санын көбөйтүшүүдө.
- Уюшулганына аз убакыт болсо да аздыр-көптүр жакшы иштерди жасап жаткан экенсиңер, эми ушуларды элге маалымдап, Кара-Буура коругунун бүгүнкү ал-абалы жөнүндө билдирүү үчүн кандай аракеттерди көрүп жатасыздар?
- Ток этер жерин айта турган болсом, эки жылдын аралыгында корукту пропагандалоо максатында "Ата журт ажары" деген темада бир сааттык кыска метраждуу кинотасманы КТРдин кызматкерлеринин жардамы менен тартып элге тартуулап үлгүрдүк. Андан тышкары Сулуу Арабөктөгү шаркыратманы роликке тартып, көрүүчүлөргө реклама кылып жатабыз. Анан коруктун ичиндеги жапайы жаныбарлар жөнүндө республикабыздын Улуттук илимдер академиясынын илимпоздорун чакырып, анчалык чоң эмес китеп жазып чыгардык. Бул окурмандардын кызыгуусун туудурууда.
- Жаштарды окутуп, билим берип тарбиялап жаткан мектеп, жогорку окуу жайлары менен өз ара байланышыңар кандай?
- Талас мамлекеттик университети менен келишим түзүп, эриш-аркак иштеп жатканыбызга эки жыл болуп калды. Аталган окуу жайдын экология-табият таануу факультетинде окуп жаткан студенттер өндүрүштүк практикасын жыл сайын бизде өткөрүшөт. Аларга каалагандай жакшы шарт түзүп бергендигибиз үчүн окуу жайдын жетекчилери ыраазычылык билдиришип, алкыш айтышууда.
- Алмаз мырза, айылдык мектептер деле сиздердин көмөгүңүздөрдөн четте калбаса керек?
-Айылдык мектептерди көз жаздымдан калтырган жерибиз жок.
Өзүбүздүн каражатыбыздын эсебинен жыл сайын марш паркын өткөрүп, окуучуларды тоого алып барып, жасаган иштерибиз жөнүндө айтып беребиз.
- Каражат жагынан кандайсыңар?
- Корукка кеткен баардык каражатты мамлекет өз мойнуна алган. Бул жагынан дооматыбыз жок. Бирок, биз муну менен чектелбейбиз, долбоор жазып, сырттан жардам алып жатабыз. Учурда үч долбоор жазып Көк-Сай айыл өкмөтүнө тиешелүү "Чекирбулакта" 500 миң сомдук "Капташ" куруунун, ошондой эле "Кочкората" мазарынын айланасын курчап жашылдандыруу жагын колго алуунун үстүндө иштеп жатабыз. Бир сөз менен айтканда, алдыда аткара турган иштер көп. Жаратылыш элдин байлыгы дейт. Андыктан табигат берген байлыкты кордобой, алар элге кызмат кылса деген максат жүрөгүбүздүн башында турат.
Маектешкен
Батыркул Боромбаев.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan