Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№71, 26.09.08-ж.





  Кышка даярдык кандай?

Электрондук эсептөөчү аппараттар орнотулууда
Ысык­Көл облусунун Тузан Досалиев атындагы Чолпон­Ата электр тармактары ишканасынын начальниги Сарымолдоев Бакыт Казизович менен маек

­ Бакыт Казизович, Ысык­Көл районунун аймагында жашаган элди, мекеме­ишканаларды электр энергиясы менен камсыздоо маселеси кандай чечилип жатат, алгач ушул багытта маалымат бере кетсеңиз?
­ Биздин негизги максатыбыз жайкы сезонду жакшы өткөрүп алуу эле, натыйжада жогорку деңгээлде сезонду аяктап, электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыз кылып турдук. Районубуздун аймагында жайгашкан 170тен ашык эс алуу жайларын жана 16га жакын жаңыдан курулуп жаткан пансионаттарды керектүү өлчөмдө электр энергиясы менен камсыздоого жетиштик. Андан сырткары биздин райондун аймагы 170 чакырым аралыкты түзүп, анда жайгашкан айылдарды үзгүлтүксүз электр менен камсыздоодо биздин кызматкерлер өз милдеттерин так аткарып, жакшы ийгиликтерди жаратышты. Үстүбүздөгү жылдын январь­февраль айларында суук катуу болгондуктан, электр энергиясын жоготуу жогорку деңгээлге чыгып кеткен болсо, июнь, июль, август айларынын жыйынтыгы менен жалпы жоготууларыбыз 13,7%га төмөндөп, анын ичинен техникалык жоготуулар 11,7%ды, ал эми коммерциялык жоготуулар 2%ды түздү. Ошентип, жыл башынан бери жалпы жоготуу боюнча көрсөткүчтөрүбүз 36,3 %ды түздү. Ал эми 9 айдын жыйынтыгы менен 32%га, жылдын жыйынтыгы менен электр энергиясынын жоготуусун 30%га чейин төмөндөтүү үчүн кызматкерлерибиз иштиктүү аракеттерди көрүп жатышат.
­ Дебитордук карыздарды кыскартуу боюнча аткарылып жаткан иштерге токтоло кетсеңиз?
­ Биздеги эң көйгөйлүү маселелердин бири дебитордук карыздарды өндүрүү болуп эсептелет. Бул багытта Чолпон­Ата электр тармактары ишканасынын кызматкерлери комплекстүү иш­чараларды көрүп жатышат. Түзүлгөн контракттарды кайра карап чыгып, тарифтер өзгөргөнүнө байланыштуу бардык маселелерди камтыган иш­чаралар өткөрүлдү. Райондун аймагындагы 1800 мекеме­уюмдарда 2300 эсептөө точкалары, 20300 жеке үй­бүлөлүк абоненттер бар. Ар бир электр энергиясын пайдалануучулар менен түшүндүрүү иштерин алып баруунун натыйжасында дебитордук карызыбыз кыскарып жатат. Ошондой эле ар кандай себептер менен өндүрүлбөй келген карыздарыбыз бар болчу, алар Чолпон­Ата шаарындагы суу каналдары ишканасы 6,6 млн. карызы болсо, бүгүнкү күндө 3,8 млн. карызын жаптырууга жетиштик. Андан сырткары "Теплокоммунэнерго" АКсы 600 миң сом карыз эле, алар да карызынан кутулушту. Ошондой эле санаториялардан өткөн жылы жалпысынан 3 млн. 800 миң сом өндүрүлбөй калган карыз акчаларды толугу менен өндүрүүгө жетиштик. Баса белгилей кетүүчү нерсе, август айында эс алуу жайлары электр энергиясына алдын ала төлөп, жаңылык киргизишти. Мен ойлойм, бул система түшүндүрүү иштеринин натыйжасы деп.
­ Азыр дебитордук карыздардын көлөмү канча?
­ Жалпы районубуздун аймагы боюнча дебитордук карыз 28 млн. 738 миң сомду түзүп, анын ичинен мекеме­ишканалардыкы 12 млн. 491 миң сом, ал эми элдин карызы 16 млн. 246 миң сомду түздү. Азыр кызматкерлерибиз дебитордук карыздарды өндүрүү жаатында астейдил аракеттерди көрүп жатышат.
­ Чолпон­Ата электр тармактары ишканасы кышка карата кандай даярдыктарды көрүштү?
­ Буюрса келе жаткан кыш мезгилине дагы даярдыктарыбыз жаман эмес. Биз "Чыгышэлектр" ачык акционердик коомунун структурасына киргендиктен, ошол коомдун кышка карата даярдыктар боюнча тапшырмаларына ылайык, капиталдык жана утурумдук оңдоолорду жүргүзүп жатабыз. Мисалы, жаңы линияларды тартуу, трансформаторлорду оңдоолорду жүргүзүп, запастык тетиктерин алмаштырып, толук кубаттуулукта иштөөсүнө шарт түздүк. Ананьево, Григорьевка, Чок­Тал, Чолпон­Ата участкаларыбыз боюнча капиталдык оңдоолордун 80%ы бүткөрүлдү. Андан сырткары кызматкерлерди техникалык коопсуздук боюнча окутуп, анын негизинде ар бир кызматкер экзамен тапшырды.
­ Кыргыз Өкмөтүнүн №135 токтомун аткаруу боюнча кандай аракеттер көрүлүүдө?
Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли төмөн болгонуна байланыштуу Өкмөттүн токтомунун негизинде электр энергиясын чектөө биздин райондун аймагына 15­сентябрдан баштап киргизилди. Анткени, туристтик сезон эми эле аяктап, буга чейин үзгүлтүксүз жарык берилип келген эле. Үч фазалуу электр энергиясын колдонгондорго да чектөө киргизилди. Районубуздун аймагындагы турмуш­тиричиликке пайдаланган 1156 абоненттин ичинен 618и өчүрүлүп, 688 абонентке билдирүү берилди. Электр энергиясын өчүрүүнүн графиги түзүлүп, элге жеткирилди. Өкмөттүн № 135 токтомун турмушка ашыруу багытында бир топ иштер аткарылууда.
­ Электр энергиясын уурдоо жолу менен пайдаланган мыйзамсыз иштерге каршы кандай чараларды көрүп жатасыздар?
­ Биздин кызматкерлер укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте рейддерге чыгып, электр энергиясын мыйзамсыз уурдап пайдаланган адамдарга катуу чараларды көрүшүүдө. Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган фактылар боюнча түзүлгөн протоколдор, керектүү материалдар сотко өткөрүлүп берилүүдө. Август айында эле карызы көп, уурдап пайдаланган 58 абоненттин ишин сотко өткөрдүк. Ошону менен бирдикте жаңы типтеги электр эсептөөчү аппараттарды коюп берүү жагы каралууда. Азыр Чок­Тал участкасы боюнча беш айылга электрондук эсептөөчү аппараттар орнотулду. Эми Чолпон­Ата шаарына, Бостери, Темир айылдарына толук түрдө электрондук эсептөөчү аппараттардын жаңы түрлөрүн орнотобуз. Жыл аягына чейин районубуздагы бардык айылдарга, мекеме­ишканаларга жаңы үлгүдөгү электрондук эсептөөчү аппараттарды орнотуп бүтөбүз деген ойдомун.
­ Кыш мезгилинде ар кандай кырсыктардын алдын алуу боюнча трансформаторлордун запастык бөлүктөрү, майлары, электр линияларга зымдар даярдалып коюлганбы?
­ Ооба, бизди эң зарыл жабдуулар менен "Чыгышэлектр" ААКсы камсыздап берүүдө. Трансформаторго колдонгон майлар Россиядан алынып келингендиктен керектүү өлчөмдө камдап койгонбуз. Буюрса биз тейлеген абоненттерди кыш мезгилинде электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого бардык аракеттерди көрөбүз.
­ Бүгүнкү күндө канча электр энергиясын пайдаланып жатасыздар?
­ Азыр биздин бир суткалык лимитибиз 290 миң кВт/саат болсо, факт жүзүндө ал 360 миң кВт/саатка жетип жатат. Азыр мектептер, балдар бакчалары ишке киргендигине байланыштуу электр энергиясы арбын керектелүүдө. Бирок, биз лимитте көрсөтүлгөн өлчөмдөн ашык пайдаланбоо үчүн иш­чараларды иштеп чыктык. Айыл өкмөттөрү, райондук мамлекеттик администрация менен биргеликте графиктерди түзгөнбүз.
­ Сиз жетектеп жаткан райондук электр тармактары ишканасында эмгектенип жаткан кызматкерлердин социалдык маселелерине кандай көңүл бурулууда?
­ Бүгүнкү күндө биздин ишканада жалпысынан 124 адам эмгектенет. Алар төрт участкага бөлүнүп, иш алып барышат. Азыр эң негизгиси жумушчулар эмгек акыларын өз убагында алып жатышат. Кызматкерлерибиз жумуш кийими жана техникалар менен камсыз болушкан. Жумуштан кийин спорт менен машыгуу үчүн атайын жайлар уюштурулуп, спорттук мелдештер өткөрүлүп турат. Алдыңкы кызматкерлерге сыйлыктар берилип, социалдык колдоолор көрсөтүлөт. Биздин ишканада көп жылдан бери эмгектенген тажрыйбалуу энергетиктер бар. Мисалы, мастерлерден Иса Ибраимов, Аскер Досалиев, контролёрлордон Катя Мамбетова, Айнаш Каратаева, инспекторлордон Гүлай Абдраимова, Тилек Жумашев, электромантёрлордон Жумак Көбөгөнов, Гончаров Анатолий, диспетчерлерден Исраилова Зоя, Тыналиев Кубан чоң кадыр­баркка ээ инсандар.
­ Бакыт Казизович, куруп берген маегиңизге чоң ыракмат!
Маектешкен
Абдиламит ЖУМАШЕВ,
"Эркин Тоо".