Дүйнөлүк экономикалык кризис
же "камчыны" унутуп "токочту" гана самаганда...
Мындан бир­эки жыл мурда эле дүйнөлүк экономисттер алдыда боло турган чоң кризис жөнүндө айтып башташкан. Бирок, бирөө да кайсыл күнү, кайсыл жерден башталаарын так айта алган эмес. Дүйнөлүк глобалдык экономикалык кризистин алгачкы "цунамиси" өткөн жумадан бери Америкада башталды…
Албууттанган зор өрткө салыштырылган бул дүйнөлүк экономикалык кризис тез эле Европанын, андан кийин Кытай, Япониянын фондулук рыногун каптады. Андан Россия да четте калган жок. Дүйнөдөгү көптөгөн ири банктар картон кагаздан курулган имараттардай эле "кулап", банкрот болушту. Американын өзүндө дагы, Россияда, Кытайда деле ушул жерден "мамлекеттик жөнгө салуу" механизми ишке киришти. Демек, "бардыгын эле базар экономикасы чече" бербейт экен. АКШда банкрот болгон ири банктарды мамлекет өзү сатып алды. Россия да фондулук рыногуна ири көмөк көрсөтүү менен өз экономикасын сактап калды.
Маселен, дүйнөлүк аналитиктер Америкадагы экономикалык кризисти, АКШнын 1927­1933­ жылдарда тушуккан "улуу депрессиялык кризисине" салыштырып жибергендер болду. Ал эми россиялык экономисттер болсо, "өлкө кантсе да 1998­ жылдардагыдай дефольтко тушукпаш керек" деп жатышат. Аналитиктер арасында "АКШда башталган экономикалык кризис бул Россияны сызга отургузуу үчүн атайлап жасалып жаткан кыйды саясат" деп түшүндүргөндөрү да бар. Себеби, "Американын экономикалык өсүүсү чындап эле бир кыйла төмөн түшүп кетти" деген диагноз коюлса, анда нефтиге болгон дүйнөлүк баа да төмөн карай кетет.
Уландысы 7-бетте




Иса Ахунбаевдин ысымы
Кечээ Президент Курманбек Бакиев кыргыз элинин атактуу уулу, Борбор Азияда биринчи болуп жүрөккө операция жасаган улуу инсан, дарыгер Иса Ахунбаевдин ысмын Кыргыз медицина академиясына ыйгаруу боюнча Жарлыкка кол койду.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan