Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№70, 23.09.08-ж.







  И.К.Ахунбаевдин 100 жылдыгына карата

Алп академик жүз жашта
Иса Коноевич Ахунбаев 1908­жылы Ысык­Көл облусунун Ысык­Көл районунда туулган. 1935­жылы Орто Азиядагы медициналык институтун бүткөндөн кийин Кыргызстан саламаттыкты сактоо комиссариатынын жетекчиси болуп дайындалган. 1939­1948­жылдары КММАда ассистент, доцент, жалпы хирургия бөлүм башчысы болуп эмгектенген. 1946­жылы кандидаттык, 1948­жылы докторлук диссертациясын жактап, андан соң КММАнын ректору болуп шайланган. 1952­жылы СССРдин Илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалынын президиумунун төрагасы, 1954­жылы Кыргызстан ИАсынын биринчи президенти болуп дайындалган. Ал иштеп турган учурда көптөгөн окумуштуулар даярдалган. Ошондой эле И.К.Ахунбаев көкүрөк хирургиясынын негиздөөчүсү болуп эсептелет. Кыргыз Республикасында биринчи жолу жүрөккө операция жасаган инсан. Миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калган.
Иса Коноевич Ахунбаев 300дөн ашык илимий эмгектердин автору. Бир очерки үчүн 1970­жылы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгына татыган. СССРдин Жогорку Советинин жана Кыргыз ССРинин бир нече жолку депутаты болуп шайланган. Кыргыз ССРинин илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген врачы. Ал Ленин, "Октябрь революциясы" ж.б. бир топ ордендер менен сыйланган. Иса Коноевич Ахунбаевдин династиясында үч муун катары менен хирургдар өсүп чыккан. Өзүнүн 5 баласы, 11 небереси, 15 чөбөрөсү жана 1 кыбырасы бар. Иса Коноевич Ахунбаев 1975­жылы 3­январда жол кырсыгынан каза болгон.
Иса бала кезинде байлардын малын багып чоңойгон. Ал кыштын суугун, ачкачылыктын азабын тартып, карышкырлардын чабуулуна да кабылган. 1916­жылдагы кайгылуу күндөрдө ата­энеси менен Кытайга качып барган. Анда болгону 8 жашта экен. Кыйынчылыкты көрүп, акыры өзүнүн туулган жерине кайтып келет. Ушундай оор трагедиядан кийин анын өз жерине, өз элине болгон сүйүүсү арткан. Кытайдан кайра кайтып келе жаткан качкындар Тоңдун ашуусуна чыкканда, ал жерден көгүлтүр Көл көрүнгөндө токтоно албай кары­жашы дебей ыйлаганын, алар менен кошо кичинекей Иса өзү да ыйлаганын айтчу экен. Ошондо Ата Журтка деген сүйүүсү ого бетер арткан. Мектепте окуш үчүн үрөң­бараңда турчу. Анткени, мектеп Балыкчыда эле. Тору­Айгыр айылынан жөө келип окуган.
1925­жылы Балыкчыдан токоч, кийим салган куржунун көтөрүп алып, андагы Фрунзе шаарына жөө келген. Бишкектен Ташкентке кеткен. Ал Ташкентте Ахунбаев атындагы медициналык техникумдун даярдоо бөлүмүнө тапшырган. 1930­жылы техникумду аяктап, Орто Азия университетинин даярдоо факультетине кирет. Ал медицинада тубаса талантка ээ экендигине байланыштуу бул илимди тез өздөштүрүп, өзү теңдүүлөрдөн алдыга кетет. Иса Коноевич: "Өкүнбөйм майрамдардын аздыгына" дегендей, ошондой нерселерге катышчу эмес экен. Дем алыш күндөрү ойноп кетпей, бак аралабай китепканада отурчу. 1935­жылы Иса Коноевич Орто Азия мединститутун бүткөн соң, Кыргызстанга келип, Фрунзе шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүндө врач­ординатор болуп иштей баштайт. Анын бала кездеги кыялы, максаты аткарылып, 1946­жылы кандидаттык диссертациясын жактайт. Диссертация "Балалык курактагы аппендицит" деп аталчу. Эки жыл өтүп, 1948­жылы "Чүй өрөөнүндөгү эндомикалык богок оорусу" аттуу докторлук диссертациясын жактайт. Ошентип, Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун ректору болуп шайланып, кыргыз тарыхында СССРдин Илимдер академиясынын биринчи корреспондент­мүчөсү болуп калды.
23­сентябрь күнү УИАнын Борбордук имаратында "И.К.Ахунбаевдин мезгил жана мейкиндиги" аттуу мемориалдык конференциясы болот. Ошондой эле КММАнын имаратынын алдына Иса Коноевичтин эстелигинин алгачкы ташы коюлмакчы. 24­сентябрь күнү анын туулган жери Ысык­Көл районунун Тору­Айгыр айылында айкелинин ачылышы күтүлүүдө. 25­сентябрь күнү коомдук ишмер жана академиктин тууган­туушкандары, жакындары Ала­Арча көрүстөнүндөгү Ахунбаевдин эстелигине гүл коюшат. Ошол эле күнү эртең мененки саат 10.30да КММАда Маданият жана маалымат министрлиги тарабынан академиктин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу чогулушунун ачуу аземи болот.




Өмүр өлчөмү - доор баяны
- Ардактуу Калканбай Ашымбаевич, "Даанышман" аттуу көлөмдүү повестиңиздин жазылганына көп жыл болгону маалым. Качан жарык көрдү?
- Ооба, бул философиялык этюддардан жазылган повесть жазылган соң каражаттын жоктугунан токтоп калган эле. Жакын иним өнөр жайга өзүнчө салым кошкон адис Турдукожо Мукамбетов: "Аба, Ахунбаевдин 100 жылдыгына карата "Даанышман" повестиңизди чыгарып берейин",- деп демилге көтөрдү. Бул айкөл иним Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык айылындагы белгисиз кырк жоокердин эстелигин тургузуп, өлкөсүнө өмүрүн бергендердин арбагын тирилтти. Иса Коноевичтин экинчи өмүрүнүн башталышына себепкер этип, жүрөк сүйүнтөөр ишти өтөдү.
- Сиздин ушул чыгарманы жазышыңызга кандай себептер таасир этти?
- Бир акылман өмүр өлчөмү жөнүндө мындай дептир: "Өлкөсүнө сарпталган өмүр-кылым бою калк жүрөгүнө калар өмүр. Өлүү дүйнөгө өткөн өмүр-асыл жаштарга корумдалган өмүр, калкын канап бутаган өмүр-каргыш, илиш менен эскерилер өмүр". Иса Коноевичти өмүрүмдө аз көрүп, аз баарлаштым. Анын көзү өткөн соң айкөлдүгүн, кайрымдуулугун, жөнөкөйлүгүн, күн-түн тыным албай, адамдарды ажалдан арачалап калганын көзүнө жаш алып туруп эскерген шакирттери менен баарлаштым. Алардын көз жашы адамдын улуулугуна суктантты, таңдантты, ал касиеттерди терең изилдешке кумарлантты. Ал көз жаштар: "Келечекте дал ушундай адамдар төрөлгөй эле",- деген тилектерди чолуп чыгып, болочок муундарга көркөм элесин таверик этүүгө калем карматты.
- Чыгарманы "Даанышман" деп аташыңыздын себебин туюнтаар бекенсиз?
- Жашоо эки негизден куралыптыр: эрктүүлүк жана эстүүлүк. Жашынан азап-тозокко бышып, элдик акылмандыкка сугарылгандар жашоону шаңына чыгарып, айланасына чырак болуп жагылат экен. Нак ошолордун таалими кийинкилерге өрнөк, сабак жана акыл-ой азыгын түзгөн. Гректин байыркы философу Сократта өзгөчө беш касиет болуптур: ысаптуулук, такыбалык, кайраттуулук, акыйкатчылык. Нак ушундай көсөмдүк сапат Иса Коноевичте бар экенин калк өздөрү данистелеп, калемиме шык жаратты. Алардын далилдерине, ойлоруна таянып олтуруп, анын даанышмандык мүнөзүн ачууга далбас урдум.
- Азыркы күндөгү окурмандар, кереметтүү асыл сапаттарды табият энчилеп бериши мүмкүн деген ойго чарпылары анык, буга кандай дейсиз?
- Албетте, ааламдагы касиеттүү күч тарабынан айрым адамдарга акыл ченеми арбын ыйгарылат деген ойго кошулам. Иса Коноевичте ошол касиеттер оодук экенин көптөгөн адамдар баян этишти. Бирок, анын өмүр жолу ар бир доордун агымындагы тоскоолдуктарга кабылганын, аны кандайча жеңип чыкканын бул повестимде колдон келишинче көрсөтө алдым го деп ойлойм. Демек, Иса Коноевич өзүн-өзү курчутуп да, жан дүйнөсүн тынымсыз байытып да олтуруп, акыл, ой бийиктигине жеткен.
- Баса, чыгармада "Ой үлпөтү" деген кызыктуу этюд кездешет.
- Иса Коноевичтин өзгөлөрдөн артыкчылыгы-үйүнө өз доорунун ойчулдарын, көсөмдөрүн, мыкты таланттарын чакырып, алар менен кумар кана маек куруп, жан дүйнөсүн байыткан, ыракат алган. Досторго жайылган дасторкон, бирде айланып адабий дасторкон, бирде философиялык аңгеме дүкөнгө, ырга, күүгө, таң тамашага айкашып, күнүмдүк жашоосун түрлөнтүп турган. Ооба, булар болгон окуялардан улам жазылып, байыртан бери кыргыз элинин улуу дасторкону-акылмандардын, ойчулдардын, манасчылардын, акындардын, санжырачылардын дарсына айланып, жан дүйнө азыгына үрөн чачыратып келген деген ойду туюнткан элем.
- Илимий экспедициялар элге билим берип, алардын ден соолугун чыңап, илээшкен илдеттерди жоготуп, акырында илимий ачылыштарды жаратуу жагынан ошол доорго гана тиешелүү көрүнүш беле?
- Ооба, дал ошол кыйкас ар кандай дарттардын жайылып бараткан учурундагы көрүнүш эле. Совет бийлиги орногону андай камкордук көрүлбөгөн эл ошого зарыгып турган. Аны Иса Коноевич өңдүү көрөгөч жана издемчил докторлор өкмөт алдына маселе коюп, экспедицияга аттанып чыгышкан. Алар ар бир үйгө каттап, кеңеш айтып, жол көрсөтүп, дарылап да кайтышкан. Богок, эхинококк, бруцеллез, сарык ж.б. ооруларга карата чабуул коюлуп, жоготулган. Мына азыр ошондой экспедициялар жогунан богок, сарык, ич келте ж.б. дарттары жанданып барат.
Демек, даанышман көсөм өз дооруна кандай таасир эте алган. Өкмөт аны кантип колдоп, кубаттаган. Мында ошол доордун маңызы, турпаты көрүнүп турат го.
- Нак ушул доор менен көсөм доктордун биргелеше тамыр жайышы "Тун президент" деген этюдда кыскача баян этилип калышы мүнөз ачуудагы бөксөлүк деп ойлобойсузбу?
- Ырас, тун президенттин чар тараптуу ишмердигин дагы тереңдете ачып беришке мүмкүнчүлүк бар эле. Ошол жылдардагы "Академиялык кабарлар" журналында президенттин жана анын иргелген илимпоздорунун илимий ачылыштары өлкөнү бардык жагынан өстүрүүгө көмөк эткени азыраак баяндалып калганы да чындык. Анткени, мен көбүнчө каармандын эмгектерин көрсөтөм деген ойдо жалпы кулачтуу көнүмүш тарып калганын эми сезип олтурам.
- "Жүрөк отун тамызуу" деген этюд жандуу да, кызыктуу да, казылганы дурус, чыккан; каармандын эрдигине, көздөгөн жетишкен тынбаган эркине суктандык. Элге эч белгисиз далилдерди кайдан жыйнап алгансыз?
- Жүрөккө операция жасашты москвалык ири окумуштуулардан үйрөнүшкөнү чогуу жөнөгөн шакирттеринен уктум. Айрым москвалык академиктердин эскерүүлөрүнөн пайдаланып, эргүүнүн коругуна салдым.
- "Арстан да ыйлайт" аттуу философиялык этюд окуучуну кызыктырып келип, шарт бүткөнү өкүнүчкө кабылтты. Сиз муну кандай деп ойлойсуз?
- Туура, бул этюд күрөштү ичине камтып, каармандын жүзүн толук ачыш керек эле. Кандайдыр бир жүйөлүү себептерден улам окурмандардын кеңештерин, ойлорун эске алган соң оңдолуп жана кеңешилип жазышка калтырган элем.
- Сиздин "Интергельпо", "Сокмо Көйнөкчөндөр", "Академик өмүрү" жана "Жанчар" роман, повесттериңиз өткөн доордун ургал учурларын баян этип, ошол мезгилдеги элдин эрдиктерин, ынтымагын, ар-намысын даңазалайт. Бул темаларды Сиз өзүңүз тандап алдыңызбы же бирөөлөр шыкак бердиби?
- Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Касымалы Баялинов, Касым Каимов өңдүү устаттардын мага берген кеңештери таасир эткен чыгар. Баарынан мурда автордун жүрөгү сезгич жана баамчыл болмоюн, анын өмүрү өзү жашаган коомдун турмушуна тикелей аралашып, анын идеялык жүгүн ар кылдуу чөмөрүп алмайын, аны жүрөксүнбөй туруп, кагазга сүртүп калмайын доордун портретин тартууга чама чаркы жете койбойт. Көсөмдөр кездешет-анын бүт турпатынан, ишинен улуттук каада- салт, ар-намыс окулуп, өзү жашаган доордун жышаанын туйгузган. Чечендер кездешет абийирине чаң жугузбаган, жалпы журттун жакшылыгын даңазалап ойлуу өткүр тили менен коомдун тазалыгын сактаган. Өмүрүмдө мен ошондой каармандарды калк арасынан талбай издеп келем. Алардын көзү өтүп кетсе да, арбагы тирүү кезиндей элине кызмат өтөп келет.
- Бул саамкы табылгаңызда улут сыймыгы атанган нары чечен, нары көсөм, нары даанышман Иса Коноевич Ахунбаевдин көркөм элесин жаратып, жарыкка чыгарганыңызга ыракмат айтабыз. Жүйрүк калемиңиз басыгынан жазбасын, жүрөгүңүз түрсүлүнөн танбасын.
Бетти даярдаган
К.Бакиров, "Эркин Тоо".












??.??