Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№70, 23.09.08-ж.





Мамкатчы жазуучулар менен жолугушту
КРнын Мамлекеттик катчысы Нур уулу Досбол 19-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун бардык мүчөлөрү менен жолугуп, баарлашты. Чогулуш үч жарым саатка уланып, 19 киши сүйлөдү. Убакыттын тардыгына байланыштуу кол көтөрүп сүйлөгүсү келгендердин айрымдарына сөз берилген жок.
- Сиздерге чейин композиторлор жана сүрөтчүлөр, архитекторлор союздарынын мүчөлөрү менен жолугушуу өткөргөнбүз, -деп баштады сөзүн КРнын Мамлекеттик катчысы. Мен сиздерден көкөй кескен маселелерди ачык айтууңуздарды суранар элем. Эгемен мамлекет болгонубузга 17 жыл болуптур. Бул убакыттын аралыгында жалпы элибиздин арасында жазуучулар да бир топ азап тартты. Үч төрткө бөлүнүп кеткен учуруңуздар болду. Андан деле майнап чыккан жок. Китептер мурдагыдан 10 эсе көп чыкканы менен сапаты жок, китептин санын көбөйтүш үчүн 25 нускадан төрт китеп чыгарган жазуучуну да билемин. Ал балким сиздердин араңыздарда отурса керек. Азыркы учурда китеп окугандардын саны да 10 эсеге азайды. Ар бир киши жыл сайын 32 тыйындык китеп сатып алат экен. Ошентип кыргыз элинин китеп сатып алуусу кескин түрдө азайды. Башкасын айтпай эле коёюн, "Манас" китеби сатылбай турбайбы. Ошондуктан кризистен чыгаруунун жолдорун сунуш кылсаңыздар, көйгөйлөрдү ачык айтсаңыздар деп чакырып жатамын.
Жерден жарака кетсе ал акындын жүрөгү аркылуу өтөт деп немец элинин улуу акыны Гёте айткандай, элден доо кетсе, ал акындардын, сиздердин жүрөгүңүздөр аркылуу өтөт. 2004-жылы маданият тармагына 37 миң сом бөлүнсө быйыл 564 млн. сом бөлүндү. Жазуучулар союзу коомдук уюм деп аталгандыктан бюджеттен акча бөлүп бере албай жатабыз.
Ар бир чыгып сүйлөгөн жазуучу, акынга 5 мүнөттөн гана сүйлөгөнгө уруксат берилип, алгачкы сөздү КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Омар Султанов алды. Урматтуу Нур уулу Досбол, бизди чакырып маселелерди ачык коюп жатканыңыз үчүн сизге ыраазыбыз деп баштады сөзүн төрага. Мен төрага болуп өткөн жылы 10-апрелде шайланганмын. Келгенимде жазуучулар союзунун кассасы куру жалак экен. Ошол каражаттын жоктугунан салбар катындын балдарындай болуп эле жүрөбүз. Үч айдан кийин КРнын Президенти Курманбек Салиевич кабыл алды. Үч млн. сом сурадым. Бир млн. сом бөлүндү.
Экинчи сөз белгилүү драматург жазуучу Мар Байжиевге берилип сакалдуу, көкүлдүүлөр кыргыздын ыймандуулугун сакташыбыз керек,-деди ал. Жазуучу менен журналисттердин китептерин чыгарып берсек, анан алар кирпичтей болуп жата берсе кимге кереги бар. "Алатоо" журналын кайра чыгарышыбыз керек. Тажикстанда бир эмес, үч журнал чыгат. Бизде да орусча, кыргызча эки тилде чыкса жакшы болоор эле. Китепти сатып алууга бөлүнгөн акча кайсыл жакка кетип атканын эч ким билбейт. Анан биздин чыгармалар мектеп программаларында бар, бирок окуучулар билбейт. Дагы бир чоң маселе, башканы коёлу, мектепте "Манас" эпосун жакшылап окулбайт,-деди Мар Ташымович.
Сизге мамкатчыга кошомат айта турган жөнүбүз жок, бирок багыт бергениңиз жакшы. Мен мурда эле жазуучуларды Маданият жана маалымат министрлигинин курамына киришин айткан элем. Анткени биз колоттун кожосу болуп атабыз. Бир да жолу Президент чакырган жок,-деди жазуучу Асанбек Стамов.
Урматтуу коллегалар көп сүйлөбөйүн. Алматыга 70 жылдыкка барганда көп нерсени билдим. Ар бир жазуучуну спонсорго бөлүп коюшуптур. Дал ошол сыяктуу шаар мэри бизди шефке алса. Бул жерде ары кетип, бери кетип атышып отургандан эчтеке чыкпайт. Мэрия акындардын кечесин өткөргөндө билет сатып бергенге жардам берсе,-деди КРнын эл акыны Майрамкан Абылкасымова эжебиз.
Жазуучулар, акындар коомдун атмосферасын түзө турган кишилерди чакырганыңыз үчүн ыракмат. Негизи жазуучуларды көп кабыл алат экенсиз. Кезинде Испания, Италия, Германия талкаланган шаарларды 15 жылда кайра куруп ташташкан. 15 жылда биз өлкөнү талкаладык. Сынчылардын ролун жогору көтөрүш керек. "Культура" аттуу жок дегенде бир жылда үч жолу жарык көрүүчү орус тилиндеги бир журнал керек. Маданиятты комплекстүү карайлы,-деди Сарман Асанбеков.
Сизден мурдагы мамкатчы О.Ибраимов Манастын жети осуятын, андан кийинки мамкатчы Д. Сарыгулов көк теңирди идеология кылгысы келди. Эми качанга чейин ушунтип жүрө беребиз. Бүгүнкү күндө ар кайсы диндин өкүлдөрү кыргыздын каада салттарын жок кылып жатат. Илгери атайын командировкага барып, чыгармаларды жазчы элек. Азыр накта чыгарманын ордуна базар чыгармалары көбөйдү, окурмандардын табитин талкалап бүттүк. 2006-жылы КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлердин айлыгына 50 пайыз акча кошулуп берет деген КРнын Президентинин буйругу чыкты эле, бирок ал негедир аткарылбай келет,-деди акын, Ломоносов атындагы ордендин ээси Маркабай Ааматов.
Котормо маселесин колго алуу зарыл. Антпесек маданиятты жоготуп алабыз. Семетей, Сейтек эпостору эмдигиче которула элек. Мен бүгүнкү күндө Жеңижоктун "Аккан суусун" которуп жатам. Аны дүйнө билбейт. Ошондуктан котормону инвестицияга айландыруу керек-деди. Кыргыз-Россия Славян университетинин кафедра башчысы М.А. Рудов.
Чакан элбиз, чоң, ири мамлекеттердин ортосунда жайгашканбыз. Биз сан жагынан эмес, сапат жагынан жашап кете алабыз. Ошондуктан ар бир кыргызды билимдүү кылышыбыз керек. Аларды билимдүү кылчу китеп жараткан адамдарды талаага ыргытып ийдик. Китепти элге жеткирмейинче жазуучулар оңолбойт. Баарыбыздын умай энебиз- китеп,-деп бүтүрдү сөзүн кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков.
Мелис Абакиров балдар басмасын ачууну сунуш кылды. Ошондой эле кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев, тарыхчы акын Байас Турал, акын Өмүрбүбү Бегалиева жана башкалар чыгып сүйлөп өз ойлорун ортого салышты. Маданият жана маалымат министри Султан Раев "Алатоо" журналын чыгарууга бир жылга 2,5 млн. сом бөлүнүп берилгенин билдирди.

К.Бакиров,
"Эркин Тоо".




  Азык-түлүк коопсуздугу

Кампага дан дасторконго нан толот
Асанкул Искаков, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы

- Асанкул Искакович, азык-түлүк коопсуздугу деген эмне? Ушуну элге жөнөкөйлөтүп түшүндүрүп берсеңиз. Азыр күздүн берекелүү күндөрүндө турабыз. Ишиңиздер кандай багыт менен кетип баратат?
- Тамак-ашка болгон баалардын көтөрүлүшү башка бардык баалардын көтөрүлүүсүнө алып келди. Азыр эми мурдагыдай социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү караш керек деп айтпай, бардыгын бирдей кароого туура келип турат. Себеби, бардыгыбыз баалардын алдында бирдейбиз. Азык-түлүк коопсуздугу ушундан улам келип чыкты.
- Азык-түлүккө баа Кыргызстанда эле өсүп кеттиби же?..
- Жок, КМШ өлкөлөрүнүн баарында өстү. Баалардын көтөрүлүшү дүйнөлүк баалардын деңгээлине чыгып кетти. Бирок, ал жактагылардын алган айлыгы, пенсиясы, пособиеси бардык чыгымдарына кенен жетет эмеспи, бизде болсо тапкан каражатыбыз айкалышпай калып жатат. Буга негизги факторлор - электр энергияга, күйүүчү майга баалардын кымбатташы болду. Анткени транспорт, өнөр жай, кайра иштетүүнүн баары бул экөөнө түздөн-түз көз каранды. Буларга баа кымбаттады дегиче азык-түлүккө баа кымбаттабай койбойт. Бирок, баалардын өтө кымбаттап кетишине бөгөт коюучу аракеттерди жасап жатабыз. Анын бир мисалы - дыйкандар өстүргөн жашылча-жемиштерди, данды, малды, ун-эт-сүт азыктарын арзан баада сатуучу айыл чарба базарларын ача баштадык. Министрлик, областтык, райондук администрациялар, айыл өкмөттөр менен тыгыз иштешип, көп жерлерде арзан баада сатуучу дыйкандар базарын ачтык. Биринчи базар 30-августта Бишкек шаарынын четиндеги Пригородное айылында ачылды. Ага удаа эле Алатоо аянтына дыйкандарды чакырып, продукцияңарды өз баасында сатып көргүлөчү дедик эле, чынында алар койгон кадимки базарлардан баа үч-төрт эсеге арзан болуп чыкты. Ошондо помидордун баасы 3 сом, бадыраңдыкы 4 сом, уйдун эти 130 сом, койдун эти 140 сом, эң жакшы картошкалар 7 сомдон болду. Бул жерде дыйкандарга да жакшы, өз өндүргөнүн өзү сатат, элге да жакшы, арзан алат. Анан дароо эле "Дыйкан" базарын Фучик паркына ачтык. Анын ачылышына барганда алуучулардан сурасак, Баткен базардагы дүң базардан төрт эсе арзан алганын айтышты. Баткен, Ош базарындагы дүң соода дегендердин баары алып сатарлардыкы. Бишкек шаарындагы бардык базарлардын баарында алып сатарлар иштешет.
- Депутаттар жакында Казакстандан ун келет, ундун баасы дагы арзандайт, бирок нандын баасын түшүрүүнү силер көзөмөлдөгүлө деп Өкмөт мүчөлөрүнө айтышты. Чын эле алар айткандай бир мүшөк ундун баасы 600-800 сомго чейин түшүшү мүмкүнбү?
- Чын эле буудай менен ундун баасы түшүп баратат. 1-сорт ундун бир кило баасы 20 сомго чейин ылдыйлады. Бирок, нандын баасын түшүрүү кыйынга туруп жатат. Бул дагы эле алып сатарларга байланыштуу. Мэриянын муниципалитет коому шаардагы нан чыгарган цехтерге айтып, нанды мобул баадан ашырбайсың деп иретке салып койсо болот. Ал эми депутаттар айткандай, Казакстандан буудай, ундар сүйлөшүлүп да, контрабандалык жол менен да тынбай келет. Кыргызстанда өстүрүлгөн буудайдын баары жумшак сорттогу буудайлар болуп эсептелет. Ошондуктан ага Казакстандан келчү катуу сорттогу буудайды аралаштырып ун кылыш керек. Кыргызстандын буудайга болгон жалпы муктаждыгы 1 млн. 65 миң тонна. Ушул жалпы көрсөткүч чогулган күндө дагы Казакстандан же Россиядан келчү катуу сорттогу 250-300 миң тонна буудайларды аралаштырыш керек. Ошондо гана жакшы нандар жасалып чыгат.
- Азык-түлүк байланышын чыңдоодо сырт жак менен алакалар кандай?
- Биздин министрибиз А.Ногоев жакында Россияга барып бир топ маселелерди чечип, сүйлөшүп келди. Россия бизге 350 миң тонна буудай бермей болду, анын 50 миң тоннасы грант түрүндө жардам катары берилет. Быйыл Россияда рекорддук түшүм болгондуктан качан, канча болсо берүүгө даяр экенин билдиришиптир. Азыр ал жерде бир кило буудайдын баасы 7 сомдон. Казакстан дагы дан жагынан жакшы жардам берүүгө кол сунуп жатат. Ошондуктан бизде быйыл дан тартыштыгы болбойт.
Бирок, дандын баасы тынымсыз ылдый түшө бербейт. Бир аз убакыт өтүп кайра көтөрүлөт. Анткени дыйкандардын эмгеги текке кетпеш керек. Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин буудайга жана дан азыктарына бекитип берген баасы бүгүнкү күнү 17 сом.
- Быйыл Кыргызстанда кант кызылчасы аз айдалды. Эми кумшекер тартыштыгы болушу мүмкүнбү?
- Туура, мындан 5 жыл мурда 31200 гектар жерге кант кызылчасы айдалган, быйыл 800 гектар жерге эле айдалды. Анын ичинен үрөнгө кете турган дагы бөлүгү бар. Союз убагында кант кызылчасын иштетүүчү 6 завод бар болсо азыр төртөө гана иштейт. Алар: Кайыңдыда, Кара-Балтада, Ак-Сууда жана Шопоков шаарында. Бүгүнкү күнү Шопоковдогу Кошой кант заводу менен Кайыңдыдагы кант заводу иштөөгө даяр турат. Бирок, 800 гана гектар жерге айдалган кант кызылчасы бир заводго дагы аздык кылат, ошондуктан менин оюмча заводдор мындай аз кызылчаны алууга макул болбойт болуш керек. Анткени тапкан пайдасынан иштетилген чыгымы ашып кетет. Себеби, бизде газ дагы, электр энергия дагы кымбат. Ал эми Казакстанда газ арзан болгондуктан кайра иштетүү арзан түшөт. Биздин калган эки завод тросник өсүмдүгүнөн кумшекер чыгарышат. Биз азыр басымдуу импорттолуп келген канттарды жеп жатабыз. Казакстандан жана башка жактардан ташылып келген канттардан Кыргызстанда кумшекерге болгон тартыштык болбойт.
Өсүмдүк майы да бизге өтө көп өлчөмдө импорттолуп келет. Анын баасы дүйнөлүк баанын деңгээлине чейин чыккандыктан мындан ары кымбаттайт деп айта албайм. Ошол эле учурда тартыштык да болбойт.
- Ушул жылдын жазынан баштап Казакстандан бизге агылган мал абдан көп болуп, малдын баасы арзандап кетти. Бирок, эттин баасы түшпөй койду. Мунун себеби эмнеде?
- Туура, азык-түлүк коопсуздугу үчүн жогоруда айткандай, алтернативдик базарларды ачып жатпайбызбы. Казакстандан келген малдын аягы ушул күнгө чейин үзүлө элек. Мурда Кыргызстандан алып көбөйтүп алган малдарын кайра бизге арзан сатышууда. Буудайдын баасы арзандап, нан кымбат сатылып жаткандай эле мал арзандаса да эт арзандабай турат. Бизнестин мыйзамы ушундай экен, бир көтөрүп алган бааны кайра түшүрүү алар үчүн оор. Алып сатарлар ортодон абдан бизнес жасап жатышат. Буга бөгөт коюу үчүн алтернативдик базарларды көбүрөөк ачып алып, токтотпостон иштетсек анда ар бир жаран ошол гана базарга барып арзан тамак-аш алат. Мына азыр Фучик паркы, Пригородное айылынан тышкары мэрия Асанбай кичи районунан 2 гектар жер берип, ал жакка да ушундай арзан базар салынганы турат.
Биздин дагы бир милдетибиз - ар бир 7 областка жана 2 чоң шаарга -Бишкек, Ошко санитардык жактан көзөмөлгө алынуучу мал союучу жайларды уюштурганы турабыз. Анда эттер муздаткычтарга салынып, баруучу жерлерине таза жеткирилет. Ал эми жакынкы арада эки эт комбинатын Бишкекте жана Жалал-Абадда куруп, ачсак деген долбоорубуз бар. Россиялыктардын суранганы дагы ушул болуп турат, мыкты балды, жаңгакты, таза эттерди, жашылча-жемиштерди Кыргызстандан алсак деп. Алар дыйкандарга акчалай жардамдарды берип, алдын ала заказ берели деп жатышат.
Кыргызстанда кайра иштетүү өндүрүшүн колго алсак, келечекте абдан бай өлкөгө айланабыз деп ишенем. Биз акырындык менен ошол жолго баратабыз. Өлкөбүздө стабилдүүлүк болсо эле түзүлгөн план-программанын баары ишке ашат.
Маектешкен
Сымбат Максутова,
"Эркин Тоо".