Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№70, 23.09.08-ж.






  Адабият айдыңында

Шабданбек Заиров, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоосунун ардактуу кызматкери дарыгер, Кара-Суу району
Коенек
Уурулукка баргандай,
Сабиз уурдап алгандай.
Эки көзү алаңдайт,
Абдан коркуп калгандай.

Көпөлөк
Тоонун кары кетелек,
Атам тонун чечелек.
Байчечекей баш бакты,
Башка гүлдөр өсөлек.
Жаз келгенин кабарлап ,
Келгин куштар безенет.
Кызыктырды баарынан,
Кызыл-тазыл көпөлөк.

Троллейбус
Бул өзүнчө "көчмө үй",
Эл ташыган атайы.
Саатынан болжогон,
Кечикпеске шашабы?
Зымга байлап коюптур,
Байлабаса качабы?

Бөбөгүм
Козу туулуп түнүндө,
Дароо басты күнүндө.
Бир жаштагы бөбөгүм,
Тыйбайт ыйлаак "өнөрүн".
Ыйлаагына карабай,
Аны жакшы көрөмүн.



Келем
Келем мына
Так жыйырма жаштамын.
Дүгдүңдөймүн
Жер дүйнөнү
Жапырып.
Көп нерсеге
Калгам жатыгып.
Көчөлөрдү
Бүктөп, үтүктөп басам
Болом чындап
Асан-казан
Мынакей мен кыйкыртып
кызыл картам басам!

Биздин миссия
Келечектин шаттыгын
Сууруп алып,
Азыртан
Керек бизге.
Атсын таңшып
Шайыр таң.
Ылайыктуу
Болсун,
Шат жашоого
Планетабыз.
Чыны менен поэзия
белгисиздикке
Сапар чегүү
Ишеним сунуу
Төштү керген
Дуулдоо, шуулдоо,
Кеңүү!
Кайсы инсан,
Кайсы улуу
Акын
Оңой жолду
Алды эле
Тандап.
Улуу поэзия
Сунат,
Келечекке
Барууга
Мандат!
Данакер да
Давакер.
Которгон Рамис Рыскулов.




Расулберди Маметов, Ош облусу, Кара-Кулжа району, Ылай-Талаа айылы
Неберелерге айтарым
Жунус, Эсен, Алтынайлар жетилди,
Жүрөктөгү капалыкты кетирди.
Колдоруна дипломдорун алышып,
Турмуш ээси болуп бекем бекилди.

Неберелер келсе рахат аламын,
Анткени алар баласы да баламдын.
Себеп менен келишпесе узакка,
Сагынычтан Ошко жетип барамын.

Көрүшкөндө мооку канат кумарым,
Кучакташып, өөп-жыттап турамын.
Ошондогу учур кандай кубаныч,
Ишенбесең балдарымдан сурагын.

Ата-бала ахыбалды сурашып,
Аңгемени ары чубайт улашып
Андай кезде асман дагы булутсуз,
Ай да жарык, нурун чачып күн ачык.

Аман болуп жакшынакай жүргүлө,
Күтүлүүдө ар бириңе үй-бүлө.
Алыстабай ынтымакта дайыма,
Оо балдарым, бир-бириңи сүйгүлө.

Чоң атада анда болот кубаныч,
Эстүү жашоо силерден бир сураныч.
Маметовдун урпактары көбөйүп,
Мейли дайым болсун ары уланыш




Самат Саралаев,
КРСУнун 2-курсунун студенти
Айлуу түндө жазган ыр
Ай жалдырап мени тиктейт негедир,
Менин ага кандай болду керегим.
Бүлбүл жанат караңгыда чырактай,
Үнсүз, сөзсүз эч айтпады себебин…

Мен да жанам ошол бүлбүл чырактай,
Шоолам такыр жетпей жатат ыраакка.
Жүрөктөгү далай-далай сырларым,
Ак баракка түшпөй жатат, ыр акпай.

Кимдир бирөө жалынга кол сунбады,
Кимдир бирөө сиңирбеди нурларды.
Ким үшүдү, кимге жактым чыракты,
Жан дүйнөсү кай адамдын муздады

Арасында бороон-чапкын жылдардын,
Же муздайбы менин дагы ырларым.
Кудай салган жүрөктөгү чок өчүп,
Же өчөбү менин дагы чырагым …

Чырак өчүп калып жалгыз бир учкун,
Жалындайбы, табабы дейм учурун.
Көк асманга күн сыяктуу көкөлөп,
Мээрим төгүп, тешип кылым учугун.

Же өзүмдү жатамбы саал жубатып,
Мен макулук, билээр жалгыз убакыт.
Жүрөк жылып, муздак айдын нуруна,
Жалгыз турам, жалгыз айды узатып…

25.08.07-ж.




Сталиндин канча түстөшү (двойник) болгон?
(Башталышы өткөн санда)
Феликс Дадаев
СССРдин Эл артисти Феликс Дадаев өзүнүн өтө купуя ролу жөнүндө үй-бүлөсүнө, өмүрлүк жубайына ооз ачпайт. Себеби, ал бул өтө купуя сырды ачпоого кат жүзүндө убада берет. Андан бери көзгө илээшпей 50 жыл өтөт. Тагыраак айтканда, бул купуя сыр 1996-жылы ачыкка чыкканда гана анын жакындары Феликс көп жылдар бою болгондо да Сталиндин түстөшүнүн (двойник) ролун аткарып келгенин билишкенде ооздоруна келмелери келип, бир топко чейин ишене албай жүрүшөт. Качан гана өзгөчө бөлүмдөн анын-"Сталиндин" архивдик сүрөттөрү келип, КГБ топтогон анын жеке өздүк ишин көргөндө гана ишенишет. Генерал-лейтенант, Улуу Ата Мекендик согуштун ветераны, Социалисттик Эмгектин Баатыры, профессор Феликс Гаджиевич Дадаевдин официалдуу өмүр жолу менен каалагандар окуп, тааныша алышат.
- Менин чыныгы аты-жөнүм Газават, ал-"чындык үчүн күрөшүүчү" деп которулат. Атым Феликс, бул ысымды мен согушта колумда курман болгон командирдин ысмын унутпоо үчүн алгам, дейт Феликс Гаджиевич. Ал 1926-жылы Дагестандын бийик тоолуу Кази-Кумух айылында төрөлгөн. Атасы менен бирге кой багат, бала күндөн бийге өтө жакын өсөт. Кийинчерээк үй-бүлөсү Грозныйга көчүп келгенде курбусу М.Эсенбаев менен бий секциясына катышат. Украинага келген Дадаев өлкөдөгү белгилүү "Лезгинка" ансамблине кирет. Анын таланты бүт өлкөгө таркайт. Согуш мезгилинде жоокерлердин гана көңүлүн көтөрбөстөн, Г.Дадаев колуна курал алып, алар менен бирге салгылашкан күндөрү көп эле болот. Ошондой күндөрдүн биринде ал жоокерлер менен чалгынга барат, анын берген маалыматы туура чыгып немецтер кыйроого учурап, советтик жоокерлер Черкесск шаарын ээлешет. Бул эрдиги үчүн ал "Каармандыгы үчүн медалы" менен сыйланат. 1942-жылы кезектеги тапшырманы аткарууда ал жарадар болуп, аны менен ооруканада бирге жаткан 7 жоокер кайтыш болду деген кара кагаз алардын жакындарына жөнөтүлөт. А бирок 7 өлүктүн экөө тирүү эле. Анын бири мен Дадаев элем. Тилекке каршы, кара кагазды тутуп алуу мүмкүн болбоду. А чынында ал жөнүндөгү кара кагаздын анын үй-бүлөсүнө жетпеши бу жаш жигитке өзгөчө тапшырма бергени жаткан атайын кызматтын адамдарына майдай жагат.
Анын бирден-бир себеби - Сталинге өтө окшоштугу. Жаш кезимде мен жол башчыга өтө окшош элем. Кээ бир тоолук досторум - Сосо деп тамашалашчу. Ага наарзы болгонум менен, ичимен улуу адамга окшош болгонума өтө сыймыктанчумун..
1943-жылы бу өтө "керемет" жоокерге чекисттердин көзү түшөт… Концерттин акырында ага эки адам келип, ал атайын купуя рейс менен Москвага жөнөөрүн айтышат. Аны шаардын сыртындагы бир дачага жайгаштырышып, даамдуу тамак-аш менен багышат. Мындай өзүнө болгон камкордуктун, эмнеге келгенинин себебин НКВДнын адамдары түшүндүргөндө гана билет. Күн сайын ага даамдуу тамак-ашты арбындап беришет, себеби ал-жол башчыдан 11 кг арык эле. Алгач ага атайын кийим тигүүнү көздөшкөнү менен бир аз убакыт өткөн соң жол башчынын өз кийимдерин пайдаланууга уруксат беришет. Дадаевди атайын кызматтын адамдары, көптөгөн адистер бир ай бою даярдашат. Алгач ал бир топ мүчүлүштүктөрдү кетирет. Бара-бара жол башчыга өңү-түсү гана эмес, анын жүрүм-туруму да өтө окшошот. Кыскасы Сосо жол башчыга 100 пайыз окшошот.
Биринчи текшерүү экзаменин ал Кремлде тапшырат. Уйкусуз түндөн кийин аны Кремлдеги түстөшү жөнүндө билген бир гана адамга алып келишет. Ал "Сталинди" Поскребышевге киргизет. "Сталинди" көргөн Поскребышев бир азга өзүн жоготуп коет. Бир аздан кийин гана ал оң жагындагы кнопканы басканда бөлмөгө генерал Власик кирет, кирип-кирбей бөлмөдөгү "Сталинди" көрөөрү менен оозунан сөзү түшүп, бир топко дапдаарый түшөт. Баары "чыныгы Сталиндин" кабыл алуусунда тургандай үнсүз. Бир аздан кийин эсине келе баштаган генерал Власик менин үстүмдөгү эски кителиме, бут кийимиме, шымыма көз чаптырып бөлөк экенимди туйдубу, бир аз жандана түштү.
Бу купуя сценарийдин максаты өтө жөнөкөй эле. Болгону өкмөт мүчөлөрү менен Мавзолейге чыгып төмөндө өтүп жаткан демонстранттарды куттуктоо. "Сталин" эшик алдында каз катар тизилген бир топ өкмөт мүчөлөрүнө жакындаганда баары тегиз бой түзөшөт, алар менен учураша Мавзолейге чыгышат. Алар менен бирге турганда алардын өңү, ал-ахвалдары кандай экенин ал билбейт. Себеби, "Сталин" алардан алдыда турат. Менин теке маңдайыман өткөндөрдүн жүзүнө караганда КГБнын шоусу ийгиликтүү эле өттү көрүнөт, дейт Дадаев. А мындай иш-чаралар кийин көп эле болот. Эң жооптуусу-Сталиндин Тегерандагы үчилтик жолугушуусу. Атайын кызматтын адамдары ал жакка баруу эки рейсте болоорун пландаштырышат. Анын бири-алаксытуу эле. Мен ушуга катыштым. Сталиндин образындагы мени чектелген саатта күзөтчүлөр менен коштоп аэропортко алып барышты. Бул жөнүндө эч жерде айтылган да, жазылган да жок. Муну мен биринчи жолу айтып отурам. А чыныгы Сталин ошол кезде Тегеранда эле. Мен Тегеранда болгонум жок.
Кыскасы, мен "жол башчы катары театрларда көп эле болдум, мени эл орундарынан туруп көпкө дейре кол чаап тосуп алышчу…"
Адистердин айтымында Дадаев табиятынан өтө сакпы же согуш учурунда чалгынчылардын мектебинен окуп жүргөндө алган таасириненби, айтор ал "Сталиндин" ролун эң мыкты аткарат. Буга мисал өлкөнүн физкультурниктеринин парады. Бул параддын көптөгөн катышуучулары трибунада турган чыныгы Сталин деп мага жан-алы калбай кол булгалашат. Бул шоу экендиги Кобанын 100 жылдыгында ага "Сталин" орденин тапшыруу учурунда белгилүү режиссер Ростоцкий бу сиздер азыр көргөн кинохроникадагы "Сталин"-Гази Дадаев дегенде гана маалым болот бир топторго.
Сталин табиятынан өтө сак адам болот. Ал гана турсун өзүнүн ден соолугун караган врачтарына да ишенбейт. Тарыхчылардын айтымында бир жолу ошол кездеги эң мыкты доктурлардын бирин улуу жол башчынын ден соолугун көрүүгө чакырат. Аны Кремлдеги бөлмөлөрдүн улам бирине киргизишет, кирген бөлмөлөрдүн баарында Сталин отурган болот. Доктур баарын карайт, бирок алардын кимиси чыныгы Сталин экендигин эч билбейт, кыскасы Сталиндин чыныгы ден соолугу да өтө купуя болгону чындык.
Б.Имамадиев,
"Эркин Тоо".












??.??