Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№70, 23.09.08-ж.






  Сыйлык - сыймык

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен республиканын өнөр жай жагындагы сиңирген эмгеги үчүн:
"Даңк" медалы менен
сыйланды:
Ибрагимов Мака Чучуевич ­ "Нур" ачык акционердик коомунун директорлорунун координатору
"Кыргыз Республикасынын өнөр жайына
эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам берилди:
Тагаев Абдыжапар Абдыкааровичке ­ "Нур" ачык акционердик коомунун президенти.
Кыргыз
Республикасынын Ардак грамотасы менен
сыйланышты:
Азимкулов Дурусбек Шакирович - "Нур" ачык акционердик коомунун №3 жабдыктар цехинин начальниги - директордун өндүрүш боюнча орун басары, Махмудов Абсамат Абдувахидович - "Нур" ачык акционердик коомунун №3 жабдыктар цехинин фрезеровщиги, Токоева Саздакан - "Нур" ачык акционердик коомунун №2-4 контакттык ширетүү цехинин ширетүүчүсү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен республиканын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы жагындагы сиңирген эмгеги үчүн:

"Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам берилди:
Алышпаев Замир Үсөновичке - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз токой чарбасынын Жаргылчак токойчулугунун токойчусу, Шабданбекова Гүлүйгө - Талас облусунун Талас токой чарбасынын Талас токойчулугунун токойчусу.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышты:
Анарботоев Рустам Анарботоевич - Жалал-Абад зонасындагы жаңгак токойлорунун экологиялык системасын өнүктүрүүнүн Региондор аралык башкармасынын начальниги, Асанбеков Маматжан Асанбекович - Жалал-Абад облусунун токойду өнүктүрүү жана аңчылык ресурстарын жөнгө салуунун Жалал-Абад аймактык башкармасынын начальнигинин орун басары, Мусабаев Бакытбек Султанович - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл токой чарбасынын директору, Чарыков Искендер Турдалиевич - Нарын облусунун Нарын токой чарбасынын токойчусу.

Актоо эмес тактоо
"Эркин Тоо" гезитинин үстүбүздөгү жылдын 12­сентябрындагы № 67­санына "Ыманов ымандуу эле же Мамаев менен Ахметахуновдор жалган жазса боло береби" деген темада журналист, жазуучу А.Сейдалиевдин макаласы жарык көргөн. Бирок, журналист макалада ысымдары аталган адамдар Ыманов Эрнесттин, Мамаев Орозалынын, Ахметахунов Жолдоштун үстүбүздөгү жылдын 5­октябрында өтүүчү жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкер болуп катталгандыгы тууралуу алдын ала кабарлаган эмес. Экинчиден, макаланы жазган автордун көз карашы редакциянын позициясын билдирбөөсү гезиттин акыркы бетинде көрсөтүлгөн.




Профессионалдык бокс
Раимкуловдун 27- жеңиши
Алыскы Америкада профессионалдык бокстан Кыргызстандын намысын коргоп жүргөн жердешибиз Алмазбек Раимкулов 19-сентябрда АКШнын Невада штатында өзүнүн кезектеги беттешүүсүн өткөрүп, дүйнөнүн экс-чемпиону мексикалык Хавьер Хаурегини утуп алды. Алмазбек 27 ирет жеңишке жетишкен болсо анын 15ин нокаут менен уткан. Бир ирет утулуп, бир жолу тең чыккан.
Өткөн жума күнкү беттешүү Алмазбек үчүн оңойго турган жок. Кармаш 10 раундга созулуп 34 жаштагы мексикалык мушкер татыктуу каршылык көрсөттү. Калыстардын пикиринде беттешүүнүн соңку, жыйынтыктоочу раунддарында гана А.Раимкуловдун артыкчылыгы байкалып, натыйжада 97-93, 96-94 жана 95-95 эсебинде жеңиш Алмазбекке ыйгарылды.
Эскерте кетсек Раимкулов 2005-жылы 61,2 кг. чейинки салмакта дүйнөнүн чемпиондук наамына татыктуу талапкерлердин бири болгон. Ошол учурда Алмазбек 20 ирет атаандаштарын утуп, болгону кубалык Хоэл Касамайор менен тең чыгуусу катталган болчу.
Көп өтпөй ошол жылы 2-октябрда АКШда дүйнөнүн азыркы дүйнө чемпиону Нейт Кэмпбеллге техникалык нокаут менен утулуп калган болчу.
Мына ушул жеңилүүдөн туура жыйынтык чыгарган жердешибиз ушуну менен жетинчи ирет беттешүүгө чыгып баарында тең катары менен жеңишке жетишип келет.
Футбол
АФК Президентинин Кубогу Тажикстанга кетти
Азия чөлкөмүндө футбол өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн чемпиондорунун арасында өтчү, үчүнчү баскычтагы турнир Бишкекте жыйынтыкталды.
Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогуна арналган футболдук бул турнир 2005-жылдан тарта өткөрүлүп келет. 2005-жылкы оюндарда Тажикстандын чемпиону "Регар-Тад Аз" командасы жеңүүчү болгон. 2006-2007-жылдары биздин Нарындын "Дордой-Динамо" клубу эки ирет жеңүүчү болгон. Ушундан улам мелдешти өткөрүү укугу Кыргызстанга тийген болчу.
Бишкектеги турнирде Тажикстандын чемпиону Түркмөнстандын чемпиону "Ашгабат" клубун утуп финалга чыкса, талаа ээлери Непалдын " Непал Полис Клаб" клубун ишенимдүү утуп, финалда ойноого укук алды.
21-сентябрдагы финалда күйөрмандар "Дордой-Динамо" үчүнчү ирет кубокту утат деген ишеничте турушкан. Тилекке каршы, финалда негизги убакыт 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, кошумча 15 мүнөттүк овер-тайм деле натыйжасыз аяктады.
Натыйжада 11 метрлик пенальти тебүү менен жеңүүчү аныкталмак болду. Мында Тажикстандын оюнчулары таамай тебүүдө айырмаланышып 3:4 эсебинде утуп кетишти.
Ошентип Тажикстандын чемпиону "Регар" да аталган турнирдин эки жолку жеңүүчүсү болуп калды. Алар кубок менен кошо 50 миң АКШ доллар өлчөмүндө байге алышты. Биздин командага болсо 2-орун үчүн күмүш медаль жана 25 миң доллар сыйлык берилди.
А.Жунусов, "Эркин Тоо".





ПССИ Аксыйского района объявляет первые публичные торги по реализации жилого домостроения расположенного по адресу: Аксыйском районе, Учкоргонской сельуправы,
с. Уч­Коргон, ул. Боконбаева д. № 1, общ. пол. пл. 173,98 кв. м., жил. пл. 113,62 кв. м. и зем. уч. мерою ­ 1555,0 кв. м., принадлежащий залогодателю Хужаахматову Обиджону на праве личной собственности на основании свидетельства о праве на наследство по закону № 1­804 от 4.06.2007 г. начальная (стартовая) продажная стоимость предмета залога составляет: 180000 сом.
Гарантийный взнос составляет 5% от начальной (стартовой) продажной цены в размере 9000 сом и вносится на лиц. сч. ПССИ №800802522 в ОАО ПСБ, с момента опубликования газеты и за 2 дня до проведения торга.
Гарантийный взос участника, выигравшего торги засчитывается в счет покупной цены.
Участник выигравший торги в 7­ми дневный срок должен внести покупную сумму за вычетом гарантийного взноса.
Гарантийный взнос участника, выигравшего торги, но не оплатившего покупную цену остается в распоряжении организатора торгов.
Торги состоятся 23.10.2008 г. в 10.00 ч. по месту нахождения имущества по адресу: с. Уч­Коргон, ул. Боконбаева, д. № 1, Учкоргонской сельуправы, Аксыйского района.
За справками обращаться в ПССИ Аксыйского района (03742) 2-26-82 или Жалал­Абадский филиал ОсОО МКК "Бай­Түшүм и Партнеры" (03742) 5­01­06, (03722) 7­31­01, 7­22­43, факс: (03722) 7­16­23.

ПССИ Базар­Коргонского района объявляет вторичные публичные торги по реализации жилого домостроения расположенного по адресу: с. Коктонду, ул. Существующая,
д. № б/н., Моголской с/у, Базар­Коргонского района, общ пол. пл. 234,4 кв.м., жил.пл. 44,8 кв.м. сл.пл. 12,0 кв.м., произв.пл. 173,5 кв.м. и зем. уч. мерою ­2500,0 кв.м. принадлежащий залогодателю Авазбекову Адишбеку на праве личной собственности на основании договора купли­продажи № 186 от 17.04.1997 г.
Начальная (стартовая) продажная стоимость предмета залога составляет 162000 сом.
Гарантийный взнос составляет 5% от начальной (стартовой) продажной цены в размере 8100 сом и вносится на расчетный счет №1032620801000141, БИК АКБ "Кыргызстан" 103026, лиц. сч. ПССИ 803802601, с момента опубликования газеты и за 2 дня до проведения торга.
Гарантийный взнос участника, выигравшего торги засчитывается в счет покупной цены.
Участник выигравший торги в 7­ми дневной срок должен внести покупную сумму за вычетом гарантийного взноса.
Гарантийный взнос участника, выигравшего торги, но не оплатившего покупную цену остается в распоряжении организатора торгов.
Торги состоятся по месту нахождения имущества по адресу: с. Базар­Коргон, ул. Тажибаева Т., д. №40, Базар­Коргонской с/у, Базар­Коргонского районе 23.10.2008 г. в 11.00 ч.
За справками обращаться в ПССИ Базаркоргонского района.
Тел.: (03736) 2­14­05; или ОсОО МКК "Бай­Түшүм и Партнеры" (03722) 7­31­01, 7­22­43.

ПССИ Ноокенского района объявляет первые публичные торги по реализации жилого домостроения расположенного по адресу: Ноокенском районе, Сакалдинской сельуправы, с. Сакалды, ул. Кызыл­Аскер, д. № б/н., общ. пол. пл. 70,8 кв.м., жил. пл. 37,8 кв.м. служебной пл. 33,0 кв.м., зем. уч. мерою 2030,0 кв.м., принадлежащий залогодателю Орозову Жумабеку на праве личной собственности на основании Постановления № 15 от 14.02.2004 г.
Начальная (стартовая) продажная стоимость предмета залога составляет: 120000 сом.
Гарантийный взнос составляет 5% от начальной (стартовой) продажной цены в размере 6000 сом и вносится в Ноокенский РОК, лиц. сч. ПССИ 806802670, с момента опубликования газеты и за 2 дня до проведения торга.
Гарантийный взнос участника, выигравшего торги засчитывается в счет покупной цены.
Участник выигравший торги в 7­ми дневной срок должен внести покупную сумму за вычетом гарантийного взноса.
Гарантийный взнос участника, выигравшего торги, но не оплатившего покупную цену остается в распоряжении организатора торгов.
Торги состоятся 23.10.2008 г. в. 10.00 ч. по месту нахождения имущества по адресу: с. Сакалды, ул. Кызыл­Аскер д. № б/н., Сакалдинской сельуправы, Ноокенского района.
За справками обращаться в ПССИ Ноокенского района.
Тел.: (03734) 5­00­36; или Жалал­Абадский филиал ОсОО МКК "Бай­Түшүм и Партнеры" (03722) 7­31­01, 7­22­43,
факс: (03722) 7­16­23.

ПССИ Базаркоргонского района объявляет первичные публичные торги по реализации жилого домостроения расположенного по адресу: с.Бешикжон, ул. Существующая,
д. № б/н., с/у Бешикжон, Базаркоргонского района, общ. пол. пл. 97,7 кв.м., жил. пл. 78,0 кв.м., и зем. уч. мерою ­ 332,0 кв.м., принадлежащий залогодателю Жоробаевой Курбанжан на праве личной собственности на основании типового договора №252 от 4.03. 1999 г. и акта приемки в эксплуатацию
№ 31/90 от 5.04. 1986 г.
Начальная (стартовая) продажная стоимость предмета залога составляет: 550000 сом.
Гарантийный взнос составляет 5% от начальной (стартовой) продажной цены в размере 27500 сом и вносится на лиц. сч. ПССИ Базаркоргонского района в ПСБ, с момента опубликования газеты и за 2 дня до проведения торга.
Гарантийный взнос участника, выигравшего торги засчитывается в счет покупной цены.
Участник выигравший торги в 7­ми дневной срок должен внести покупную сумму за вычетом гарантийного взноса.
Гарантийный взнос участника, выигравшего торги, но не оплатившего покупную цену остается в распоряжении организатора торгов.
Торги состоятся по месту нахождения имущества по адресу: с.Бешикжон, ул. Существующая, д. № б/н., с/у Бешикжон, Базаркоргонского района 23.10.2008 г. в. 14.00 ч.
За справками обращаться в ПССИ Базаркоргонского района.
Тел.: (03736) 2­14­05; или ОсОО МКК "Бай­Түшүм и Партнеры" (03722) 7­31­01, 7­22­43.












??.??