Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№69, 19.09.08-ж.





Ысык - Көл облусунун Түп токой чарбасынын директору Күчүков Муса Абылович
Токойдо тоодой түйшүк бар
Журналисттик кесипти аркалап, республикабыздын аймагын кыдырып, өз ишинин устаты болгон ондогон адамдар менен таанышууга туура келет. Жакында мен чыгармачылык командировкада Ысык - Көл аймагында болуп, айтылуу Түп жергесинде болгонумда, райондун токой чарбасынын жетекчиси Күчүков Муса Абылович менен таанышып, жасап жаткан иштерине күбө болдум. Арийне, Муса Абылович тууралуу жылуу пикирлерди республикабыздын аймагындагы токой кызматкерлеринен угуп келгем. Анткени, республикабыздагы токой тармагынын өнүгүүсүнө бараандуу салым кошкон, өзүнүн ишин жогорку деңгээлде аткара билип, тубаса уюштуруучулук касиеттерге ээ болгон бул инсан, токой кызматкерлеринин арасында өзүнчө легендага айланып, "Легендарлуу токойчу" деген урмат­сый күтүүгө жетишкен. Тээ Союз мезгилинде Токой чарба министрлигинде жүздөгөн орустардын арасында төрт кыргыз болсо, ошонун бирөөсү Муса Абылович болгон экен. 30 жылдан ашык ушул тармакта иштеп, азыр эң тажрыйбасы арбын, жаштарга насаатчы болгон, токой чарбасын өнүктүрүүнү беш колундай билген деңгээлге жеткен бул инсандын тажрыйбасын үйрөнүүгө республикабыздын аймагынан атайын келгендер арбын экен. Ошондуктан, Муса Абылович менен баарлашсам деген ой­тилегим орундалганына кубанып турдум.
"Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши" дегендей, биздин бүгүнкү каарман жөнөкөйлүгү, жан дүйнөсүндө кири жок, каткыра күлгөн тамашакөй, өз кесибин жандай көргөн профессионал экени байкалып турду. Канчалаган мээнет менен өстүрүлүп жаткан көчөттөрдү көрдүм.
­ Билесиңби, мен Түп токой чарбасына директор болуп келгениме 2,5 жыл болду. Мен келгенде чарбанын абалы өтө оор болчу. Жалпысынан 1,5 млн. сом карызы, эмгек акы өз убагында берилбей, токойчулардын эртеңки күнгө болгон ишеними кетип калган экен. Арадан бир жыл өтпөй чарбаны бутуна тургузуп, карыздарынан толук кутулуп, киреше менен иштеген алдыңкы мекеменин катарына кошууга жетиштим. Эң негизгиси токой кызматкерлеринде эртеңки күнгө болгон ишеним пайда болду. 2006­жылдан бери жыл сайын 100 гектар аянтка көчөт өстүрүүнү колго алганбыз. Үстүбүздөгү жылы да 100 гектар аянтка өстүрүлгөн көчөттөрдүн өсүү темпи 80%дан жогору болуп, жакшы көрсөткүчтөрдү камсыз кылып жатабыз. Биздин жасап жаткан ишибизди көрүп, таанышкан комиссиялар да ыраазы болуп жатышат. Мурда ар бир токойчу коктуларда 1­2 гектардан көчөттөрдү өстүрүп, кароосуз калып келсе, эми бир жерде өстүрүлүп, көчөттөрдүн бат жетилишине чоң маани берип, астейдил аракеттерди көрүп жатабыз.
­ Сиздердин токой чарбада кандай көчөттөр өстүрүлүп жатат?
­ Бизде негизинен ийне жалбырактуу көчөттөрдү өстүргөнгө аракет кылып жатабыз. Анткени, Түп районунун жер шарты ийне жалбырактуу көчөттөрдү өстүрүүгө өтө ыңгайлашкан жер болуп эсептелет. Ошондой эле Россиядан алып келинген Сибирь кызыл карагайынын көчөттөрү, өзүбүздүн Тянь­Шань карагайы, Крымдан алып келинген көгүш арчалардын түрлөрүн көбөйтүп өстүрүп жатабыз.
­ Токой чарбанын карамагындагы аянттарды жайыт катары пайдалануу боюнча да кандай иштер аткарылууда?
­ Жайытты туура пайдалануу боюнча дагы бир топ иштер аткарылууда. Малды каалаган жерине жайып, токойдун табигый калыптануусуна тоскоол болуп жаткан экен, биз жайыттын картасын чийип берип, чек арасын тактап, ыксыз пайдаланууга бөгөт коюп, тартипке келтирдик.
­ Карыган карагайдарды кесип алып, суюлтуп, жаңыларын өстүрүүгө көңүл бурулуп жатабы?
­ Ооба, быйыл кышка карата даярдыкты көрүү максатында санитардык жол менен гана карагайды кыюуга уруксат бердик. Быйыл 1000 км аралыктагы ураган, карылыгы жеткен карагайларды кыйып, элдин отунун камдоого көмөктөшөлү деп жатабыз. Андан сырткары Кеген­Каркыра жолунун 7 чакырымына 5 катар көчөт олтургуздук. Кышында кар үйүлүп жол жабылып калгандыктан, алдын ала карды тосконго көчөттөрдү өстүрүүдөбүз. Азыр жолду оңдоп, асфальттоо иштери башталып, 72 чакырым жол бүтсө, анын жээктерине көчөттөрдү олтургузууну, көрктөндүрүүнү биз колго алалы деп жатабыз.
­ Сиздердин чарбада өстүрүлгөн көчөттөрдү сатып өткөрүү маселеси кандай чечилип жатат?
­ Биздин токой чарбада өстүрүлгөн көчөттөрдүн сапаты жогору болгондуктан, сатып алган чарбалар арбын. Үстүбүздөгү жылы эле республикабыздын аймагындагы 17 токой чарба бизден көчөт сатып алышы эле биздин ишибиз жогорку деңгээлде экенинен кабар берет. Андан сырткары айыл өкмөттөргө, мекеме­ишканаларга, Бишкекти жашылдандырууга дагы биздин өстүргөн көчөттөрдү алышууда. Кыскасы, көчөттөрдү сатып өткөрүү маселеси толук чечилген десек болот.
­ Учурда сиз жетектеген токой чарбасынын карамагында канча гектар токой аянты бар?
­ Түп токой чарбасы 1990­жылы Өкмөттүн Токтому менен уюштурулган. Азыр 77 миң гектар токой аянты бар. Мен өзүм ушул токой чарбаны эң алгач уюштуруп, бутуна тургуздум эле, кайра экинчи жолу директор болуп иштеп жатам. Биздин токой чарбанын карамагында Каркыра, Талды­Суу, Сары­Дөбө, Кудургу токойчулугу бар. Бул токойчулук аймактарды жаш жигиттер жетектеп, тажрыйба жыйнап жатышат.
­ Токойду мыйзамсыз кыюуга каршы кандай аракеттер көрүлүүдө?
­ Мурда жылына 2,5 миң км токойду кыйган учурлар болгон экен. Азыр Кудайга шүгүр, мындай мыйзамсыз кыйгандар кескин түрдө азайды. Эл арасында мыйзамсыз карагай кыйган атуулдар болот экен, аларга чечкиндүү чараларды көрүп жатабыз.
­ Токойлорду коргоого сиздердин кызматкерлер жетиштүү элеби?
­ Азыр бюджеттин эсебинен айлык алып 25 кызматкер эмгектенет. Чындыгында токойчулар жетишпейт. Токойчулардын айлык акысы Кыргызстан боюнча эң төмөн болгондуктан, жаштар оңойчулук менен ишке келбейт экен. Азыр айлыктарыбыз 1,5 эсеге көбөйгөнү жатат. Токой тармагы азыр мамлекеттик агенттиктин астында департамент болуп түзүлүп, бул тармактагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө көмөктөшсө жакшы болмок. Токойчу деген өзүнчө сакчы болгондуктан аны кыскартууга болбойт. Кызматкерлер убагында эмгек акыларын алып жатышат. Социалдык маселелерине дагы көмөктөшүп жатабыз.
­ Өрт коопсуздугун алдын алууга да көңүл бурулганбы?
­ Албетте, өрт коопсуздугун алдын алуу чоң мааниге ээ. 1­2 түп карагайды кыйып кетсе токойчунун ичи ачышат, ал эми өрт деген эч нерсени карабай, миңдеген карагайды заматта күйгүзүп кетиши мүмкүн. Ошон үчүн өрттүн алдын алып, сак болуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Жакында эки жерден өрт чыгып, биздин кызматкерлердин аракети менен өчүрүлүп, акимчиликтен 3 кызматкерге сыйлык берилди.
­ Муса Абылович, сиз өмүрүңүздүн көбүн токой тармагынын өнүгүүсүнө арнаган адам экенсиз. Сиздин эмгекти мамлекет тарабынан да баалап, сыйлыктар берилдиби?
­ Эң негизгиси, Кыргызстандын аймагындагы токой тармагында иштеген кызматкерлер мени адам катары сыйлашат. Өткөн аралыкта токой кызматкерлеринин арасында аз да болсо кадыр­барк, сый­урмат күткөнүмө сыймыктанам. Кеп, мамлекеттик сыйлыкта деле эмес, адам болушта, өлкөңө ак кызмат өтөп, кесиптештериңдин арасында аброй күтүүдө болсо керек. Мамлекеттик деңгээлдеги наамга, мурдагы бийликтин тушунда "Эмгек сиңирген токой кызматкери" деген наамына 2­3 жолу токой кызматкерлери сунуш кылып көрсөтүшүп, тилекке каршы менин ордума токой тармагында 5­6 жыл иштегендер эле алганда, чындык, калыстык сыйлык берүүдө дагы жок турбайбы деп көңүл калган мезгил болгон. Мен сыйлык үчүн эч качан чуркаган эмесмин. Мен өзүм тарбиялап өстүргөн кадрларымдын көпчүлүгү "Эмгек сиңирген кызматкер" наамына, КРнын Ардак грамотасын алышкандар мени көргөндө уялып, кечирип коюңуз, сиз алышыңыз керек эле деп калышат. Эми кудай буюрган күнү бизге да мамлекеттик наам, сыйлыктар берилип, жасаган эмгегибиз мамлекет тарабынан бааланаар күн келээр.
­ Баса, сиз токой кызматкерлеринин ичинен эки жолу Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлиңизди эл көрсөткөн экен?
­ Ырас, эки жолу эл колдоого алып менин талапкерлигимди депутаттыкка көрсөтүшүп, шайлоонун экинчи туруна чыгып, элдин ишенимине ээ болуп, таза жеңгениме карабай, ар кандай амалдар менен мурдагы бийлик өз кишилерине мандат берип, мен Жогорку Кеңешке депутат болбой калгам. Бул тема боюнча көп нерсени айтса болот, бирок кажети жок деп ойлойм.
­ Сиз токой тармагы боюнча бай тажрыйбага ээ экенсиз, сиздин көз карашта Кыргызстанда токой тармагын өнүктүрүү үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
­ Кыргызстандын жер аянтынын 5%га жетпеген аймагы токой болгону, токой тармагын өнүктүрүүгө көңүл буруу зарыл экенинен кабар берет. Токойду өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоолор зарыл. Көчөт өстүрүүчү жайлардын ишин жакшыртып, эң керектүү көчөттөрдүн көчөтүн көбөйтүп, элге таратууну колго алыш керек. Курулуш материалдарына керектелүүчү, бат жетилген көчөттөрдү көбөйтүү максатка ылайык болмок. Токойду сактоонун эрежелерин күчөтүп, токой кызматкерлеринин укугун жогорулатуу керек. Андан сырткары токой тармагын текшерүүнү азайтуу керек, анткени текшерүүчүлөр тажатып, токойчулардын ишине өзүнүн терс таасирин тийгизүүдө. Токойду менчиктештирүү керек дегенге мен 100% каршымын. Токой тармагы мамлекеттик көзөмөлдө болушу абзел. Эми мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жакында боло турган Кыргыз Республикасынын токой кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен жалпы өлкөбүздүн аймагында эмгектенип жаткан кесиптештеримди майрамдары менен чын ыкластан куттуктап, иштерине ийгилик, бакыт­таалай каалап, жергебизде тынчтык болуп, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө токой кызматкерлери да өз салымдарын кошо беришине тилектешмин.
Блиц анкета
Туулган жылы ­ 19­ноябрь 1952­жыл
Баалаган тарыхый инсаны ­ Ч.Айтматов
Урматтаган саясатчысы ­ В.Путин
Сүйүктүү акыны ­ Э.Турсуналиев, Ж.Рысбаев
Жазуучусу ­ Т.Касымбеков
Жактырган ырчысы ­ Г.Сатылганова
Хоббиси ­ Ат таптоо
Жактырган киносу ­ "Боз салкын"
Өкүнгөнү ­ атасынан эрте ажыраганы
Кубанганы ­ балдарынын ийгиликке жеткени
Жактырган мезгили ­ жай
Жакшы көргөн макалы ­ "Жигитке жетимиш
өнөр аздык кылат"
Үй­бүлөсү ­ Турдукан Молдомамбетова
менен үч уул, бир кызды эрезеге жеткирип
тарбиялашты.

Маектешкен
Абдиламит ЖУМАШЕВ,
"Эркин Тоо".