Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№69, 19.09.08-ж.





Чыгыш медицинасы боюнча адис, Тай-цзи чебери Медер Бишкек:
"Так жүргөн адамды-ийгиликтин пири колдойт"
Медер Бишкек жалпы кыргыз журтчулугуна Тай-цзи өнөрүн жайылтуу менен бирге чыгыш медицинасынын мыкты адиси катары да таанымал болуп келет. Мындай даражасын анын эл үчүн күйүп-жанган эмгектери далилдеп олтурат. Ал эми өз мамлекетинин өсүп өнүгүшүнө болгон тынчсыздануусу күч алып, "ички дүйнөбүздү жакшы жакка өзгөртө алсак, өлкөбүздүн сырткы өнүгүшү автоматтык түрдө жогорулайт",- деген өңдүү пикирин жашырбай келет. Мына ушундайча ой-толгоолордон улам жарыкка чыккан "Кыргызча тактык: 5 мүнөт эрте" деген китебинин башкы максаты тууралуу автордун өзү менен баарлашкан элек.
­ Медер мырза, жаңы китебиңиз чыгыптыр, аталышы кызык экен: "Кыргызча тактык: 5 мүнөт эрте" сиз кыргыз элин пунктуалдуулукка чакырып жатасыз го деп түшүнүп турам?
­ Ооба, таамай айттыңыз. Бул китеп ­ чыгыш медицинасы, жоокердик өнөрү же философиясы жөнүндө эмес. Көркөм чыгарма да эмес, бул - ой толгоо жана кыргыз элиме чакырык. Улуу француз жазуучусу Андре Маруа: "Сиз өзүңүз жөнүндө эч качан жаман айтпаңыз, кемсинтпеңиз. Анткени, элдер сизге ишенип алышы мүмкүн", ­ деген экен. Биз кыргыз эли өзүбүздү: "кыргыздар жалкоо", "уйкучу", "ынтымагы жок", "уруучул", "көрө албас", "ээринчил" ж.б.у.с. айтып жүрүп, башка улуттар (коноктор) да бизди "жалкоо, харам кыргыз", "биримдиги йок", "ит кыргыз", "зверь", "базгон", "төшак" жана башка сөздөр менен коркпой­үркпөй эле "биздин үйүбүздө" жашап жүрүшүп, ырдап жатышат. Күчкө салып, "конокторду" бир эле күндө тыйып койсок болот, бирок, биз бардык нерсени өзүбүздөн башташыбыз керек. Биринчи эле кезекте өзүбүз тууралуу жакшы, позитивдүү сөздөрдү айтышыбыз маанилүү: "Кыргыздар ­ абдан пунктуалдуу, так, тыкан элбиз", "ынтымактуубуз, уюмдуубуз", "эмгекчилбиз", "мекенчилбиз", "маданияттуу, өтө таза элбиз" ж.б.у.с.
"Атын атасаң куту сүйүнөт", "Жылуу­жылуу сүйлөсөң жылан чыгат ийинден", "Жакшы сөз жан эргитет"- дейт элибизде. Чыгышта сөздүн күчүнө абдан терең маани беришкен. Медициналык психологияда да сөз менен адамды эң эле коркунучтуу ооруга чалдыктырып койсо да, эң эле айыкпас оорудан позитивдүү сөздөр менен ынандырып айыктырса да болоорун илимий далилдешкен. Ошондой эле сөздүн жана ойдун образдары адам баласынын тагдырын чечет экен.
Ал эми, бул "Кыргызча тактык: 5 мүнөт эрте" китебинде, касиеттүү кыргыз элимди патриоттуулукка чакырып, уруучулдук, жердешчилдик рамкасынан чыгып, өйдө - интеллектуалдык­руханий деңгээлге көтөрүлүү парз экенин сунуштап кетээр элем.
­ Кандай деп ойлойсуз, "Кыргызча тактык" принциби биздин менталитетке туура келээр бекен?
­ Менталитет - ойдун образдарынан, калыптанган адаттардан турат эмеспи. Эгерде, ойдун формуласы өзгөрсө, массалык түрдө - менталитет автоматтык түрдө өзгөрөт. Анын үстүнө так жүргөн адамдар бир топ эле кыргыздарда. Пунктуалдуулук ­ бул биз үчүн "дүйнөлүк проблема" эмес.
­ Кыргыздарда бир саат, эки саат кечигүүнү "кыргызча" дешет эмеспи, так жүрүүгө жетишүү кыйынга турбас бекен?
­ Биз 100%га оптимист болушубуз керек! Пунктуалдуу боло алабыз десек ­ сөзсүз боло алабыз. Так, тыкан болуш үчүн атайын машыгыштын деле кереги жок, болгону инсан өзүн сыйлап, өзгөнүн убактысын баалап, кыргыз элибиздин өнүгүп­өсүшүн чын дилден кааласак, бул "Кыргызча тактык: 5 мүнөт эрте" принцибин опоңой эле өздөштүрүп алабыз. Мен толук ишенем, эгерде ар бир кыргыз мекенчил, жоопкерчиликтүү, намыскөй болуп, кечигүүнү эмес, айтылган жерге 5 мүнөт эрте барууну "кыргызча" деп эсептеп, биздин өлкөдө жашашкан "конокторго" мындан ары уят, шылдың болбошубузду эске алып, душман көзүнө так, тыкан жашоо образында өмүр сүрүп, ошондой эле "Кыргызча тактык: 5 мүнөт эртени" уюмдуу түрдө өз турмушубузда колдоно берсек 3­5 эле жылдын ичинде "Кыргыздар немистерден да так жүрөт", "Кыргыздар абдан пунктуалдуу эл экен" деген башка өнүккөн өлкөлөрдүн сөздөрүнө татыктуу боло алабыз.
­ Сиз өзүңүз пунктуалдуумун деп айта аласызбы? Кечиккен учурларыңыз болду беле?
­ Мурда кечигип жүргөн учурлар көп эле болгон. Бул мен үчүн табигый нерсе болчу, анткени менин айлана­чөйрөмдөгүлөрдүн көбү кечигип жүрүүнү зыян, маданиятсыздык деп толук түшүнгөн адамдар эмес болчу. Карапайым адамдарды жөн эле коелу, биздин интеллектуал инсандарыбыз ­ жазуучу, окумуштуу, мугалимдер, мамлекеттик ишмерлер, ал тургай диний кызматкерлердин арасында кечигип, сөз берген жерине барбай койгон учурлар абдан көп байкалат эмеспи. Кечигип жүрүүнү адат кылган, жоопкерчиликсиздикти, "кыргызча" дешкенин интеллектуал адамдар тамашалап да айтпашы керек. Карапайым эл илимдүү­билимдүүлөрдүн артынан ээрчийт да. Анык патриот, маселен, үй­бүлөсүн, кыргыз элин сүйгөн адам терс сапаттарды, мисалы кечигип жүрүүнү "кыргызча" дегенди ­ уу, вирус, мификция катары түшүнүш керек. Себеби, дал ушундай негативдүү сөздөр, пикирлер улуттук аң­сезимди өлтүрөт. Мен өзүм толук пунктуалдуу болууга аракеттенем. Менин миңдеген окуучуларым, жүздөгөн пациенттерим да тактыкка ­ "кыргызча тактыкка: 5 мүнөт эрте" жүрүүгө көнүп калышты.
­ Бул "Кыргызча тактыкты: 5 мүнөт эрте" дистанциясын кабыл албагандар да чыксачы?
­ Позитивдүү түшүнүктү кабыл алышпагандар болсо, анда кечигүүнү, уйкучулукту, жалкоолукту жана маңкурттукту адат кылып жүрө беришсин, ал өз эрки да, бул жерде эч кимге таңуулоо жок. Тескерисинче, сунуштоо гана. Мындан ары урпактарыбызга терс сапаттарды эмес, жакшы, позитивдүү түшүнүктөрдү: кыргыздар абдан ынтымактуу элбиз, уюмдуубуз, эмгекчилбиз, эрктүүбүз, мекенчилбиз жана абдан жоопкерчиликтүү, так жүргөн элбиз деген түшүнүктөрдү балдарыбызга жана кийинки урпактарыбызга мурас катары калтырышыбыз зарыл. Кийинки муундарыбыз бизге ыраазы болушат деп ойлойм.
­ Пунктуалдуулуктун дагы кандай артыкчылыгын байкадыңыз?
­Убакыт ­ алтындан да кымбат дегендей, убакыт байлыгына ээ болот экенсиң. Мисалы, бир эле адам так жүрбөй, күнүнө бир эле сааттан уттурса, бир жылда 360 саат зыян тартат экен. А 10 адам 3600 саат, 100 киши ­ 36000 саат, 1000 киши ­ 360000 саат, а 1 млн. киши 360 млн. саат уттурат экен. Жапония, Германия, Кытай мамлекеттери үчүн бир жылда 360 млн. саат уттуруу деген "улуу трагедия" болмок. Эми элестетип көрүңүз кыргыздын дагы бир кемчилиги бар оңдой турган ­ бүгүнкү ишти эртеңкиге, бир айга, бир жылга калтырган. Буга эмне десек болот. Анда кыргыз канча миллион саат зыян келтирет мамлекетке? 360 миллион эмес миллиарддаган сааттарды уттуруп жатабыз го! Биздин интеллигенция, илимдүү­билимдүүлөр, мамлекеттик чиновниктер эгерде, кечигүүнү, уйкучулукту, жалкоолукту, бөлүнгөндү "кыргызча" десе ­ анда ал адамдарды, демек маңкурттуктан сырткары, кыргызды артка сүйрөөчүлөр, кыргыздын душманы деп эсептей беришибиз керек. Башка өлкөлөрдөн жылына миллиарддаган алтындан кымбат убакытыбызды уттургандар деп эсептесек жаңылышпайбыз.
Бүт артта калган өлкөлөрдө кечигүү, уйкучулук, жалкоолук адатка айланган. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдү карасаңыз - тактык, жоопкерчиликтүүлүк, убакытты туура пайдалана билүү абдан өрчүгөнүн байкайсыз.
Биз кыргыздар эки жолдун бирин тандашыбыз керек - артта калган элдиби же өнүккөн өлкөнүкүбү? Эгерде, үй­бүлөбүздү, кыргыз элин, мекенибизди сүйсөк жана келечегибизди, урпактарыбыздын бактылуу бай өлкөдө жашоосун кааласак анда, оюбузду сыртка оң, позитивдүү түрдө чыгарып, пунктуалдуу, так, жоопкерчиликтүү болушубуз шарт.
Бир же бир нече адам мамлекетти өйдө көтөрө албайт, эгерде массалык аң­сезим төмөн болсо. А эгерде, массалык түрдө ниеттерибиз позитивдүү болуп, ички маданиятыбыз өйдө көтөрүлсө - "саналуу кишилерсиз" эле өлкөбүздү эң өнүккөн өлкөгө көтөрүп алабыз. Кимде­ким чын дилинен кыргыз элин, жерин, ыйык кыргыз мамлекетин сүйсө, анда ал адам пунктуалдуу, так, жоопкерчиликтүү болууга тийиш деп ишенээр элем!
А.Дүйшөнбаева
"Эркин Тоо".




Сталиндин
канча түстөшү (двойник) болгон?
Буга чейин ММКлар улуу жол башчылар Ленин, Сталин, мамлекет башчылары Хрущев, Брежнев, Горбачев, Ельциндин өздөрүнө куюп койгондой окшош (двойник) түстөштөрү тууралуу көп эле жазышты. Бирок, алардын түгөйлөрүнүн тагдырлары жөнүндө элдин кеңири катмарына жеткендей жазыла да, айтыла да элек. Себеби бүгүнкүгө чейин тарыхчылар бул жагдайда бир пикирге келишип, чекит коюша элек, анан калса бул боюнча архивдик материалдар да купуя сыр бойдон…

Евсей Лубицкий
Батыш тарыхчыларынын айтымында Сталиндин көптөгөн түстөштөрү болуптур. Алардын ичинен чет элдик ММКга көбүрөөк чыкканы-Евсей Лубицкий экен. Батыштагылар ал жөнүндө мурда НКВДда иштеп, кийин саткын болгондон улам билишет. Арадан көп жылдар өтүп, карылыкка моюн сунган Евсей чет элдик бир журналистке агынан жарылып, бул айткандарын өзү көз жумгандан кийин гана жарыялоосун суранат.
Бир күнү түн ичинде капкара автомашина менен келген белгисиз адамдар аны үй-бүлөсү менен жолуктурбай белгисиз жакка алып кетишет…
Лубицкийдин айтымында аны Сталинге айландыруу үчүн атайын бир бригада иштейт. Өң-келбетин жол башчыга окшоштуруу үчүн ага пластикалык операция менен мурдунун формасын, бетиндеги чаар тактарын төп келиштире окшоштурушат. Чет элдик маалыматтарга караганда Евсей Лубицкийди Сталиндин түстөшүнө айландырууда адистер 6 ай иштешет. Украинанын Винеция кыштагынын карапайым, чала сабат тургуну Евсей Лубицкий үчүн эң тозогу трибунага чыгып, доклад окуу болот. А Сталиндин түстөшү даяр болгондо аны даярдоого катышкан бардык адамдар жок кылынат.
Өзүнүн жаңы түстөшү (двойник) еврей улутунан экендигин алгач уккан Сталин бир аз ачуусу келгени менен аны көргөндө ачуусу гана таркабастан, Генералиссмус аны даярдоону өз көзөмөлүнө алат. Сталин мүмкүнчүлүгүнө жараша түстөшү менен жолугушканда ага бир топ суроолорду берип, күмөн санагандарына өзү жооп издейт.
Бир жолу ал түстөшү менен аңгемелешип отурганда бөлмөгө капыстан буфетчиси кирип, бөлмөдө отурган эки Сталинди көрөөрү менен өтө катуу чочуп, колундагы табагы ыргып, эстен танат. Бул окуя буга чейин бир аз күмөн санаган Сталин бу түстөшү чындап эле ага өтө окшош экендигине толук ынанат. Биринчи жолу Евсей Сталиндин ролун чет элдик шахтерлордун делегациясы менен жолукканда аткарат. Бу алгачкы дебют жакшы өтөт.
Өзүнө окшоштугуна ынанган Сталин Евсейди өзүнүн бөлмөсүндөгү отургучуна отургузуп коюп, өзүнө доклад менен келгендер эч нерседен күмөн санабай, "Сталиндин" алдында өтө толкундана кызарып-татарып, апкаарый сүйлөгөндөрүнө мыйыгынан жылмая жашыруун карап турат. Мындай "кылтакка" Молотов менен Калинин да түшүшөт. 15 жылдан бери Сталиндин түстөшүнүн ролун аткаруу Евсейге өтө жагат. Арадан көзгө илинбей жылдар өтүп жол башчы менен кошо түстөшү да карыйт. Анын үстүнө ага аны көрө албагандардын кесир-кесепети да тие баштайт. Буга негизинен Бериянын Сталинге байма-бай жеткирген арам ою көбүрөөк таасир этет. 1949-жылы жол башчыны шылдыңдаган деген күнөө менен Евсейди түрмөгө отургузушат. Анын бактысына Сталин дүйнөдөн кайтып, тийиштүү органдын жетекчилиги ага Орто Азиядагы бир шаарды тандоосун айтканда ал Сталинабадды тандайт. Евсей өмүрүн жалгыздык менен өткөрөт. Ай сайын ага өзгөчө бөлүмдүн адамдары келип, атайын белгиленген пенсиясын берип турушат. Изилдөөчүлөрдүн айтымында Сталиндин Евсейден башка да бир нече түстөштөрү болгон имиш. Буга кийинки фактыбыз күбө.
(Уландысы бар)
Б.Имамадиев,
"Эркин Тоо".