Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№69, 19.09.08-ж.






Талас областтык статистика башкармалыгынын башчысы
Светлана Сатканалиева менен маек
Статистика - коомдун маалымат чөйрөсүнүн маанилүү элементи
Сатканалиева Светлана Жумалиевна 30 жылдан ашык мезгилден бери мамлекеттик статистика органында эмгектенет. 1991- жылдан бери Талас областтык статистика башкармалыгын жетектеп келатат. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти" наамынын ээси. КР Өкмөтүнүн, КР Улуттук статистика комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
"Талас областынын эң мыкты жетекчиси" наамдарын бир нече жолу жеңип алган. Анын ысымы ар дайым областтын алдыңкы жетекчилеринин катарында аталат.

- Светлана Жумалиевна, статистика кызматы коомдун өнүгүүсүн сандар менен аныктап көрсөткөн күзгү деп атасак жарашат. Сиз жетектеген мекемеге ушундай жооптуу милдет жүктөлгөн эмеспи…
- Коомдук түзүлүштүн өзгөрүшүнө, экономиканын түзүлүшүнө ылайык статистикалык кызматтын принциптери жана методологиясы өзгөрдү. Республиканын улуттук статистикалык кызматы эсептөөлөрүн дүйнөлүк үлгүгө ылайык жүргүзүүгө өттү.
Биздин статистикалык баамдоо методдорун өркүндөтүү багыттарынын бири бул - экономиканын дээрлик бардык тармактарында тандап иликтөө системасына өтүү. Бул калктын кедейчилигин, эмгек рыногун, айыл чарбасын, тейлөө чөйрөсүн, башка тармактарды аныктоодо колдонулат. Ошол эле учурда тандап иликтөөдө статистикалык көз салуунун жалпы методдоруна оптималдуу айкалыштыруу принциби сакталат.
Азыркы учурда жамааттык жана мамлекеттик чарбалардын, ишканалардын жана уюмдардын үлүшү Талас областында катталган чарбалык субъекттердин жалпы санынын 4%ын түзөт. Алар мамлекеттик статистикалык отчетторду өз алдынча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жылына бекитилген токтому менен статистикалык иштердин белгиленген программасына ылайык, атайын иштелип чыккан отчеттуулук формалары боюнча өз мөөнөтүндө беришет.
Ал эми жалпы саны 14 миңден ашып отурган дыйкан, фермердик чарбаларды жана жеке ишкерлерди иликтөөдө такыр башкача ыкма колдонулат. Бул жерде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети тарабынан иштелип чыккан методологияга ылайык дыйкан чарбалардын тандоого туура келген бөлүгүндө иликтөөлөр жүргүзүлөт. Тандап иликтөө бланкасында кичи ишкерлик субъекттеринин өндүрүштүк- чарбалык ишкерликтерин мүнөздөгөн экономикалык көрсөткүчтөр киргизилет жана айыл өкмөтүндөгү экономист- статисттер тарабынан суроо жүргүзүү жолу менен толтурулат. Тандап иликтөөлөрдүн жыйынтыктары айыл өкмөтүндө катталган дыйкан, фермердик чарбалардын, жеке ишкерлердин жалпы санына жайылтылат.
- Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын структурасына токтолуп өтсөңүз.
- Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча областта 119,6 миң гектар айдоо жер бар. 2008 жылы мунун 101,8 миң гектарын айыл чарба өсүмдүктөрү түздү. Мунун ичинен 61420 гектары дан өсүмдүктөрү, 57 гектары кант кызылчасы, 2896 гектары май өсүмдүктөрү, 15499 гектары картошка, 4100 гектары жашылча - бакча өсүмдүктөрү, 17875 гектары тоют өсүмдүктөрү.
ФПСтин жерлерин ижарага алып иштетүүнүн эсебинен областтын бардык райондорунда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянттары өткөн жылга салыштырганда 2,2 миң гектарга көбөйгөн.
Өткөн жылга салыштырганда картошка жана жашылча-бакча өсүмдүктөрүнүн аянты азайып, дан эгиндеринин аянты көбөйдү. Күздүк эгиндеринин аянты 1,4 эсеге, жаздык эгиндердин аянты 3,8 эсеге көбөйдү. Быйыл буудайдын аянтынын көбөйгөнүнө карабастан, айдоо аянттарында төө буурчактын салыштырмалуу салмагы дале жогору бойдон калууда. Бул продукциянын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө жогорку баада экспорттолушунун жогорулугу менен түшүндүрүлөт. Быйылкы жылы төө буурчактын аянты 0,6 миң гектарга азайып, 38,4 миң гектарды же болбосо жалпы дан эгиндеринин көлөмүнүн 62,5%ын түздү. 2007- жылы 69,1%ды түзгөн.
Пайдаланылбаган айдоо аянты 17,2 миң гектарды же жалпы айдоо аянтынын 14,4%ын түзүп, өткөн жылга салыштырганда 1,8 миң гектарга же 9,6 %га азайган. Пайдаланылбаган айдоо аянттардын 75,0%ын экономикалык пайда бербеген кайрак жерлер, 10,1%ын шорлуу жана саздак жерлер, 5,7%ын ыраактагы таштак жерлер, 5,7%ын сугат системасынын бузуктугунан пайдаланылбай калган жерлер түзөт.
- Республикада айыл чарба кооперативдерин түзүүгө көбүрөөк көңүл бурула баштады. Областта түзүлгөн айыл чарба кооперативдеринин отчету эмнени айтат?
- Кыргыз Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы №320 "Б" буйругу айыл чарба кооперативдерин уюштуруу жана аларды күйүүчү, майлоочу майлар, үрөн, жер семирткич, айыл чарба техникалары менен камсыздоону жакшыртууга багытталган. Областта бул маанилүү иш боюнча бир катар иш аракеттер жүргүзүлүп жатат. Область боюнча бүгүнкү күнгө карата 280 айыл чарба кооперативдери катталган. Мунун ичинен 55 айыл чарба кооперативи жыл башынан бери түзүлгөн. Тилекке каршы, каттоодогу айыл чарба кооперативдеринин ичинен 24ү гана мамлекеттик статистикалык органдарга финансылык, эмгек, өндүрүштүк отчетторун беришет. Калгандары мындай отчетторду беришпейт. Демек, аларда өздөрүнүн бухгалтериясы жок. Кредит айыл чарба техникаларын алуу үчүн гана формалдуу түзүлгөн. Президент, Кыргыз Өкмөтү айыл чарба кооперативдерин түзүп, натыйжалуу иштетүүгө өзгөчө басым жасоодо.
- Статистикалык иштердин программасы учурунда так жана сапаттуу аткарылуусу үчүн статистикалык кызмат техникалык жактан жакшы жабдылышы зарыл эмеспи. Бул жагынан абалыңыздар кандай?
- Өткөн жылы Өкмөт тарабынан райондук статистика органдарына "Нива" жана "Жигули" автомашиналары, компьютерлердин кийинки муундары берилди. Азыркы учурда адистердин жеке компьютер менен камсыздалышы, областта бир адамга 0,9ду, райондук органдарда 0,7ни түзөт. Райондук статистика органдары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети менен маалыматтарды алышуу ADSL Интернети аркылуу электрондук почта менен жүргүзүлөт. Телекоммуникациянын өнүгүшү статистикалык маалыматтардын керектөөчүлөргө байланыштуу электрондук каналдары аркылуу тез жана сапаттуу жеткирилишин камсыздады. Биздин мындай керектөөчүлөрүбүздүн тобуна областтык мамлекеттик администрацияны, Талас мамлекеттик университетинин технологиялык институтун, Аман Токтогулов атындагы Талас областтык китепканасын, бажыкана, шаардык Салык инспекциясын кошууга болот.
Компьютердик техникаларыбызды пайдаланып, өзүбүздүн күчүбүз менен ай сайын "Талас областынын социалдык-экономикалык өнүгүшү" публикациясын чыгарып, анда айыл өкмөттөрүнөн баштап макро-экономикалык көрсөткүч-төргө чейин беребиз. Ал эми ушундай эле аталыштагы 1 жылдык публикацияда экономикалык тармактардын кийинки 5 жылдык динамикасы толук камтылат.
- 2009-жылы Кыргыз Республикасынын калкынын санын жана турак жай фондусун каттоо жүргүзүлөт. Бул мамлекеттик эң ири иш-чараны уюштуруу жана жүргүзүү милдети мамлекеттик статистика органдарына жүктөлгөн эмеспи. Ага карата көрүп жаткан даярдыктарыңыздар туурасында айта кетсеңиз?
- Бүгүн бир дагы мамлекет, бир дагы коом калктын саны, жайгашышы жана составы туурасындагы маалыматтарды билбей өзүнүн турмушун ийгиликтүү кура албайт. 2009-жылдын 24-мартынан 2-апрелине чейин жүргүзүлүүчү республиканын калкынын санын жана турак-жай фондусун каттоонун максаты - калк жөнүндө, анын социалдык демографиялык мүнөздөмөсү, турмуш шарты жана турак-жай менен камсыздалышы жөнүндө деталдык жана акыйкат маалыматтарды алуу. Калктын санын каттоо эмгекке жарамдуулардын экономикалык активдүүлүгүн аныктайт, эмгек рыногундагы абалды тактайт жана миграциялык процесстерди иликтейт.
Каттоодон алынган маалыматтар мамлекеттик бюджетти түзүү, жумушсуздукту кыскартуу, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө, ошондой эле пенсиялык камсыздоого, саламаттыкты сактоого, билим берүүгө, жолдорду жана турак-жайларды курууга акча каражаттарын бөлүү үчүн зарыл.
Учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Кыргыз Республикасында калкты жана турак-жай фондусун каттоону жүргүзүүгө даярдануу боюнча активдүү аракеттер көрүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31- майындагы №396 токтомуна ылайык областтык жана райондук мамлекеттик администрациялардын жана Талас шаарынын мэриясынын астында калкты каттоого көмөктөшүү штабдары түзүлгөн, алардын отурумдарында бардык көйгөйлүү маселелер чечилүүдө. Райондордун, шаардык отурукташуулардын жана айылдык калктуу пункттардын административдик- аймактык чектери такталды. Шаар куруу бөлүмдөрү менен бирдикте Талас областынын 17 калктуу пункттарынын схема-планы даярдалды. Область боюнча картографиялык материалды даярдоонун жалпы суммасы 180,5 миң сомду түздү. Бул максаттагы финансылык каражаттар толугу менен айыл өкмөттөрдүн жергиликтүү бюджетинен бөлүндү.
Азыркы учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары адрестик чарбаларды тартиптештирүү иштерин жүргүзүшүүдө. 2008-жылдын апрель айында турак-жай жана турак-жайга жатпаган курулуштарды жана анда жашаган калктын тизмесин түзүү жүргүзүлдү. Бул ишке айыл өкмөттөрдүн жооптуу катчылары, ТОСтордун, кварталдык комитеттердин жана кондоминиумдардын төрагалары, ошондой эле бул ишке окутулуп даярдалган каттоочулар тартылды. Жыйынтыгында область боюнча 45028 курулуш эсептелип, анда 219251 адам жашаары аныкталды.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары адрестик чарбаларды инвентаризациялоодо область боюнча 914 көчөнүн 98 көчөсү же 10,7%ы аты жазылган табличкалар менен камсыздалбагандыгы, 43124 турак-жай жана адам жашай алуучу турак эмес курулуштардын 25539 курулушу же 59%ы номердик белгилер менен камсыздалбагандыгы аныкталган. Статистика органдарынын жана айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлеринин туруктуу иш-аракеттеринин аркасында бир катар иштер аткарылды. 2008-жылдын 24-июлуна карата областта 38 көчө табличкалар менен камсыздалбаган, 12660 үйгө же 28, 7%ына номердик табличкалар тагылбагандыгы аныкталды.
Н.Сейдалиев,
"Эркин Тоо".












??.??