Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№68, 16.09.08-ж.





Катсухико Вакабаяши ­ КУУнун ардактуу профессору
Кечээ Ж.Баласагын атындагы КУУнун чоң актовый залында Япониянын Токио шаарындагы Кокушикан университетинин президенти Катсухико Вакабаяшиге "КУУнун ардактуу профессору" деген наамды тапшыруу аземи болуп өттү. Бу ардактуу наамды КУУнун Улуттук кеңеши Кокушикан университетинин президенти Катсухико Вакабаяшиге эки жогорку окуу жайдын билим, маданият жаатындагы кызматташуусуна кошкон жемиштүү демилгеси үчүн ыйгарды.
Бу эки өлкөнүн билим очогу болушкан эки жогорку окуу жай, тагыраак айтканда Ж.Баласагын атындагы КМУнун ИИМОП менен Кокушикан университети (Токио) 2004­жылы илим чөйрөсүндө кызматташуу жана студенттер, окутуучулар менен алмашуу боюнча келишимге кол коюшкан. Бүгүнкү окуу жайга улуу урматтуу меймандын келиши мына ошол келишимдин толук ишке ашып жаткандыгынын белгиси. Учурда жогоруда аталган биздин институттун чыгыш таануу факультетинде 92 студент билим алышууда.
Ушул келишимдин алкагында бу эки жогорку окуу жайында бир катар иш­чаралар өткөрүлгөн. Тагыраак айтканда, Токиодогу Кокушикан университетинин 8 бүтүрүүчүсү (2004­2008­ж.) Ж.Баласагын атындагы КУУнун (ИИМОП) чыгыш таануу факультетинен стажировкадан өтүшкөн.
А түздөн­түз Кокушикан университетинин финансылык колдоосу менен экономика боюнча - Уланбек кызы Айнура

(2002­2006­ж., бакалавр), тил адистиги боюнча Тынчтык Дыйканов (2007­2008­ж.), Наргиза Насыпбековалар болушса, 2008­жылдын июнь­июль айларында чыгыш таануу факультетинин ага окутуучусу Наргиза Дүйшенова илимий стажировкада болуп кайткан. Алардын бардыгы мына биз сөз кылып жаткан Япониянын Токио шаарындагы Кокушикан университетинин финансылык колдоосу менен барышкан. Учурда жогорудагы окуу жайда биздин студенттерибиз ­ Аида Алмабекова жана Бурул Ибраевалар бакалавр программасынын алкагында билим алышууда.
2007­жылдын май айында жогоруда аталган эки жогорку окуу жайдын, тагыраак айтканда чыгыш таануу факультетинин студенттеринин күчү менен "Эл аралык нике" деген темада телекөпүрө уюштурулган. Бул өткөрүлгөн телекөпүрөгө Кокушикан университети финансылык жана техникалык колдоо көрсөткөн. Мындан сырткары япон бөлүмүнүн студенттери үчүн 2 компьютер жана принтер (баасы ­ 1500 долл.), баасы 1500 доллар турган япон тили боюнча лицензиялуу окутуу программасы сатылып берилген. А биздин окуу жайдын өтүнүчү боюнча профессор Масаки Тоса япон тилин окуткандарга методикалык семинар өткөргөн.
Жакын арада япон тарап Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдында гуманитардык илим чөйрөсү боюнча магистратура ачууга даяр экендиктерин билдиришти.
Салтанаттын акырында Ж.Баласагын атындагы КУУ менен Кокушикан университетинин (Токио) ортосунда билим берүү жаатында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду.

Б.ИМАМАДИЕВ, "Эркин Тоо".




ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЫБЫЗДА ФИЗИКАНЫ ОКУТУУГА 75 ЖЫЛ
Физика илиминин Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окулуш тарыхына жана бул илимдин жергиликтүү кадрлар тарабынан изилденип келатышына токтоло кетели.
1932-жылдын 13-январында Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Совети Фрунзе шаарында педагогикалык институтту ачуу жөнүндө токтом кабыл алган.
Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун төрт факультетине: биологиялык, физика-математикалык, адабият жана коомдук факультеттерине иш алып баруу жагы жүктөлгөн. Бирок үч эле факультет студенттерди кабыл алган, андан да пландалган 150 адамдын ордуна 71 эле адамды араң табышкан, ал эми 71 студенттин ичинен 24тү эле кыргыздар болушкан.
Жаштардын (мектеп бүтүрүүчүлө-рүнүн) физика-математика факультетине даярдыктары жок болгондуктан бул факультетке кабыл алуу 1933-жылы гана жүргүзүлгөн.
Жаңы жогорку окуу жайы баштапкы учурда көптөгөн тоскоолдуктарга туш болгон. Төрт факультет үчүн анча чоң эмес төрт кабинет тандалып алынган. Ошондой болсо да институттун ачылыш фактысы Кыргызстан үчүн абдан чоң мааниге ээ болгон, б.а. республиканын өзүндө илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо мүмкүндүгү түзүлгөн.
Жаңы ачылган институттун окутуучулар коллективин толуктоого ондогон жаш адистерин жөнөткөн РСФСРнын эл комиссариаты чоң жардамын көрсөткөн. Алардын арасында физиктерден И.И.Еникеев, Г.М.Михайлов, И.Е.Капчицтер ж.б. болушкан жана алгачкы окуу лабораторияларын, физика кабинеттерин уюштурушкан. Факультеттин биринчи декандыгына И.И.Еникеев дайындалган. Кийинки жылдары физика боюнча билим берүү, уюштуруу иштерин Ж.Юсупов, Г.А.Сухомлиновдор улантышкан. Факультеттин 1937-жылдагы бүтүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгү факультетте окутуучулук кызматка калтырылган.
Улуу Ата Мекендик согуш жылдары физика илими боюнча кадрларды даярдоого профессор В.И.Зибер жана доцент И.И.Баллок чоң салымдарын кошушкан. Алар жогорку квалификациялуу физиктерди аспирантура аркылуу даярдоого жол түзүшкөн. Ошентип факультеттин биринчи бүтүрүүчүлөрү М.Турусбеков, Т.Чормонов, Л.А.Спекторов, Ф.И.Половиковдор аспирантурада тиешелүү билим алышкандан кийин республикабыздын биринчи физик окумуштууларынан болуп калышты. Булардын жолун жолдогон физик окумуштуулар Д.Мамбетов, Т.Айтмурзаев, В.С.Энгельшт, А.Иманкулов, А.А.Алыбаков, Т.Карашев, Ф.Н.Заитовдор болушту.
1951- жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институттун базасында Кыргыз Мамлекеттик университети (азыркы улуттук университетибиз) ачылып, анын физика бөлүмүндө жалпы физика жана теориялык физика кафедралары физика-математика факультетинин ичинде болгон. Бир жылдан кийин эксперименталдык физика кафедрасы ачылып, бул үч кафедранын жамааты физика боюнча адистерди даярдоого зор салым кошушкан. 1966-жылы физика-математика факультети эки факультетке бөлүнүп, физика факультетине 50 студент кабыл алынып, кийинки жылдары кабыл алынган студенттердин саны 125ке чейин жеткирилген.
Жаңы ачылган университеттин физика бөлүмүндөгү адистештирилген физикалык багыттарды илимий жактан өнүктүрүүгө Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын корреспондент-мүчөсү Ю.С.Терминасовдун окуучуларынын салымдары көп, алардын арасында профессорлор Л.В. Тузов, Т.К.Карашев, Н.В. Филатов, Н.Ф.Миндукшев, Г.А. Феклистов, А.Г.Яхонтов, А.Алыбаков, М.Казакбевдер бар.
20-кылымдын 50-жылдарынын экинчи жарымында гидро - жана аэродинамика багытындагы ири окумуштуу, профессор Ф.И. Франкль өзүнүн физик - теоретиктер мектебине илимге берилген көптөгөн жаштарды тарткан, алардын ичинде азыркы профессорлор И.Б.Бийбосунов, Т.А.Айтмурзаев, М.Ю.Абдылдаев, доценттер Р.Усубакунов, Г.Чаадаева, А.А.Арынов, Э.Д.Дуйшеев, Н.А. Аркабаев ж.б. болгон.
20-кылымдын 80-жылдарында КМУнун бүтүрүүчүсү В.С. Энгельшттин плазма физикасы боюнча мектеби илимий журтчулукка таанылып, жогорку окуу жайларына жана илимий мекемелерге жогорку квалификациядагы илимий кызматкерлерди даярдап берген. Мында анын касиптештери, академиктер Ж.Ж.Жээнбаевдин, А.Ж.Жайнаковдун салымдары чоң. Алардын түзгөн плазматрондору көпчүлүк чет өлкөлөрдө талап кылынууда, анткени бул плазматрондор металлдардын жана курулуш материалдарынын беттерин бекемдөөдө, кооздоодо кеңири колдонууга ээ болду.
Бул 75 жыл аралыгында факультет жалпы билим берүүчү орто мектептерге, атайын жогорку жана орто окуу жайларына, Кыргыз илимдер академиясынын Физика институтуна, илимий мекемелерге жана башка көптөгөн республикалык өндүрүш ишканаларына миңдеген жогорку квалификациядагы адистерди даярдап берди. Факультеттин көптөгөн бүтүрүүчүлөрү илимдин кандидаты жана доктору, академик даражаларына жетишип, илим-билимге эмгек сиңирген ишмер-кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты деген наамдарга ээ болушту.
Өз мезгилинде физика факультетинде республикага белгилүү инсандар: Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиктери: Ж.Ж.Жээнбаев, А.Ж.Жайнаков, С.Ж.Токтомышев, Ж.Текенов мүчө-корреспонденттери: А.А.Алыбаков, И.Б.Бийбосунов, О.Ш.Шаршекеев, Э.М.Мамбетакунов, М.М.Кидибаев Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмерлер В.С.Энгельшт, В.Ц.Гурович Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмерлер: Л.В.Тузов, Т.А.Айтмурзаев, Т.К.Карашев, В.М.Лелевкин, С.Абдрахманов, М.К.Койчуманов, Ы.Шамырканов, Н.Ф.Трапицын, М.Ю.Абдылдаев, М.К.Карипова, профессорлор: Ж.М.Мамбеткулов, Э.З.Курмаев, В.И.Зайцев. А.И.Исманбаев, Р.К.Карымшаков, В.С.Слободянюк, М. Б.Чормонов, М.А.Ногаев, К.А.Калдыбаев, К.Ш.Шаршеев, М.С.Бахарев, В.Ж.Жунушалиев, Э.Кулумбаев, ж.б. окуп, билим алышкан. Башкача айтканда, 75 жыл ичинде факультеттин 40тан ашык бүтүрүүчүсү илимдин доктору, 100дөн ашыгы илимдин кандидаты даражасына ээ болушту
Азыркы убакта факультетте 4 жана 5 жылдык окуу мөөнөтүндө бюджеттик жана контрактык негизде -510400 - "Физика" жана 550700 - "Электроника жана микроэлектроника" багыттары боюнча кесип ээлери даярдалат. Ошондой эле контрактын негизинде 650003 - "Физикада информатиканы колдонуу", "Экологияда информатиканы колдонуу" жана 550401 - " Телекоммуникация " ("Радиобайланыш, радиоуктуруу жана телекөрсөтүү") багыттары боюнча бүтүрүүчүлөрү информатик-физик, информатик-эколог жана инженер квалификациялык адистиктерге ээ болушат.
Факультеттеги окуу жана илимий-изилдөөчүлүк иштерди 5 кафедра алып барат.
Факультеттеги 41 кызматкердин ичинде КР УИАнын 2 мүчө-корреспонденти, 3 илимдин доктору, 6 профессор, 22 илимдин кандидаты-доценттер, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген 7 кызматкери жана 10 ага окутуучулар студенттерге билимдерин беришет. Факультет КМШдагы 15тен ашык окуу жайлары, илимий мекемелери менен тыгыз байланышта.

М.Койчуманов,
КРнын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери, доцент.
С.Кадышев,
физика жана электроника факультетинин деканы, доцент.