Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№68, 16.09.08-ж.





Алатоодон көрүнгөн аалам
Ян Артюс- Бертран азыр 62 жашта. Ал өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн жаратылыштын уникалдуу кубулуштарын жана адамзат жашоосун чагылдырган сүрөттөрдү тартууга арнаган.

(Башталышы 1- бетте )
Таланттуу фотограф бул тармакка Кенияда жашап жүргөндө арстандардын жашоосун чагылдырган фото материалдарды даярдап жүрүп кызыга баштайт. Сүрөттөрдү абадан тартуу идеясы да ошондо пайда болгон. Кызыгуусу акырындап патриоттук сезимдерге айланып, дүйнөнүн булуң бурчунун эң кооз жерлерин, экологиялык жана адамзаттын социалдык проблемаларын чагылдырган көз ирмемдерди абадан сүрөткө түшүрө баштайт. Ян Артюс -Бертрандын бир өзгөчөлүгү бар дейт анын фотогалереясын Кыргызстанда тартуулап жүргөн Агата Муленге. Бул аэрофотохудожник жаратылыштын экологиялык, социалдык проблемаларын бир гана жолу сүрөткө түшүрүү менен токтоп калбайт. Ал бир тарткан жерине 5- 10 жылдан кийин кайра барып, бир нече жылдар, климаттык өзгөрүүлөр ошол эле жерди канчалык деңгээлде өзгөртө алгандыгын кайра сүрөткө түшүрөт. Муну менен ал экологиялык проблемаларын дүйнө элине ачык, даана көрсөтөт. Ошондуктан аэрофотохудожниктин сүрөттөр долбоорлорун экологдор илимий экологиялык институт катары кабылдашат да аны эколог, географ, философ- сүрөтчү дешет. Мындан сырткары, ал адам факторунун да жаратылышка тийгизген таасирине көңүл бурат. Экологияны булгаган кээ бир адамдын иш-аракеттерине да сын көз менен караган сүрөттөрү бар. Анын сүрөттөрүнөн акыркы жылдарда дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү мисалы, климаттын өзгөрүүсү башкача айтканда, абанын жылып кетүүсү менен жаратылыш кандай кыйроолорго учурап жаткандыгын даана көрүүгө болот. Аны менен ал дүйнө элин жаратылышты көздүн карегиндей сактоого чакырып жаткандай сезилет. Анын сүрөттөрүнөн бир жагынан жаратылыштын укмуштай кооздугун көрө алсаң, экинчи жагынан экологиялык кырдаалды байкоого болот. Мисалы, "Дүйнөнү бийиктиктен кароо" ("Мир с высоты") көргөзмөсүндөгү сүрөттөрдүн биринде суу ичиндеги дарактарды көрүп укмуштай кооз жер экен дегенибиз менен ошол эле сүрөттө суу астында калган токойду көрүүгө болот. Албетте, мындай сүрөт адамда жаратылышка байланышкан ар түркүн философиялык ойлорду пайда кылбай койбойт.
Мындан сырткары Ян Артюс-Бертран жер шаарында болгон жаратылыштык кырсыктардын кесепеттерин да сүрөткө түшүрө жүрөт. Дүйнөдөгү эң кооз жерлерди издеп таап, жөнөкөй көз менен байкоого болбогон укмуштуудай сулуулукту, кубулуштарды сүрөтчү өз көз карашында көрсөтөт. Сүрөтчүнүн фотогалереясын көргөндөрдүн баары анын укмуштуудай жерлерди кантип таап алгандыгына таңданышат. Муну, мисалы биздин Алатоо аянтыбызга барып байкоого болот. Жаштардан тарта улуу муунга чейин сүрөттөргө кызыга карап, таңданыша анын таржымалын окуп жатышканын көрүп, бир жагынан Яндын сүрөттөрү дүйнө элинин дүйнө таанымын да жогорулатаарына ынанасың.
Сүрөтчүнүн талантын, профессионалдуулугун анын сүрөттөрүндөгү ар кыл түстөрдүн ажайып кооздугун даана көрсөтө алгандыгынан байкоого болот. Мисалы, ал кадимки эле үрөн талааларынан биз байкай албаган ар түркүн түстүүлүктү, кооздукту байкайт. Адамдын күнүмдүк эмгегинен да кандайдыр бир кооздукту таап чыгат. Мисалы, буга кадимки пахтанын өндүрүлүп, көп түйүнчөккө салынып коюлгандыгы да өзүнчө гүл сыяктуу кооздук экенин көрсөткөн сүрөтү далил боло алат. Анын башка сүрөтчүлөрдөн айырмасы жер шарын абадан тартып көрсөткөнү. Сүрөттөрдү карап турган адамда, ошол кубулушту же жаратылыш кооздугун же адамдардын турмушун бийиктиктен байкап, көрүп тургандай сезим пайда болот. Албетте, сүрөтчүнүн чыгармачылыгын өзү менен сүйлөшүп көргөндөн да башкачараак кабыл алмакпыз. Бирок, ал биздин жерге бул сапар келе алган жок. Кыргызстандагы Франция элчилигинин өкүлдөрү сүрөтчүнүн азыр Кыргызстанга келе албагандыгын учурда жер шарын кыдырып, кооз жерлерди сүрөткө тартып жүргөндүгү менен түшүндүрүштү. Демек, атактуу аэрофотохудожник дагы изденүүнүн үстүндө жүрөт.
Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА,
Ж.Казыболотов (фото),
"Эркин Тоо".