Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№68, 16.09.08-ж.





Маданий очоктордун оту өчпөйт
Нарын райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Орозбек Макишов менен маек
­ Райондук маданият бөлүмүнүн жана жер­жерлердеги маданият очокторунун абалы жөнүндө азыноолак кеп кылсаңыз?
­ Калкты маданият жактан тейлөөдө райондук М.Баетов атындагы маданият сарайы, 10 айылдык маданият үйү, 14 айылдык клуб, 1 тарыхый­этнографиялык Дөбөлү айылдык музейи, райондук Эсенгул Ибраев атындагы китепкана, 31 айылдык китепкана иштейт. Союз тарагандан кийин айыл жергесиндеги клуб, китепканалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына өтүп, айыл өкмөттөрү тарабынан каржыланат.
Мындай караганда бардыгы акча каражатына тиешелүү болгондуктан жетишпегендик кендирди кесип келет. Андыктан айылдык клуб, китепканаларды ремонттоо, материалдык ­техникалык жактан жабдуу, музыкалык аспаптар, улуттук кийимдер жана жаңы китептер менен камсыз кылуу начар.
Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри С.Раев тарабынан 1,5 миллион сом акча капремонтко бөлүнүп берилип, бүгүнкү күндө 1936­жылы курулган М.Баетов атындагы маданият сарайын толук оңдоо иштери бүткөрүлүп жатат. Райондун аймагындагы Учкун, Куланак, Жан­Булак айылдык клуб, китепканалар АРИС долбоорунан гранттарды утуп алышып, оңдоолорду өткөрүшүп, музыкалык аспап жана кийим­кече жабдууларын сатып алышты. Ж.Тынымсеитова атындагы Он­Арча айылдык маданият үйү жеке ишкерлер тарабынан 280 миң сомго оңдолуп, ар кандай жабдуулар менен камсыз кылынды. АРИС долбоорунун негизинде Чет­Нура, Оттук, Эмгекчил айылдык клубдары жана китепканалар жаңыдан салынууда. Айрыкча Жергетал, Ак­Кудук айыл өкмөттөрүндө клубдар бүгүнкү күндө авариялык абалда. Жергиликтүү өзүн­өзү башкаруу башчылары бул тармакта тыңгылыктуу иштерди жүргүзүшкөн жок.
­ Айтып өткөн айрым жетишпегендиктен канткенде чыгаласыздар?
­ 2007­2010­жылдарга эсептелинген улуттук Маданият программасынын негизинде жергиликтүү өзүн­өзү башкаруу органдары айыл жерлериндеги маданият жайларына жакшылап көңүл буруусу зарыл. Маданият кызматкерлери кесиптик билим сапаттарына карап, аларга жакындан жардам берип, материалдык­техникалык базаларын чыңдап, эл аралык уюмдар менен өнөктөшүп иш алып кетүүлөрү керек. Азыркы учурда айрым айылдык клуб, китепканаларда ремонт иштерин айыл өкмөттөрү колго алышып жардам беришүүдө. Ошондой эле демөөрчүлөр менен иш жүргүзүшсө бул тармактын иштери алга карай жылат эле.
­ Райондук маданият тармагында өткөрүлгөн иш­чаралар жана жеке өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз?
­ "Ашың болбосо да кашың болсун" деген нускалуу кеп бар элибизде. Райондогу бардык маданият мекемелерине көрсөтмөлөр берилип, маданий­массалык иштер өз деңгээлинде өткөрүлүүдө. Республикабыздын Маданият жана маалымат министрлиги тарабынан "Эл ичи өнөр кенчи", "Ак­Мөөр", "Кошой­Коргон" жана башка көптөгөн конкурстар уюштурулуп жатпайбы, мунун өзү кыргыз элинин улуттук маданиятын мындан ары өркүндөтүү, улуттук наркыбызды, каада­салттарды, нарк­насилибизди унутпайлы деген ишенимибиз деп эсептейм. Министрлик тарабынан өткөрүлүүчү сынактарга карата ар бир айылдын маданият очокторунда иш жүргүзүлүүдө.
Кесибим боюнча маданият кызматкеримин. Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүткөм. Айылдык маданият үйүнүн башчысы, айыл Кеңешинин, айыл өкмөтүнүн төрагасы болуп иштегем. Бул кызматта 1999­жылдан бери эмгектенип келе жатам. "Ардак белгиси" ордени менен сыйлангам. "Кыргыз Республикасынын элге билим берүүсүнүн отличниги" жана "Кыргыз Республикасынын эң мыкты маданият кызматкери" төш белгилерин алганмын.
Турдумамбет
КЫЗАЛАКОВ,
"Эркинтоо".




Булак суусу дайым мөлтүр
Адам баласы күнүмдүк көртирилик менен алпурушуп, жашоо толкунунда чабак уруп жүрүп, мезгилдин кандай өткөнүн элес албай калат тура. Ошол тынымсыз тиричиликтеги ачуу-таттуу күндөр жашоо бүктөмдөрүнө катылып, жүрөк түпкүрүнө сакталып, аларга серп салчу болсоң тасмадай чубуруп көз алдыңа тартылып, кечээ гана өткөндөй элес берет экен. Бул сезим 50 жаш деген кутман курак өмүр эшигин кагып, босогого жакындаган сайын Дамираны түйшөлтчү болду.
Дамира айтылуу кең Талас өрөөнүндө бой тарткан. Борбор калаабыздагы №3 кесипчилик-техникалык окуу жайын бүтүрүп, колуна жолдомо алган 1977-жылы 19 гана жашта болчу. Мөлтүрөгөн жаштыгы Кыргызстан КП Борбордук Комитетинин басмаканасында, "Учкун" ачык акционердик коомунда өттү. Дээрлик бардык республикалык газеталар мындан жарык көрүп, "Советтик Кыргызстан", "Ленинчил жаш", "Кыргызстан маданияты" ж.б. газеталардын ошол кездеги эмгек жамаатында Дамиранын ысмы урмат менен аталчу. Себеби, "жаш келсе ишке" дегендей дээринен сергек өскөн кыз эч кимге камчы салдырбай өз ишин өздөштүрүп, кесиптештери менен тил табышып, кадыр-баркка татыган. Анын эмгеги жогору бааланып, 1981-жылы Кыргызстан аялдарынын республикалык VIII съездине делегат болуп шайланса, 1985-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы менен сыйланган. Ал эми ишкана ичинде жарыяланган "Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү" катары администрациянын алкыштарына татыктуу болуп, баалуу сыйлыктардын жана бир нече грамоталардын ээси болгонуна да мезгил өзү күбө.
Ал өз алдынча көп окуп, көп изденчү, анын билим көрөңгөсү терең экендиги жетекчилик тарабынан бааланып, ага ишеним көрсөтүлүп, корректорлук милдетти аркалап калды. Басмакана тарабынан басылып чыккан продукциянын сапаттуу даярдалышында корректорлор көтөргөн жүк жооптуу. Миңдеген нуска китеп, брошюралардан ката кетчү болсо ишканага чыгым гана алып келээри белгилүү. Мындай учур адистен тактыкты, кыраакылыкты талап кылаарын Дамира туура түшүнө билчү.
Мына ушундай түйшүктүү күндөрдүн ысык-суугуна чыдап, аталган ишканада 31 жыл, анын 13 жылын корректор болуп үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Дагы белгилей кетчү сөз: "Учкун" акционердик коому республикага белгилүү ишканалардан, мында жүздөгөн адам эмгектенет. Алардын ичинен Д.Эстебесова-шайыр, ак көңүл, анча-мынчага моюбаган көтөрүмдүү, ошол эле учурда кемчиликти бетке айткан мүнөзү менен айырмаланат. Кесиптештери анын көпчүлүк менен тил табыша билген жөнөкөйлүгүн сыйлашат. Ал эмгекчил, алдыңкы кызматкер гана болбостон, алмончоктой болгон төрт уулдун мээрман энеси. Тарткан түйшүгүн бөлүшүп, жеңилин жерден, оорун колдон ала билген Кайып байкедей жигиттин сүйгөн жары. Экөө "Учкундан" таанышып, кол кармашып, түтүн булаткандарына быйыл отуз жыл толот. Турмуштун улуу жолундагы ачуу-таттууну бирге татып, ысык-суукту бирге кечишкен ынтымактуу жубайлар быйыл тун неберелүү да болушту. Андыктан биз сөз кылып жаткан маареке ээсинин үйүндө той артынан той болуп, дасторкон жакшы тилектерге жайылып турган учуру. Мына ушул бактыңыз, ушул кубанычыңыз өзүңүздөргө кут болуп, той түйшүгүндө гана жүрүңүз дегим келет, урматтуу мен сыйлаган кесиптешим. Алдыдагы өмүрдүн бийик ашуусуна аман жетиңиз, кутман куракка кадам таштаганыңыз менен сиз дале жашсыз, себеби булак суусу дайым мөлтүр.
Ж.Бапаева, Бишкек шаары.