Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№68, 16.09.08-ж.





Кыргыз Республикасынын Премьер­министри И.В.Чудиновго
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана
отун ресурстары министри С.Э.Балкибековго
Ысык­Көл облустук администрациясынын башчысы К.Ш.Исаевге
Кайрылуу
Урматтуу Игорь Витальевич!
Урматтуу Сапарбек Эсенович!
Урматтуу Кыдыкбек Шайдинович!
"БИИМЭК" ЖЧКсы ушул кат менен КР НЭСК аркылуу электр энергиясы үчүн тарифтерди бекитип берүүнү Сизден өтүнөт. Жыргалаң шаарчасы калктуу конушунда 1000ден ашуун калк, 280 абонент бар. "Көк­Бел" Жыргалаң Шахтасы ААКсы электр энергиясын берүүсүз калышы мүмкүн.
ПС 35/6 КВ авариялык абалда болгондугуна байланыштуу подстанция "Чыгыш­ электро" ААКнын линиясы аркылуу оң жана сол 35/6 КВ чынжырлары менен азыктанат. Кубаттуулугу 1000 КВА болгон сол чынжыр Т­2 жумушчу абалда эмес, капиталдык ремонт талап кылынат. 1994­жылдан бери күндөлүк, пландуу капиталдык ремонттор жүргүзүлгөн эмес, подстанция 35/6 КВ 1968­жылы пайдаланууга берилген. ВЛ­6 КВ, ВЛ­04 КВ линиялары авариялык абалда, инженердик обход боюнча таянычтардын жыгачтарынын чирүү абалы 100%ды түзөт, бийиктеги пландуу жумуштарды жүргүзүүгө мүмкүн эмес, темирбетон таянычтарга тезинен которуу талап кылынат. Үстүбүздөгү жылдын августунда ВЛ­04 КВны күндөлүк ремонттоо учурунда жыгачтын чирип калышынын натыйжасында жыгач таянычтар бийиктикте иштөөгө туруштук бере албай аз эле жерден бөөдө кырсыкты алып келген жок, изоляторлорго бекитилген аба линиясынын жана камсыздандыруу канатынын аркасында ОРПнын электр монтерлору жабыр тартышкан жок, зымдардын жетишсиздигинен б.а. (аларды жиктөөгө туура келет) Жыргалаң Шахта шаарчасы бийик тоолуу райондун катаал климаттык шартында турат.
Октябрдын башында калың кар түшөт. Шашылыш керектүү капиталдык ремонтторду жүргүзүү үчүн 1000 КВА кубаттуулуктагы Т­2 сол чынжырынын резервдик азыктандыруу булагын пайдаланууга киргизүү талап кылынат. 1 литр трансформатор майынын наркы 105 сом болгон 3500 литр трансформатордук май талап кылынат, бул 367500 сомду түзөт. Крундарда релейлик коргоо жана автоматиканын ремонтун жүргүзүү зарыл.
Калктын ВЛ­6 КВ, ВЛ­04 КВсынын ремонту үчүн таянычтарды шашылыш алмаштыруу талап кылынат, ага 1505, 000 сом керектелет, турмуш­тиричилик абоненттерге монтаж үчүн 136,000 суммага 8000 метр изолятордук кабель АВВГ 2х6 талап кылынат. 22500 сом суммага электр эсептегичтерине 280 даана ящик керектелет.
Подстанциялар канааттандырарлыксыз абалда болгондуктан, техникалык коопсуздукту сактоо жана бөөдө кырсыктарды болтурбоо үчүн, биз калкка электр энергиясын берүүнү токтотууга мажбур болуудабыз.
Бизде электр энергиясын сатууга лицензия жана электр жабдууларын тейлөөгө адистерибиз бар. Сиздерден "БИИМЭК" ЖЧКсына электр энергиясын берүүгө лимиттерди алууга жана КР НЭСК аркылуу алгылыктуу баалар боюнча тарифтерди бекитип берүүгө көмөк берүүңүздү өтүнөбүз.
Ушул маселенин оң чечилишине чын ниеттен үмүттөнөбүз.

"БИИМЭК" ЖЧКсынын директору А.Д.Тюлеев.




Обращение
Премьер­министру Кыргызской Республики И.В.Чудинову
Министру промышленности, энергетики и топливных ресурсов
Кыргызской Республики С.Э.Балкибекову
Главе Ыссык­Кульской областной администрации К.Ш.Исаеву

Уважаемый Игорь Витальевич!
Уважаемый Сапарбек Эсенович!
Уважаемый Кыдыкбек Шайдинович!
ОсОО "БИИМЭК" настоящим письмом просит Вас рассмотреть в утверждении тарифов за электроэнергию через НЭСК КР. Населенный пункт пгт. Джыргалан живут более 1000 человек, 280 абонент, ОАО Шахта Джыргалан "Кок-Бель" могут остаться без подачи электроэнергии.
В связи с аварийном состоянии пс. 35/6 КВ подстанция питается правыми и левыми цепями 35/6 КВ через линии ОАО "Восток-электро. Левая цепь Т-2 мощностью 1000 КВА в не рабочем состоянии, требуется капитальный ремонт, не проводились текущие, плановые капитальный ремонты с 1994 года подстанция 35/6 КВ веден в эксплуатацию в 1968 году линия ВЛ-6 КВ, ВЛ-04 КВ находятся в аварийном состоянии по инженерному обходу состояния загнивания древесин опоры составляет 100% невозможно вести верхолазные плановые работы требуется срочные замены на железобетонные опоры. В августе текущего года при проведение текущего ремонта ВЛ 04 КВ деревянное опоры в результате загнивание древесины не выдержав верхолазных работ чуть было не привело к нечастному случаю благодаря воздушной линии укрепленных на изоляторах и страховочного каната электромонтеры ОРП не пострадали, связи с не хваткой проводов т.е.(приходятся их расслаивать) пгт.Шахта Джыргалан находится суровых климатических условиях высокогорном районе.
В начале октября выпадают обильные снега для проведения срочных необходимых капитальных ремонтов требуется вести в эксплуатацию резервный источник питания левой цепи ввод Т-2 мощностью 1000 КВА. Требуется трансформаторное масло 3500 литров стоимостью 105 сом за 1 литр, что составляет 367500 сомов. Произвести ремонт в крунах релейной защиты и автоматики.
Для ремонта ВЛ-6 КВ, ВЛ-04 КВ населения требуется срочная замена опор в денежном выражении 1505,000 для монтажа бытовым абонентам замена вводов на изолированный кабель АВВГ 2x6 требуется 8000 метров на сумму 136,000. Ящики под э/счетчиков 280 штук на сумму 22 500 с.
При неудовлетворительном состоянии подстанции для соблюдений техники безопасности мы вынуждены отключить населения от подачи э/энергии во избежание несчастных случаев.
В свою очередь у нас имеется лицензия на продажу электроэнергии и специалисты, которые могут обслуживать электрическое оборудование.
Просим Вас оказать содействие в получении ОсОО "БИИМЭК" лимитов на поставку электроэнергии и утверждении тарифов по приемлемым ценам через НЭСК КР.
Искренне надеемся на положительное решение данного вопроса.

Директор ОсОО"БИИМЭК" Тюлеев А.Д.




Көзү ачык ­ Эдгар Кейси
Урматтуу окурман, биз сиздерге жараткандын мээри түшкөн, ар дайым айткандары төп келген, өмүрүн элге кызмат кылууга арнаган, байлыктан кембагалдыкты туу туткан инсан, Эдгар Кейси жөнүндө айтып бермекчибиз.
Эдгар Кейсинин өмүр таржымалы жөнүндө өтө деле көп маалымат жок. Тарыхчылардын айтымында ал фермердин үй­бүлөсүндө төрөлгөн. Кичинекей кезинде периштелер келип, сенин келечектеги ордуң өтө бийик. Андыктан сен ага даяр болушуң керек дешет. Байма­бай чиркөөгө барып, Библияны жат окуп, мектепке ата­энесинин күчү менен барып, эптеп күн кечирет.
Кичинесинде Эдгар Кейсиге - ачык ак түстөгү кийим кийген жараткандын өкүлү асмандан түшүп, ага: "Сенин дубаларың бизге жетти. Менден эмне сурагың келет, аны аткарам", ­ дейт. Жети жашар Эдгар эч токтолбостон: "Башка адамдарга жардам берүүмө уруксат этиңиз. Өзгөчө - оорулуу балдарга", ­ деп өтүнүчүн айтат.
Сегизинчи классты аяктагандан кийин Кейси шаардагы китеп дүкөндөрүндө иштеп жан багат, бергенин алат. Көп, аз дебейт. Арам оокаттан аброй күтүп, дүйнө­мүлк жыйнап, жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алган Гертрудасына үйлөнүп очор­бачар болуп оокаттуу жашоого аракеттенбейт.
Бирок анын кээ бир теңтуштарындай өзү жашаган шаардагы көптөгөн оокаттуу адамдардай арам оокаттан аброй таап, өмүр кечирүүгө толук мүмкүнчүлүгү болгон. Себеби, ал жараткан адамдарга өтө сейрек ыроологон ырыскыга эгедер эле. Ушул жагдайда ал дүнүйөгө да, кадыр­баркка да карк болмок. "Эмне үчүн жараткан мендей өтө жөнөкөй адамды тандап алды экен" деп келинчегинен сураган суроосуна жоопту өзү берет. "Иисус ­ жыгач уста, пайгамбарлары ­ балык уулоочу, жер иштетүүчүлөр" болгон. А менчи!
1900­жылы 23 жаштагы Эдгар Кейси кырсыкка кабылат. Тамак оорунун залдарынан улам үнү чыкпай, жумушунан бошонуп, көпкө чейин жаңы адистикти издейт. Акыры фотосүрөтчүлүктү тандап, өзүнүн Хопкинсвил шаарындагы Балуза ательесинде жайгашкан атайын курска кирет.
1901­жылы ал жашаган шаарга гастролго күлкүчү Харт деген гипнозчу келет. Оюн көрсөтүү учурунда Эдгар Кейси өз эрки менен сценага чыгат. Гипноздун таасириненби, айтор ал катуу уйкуга чөмүлгөнүнө карабай үнүн бийик чыгарып сүйлөйт. Оорудан кийин анын үнү чыкпай калганын билгендер ага өтө таң калышат. Тилекке каршы алардын бу кубанычы көпкө созулбайт. Сеанс бүткөн соң Эдгар Кейсинин үнү кайрадан чыкпай калат. Жергиликтүү гипнозчу Эл Лейн жогорудагы экспериментти кайталоону сунуш кылат. Кейси ага макул болот. Лейн Кейсини уктатып, театралдык үн менен: "Сенин акыл­сезимиң өз денең менен. Ал тамагыңа көзөмөл кылууда. Ал азыр бизге бул дартка чалдыккан тамакты кандайча айыктыруу керектигин бизге айтып берет", ­ дейт. Эдгардын акыл­сезими көпкө сурантпады: "Ооба, биз ал денени көрүп турабыз, ­ деп жооп берет уйкудагы Эдгар. ­ Үндүн чыкпай калышы, үн чыгаруу органдын бир кичине бөлүгү дартка чалдыккан. Бул илдеттен арылуу үчүн илдетке чалдыккан жердин кан айлануусун күчөтүү керек".
"Аны ишке ашырууга денеңе буйрук бергин", ­ дейт Эл Лейн. Уулунун жанында турган ата­эненин көз ирмем ооздоруна келмелери келе түшөт. Кейсинин мойну көк­кызыл түскө бөлөнүп, шишип чыкты. "Эми баарын калыбына келтир" ­ деп буйрук берет Лейн. Эдгар Кейси ал буйрукту аткарып, бир нече мүнөттөн соң сүйлөй баштайт. Мындай ийгилик Эл Лейнге жеке Колондайк ачкандай эле болот. Эгерде Кейси өзүн­өзү ушундай жөпжөнөкөй жол менен айыктыргандан кийин ал башкаларды айыктырууга ага эч нерсе деле тоскоолдук болбошу керек. Бир аз акы төлөшсө жетет. Тилекке каршы көз боемочунун мындай арам оюн таш кабат. Эдгар Кейси жараткан ыроологон мүмкүнчүлүктү сатпайм деп катуу баш тартат. Эң таңкалычтуусу ал өлөр өлгөнчө бул айтканынан кайтпай, жакырчылыктан чыгуу үчүн улам бир башка жумуш табуу менен күн кечирет. Ал жеке баюуну эч качан максат кылбайт. Тескерисинче финансы маселеси боюнча бу көзү ачыкка кайрылышкан көптөгөн кардарлар байып­марып кетишет.
Мисалы, Кейси Техас штатында көп жылдардан бери топтолуп жаткан ири өлчөмдөгү нефть жөнүндө так, даана гана айтпастан, анын бүтүшү 1929­жылга туш келээрин, түндүк штаттарда нефтиге болгон баа өтө жогорулай тургандыгын айткан. Кыскасы, Эдгар Кейсиге кайрылгандардын баары байышат. Бир гана анын үй­бүлөсү байымак тургай, белчеден карызга батышат. "Жараткан мен аркылуу баарына жардам берүүгө даяр. Бир менден башкага", ­ деп жакырчылыктан башы чыкпаган жакындарына түшүндүрөт.
Бирок, бул жакындарынын өзүн кыйноосунан гана айтылгандай. Ар дайым Эдгар Кейси турмуш шарты өтө оорлошкон мезгилде алыс­жакындан омоктуу каражат алып турганы маалым. Буга бир топ мисалдарды келтирүүгө болот.
Бир жолу карызга баткан үй­бүлөнү акча төлөшпөгөндүгү үчүн үй ээси үйдөн чыккыла деген күнү почточу бир кезде Кейсинин айткандары дал келип ооматка жеткендердин бири ири өлчөмдөгү акчага чек жөнөткөнүн билдирген кат берет. Тамак­аш сатып алууга каражат издеп карайлаган үй­бүлөгө бу күтүүсүз белек болот. Мындай азын­оолак гана эмес, ага ири өлчөмдөгү ыраазычылык жардамдар Кейсиге маалы менен келип турат. 1928­жылы "уйкудагы пайгамбар" Эдгар Кейсинин айтуусу менен миллиондогон каражат топтогон Нью­Йорк биржа трейдери Мортон Блюменталь Кейсинин эки ири долбоорун - жолдомо боюнча дарылануучулар үчүн оорукананы, парапсихологиялык көрүнүштөрдү иликтөө боюнча университетти каржылайт. Тилекке каршы бул максат толук ишке ашпайт, себеби Мортон Блюменталь Кейси айлануудагы акчаларын алуу боюнча бир топ жыл мурда эскерткен. 1929­жылдын кара бейшембисине туш болуп, Нью­Йорктогу нефть биржасындагы активдеринен кол жууйт. Үч айдан кийин оорукананы каржылоо токтоп, университеттин студенттерин таратышып, Эдгар Кейсини келечекти туура эмес айткан деген күнөө менен камакка алышат. Мындай иш­чара арам ойлуулуктан болгону билинип, биринчи эле күнкү сот ишинде Кейсиге койгон күнөөлөр алынып ташталат.
Эдгар Кейсинин көзү ачыктыгын айгинелеген дагы бир мисал: гипноздук уйкуда жаткан Кейсиден врач­стоматолог: "Ичкен сууга фторду кошсо тиште тактар пайда болот деген чынбы?" ­ деп сураса, ал: "Бул айткандар бир жагынан туура. Бирок, биз дарылоонун натыйжасына фтор менен акиташты кошкондо гана жете алабыз. Эгерде биз фтор менен магнийди бириктирсек ­ биринчиден тиштеги тактарды пайда кылат, экинчиден тишти курчаган эттердин бузулушуна алып келет", ­ деп жооп берет.
Бу жарык дүйнө менен кош айтышаарына бир нече ай калганда - 1944­жылдын аягында Кызыл Армиянын танкалары "Орусия аркылуу дүйнөгө тынчтык келет" деген чакырыктар менен Европага киргенде Кейси: "Европага коммунизм же большевизм келээри жөнүндө эмес, кеп эркиндик, эркиндик гана жөнүндө. Ар бир адам өз жакыны менен өмүр кечирүүгө мүмкүнчүлүк алат. Бул принцип Орусияда төрөлгөн. Бул принципти каалабагандар да болот. Эң негизгиси Орусия гана дүйнөгө ишеним тартуулайт", ­ деп айткан.

Б.ИМАМАДИЕВ,
"Эркинтоо".