Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№68, 16.09.08-ж.





  АЙЫЛ ӨКМӨТТӨ ИШ АРБЫН

Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Муканбетов Кубанычбек Садырбаевич менен маек

- Кубанычбек Садырбаевич, маектешүүбүздүн ток этээр жери бүгүнкү күндүн талуу маселеси - айыл чарбасы болуп жатпайбы. Мына ушундан баштасаңыз?
- Кийинки мезгилде дыйкандар пайдалуу өсүмдүктөрдүн көлөмүн көбөйтө баштады. Алсак, картошканын аянты 1958 гектарга жеткирилип, дүң жыйымы 31524 тоннаны түзүп, түшүмдүүлүгү 161 центнерден болду. 18 гектар жерге май берүүчү техникалык өсүмдүктөр айдалды. Ирилештирилген айыл чарба кооперативдери бөлүнүп, элдер жеке үлүш жерлерин өздөрүнчө бөлүп алгандыктан, аянттарды өндүрүмдүү пайдаланууга мүмкүн болбой калды. Которуштуруп айдоо системасы бузулду. Натыйжада талааларды отоо чөп басып, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү төмөндөдү. Ошого карабастан эгин өндүрүүнү көбөйтүү максатында айыл өкмөтүндө бош калган жерлер толук изилденип, аларды максаттуу түрдө пайдалануу боюнча уюштуруу иштерин жүргүздүк. Аянттарын иштете албай калган жер ээлери менен келишимдер түзүлүп, жерди иштетүүгө мүмкүнчүлүгү, каражаты, техникалары бар ишкерлерди алып келип, майда­барат аянттарды бириктирип, дан эгиндери себилди.
Айыл чарба жерлерин сугат суулары менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн алдындагы "Шатылы" суу пайдалануучулар ассоциациясы түзүлгөн. Колхоз-совхоздор тарагандан кийин ички суу каналдары, арыктары такыр каралбай калган. Бардык суу бөлүштүргүчтөрдөн суу жакшы келбегендиктен, дыйкандарга суу жеткирүү кыйынчылыкка турду. Бүгүнкү күндө "Шатылы" СПАнын карамагында 6227га сугат жери бар, же болбосо район боюнча жалпы сугат аянтынын 25 пайызын түзөт. А балансысында 91 километр узундукта каналы бар жана ички сугат тармагын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бүткүл Дүйнөлүк Банктан 19,6 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражаттын 51 пайызы өздөштүрүлдү же болбосо 3200 метр темир­бетон ноо каналдарында 15 көпүрө, 1200 жол , 10 суу бөлүштүргүч, 1 суу өлчөгүч курулуп ишке берилди. Мындан тышкары арыктарды кол күчү менен тазалоодо райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук мекеме ишканалардын салымы зор болду. Ошондой эле ашар ыкмасы менен он беш жарым километр арыктар тазаланды. Жогоруда аткарылган иштердин негизинде дыйкандарды суу менен камсыз кылуу жагы бир кыйла жакшырды.
- Айыл элин таза суу менен камсыз кылууга аракеттер көрүлүүдөбү?
- Айыл өкмөтүнүн эң бир көйгөйлүү маселеси - элди таза суу менен камсыз кылуу. Кызыл-Суу айылында 15 миңден ашык эл жашайт. Айылдагы таза суу проблемасы четинен чечилүүдө. Райондук акимчиликтин жардамы менен 4 миллион 700 миң сомдук курулуш иши башталган. Кичи Кызыл-Суу сайынан Кызыл-Суу айылына суу түтүктөрү коюлууда. Айылдын элин таза суу менен камсыз кылуу максатында 1 миллион 200 миң сомдук долбоор даярдалып, дренаждык фильтрди курууну пландаштыруудабыз.
Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясынын капиталдык курулуш башкармасынан 300 миң сом алынып, Кызыл-Суу айылынын Акунов көчөсүнө суу түтүктөрүн курууга 120 миң сом, "Олимпийский" көчөсүндөгү суу түтүктөрүн курууга 180 миң сом чыгымдалды. Райондук мамлекеттик администрациясынын акча каражаттарынан 3990,3 миң сом бөлүнүп, 1995 миң сому Кызыл-Суу айылынын батыш жагына жаңыдан суу түтүктөрүн курууга жумшалган.
- Чет элдиктердин көптөгөн долбоорлору менен иштешип жатсаңыздар керек? Андан азыноолак кеп...
Кызыл-Суу айыл өкмөтү "АРИС" программасынын долбоору менен тыгыз иштеди. 2007-жылы "АРИСтин" эки траншы 2682,4 миң сом өлчөмүндө бөлүнүп, бул боюнча 12 долбоор толугу менен бүткөрүлдү. Атап айтсам, Кызыл-Суу айылынын "Олимпийский", "МСО" шаарчасындагы жаштардын спорттук борборун кеңейтүүгө 415 миң сом жумшалды. Ага тиешелүү спорттук инвентарлар алынып, "МСО" шаарчасындагы жаштардын борборунун имараты толук ремонттон өткөрүлдү. "АРИСтин" акчасына кошумча жергиликтүү бюджеттен - 27800 сомдук акча берилди. Кызыл-Суу дайрасына жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө салууга 172,2 миң сом, Абдырахманов атындагы мектептин ашканасын жана балдардын реабилитациялык борборунун ашканасын жабдууга 214,4 миң жана 241,1 миң сом, долбоорлор борборун түзүүгө 40 миң сом, Гапаров мектебине класстык жабдуу алууга 220 миң сом, маданият үйүнө эмерек, музыкалык жабдыктарды алууга 350 миң сом, Ленин атындагы мектепке класстык жабдуу алууга 200 миң сом, спорттук комплексти оңдоого жана жабдууга 374, 4 миң сом, айылдагы жүн тытуу цехин кайра иштетип жандандырууга 40 миң сом, Жалгыз-Өрүк айылындагы ФАПтын имаратын оңдоого 152 миң сом, буга кошумча жергиликтүү бюджеттен 16,2 миң сом бөлүндү. Жалгыз-Өрүк айылындагы Рысмендеев атындагы мектептин кошумча имаратынын полун салууга 260 миң сом жумшалды.
Өткөн жылда экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондусунан (ГФРЭ) үч долбоор утуп алып, 1396,8 миң сомдук грант алдык. Райондук финансы бөлүмүнүн имаратын ремонттоого 696,8 миң сом, "Наристе" балдар бакчасынын имаратындагы канализация системасын капиталдык ремонттоого 500 миң сом алынып, бүгүнкү күндө жумуштун 30 пайызы бүткөрүлдү. Айылдын жашоочуларынын көптөгөн суроолору боюнча мурдагы пионерлер үйүнүн базасында спорт мектебин куруу пландаштырылууда. Бул боюнча 983 миң сомдук грант утуп алып, азыркы учурда 200 миң сому алынып, "Экспресс строй" жеке фирмасына которулду. Айылдын борбордук көчөлөрүн көрктөндүрүүгө жана түнкү электр жарыктарын кайрадан жасоого 1995,3 миң сом жумшалды. Кызыл-Суу айыл өкмөтү боюнча 32897,8 миң сомдук инвестиция алынып келинген. Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 200 миң сомго Сарт Аке мектебине электр менен жылытуу системасын оңдотуп бердик. Ошону менен эле катар 270 мугалим бир тоннадан акысыз көмүр менен камсыз кылынды. Мектептерге, бала бакча жана балдар үйлөрүнө электр энергиясына кеткен чыгымдар үчүн 1128000 сом акчасы толугу менен төлөндү.
- Айыл өкмөтүнүн аймагындагы тоголок жетимдерге, майып балдарга көңүл бурулганбы?
- Өткөн жылы Дания мамлекетинин демөөрчүлөрдүн колдоосу менен Кызыл-Суу айылында социалдык жардамга муктаж тоголок жетимдер жана майып балдар үчүн үйлөр ачылган. Жетим балдар үйүндө 14, майып балдар үйүндө 18 бала тарбияланышууда. Айтылган балдар үйлөрүнө кеткен чыгымдар - электр энергия, отун, көмүр, балдардын үч маал тамагы жана тейлөөчүлөрдүн айлык акылары айыл өкмөтүнүн мойнунда. 12 тоголок жетим баланы "Маяктагы" пионер лагерине эс алдырып келдик. Ошондой эле Кызыл-Суу айылындагы 150 орундуу бала бакчаны толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүп, тиешелүү азык-түлүктөр менен камсыз кылып бердик. Бүгүнкү күндө бала бакча жогорку деңгээлде өз ишин жүргүзүп жатат. Бала бакча курулгандан бери санитардык түйүндөрдү жана канализациясы капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Көпчүлүк чирип, иштен чыгып калган түтүктөрү. Жакында ГФРЭге долбоор жазып, 694,4 миң сом грант утуп алдык. Канализация жана сантүйүндөрдү толугу менен капиталдык оңдоолордон өткөрөбүз. Айыл өкмөтүндөгү алгылыктуу иштерди айта берсек түгөнбөйт. Жогоруда кеп кылган алымсындырарлык ишке жетүүдө талбаган аракеттер, чымырканган эмгек талап кылынды.
- Маек куруп бергениңизге чоң ыракмат, ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз.

Турдумамбет Кызалаков,
"Эркин Тоо".




ВНИМАНИЕ КОНКУРС!
МЭРИЯ г. БИШКЕК информирует:
16 октября 2008 г. СОСТОИТСЯ ОТКРЫТЫЙ КОНКУРС НА ПРЕДОСТАВЛЕНИЕ СВОБОДНЫХ ЗЕМЕЛЬНЫХ УЧАСТКОВ В АРЕНДУ ПОД ЗАСТРОЙКУ ОБЪЕКТОВ РАЗЛИЧНОГО НАЗНАЧЕНИЯ
№п/п Месторасположение Назначение объекта срок предоставления (год); Площадь Срок предос- Стартовая цена
(УКА) особые условия участка (га) тавления арендной платы в
год (сом)

371 Свердловский район, по ул. Орозбекова -
ул. Саадаева Под организацию автостоянки 0,06 1 год 30 958,20

373 Октябрский район, по ул. Исакеева р. Аламедин Под проектирование и строительство временной Общая 0,922 га
производственно-складской базы в том числе:

0,696 5 лет 147 329,28

0,226 49 лет

374 Октябрский район, в южной части города, восточнее Под проектирование и строительство многоэтажных
канала ЮБЧК жилых домов со встроенными объектами
обслуживания и торговли 3,11 15 лет 914 340

Конкурс состоится в 14.00 час. 16 октября 2008 г. в зале заседания мэрии г. Бишкек по адресу:
г. Бишкек, пр. Чуй, 166

Порядок проведения конкурса. Согласно постановлению Бишкекского городского Кенеша депутатов от 10 июня 2008 г. № 453 "О внесении изменений и дополнений в постановление Бишкекского городского Кенеша депутатов "О порядке предоставления земельных участков в срочное (временное) пользование на условиях аренды в г. Бишкек" от 9 июля 2003 г. №189" конкурс проводится в два этапа:

На первом этапе торгов производится отбор проектов строительных
намерений (Эскиз).
Основными критериями отбора Эскиза являются:
- соответствие градостроительным нормам и плану детальной планировки (ПДП) района;
- соответствие архитектурному и внешнему облику столицы;
- оригинальность решения внешнего вида объекта;
- применение современных технологии и материалов при строительстве.

Участникам конкурса необходимо представить в Управление муниципальной собственности мэрии г. Бишкек (УМС) не позднее 12.00 часов 13 октября 2008 г. следующие документы:


1. Для физических лиц - паспорт.
2. Для юридических лиц -копии учредительных документов, заверенные нотариально или органом, осуществляющим регистрацию;
представителю организации - доверенность установленной формы для участия в торгах и паспорт.
3. Документы, подтверждающие право и платежеспособность участника (справки из банка и гарантийные письма).
4. Документы, подтверждающие оплату гарантийного взноса в размере 10% от стартовой цены и комиссионный сбор в размере 0,5% от стартовой цены на заявляемый лот: получатель РОК г. Бишкек: ГОПУ ОАО "Кыргызпромстройбанк" р/с 1020012080110950, БИК 102001, л/с 200802595.
Заявку на участие в конкурсе установленной формы.
5. Проект намерения застройки и использования, соответствующее архитектурному облику г.Бишкек, конкурсное предложение в котором указывается назначение объекта, площадь застройки, этажность, объем и сумма предлагаемых инвестиций, предлагаемая арендная плата в год и др. необходимая информация в запечатанном конверте.
Участники конкурса могут получить всю дополнительную информацию по телефону: 45-44-01, 45-42-26 и по адресу: г. Бишкек, ул. Чокморова, 246.
С жалобами и претензиями обращаться по тел.: 93-55-55, (0772) 523-523 .

Второй этап торгов производится не позднее 7 (семи) дней со дня проведения первого этапа.
Участники, чьи эскизные проекты были отобраны по результатам первого этапа торгов, приобретают право участвовать во втором этапе торгов, где победителем определяется лицо, предложившее наибольшую цену за земельный участок и наилучшие условия. Конверты с поступившими предложениями вскрываются в день проведения второго этапа конкурса в присутствии участника конкурса.

Уважаемые землепользователи!
Управление муниципальной собственности мэрии г. Бишкек настоящим уведомляет о том, что в настоящее время ведется работа по заключению договоров аренды земельных участков. В связи с чем, землепользователей, получивших в аренду земельные участки с 2001 по 2007 г.г. на основании постановлений мэрии города Бишкек, но не заключивших договора, просим явиться в Управление муниципальной собственности мэрии г. Бишкек в течение пяти дней для заключения договора аренды в установленном порядке.
В противном случае указанные постановления мэрии города Бишкек будут отменены, а земельные участки будут изъяты в судебном порядке. При этом, возмещение затрат судебных издержек будет возложено на землепользователя.
Наш адрес: г. Бишкек, ул. Чокморова, 246, тел.: 45-41-92, 45-41-07.