Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№68, 16.09.08-ж.







"Жалалабатэлектро" ачык акционердик коомунун башкы директору Сарбаев Назиржан Момунжанович менен маек
Кышка камылга кандай?
­ Назиржан Момунжанович, бүгүнкү күндө электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу чоң мааниге ээ. Анткени, быйылкы кышка даярдыктар күн мурдатан башталганына карабай, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бир кыйла аз экени көрүнүп турат. Ошондуктан, кыш мезгилинде электр энергиясы тартыш болоору жашыруун эмес. Жалал­Абад облусунун элин кыш мезгилинде электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында кандай иштер аткарылууда?
­ 2007­жылдын жыйынтыгы боюнча биздин бөлүштүрүү компаниябыз Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги тарабынан коюлган талап­тапшырмаларды толугу менен аткарып, республикабыздагы төрт бөлүштүрүү компаниясынын арасынан алдыңкы компания деп табылганы баарыбызга маалым. Албетте, мындай көрсөткүчтөрдү жаратуу үчүн "Жалалабатэлектро" ААКнын жамааты бир кишидей болуп, иштиктүү аракеттерди көрүшүп, натыйжада жакшы көрсөткүчтөрдү камсыз кылышты. Ал эми 2008­жылды да ушундай ийгиликтүү аяктоо максатында жыл башында атайын иш­чаралар кабыл алынып, анын аткарылышы катуу көзөмөлдө турду. Жай мезгилинде көрүлгөн иш­чаралар өзүнүн оң натыйжасын берип, быйылкы кышка даярдыктарыбыз жаман эмес.
Негизги көрсөткүчтөргө токтоло кетсек, ушул жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча тармактарга келип түшкөн электр энергиясы 814,4 млн. кВт/саатты түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 29,3 млн. кВт/саатка аз болду. Ал эми жалпы жоготуулардын деңгээли тармактарга келип түшкөн электр энергиясынан 33,9%ды түзүп, былтыркы жылдын 7 айына салыштырмалуу 0,7%га төмөндөтүүгө анын ичинен коммерциялык жоготуулар 11,1%ды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 1,1%га төмөндөтүүгө жетиштик.
­ Товардык продукцияны сатуунун көлөмү көбөйдүбү?
­ Ооба, товардык продукциянын көлөмү 331,5 млн. сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 15,5 млн. сомго өстү. Ал эми төлөмдөрдүн деңгээли болсо, Токтогул ГЭСинин каскады, Нарын ГЭС ААК, "Нур" заводу сыяктуу төлөөгө жөндөмдүү ири өндүрүштүк керектөөчүлөрдүн "ири өнөр жай ишканалары" катарына өтүп кеткендигине жана бюджеттик мекеме-ишканалардын аз каржылануусуна карабастан, 263,9 млн. сомду түзүп, эсептелинген товардык продукциянын 80%ын түздү. Өзгөчө элден чогулган төлөмдөр кескин көбөйгөндүгүн белгилеп кетүү зарыл. Былтыркы элден чогултулган төлөмдөр 88,4 млн. сомду түзсө, быйыл 115,7 млн. сомду түзүп, 27,3 млн. сомго көп чогултулду, башкача айтканда 31%га арбын болду. Чогултулган төлөмдөрдү эсептик­сактык компаниясы аркылуу өткөрүү 266,6 млн. сомду түздү.
­ Дебитордук карыздарды өндүрүү максатында кандай иш­аракеттер көрүлүүдө?
­ Башка энергокомпаниялардын катарында эле "Жалалабатэлектро" ачык акционердик коомунда дагы электр энергиясына болгон дебитордук карызды өндүрүү ­ курч маселелердин бири болуп келе жатат. Атап айтканда "Жалалабатэлектро" ачык акционердик коому боюнча 2008­жылдын 1­августуна карата жалпы дебитордук карыз 206,9 млн. сомду түзүп, анын ичинен мекеме­ишканалардын карызы 65,4 млн. сом, калган 141,5 млн. сом жергиликтүү калкка таандык. Дебитордук карыздын жыл башына салыштырмалуу өсүшү былтыр 24%ды түзгөн болсо, бул жылы өсүү 22%ды түздү. Башкача айтканда, жалпы карыздын өсүүсү 2%га, ал эми элдин карызынын өсүүсү 26%га аз.
Белгилей кетчү нерсе, жалпы мекеме­ишканалардын дебитордук карызынын 65,4 млн. сому ири стратегиялык, өндүрүштүн жана адамдын жашоо­тиричилигине өзгөчө маанилүү ишканалардын жана бюджеттик ишканалардын карызынын үлүшү 57,4 млн. сомду же болбосо 88%ын түзөт. Мисалы, Токтогул ГЭСинин каскады 1,5 млн. сом, Нарын ГЭС ААК 0,9 млн. сом, "Кыргызнефтегаз" ААК 1,5 млн. сом, Суу чарба башкармалыгы 13,1 млн. сом, "Крисстал" МАК 2,8 млн. сом, "Майлуусуу электр лампа заводу" 9,7 млн. сом, "Ташкөмүр" МАК 3,5 млн. сом, Ак­Башат ишканасы 2,4 млн. сом, ал эми бюджеттик мекемелердин карызы 20,6 млн. сомго жеткен. Бул ишканаларда электр энергиясын өчүрүп коюу, атуулдардын жашоо­тиричилигине коркунуч туудурганын жана өндүрүштүн токтоп калуусун эске алып, жетекчилери менен карызды төлөө графиктери түзүлдү. Калктын карызын азайтуу максатында, карызы бар керектөөчүлөрдү даректүү өчүрүү сыяктуу иш­чаралар колго алынды.
­ "Жалалабатэлектро" ачык акционердик коому боюнча кышка карата капиталдык жана утурумдук оңдоолор боюнча аткарылган иштерге да токтоло кетсеңиз?
­ Бул багытта быйылкы жылы бир топ иштер аткарылды. Капиталдык оңдоонун планы 7 ай аралыгында 15818,0 миң сом болсо, 16028,5 миң сомго аткарылып, 101,3%ды түздү. Ал эми утурумдук оңдоонун 2008­жылдын 7 ай ичинде планы 11317,0 миң сом болсо, 12788,7 миң сомго аткарылып, 113,0%ды түздү. Ошондой эле бөлүштүрүү тармактары боюнча, мисалы ТП, КТП, 04­6­10 кВтогу линияларды капиталдык оңдоо боюнча өткөн жети айда 12751,0 миң сомдук жумуш аткарылып, план 103,9%ды түздү. Утурумдук оңдоонун планы 8800,0 миң сом болсо, 9914,9 миң сомго, башкача айтканда 112,7 %га аткарылды. Андан сырткары ТП, КТПлардын 836 даанасы оңдолуп, ВЛ­6­10 кВтогу линияларды ремонттоо 631,0 километри бүткөрүлдү. ВЛ­0,4 кВтогу линиялардын 721 километри ремонттон өткөрүлдү. ПС 35/6­10 кВ трансформаторлорду жана ВЛ­35 кВтогу линияларды оңдоо боюнча да белгиленген пландар аткарылды.
­ Назиржан Момунжанович, сиздерде эмгектенген кызматкерлердин социалдык абалына да көңүл бурулуп жатабы?
­ Албетте, биз эң биринчи кызматкерлердин өндүрүмдүү иштеши үчүн зарыл болгон шарттарды түзгөнгө аракет кылабыз. Жакында эле өзүбүздүн ишкананын каражатына эки кабаттуу, учур талабына жооп берген өндүрүштүн тейлөө комплексин бүткөрүп, пайдаланууга берүү аземин чоң салтанат менен өткөрдүк. Комплекстин биринчи кабатында 80 орундуу кафе кызматкерлерибизди даамдуу тамак­аш менен камсыз кылат. Ар кандай майрамдык кечелерди өткөрүүгө болот. Ал эми экинчи кабатында болсо 150­200 адамга ылайыкташкан, конференцияларды, семинар­кеңешмелерди өткөрүүчү залды зарыл болгон эмеректер, техникалык жабдуулар менен камсыз кылдык. Мындай конференция өткөрүүчү зал Жалал­Абад облусунда жокко эсе.
­ Сиз жетектеген ишкана тарабынан быйылкы жылы эки жолу "Утуш" акциясын өткөрүпсүздөр, мындай иш­чара, саамалык өз натыйжасын берип жатабы?
­ Албетте, биздин мындай аракетибиз жакшы натыйжаларды берүүдө. Акциянын биринчи этабы ушул жылдын 3­мартынан башталып, 26­апрелинде Жалал­Абад шаарынын борбордук "Курманбек" стадионунда чоң оюн­зоок программа менен жыйынтыкталып, облусубуздун керектөөчүлөрү баалуу утуштарга ээ болушту. Жалпы байге фонду 800 миң сомду түзүп, 1600 байге коюлуп, баш байге катары "OPEL-VECTRA" маркасындагы автомашина ойнотулду. Биринчи этаптын компаниябыздын көрсөткүчтөрүнө тийгизген таасири жөнүндө токтолуп кетсем, март жана апрель айларын анализдеп, өткөн жылдын ушул айларында элден чогултулган төлөмдөр 24,0 млн. сомду же болгону 54%ды түзгөн болсо, ушул жылы эсептелинген товардык продукция толугу менен 100% өндүрүлүп, элдик төлөмдөр 40,6 млн. сомду түздү. Ал эми элдик төлөмдөрдүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 16,6 млн. сомго көп.
­ Жакында экинчи жолу өткөрүлгөн акция тууралуу айтып берсеңиз?
­ Төлөмдөрдү утуш квитанциялары аркылуу алуу 20­майдан баштап 21­августка чейин созулуп, акцияны ийгиликтүү өткөрүү максатында бүт коллектив кириштик. Утуш ойнотуу күнү 24­августта Жалал­Абад шаарындагы борбордук "Курманбек" стадионунда зор салтанат менен белгиленди. Сыйлык фонду 1,1 млн. сомду түзүп, баш байге катарында ажылык сапарга эки путевка, эки "ДЭУ­Тико" автомашинасы жана Жалал­ Абад санаторийине путевкалар коюлду. Быйылкы Токтогул суу сактагычында суунун аздыгынан түзүлгөн кырдаалдан чыгууга облусубуздун элине көмөк көрсөтүү максатында утушка 120 тонна көмүр коюлду. Утуш ойнотууну көзөмөлдөө комиссиясынын курамы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн, финансылык органдардын өкүлдөрүнөн жана керектөөчүлөрдүн өкүлдөрүнөн түзүлдү. Коюлган бардык утуштар 24­август күнү болуп өткөн чоң оюн­зоок концертте өз ээлерин табышты.
­ Экинчи жолу өткөрүлгөн акциянын да натыйжасы жакшы болгон турбайбы?
­ Экинчи этаптын бөлүштүрүү компаниябыздын көрсөткүчтөрүнө тийгизген таасирин анализдөө үчүн июнь, июль жана август айларын былтыркы ушул үч айга салыштырып карап, жоготуулардын деңгээли былтыр 20,7%ды түзгөн болсо, быйыл 2,4%га азайып, болгону 18,3%ды түздү. Элден чогултулган төлөмдөр былтыр 27,5 млн. сомду түзгөн болсо, бул жылы 34,9 млн. сомду түздү, башкача айтканда 7,4 млн. сомго көп чогултулду. Ал эми элдик дебитордук карыз үч айдын башталышына салыштырмалуу өткөн жылы 223,0 миң сомго көбөйсө, лоторея өткөргөн мөөнөттө дебитордук карыз 4,7 млн. сомго төмөндөтүлдү. Бул жетишкендиктер өткөрүлгөн утуш акциясынын жемиши десек жаңылышпайбыз.
Маектешкен
Абдиламит ЖУМАШЕВ,
"Эркин Тоо".












??.??