Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№67, 12.09.08-ж.





Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо боюнча кээ бир чаралар жөнүндө
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
"Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, мамлекеттик телерадиоберүүнүн башка түзүмдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, өлкөнүн калкынын объективдүү жана ар тараптуу маалыматка болгон керектөөлөрүн андан ары канааттандыруу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (мындан ары - УТРК) сунушуна макулдук берилсин жана төмөнкүлөр чыгарылсын:
- төмөнкүлөр УТРКнын курамынан чыгарылсын жана Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин карамагына өткөрүлсүн:
А.Жумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестри:
камералык хор;
"Учкун" телетеатры;
- төмөнкүлөр УТРКнын түзүмүнөн чыгарылсын жана Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин карамагына өткөрүп берилсин:
өлкөдөгү окуяларды жалпы мамлекеттик чагылдыруучу координациялоо, төмөнкү аталган телерадиокомпанияларына усулдук, консультациялык жана практикалык жардам берүү функциясын УТРКда калтыруу менен Чүй, Нарын, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен жана Талас облустук телерадиокомпаниялары.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. УТРКнын тиркелген Уставы бекитилсин.
4. УТРКнын башкы директору белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча бир айлык мөөнөттө УТРКнын кызматкерлеринин штаттык санынын чегин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө киргизсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргызстан Республикасынын Президентинин указдары жана жарлыктары:
1991-жылдын 21-февралындагы №98 "Кыргызстан Республикасынын Улуттук телерадиоберүү компаниясын түзүү жөнүндө";
1991-жылдын 19-апрелиндеги №168 "Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы жөнүндө";
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары:
1998-жылдын 16-мартындагы №74 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын түзүү жөнүндө";
2002-жылдын 14-сентябрындагы №246 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө";
2006-жылдын 19-январындагы №21 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү компаниясы жөнүндө";
2006-жылдын 13-ноябрындагы №554 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү компаниясынын Байкоочу кеңеши жөнүндө";
2007-жылдын 15-февралындагы №61 "2006-жылдын 28-мартындагы №145 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү компаниясынын маселелери жөнүндө Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу";
2007-жылдын 26-мартындагы №108 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү компаниясын Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына кайра түзүү жөнүндө";
2007-жылдын 9-апрелиндеги №164 "2007-жылдын 26-мартындагы №108 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү компаниясын Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына кайра түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";
- Кыргыз Республикасынын Президентинин буйруктары:
2001-жылдын 18-апрелиндеги №134;
2004-жылдын 27-июлундагы №162.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү,
2008-жылдын 4-сентябры.




"Кыргыз Республикасынын Салык кызматы жүргүзгөн текшерүүлөргө мораторий жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу башка контролдоочу органдары жүзөгө ашыруучу ишкерлик субъекттерин текшерүүнүн санын кыскартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 22-апрелиндеги Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
Жарлыгы
Кыргыз Республикасынын Салык кызматы жүргүзүп жаткан текшерүүлөргө мораторийди оптималдаштыруу максатында токтом кылам:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кызматы жүргүзгөн текшерүүлөргө мораторий жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу башка контролдоочу органдары жүзөгө ашыруучу ишкерлик субъекттерин текшерүүнүн санын кыскартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 22-апрелиндеги №145 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ыктыярлуу патенттик негизде салыктарды төлөө менен байланышкан, ишкерлик субъекттеринин арыздары боюнча, башка өлкөлөрдүн салык органдарынын суроо-талаптары боюнча, козголгон жазык иштери боюнча, салыктарды жашыруунун документ менен ырасталган фактылары боюнча текшерүүлөрдү кошпогондо, ушул Жарлык жарыяланган күндөн тартып 2008-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Салык кызматы жүргүзүүчү ишкерлик субъекттерин текшерүүлөргө мораторий жарыялансын.";
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыкты аткаруу жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына ай сайын берип турсун.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү,
2008-жылдын 8-сентябры.




Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматкерлерин запаска бошотуу, ошондой эле 2008-жылдын октябрь-декабрында жарандарды анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
Жарлыгы
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдети жөнүндө" жана "Альтернативдик (аскердик эмес) кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматкерлер запаска бошотулсун.
2. 2008-жылдын октябрь-декабрында чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон эркек жарандар, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктарын жоготкон улуу чакыруу курагындагы жарандар Кыргыз Республикасынын министрликтери менен администрациялык ведомстволоруна, ишканаларына, мекемелерине жана уюмдарына анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызмат өтөөгө чакырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бошотуунун мөөнөттөрүн, анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызмат өтөөгө чакырууну жүргүзүүнүн тартибин аныктасын.
4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү,
2008-жылдын 8-сентябры.




Азык-түлүккө баа кымбаттагандыгына байланыштуу калктын социалдык жактан чабал катмарларын мамлекеттик колдоонун убактылуу чаралары жөнүндө
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
Жарлыгы
Азык-түлүккө баалар жогорулаган шартта калктын аз камсыз болгон катмарларына кошумча мамлекеттик социалдык колдоо көрсөтүү максатында токтом кылам:
1. "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган мамлекеттик пособиелерге 2008-жылдын
1-октябрынан тартып ар айдагы убактылуу компенсациялык төлөмдөр белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- тиешелүү ай үчүн мамлекеттик пособиелерди төлөө менен бир эле учурда ушул Жарлыкта каралган ар айдагы убактылуу компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмдөрүн белгилесин;
- ар айдагы компенсациялык төлөмдөрдү берүүнү камсыз кылуу үчүн каражаттарды тапсын;
- ушул Жарлыктан келип чыккан финансылык, уюштуруу жана башка маселелерди чечсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү,
2008-жылдын 8-сентябры.




Постановление
Правительства Кыргызской Республики
О внесении изменения в постановление Правительства Кыргызской Республики от 14 мая 2008 года №218 "О мерах по выполнению ежегодного бюджета Социального фонда Кыргызской Республики"
В связи с увеличением расходов на выплату пенсий государственным предприятием "Кыргыз почтасы" Правительство Кыргызской Республики постановляет:
1. Внести в постановление Правительства Кыргызской Республики от 14 мая 2008 года № 218 "О мерах по выполнению ежегодного бюджета Социального фонда Кыргызской Республики" следующее изменение:
- в абзаце втором пункта 5 цифры "1,3" заменить цифрами "1,7".
2. Настоящее постановление вступает в силу со дня официального опубликования.
3. Контроль за выполнением настоящего постановления возложить на отдел социального развития Аппарата Правительства Кыргызской Республики.

Премьер-министр И.Чудинов
г.Бишкек, Дом Правительства, 16 августа 2008 года, №453.





Постановление
Правительства Кыргызской Республики
Об утверждении Соглашения между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Китайской Народной Республики о сотрудничестве в области здоровья и карантина животных, подписанного 14 августа 2007 года в городе Бишкек

В целях выполнения внутригосударственных процедур, в соответствии со статьей 11 Соглашения между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Китайской Народной Республики о сотрудничестве в области здоровья и карантина животных, подписанного 14 августа 2007 года в городе Бишкек, на основании законов Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики" и "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики" Правительство Кыргызской Республики постановляет:
1. Утвердить прилагаемое Соглашение между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Китайской Народной Республики о сотрудничестве в области здоровья и карантина животных, подписанное 14 августа 2007 года в городе Бишкек.
2. Министерству иностранных дел Кыргызской Республики уведомить китайскую сторону о выполнении Кыргызской Республикой внутригосударственных процедур, необходимых для вступления в силу указанного Соглашения.
3. Определить Министерство сельского, водного хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики ответственным органом за выполнение указанного Соглашения.
4. Опубликовать настоящее постановление в средствах массовой информации.

Премьер-министр И. Чудинов
г.Бишкек, Дом Правительства, 4 сентября 2008 года, №497.