Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№67, 12.09.08-ж.







Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн
Балбайдын баалуу китеби
Таанымал кыргыздын тунгуч музыка изилдөөчүсү, публицист-журналист, окумуштуу, энциклопедист, сынчы, радио­теле журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Балбай Алагушов элүү эки жылдан бери кыргыздын элдик, профессионалдык музыкасын ар тараптан иликтеп, элине тартуулап келе жатат.
Ал тарыхый очерктерди, публицисттик жана сын макалаларды жазуу менен бирге 1968­жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин республикада чыгып жаткан энциклопедиялардын редакциялык кеңешинин, редколлегиянын мүчөсү жана автор катары жандуу катышып келүүдө.
Ал 1969­жылы Кыргыз илимдер академиясынын Терминологиялык комиссиясы тарабынан 6,25 басма табак көлөмдөгү "Музыка боюнча терминдердин орусча­кыргызча сөздүгү" аттуу китебин "Илим" басмасынан беш жүз нускада бастырып чыгарган. Ал китеп коомчулук тарабынан чоң жаңылык, биринчи саамалык катары кабыл алынган эле.
Б.Алагушов кыргыз музыкасынын тарыхын жаратуучуларын, алардын өмүрү менен чыгармачылыгын мыкты билген бирден­бир адис, автор, кеңешчи катары мурдагы советтик доордо жарык көргөн жана азыркы мезгилде чыгарылып жаткан жаңы энциклопедиялардын бардыгына илимий мүнөздөгү тарыхында алгачкы жолу Б.Алагушовдун авторлугунда 25 басма табак көлөмдөгү окуу куралы катары "Кыргыз музыкасы" аттуу энциклопедия Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору тарабынан жарык көрөт. Ал эми анын толукталган жана жаңыланган варианты 2007­жылы 33.25 басма табак көлөмдөгү "Кыргыз музыкасынын энциклопедиясы" деген ат менен "Бийиктик" басмасынан 1000 нускада басып чыгарылды. Ал бат эле музыка сүйүүчүлөрдүн арасында тарап кетти.
Б.Алагушовдун көптөн бери иликтеп келе жаткан "Кылымдардын кылдары" аттуу 508 беттен турган 33 басма табак көлөмүндөгү публицистикалык, очерктердин түрмөгүнүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүп, эл талкуусуна коюлушу бүгүнкү күндө бышып турган маселелердин бири. Автордун сыйлыкка көрсөтүлгөн "Кылымдардын кылдары" аттуу китебинин өзөгүн 54 комузчу, кыл кыякчы, чоорчу, сурнайчы, темир, жыгач ооз комузчулардын өмүрү менен чыгармачылыгы түзөт. Автор китебинде кыргыздын жаны, каны менен кошо жаралган элдик музыкалык аспаптарыбыздын атасы аталган комузубузду ойлоп тапкан Камбаркан баштаган он үчүнчү кылымда жашап өткөн акын­комузчу Кетбуканын, улуу акын Тоголок Молдонун чоң атасы Музоокенин, совет доорунда бүтүндөй чыгармачылыгы "заманчыл", "улутчул" делип кара көө жабылып келген акын, комузчу Арстанбектин, эл бийлеген манаптардын, бийлердин ичинен алгачкы жолу чыккан комузчу, күүчү, олуя Кыдыр акенин, укум­тукуму менен комуз чертип, кыл кыяк, чоор, сурнай тартып өткөн Күрөңкөйдүн, ата өнөрүн улаган Муратаалынын чыгарган, черткен күүлөрү менен уламага айланып, ысымдары, ооздон­оозго көчө айтылып жүргөн улуу комузчулар Абактын, Кудайбергендин, Тайтекенин, Сейилкандын, Мусанын, Майлыбайдын, Кошкулактын өмүрү менен күүлөрүнүн тарыхтарын кыргыз окурмандарына алгачкылардан тартуулайт. Автор аталган шайырлардын, комузчулардын арасындагы гана айтылып, чертилип келген күүлөрүнүн тарыхын эл ичинен таап, ар бирин талдап берген.
Б.Алагушов совет доорунда Токтогул, Карамолдо, Ыбырай, Чалагыз, Атай, Ныязалы, Айдараалы, Шекербек, Асылбек ж.б. жөнүндө жазган очерктерин кайрадан карап, жаңы маалыматтар, ойлор менен толуктап бергени китептин көркөмдүүлүк, көп түстүүлүк сапатын арттырган.
Автор өз учурунда бирге жүрүп, черткен күүлөрүнөн ыракат алган Б.Кулболдиевдин, Т.Тыныбековдун, Б.Мадазимовдун, Ж.Сейдалиевдин, А.Кыдырназаровдун, О.Кенчибаевдин, Н.Уралиевдин чыгармачылыктарында алгачкылардан окурмандарга тартуулайт. Алардын ар тараптуу чыгармачылыктарына, көп кырдуу аткаруучулук чеберчиликтерине өз баасын берет. Ошондой эле кыргыздын арасынан биринчилерден чыккан комузчу­аткаруучулар Мейилкан Козубекованын, Самарбүбү Токтакунованын кыргыз гана эмес, КМШ, Чет өлкөлүк угуучуларды таң калтырган аткаруучулук чеберчиликтерин, өздүк репертуарларын терең талдайт. Айрыкча автордун бизди кубантканы тигил же бул шайырлардын күүлөрүнүн чыгыш, жаралыш тарыхын баяндап бергени күүлөр дүйнөсүнөн көзүбүздү ачты.
Бизди айрыкча Б.Алагушовдун китебине кирген инсандардын ар биринин, алардын ар бир мезгилде түшкөн сүрөттөрүн, күүлөрүнүн CD альбомго жазылып, коштолуп берилгендиги аябай кубантты. Бир сөз менен айтканда автордун "Кылымдардын кылдары" аттуу китеби ар бир "мен кыргызмын" деген атуулдун колунан түшүрбөй окуй турган китеп. Ошондуктан автордун аталган эмгеги ­ Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу деп эсептейбиз.
Үсөн АСАНОВ,
Кыргыз улуттук энциклопедиясынын башкы редактору, академик,
Четин ЖУМАГУЛОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.




Ыманов ымандуу эле
же Мамаев менен Ахметахунов жалган жазса боло береби?
Мамаев Орозалы менен Ахметахунов Жолдош экөө "сары изине чөп салып", күнү-түнү тынчын алып, баш аягы 20дан ашык инстанцияларга арыз-кайрылуу каттарды жазып, айыл эли үчүн иштетүүгө чоң тоскоолдук келтирип, ден соолугуна зыян келген Чуй облусуна караштуу Сокулук районундагы "Студенттик" айылындагы сууну пайдалануучулардын "БЧК-Совхозный" ассоциациясынын директору Ыманов Эрнест азыр өлкөнүн жетекчисинен тартып, жергиликтүү бийлик ээлерине, прокуратурага кайрылып адилеттик издеп, бир топ кыйналды Анда эмесе сөз башынан болсун.
Ыманов Эрнест 2005-жылы "БЧК-Совхозный" (СПА) ассоциациясынын атайын өткөрүлгөн чогулушунда кеңештин көпчүлүк мүчөлөрүнүн жактыруусу менен директор болуп шайланган. Ошол күндөн тартып Мамаев Орозалы анын артынан түшүп, арыз жазуу "ишин" баштаган. Айрым адамдар "Мамаев Орозалы өзү директор болууга көңүлү бар эле, максаты ишке ашпай калгандан кийин Эрнесттин артынан түштү"- деген сөздөрдү айтып жүрүшкөнүн кулагым чалганы бар.
Деги эле "Ыманов Эрнест кандай жетекчи, кандай адам?"- деген суроого айыл элиндеги адамдар мындай деп жооп беришти. "Ыманов Эрнестти көп улут жашаган айыл элинин жашынан карысына чейин билет. Анткени ал айыл эли үчүн көп иштерди жасаган адам. Ишкер уюштуруучу. Айыл элинин жер аянттарына суу жеткирүүдө анын ролу аябай чоң. Союз бузулгандан кийин айылдын жерине суу агып келүүчү каналдар бузулуп, ичтери толуп чоң проблема келип чыккан. Өлкө экономикалык жактан кыйын абалда болгондуктан "Студенттик" айылга окшогон миңдеген айылдарды толугу менен камсыз кылууга мамлекеттин капчыгы бөксө болучу. Жергиликтүү бийлик дагы колдорунан келишинче аракет жасашканы менен алардын да чамасы чак эле. Мына ушундай учурда сууну пайдалануучулардын ассоциациясы түзүлүп, айыл калкы үчүн жасаган эмгегине жараша Ыманов Эрнест директор болуп шайланып, айыл элин суу менен камсыз кылууда эбегейсиз чоң иштерди жасады. Ошондуктан айыл эли аны дайыма алкап, колдоп, ыраазычылыктарын бидирип турушат".
Суу агып келе турган каналдар бузулуп керектен чыккан эле. Каналдын жээктерине майда чоң дарактар өсүп, каналды казуу иши турсун жер казгыч техникалар жүрүүгө мүмкүн эмес болчу. Аларды тазалап, трактор жүрүүгө ылайыкташтыруу проблемасынан тышкары каналды казуу үчүн өтө көп суммадагы каражат керек эле. Андай көп каражат жергиликтүү бюджетте жок. Айыл элинен акча чогулткан менен жетишпейт. Мына ушул проблеманы чечүү үчүн Эрнест Ыманов директор жана айылдын патриоту катары тынчып отуруп алган жок. Каналды казуу үчүн жанталашып каражат издеди. Барбаган жери, мекеме-уюмдары калган жок. Акыры Азия өнүктүрүү банкына кайрылып, банктын бүт талаптарын аткарып, жеңилдетилген кредитти алууга жетишип, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги аркылуу тендер жарыяланып, ага "Сокулук курулуш концериум" уюму (47 миллион сомдон ашуун акча каражатты өздөштүрүү үчүн) жеңип алып атайын "БЧК-Совхозный" аттуу сууну пайдалануучулар ассоциациясынын талабына ылайык өз ишин баштаган. Бул 2007-жылдын ноябрь айы эле.
Жогорудагы каражат жөн жерден эле оңой-олтоң. келе коймок эмес. Бул үчүн Ыманов Эрнест болгон күч аракетин, жөндөмдүүлүгүн, акыл-эсин, ден соолугун аяган жок.
Каналды казуу, тазалоо үчүн табылган каражат айыл элин кубанычка бөлөп, шаңдуу маанай тартууласа Мамаев Орозалы менен Ахметахунов Жолдошко жаккан жок. Алар иш башталып баштала электе эле айыл элинин тынчын алып Эрнест Ымановго каршы ар кандай провокациялык иштерди жасай башташты. Бирок, айыл эли аларды колдогон жок. Анткени айылдагылар Ымановдун ким экендигин, сууну айыл жерине жеткирүүдө директор болгонго чейин эле кандай иштерди жүргүзгөндүгүн, ал эми Мамаев менен Ахметахунов эмне менен алектенип жүрүшкөндүгүн жакшы билишчү.
Долбоорго ылайык ичине ылай, чым толуп, суу жүрбөй калган каналды казуу, тазалоо үчүн эксковатор, бульдезор жүрүш үчүн жээгиндеги майда, чоң дарактарды кыркып тазалоо керек эле. Каналдын жээгине жол салуу үчүн майда чоң бадалдардан, дарактардан тазалоо иши жүрүп, канал казыла баштады. Эл "Суу пробелмасы эми биротоло чечилет экен!" дешип кубанып иштин жүрүшүн карап турушту.
Э. Ымановдун артынан бир нерсе табууга аракет жасап жүрүшкөн Мамаев менен Ахметахунов каналдын жээгин майда, чоң дарактардан тазалап жаткан жумушка тоскоолдук келтиришип, дароо эле ар кайсы инстанцияларга кат жазуу, гезиттерге макала даярдоо "өнөктүгүн" баштап жиберишти. "Ыманов Эрнест бүт токойду кыркып жоготмок болду, тыйбайсыңарбы, Ымановго чара колдонуш керек!" дегендей жалган жерден каралаган каттар биринин артынан бири ар кайсы инстанцияларга түшүп жатты. Текшерүүлөр башталып, кургакчылык маалда айыл элинин жер аянттарына суу келбей калуу коркунучу туулду. Бирок, Ыманов Эрнесттин күнү-түнү иштеген эмгегинин натыйжасында жер аянттары өз убагында сугарылып, суу жетиштүү болуп, айыл эли суунун тартыштыгын сезген жок. Беде аянттары үч жолу сугарылды. Эгиндер куураган жок. Түшүм жакшы болду. Бул үчүн айыл эли Эрнест Ымановго алкыш айтып, ыраазычылыктарын ачык билдирип жатышты.
Айыл эли Мамаев менен Ахметахуновдун катуу ызы-чуу салып жатышканына адегенде түшүнбөй таң калып жүрүштү. Жакында алардын чыныгы жүзү ачылып, эл арасына дуу дей түштү. Көрсө алар өзүлөрүнө таптакыр тиешеси жок сууну пайдалануучулардын "БЧК-Совхозный" ассоциациясынын (СПА) жеке ишмердүүлүгүнө тиешелүү канал казуу ишиндеги жээктерди майда чоң дарактардан тазалоо ишин өзүлөрүнө өткөрүп алып, жээктен тышкары турган токойду кыркып сатып, байып-мааруу жоругу экен.
Э. Ыманов айыл элине суу алып келүү үчүн айласыздан каналдын жээгиндеги майда, чоң бадалдарды, дарактары кырктырып эксковаторго жол салдырып жатса, Мамаев менен Ахметахунов "жээкти тазалайбыз" деген шылтоо менен токойду кыркып, өз пайдаларын көздөп жатышыптыр.
Деги эле бул эки адамдын "Канал казууга, сууну пайдалануучулардын ишине киришүүгө укугу барбы?" деген суроо туулат.
Таптакыр укугу жок! Алар жергиликтүү кеңешке депутат болуп шайланып алышкандыгынан пайдаланып, өзүлөрүнүн керт баштарынын кызыкчылыгын ойлоп, өзүлөрүнө таптакыр тиешеси жок башка максат менен башка иштерди жасап, айыл элин суу менен камсыз кылууга аракет кылып жаткан Э. Ымановдун ишине киришип, уят-сыйыт дегенди билбей жанталашып жүрүшкөн эргулдар экен.
Эң таң каларлыгы СПАнын жүргүзүп жаткан ишине тиешеси жок болсо да Мамаев менен Ахметахуновдордун туура эмес саясатын колдоп, Чүй-Бишкек аймактык айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгы аларга жол ачып токойду кыркуу, каналды тазалоо жөнүндө эки ирет уруксат кагаз жазып берген. (Акт № 0004697. 20.08.2008.) Муну мындай кой Мамаев менен Ахметахунов айыл өкмөтү аркылуу Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигине кат жаздыртып, депутаттар толук катышпай кворум болбосо да чогулуш өткөртүп, өз билгендерин жасашып мыйзамды бузушкан.
Айыл элинин кыжырын келтирип Мамаев менен Ахметахунов жана агрардык окуу жайынын окуу-тажрыйба чарбасынын директору Мамытов дароо эле токойду кыркуу ишин баштап жиберишти. Мына ушунун өзү коррупцияланган кылмышкердик болуп эсептелет.
Жанталашып жүрүп, айыл эли үчүн каражат таап келип каналдын жээгин тазалоо жана казуу иштерин жүргүзүп жаткан Э. Ымановдун ишин 3 ай токтотуп, айыл элине чоң зыян келтиришкендиги аз келгенсип, алар өзүлөрүнө тиешеси жок канал казуу ишине тиешелүү иштерди менчиктештирүүгө аракет жасашып, токойду кыркып киришти. "Ыманов токойду кыркып, жок кылып жатат!" деп ызы чуу салышып, сотко, прокуратурага беришип, каматууга аракет жасашып, канал казуу ишин токтотуп коюшту да өзүлөрү жазгандай өзүлөрү токойду кыркып, бүлүндүрүп киришти. Көрсө алар Ымановду эмей эле өзүлөрүнүн токойду кыркуу, бүлүндүрүү иштерин алдын ала жазып, элге жарыя кылып коюшкан экен. Эл алардын жоругун көрүп жерге түкүрдү.
Эрнест Ыманов булардын мыйзамды бузган кыянат иштерин көрүп туруп Сокулук райондук прокуратурага кайрылды. Прокуратуранын, Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Давлеткелдиевдин түздөн-түз кийлигишүүсү менен комиссия түзүлүп, алардын токойду кыркуу кыянаттыгына тыюу салынды. Акыйкаттык кылгандыгы үчүн Давлеткелдиевге, прокуратурага көпчүлүк эл ыраазычылыгын билдиришүүдө.
А.Сейдалиев,
Журналист, жазуучу.












??.??