Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№66, 05.09.08-ж.

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр






  Сессия сүртүмдөрү

ЭС АЛГАН ДЕПУТАТТАР
эми эл камына кириштиби?
Эки айга эс алууга кеткен Жогорку Кеңештин депутаттары 1-сентябрь күнү ишке чыгышты. Алар келгенче айрым залдар ремонттолуп бүтүп, жыйындар залына кире бериштеги фойеге депутаттардын жаңы сүрөттөрү илинген. Ушул күнү төрага Айтибай Тагаев келген депутаттарды жаңы иш күндүн башталышы жана каникул учурунда туулган күндөрү өткөн депутаттарды туулган күндөрү менен куттуктап, гүлдөрдү берди. Жогорку Кеңеш депутаттарынын жаңы иш күнү расмий ачылган соң парламентарийлер комитеттерде иштөө үчүн таркап кетишти.
Кечээ депутаттардын биринчи сессиясы башталды. Төрага А.Тагаев келбеген айрым депутаттардын жүйөөлүү себептерин билдиргенден кийин Адахан Мадумаровдун ордуна тизме боюнча жаңы депутат болуп келген Жакыпов Жолдошбек Сейталиевичти тааныштырды. Жолдошбек Жакыпов трибунага чыгып ант берди.
Андан кийин регламент боюнча жарым сааттык ар кандай маселелер айтылды. Сүйлөө үчүн биринчи болуп тизмеге жазылган депутат Алишер Сабиров иштин башталышы менен коллегаларын куттуктап, Өкмөт кайсы программанын негизинде массалык түрдө жарыкты өчүрүп жатканын сурады. Таш көмүрдүн баасы асман чапчып баратса, аны көзөмөлдөй албай отурган Өкмөттү каарып алды. Иса Өмүркулов Чүйдө Алтын-Конуш деген конуш бар экенин, ал жерден жер алуу үчүн 1300 участокту берүү жөнүндө К.Бакиевдин премьер-министр болуп турганда чыгарган токтомун тоготушпай, азыр сүрүп чыгаруу иштерин башташканын, окуу жылы башталганы ызылдаган автомобилдерден Ново-Покровкадагы окуучулардын ары-бери өтүүсү кыйынга туруп жатканын, ал айылга 3 светофор коюу керектигин айтты.
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги ушул тапта 800 миң тонна дан чогулганын телевидениеден айтты, бирок мындай дан чынында жок. Өзбекстанда бир кап ундун баасы 1800 сомго чыкты. Алар Кыргызстандан ташып кетишүүдө. Ал эми көмүрдүн баасын азыр тыйбасак, кышында асманга чыгат, дарактар кыйылып, токойлор жок болот. Бааларды көзөмөлдөөчү Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик иштебей жатат, - деди депутат Асылбек Жээнбеков. Депутат Нарынбек Молдобаев бир күндө кээде 30дай Мыйзам кабыл алып кечке чейин иштегенге чарчайбыз, чарчаган учурда Мыйзамдар чийки болуп калат, регламент боюнча мурдагыдай эле түшкү саат 13кө чейин иштөө керек го деген сунушун айтты. Ага жооп кылып төрага Айтибай Тагагев регламент боюнча сессия өз ишин 9.30да баштап, бирок качан бүтөөрү жазылбаганын айтып, эгер мыйзамга өзгөртүү киргизем десеңиз карап көрүңүз деген жообун узатты. Ибрагим Жунусов энергетика, жер, соттор жөнүндөгү маселелер курч болуп турганын айтты. Элди, жерди кыдырып келген Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри С.Балкыбековду парламентке тез чакырып азыркы абал боюнча сураш керек. Жогорку сотко төрт ай мурда жазган катымдан жооп келбейт же барайын десем кабыл албайт. Ортого Чолпон Баекованы салсам да эмгиче кабыл албай жатат. Бул эмне деген төрайым? - деп И.Жунусов ачууланып алды.
Роза Абдыраимова депутаттык топ менен каникул учурунда 12 районду кыдырып келгенин, көп жерлерде суу жетпей, эл кыйналып турганын, Ак-Талаа, Чаткал райондорунда көмүрдүн жоктугун, эгер көмүр барса эл анын тоннасын 5 миңден сатып алып жатканын билдирди.
Улукбек Ормонов Өзбекстанга барган жарандардын паспортторунун беттеринде коюла берген штамп, печаттардан орун калбай, кайра-кайра паспорт ала берүү кыйынга туруп жатканын, Өкмөт аларга бекер паспортторду берүүсү же Өзбекстан менен сүйлөшүп биздин жарандардын көйгөйүн жеринде чечүүсү керек. Өзбекстан айылдарынын ортосунда калган кыргыздардын Барак айылынын тургундары Кыргызстанга келип-кетүүсү ушунча кыйын, чегарачылар өзгөчө кыз-келиндерди кечке чейин кармап тура беришет экен, - деди ал. Осмон Артыкбаев электр энергия жетпей жатканда энергетиканы сыртка экспорттоо жарабасын, Кыргызстан өз сууларынын 25%ын гана пайдаланаарын, калганы сыртка агып кетээрин, муну Өкмөт токтотушу керектигин билдирди. М.Мамасаидов түштүктө пахтанын терими башталып калганын, бирок анын баасы күйүүчү майдын баасынан да арзан болуп жатканын, пахта айдаган дыйкандар күйүп кетээрин айтты. Буга чейин такыр сүйлөбөгөн З.Бекенова сөз алып, кечээ Манас аэропортунан келатып трассадагы жарыктардын күпкүндүз эле өчпөй турганын көргөнүн электр энергияны экономдойбуз деп тариф менен жарыктар өчүрүлүп жатса чоң жолдун жээгиндеги жарыктардын жаркырап турганын айтты. Г.Куликова алгач сөзүн кыргызча сүйлөп баштап, кийин орусча улантты. Жайдын башында балдарды пионер лагерлерге эс алдырабыз деп Өкмөт бөлүп берген 5 млн. сом чын эле өз максатына жумшалдыбы? Болбосо биздин эсебибиз боюнча 11 миң бала эс алууга барган жок, - деди ал. Исхак Масалиев канча мэр алмашса дагы борбор шаарыбыздын абалы начарлап баратканын, айрым адамдар эптеп эле тоту куштун уясындай болгон үйлөрдү курушканын, шаар болгон соң көп кабаттуу үйлөрдү куруу керектигин, Өкмөт, парламент, мэрия биргелешип шаардын өнүгүшү жөнүндө концепция иштеп чыгуу ылайык болоорун билдирди. Анан Ысык-Көлдүн жээгине баш-аламан салынып жаткан менчик коттедждер жергиликтүү тургундардын сууга түшүүсүнө тоскоол болуп жатканын, мыйзам боюнча көлдүн жээктери жабылбашы керектигин айтты.
Жарым сааттык ар кандай маселелер айтылып бүткөндөн кийин сентябрь айынын күн тартибине кайсы мыйзамдар коюлат деген маселе талкууланды. Депутат Б.Абдырасаков 90 депутат региондорду түрө кыдырып келгенин, андыктан элдин сураган негизги - көмүр, отун, суу, электр энергия маселесин талкуулап Өкмөт менен иштеш керек деген оюн айтты. Вице-спикер К.Исабеков да негизги кылып кышка даярдыкты ойлоо керектигин билдирди. А.Сабиров, У.Ормонов жана Б.Наргозуевдер Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомдордун аткарылбай жаткандыгын сынга алышты.
Төрага кышка даярдыкты Өкмөт менен биргеликте 17-26-сентябрда талкуулаша тургандыгын билдирди.
Мыйзамдарды кароо башталганда У.Ормонов тизмеде жүргөн дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү мыйзамды атайын түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы чыккандан кийин карасак, антпесе чийки болуп калат деген оюн сунуштады. Муну депутаттар Р.Тагаев, З.Курмановдор да колдоп, мыйзам добуш берүүдө күн тартибинен алынып салынды. Эми бул мыйзам сентябрь айынын башка күндөрү, комиссиянын корутундусу чыккандан кийин каралат.
Жыйын өз ишин мыйзамдарды кароо менен улантууда.

Сымбат Максутова,
"Эркин Тоо".




ПОСТАНОВЛЕНИЕ
ЖОГОРКУ КЕНЕША КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
О внесении дополнений и изменений в постановление Законодательного собрания Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 25 июня 2004 года 3 №1689-II "Об утверждении Положения о применении контрольно-кассовых машин при осуществлении денежных расчетов с населением"

В соответствии со статьей 3 Закона Кыргызской Республики "О применении контрольно-кассовых машин при осуществлении денежных расчетов с населением"
Жогорку Кенеша Кыргызской Республики постановляет:
1.Внести в Положение о применении контрольно-кассовых машин при осуществлении денежных расчетов с населением, утвержденное постановлением Законодательного собрания Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 25 июня 2004 года 3 № 1689-II, следующие дополнения и изменения:
дополнить Положение преамбулой следующего содержания:
"Для целей настоящего положения используются следующие понятия:
фискальная память -комплекс программно-аппаратных средств в составе контрольно-кассовых машин, обеспечивающих некорректируемую ежесуточную (ежесменную) регистрацию и энергонезависимое долговременное хранение итоговой информации, необходимой для полного учета денежных расчетов, осуществляемых с применением контрольно-кассовых машин, в целях правильного исчисления налогов;
фискальный режим -режим функционирования контрольно-кассовых машин, обеспечивающий регистрацию фискальных данных в фискальной памяти.
фискальные данные - фиксируемая на контрольной ленте и в фискальной памяти информация о денежных расчетах;
контрольная пломба- специальное клеймение, устанавливаемое в предусмотренных местах контрольно-кассовой машины.";
в пункте 1:
- абзацы второй -восьмой исключить;
- абзац десятый изложить в следующей редакции:
"Контрольно-кассовые машины подлежат обязательной регистрации и пломбированию в налоговых органах по месту расположения хозяйствующих субъектов. Используемые на территории Кыргызской Республики контрольно-кассовые машины должны быть исправны, иметь фискальную память и эксплуатироваться в фискальном режиме. Доступ к фискальной памяти имеют только работники налоговых органов. При работе на контрольно-кассовых машинах должны применяться контрольные ленты.";
в пункте 7:
- подпункт "е" после слова "зарегистрированы" дополнить словами "и опломбированы";
- абзац девятый изложить в следующей редакции:
"Контрольно-кассовые машины должны ежегодно проходить проверку фискальных данных в налоговых органах и исправности в центрах технического обслуживания в январе -феврале. Доступ работников технического обслуживания к внутренним механизмам контрольно-кассовых машин допускается только в присутствии работников налоговых органов.";
- абзац десятый после слова "пломба" дополнить словами "налогового органа и";
в пункте 14:
- слово ",промышленности" исключить;
- слова "Комитетом по доходам при Министерстве финансов Кыргызской Республики" заменить словами "Государственный комитетом Кыргызской Республики по налогам и сборам.";
в пункте 15:
- после слова "регистарции" дополнить словами "и пломбирования";
- слова "Комитетом по доходам при Министерстве финансов Кыргызской Республики" заменить словами "Государственным комитетом Кыргызской Республики по налогам и сборам".
2. Настоящее постанвление вступает в силу через пятнадцать дней со дня официального опубликования.


Торага
Жогорку Кенеша
Кыргызской
Республики А.Мадумаров

г.Бишкек,
22 мая 2008 года, №401-IV.




Түрк муниципалитетинин жардамы
Өткөн жумада Түркиядан келген жоон топ делегация Кыргызстанда бир жумадай болуп, Кыргызстандын кооз жерлерин көрүп, орозо айынын алдында баарыбызга байгерчилик каалап, колдон келген жардамдарын берип кетишти. Алар Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев менен да жолугушушту. Булардын келген максаты жөнүндө Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиктин директору Мамасадык Бакиров буларды айтып берди:
- Бизге келген түрк делегациясынын негизги максаты - Түрк муниципалитет ассоциациясына мүчө болуп кирген Кыргызстанга кезектеги жардамын берүү болду. Түркияда түзүлгөн "Түрк дүйнөсү" муниципалитетинин ассоциациясына Кыргызстан 2006-жылы мүчө болуп кирген. Акыркы 2-3 жылдан бери тыгыз кызматташтыкта иштеп жатабыз. Жалпысынан булардын Кыргызстанга тамак-аш, видеотехника, компьютер, форма кийимдери түрүндө берген жардамдары 13 млн. сомдун тегерегин түздү. Кечээ жакында булар дагы 5 млн. сомго жакын жардам алып келишти. Алар коммуналдык чарбага атайын формалык кийимдерди, майыптар үчүн коляскаларды алып келишти жана Ош шаарына 30 күн орозо кармагандар үчүн 1000 кишиге иптарлык тамак-аш берүү үчүн акча бөлүштү. Ошондо 30 күндө 30 миң кишиге иптарлык берилет. Андан сырткары колунда жок адамдарга миң сомдук тамак-аш салынган пакет алып келип таратышты. Ал эми муниципалдык катнашта - жеринде кандай иштөө керек, тазалык, шаардын генпланы, долбоорлор боюнча, иштерди уюштуруу кандай болот деген маселелерде өнүгүп-өсүү үчүн көп иштерди биргеликте аткарабыз деген ойлорун ортого салышты.
Түркиянын бул муниципалитет ассоциациясы 2003-жылы Түркияда түзүлгөн. Орто Азияда буларга мүчө болгон азырынча жалгыз Кыргызстан, - деди М.Бакиров.

С.Максутова,
"Эркин Тоо".

"Эркин Тоо" газетасынын 2008-жылдын 12-августундагы №59-60 санына жарыяланган "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамындагы техникалык катага байланыштуу 40-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
"1-пункттун "б" пунктчасындагы "бул үчүн белгиленген жерлерде жана" деген сөздөр "орун алган жери жана/же" деген сөздөр менен алмаштырылсын;".

В связи с технической ошибкой в Законе Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики" от 5 августа 2008 года № 196, опубликованном в газете "Эркин Тоо" 12 августа 2008 года № 59-60, абзац второй пункта 41 читать в следующей редакции:
"в подпункте "б" пункта 1 слова "установленных для этого мест и" заменить словами "места нахождения и/или";".












??.??