Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№66, 05.09.08-ж.





Канатташ өлкө
ШКУ саммитинен кийинки Тажикстан таасирлери
Тажикстан менен Кыргызстанды ГЭСтердин өлкөсү деп койсо болот. Анткени, Борбор Азия регионундагы гидроэнергетикалык потенциалдын 80 пайызы аталган өлкөлөргө туура келет экен. Маселен Тажикстанда Нурек, Рогун, Сарбанд ГЭСтери болсо, бизде Токтогул, Таш­Көмүр, Камбар­Ата ж.б. ГЭСтер бар.
Тажикстан Республикасы Борбор Азиянын түндүк­чыгыш тарабында жайгашкан. Аймагы 143,1 квадрат километрди түзөт. Башкача айтканда, аймагы Кыргызстандан кичине. Бирок, элинин саны 7 миллион 29 миң адамды түзөт. Бул эсеп 2007­жылы январь айында алынган. Борбор шаары Душанбе. Дүйшөмбү деген сөздөн алынган. Акча бирдиги ­ сомони, 2000­жылы октябрь айында ишке киргизилген.
Чегарасы жөнүндө айтсак Өзбекстан менен 910 километр, Кыргызстан менен 630 километр, Афганистан менен 1030 километр, Кытай менен 430 километр узундукта чектешкен.
Бүгүнкү Тажикстан деңиз деңгээлинен 300дөн 7495 метрге чейин көтөрүлгөн тоолуу өлкө. Аймактын 93 пайызы тоо кыркаларынан түзүлгөн. Алар Памир, Гиссар, Алай жана Тянь­Шань тоолоруна кирет. Аталган кырка тоолордун ортосуна Фергана, Зерафшан, Вахш жана Гиссар өрөөндөрү жайгашкан. Ар түрдүү дары чөптөргө, жан-жаныбарларга бай.
Тажикстан ­ бийик чокулардын, тоңгон ири муздардын, ташкындап аккан дарыялардын, кайталангыс сулуу, кооз көлдөрдүн өлкөсү. Ысык күйгөн Вахш өрөөнүнөн бир жарым саат самолет менен учсаң, Памирдин түбөлүктүү аппак карлары жаткан арктикалык суукка жолугасың. Бул Тажикстандын жер түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү десе болот.
Тажик элинин тарыхы адамзат цивилизациясынын башталышына туура келет. Алардын аймактарынан табылган табылгалар буга күбө. Тажикстандын тоолору менен өрөөндөрү жана анда жашаган элдер жөнүндө маалыматтар антикалык авторлор Плиний жана Птоломейдин китептеринде жазылган. IX кылымда Памирди кыдырып өткөн венециялык жолоочу Марко Поло да тажик эли жөнүндө кызыктуу материалдарды берген.
Ошол тогузунчу кылымда борбор шаары Бухара болуп, Саманиддердин ири мамлекети түзүлгөн. Анын пайдубалын түптөгөн Саманиддер династиясынан чыккан падыша Исмаил Сомони болуп эсептелет.
Тажик туугандар цивилизациянын рух казынасына ат көтөргүс салым кошкон эл. Анткени, алардан ааламга таанымал эң сонун илимпоздор, философтор, адабиятчылар, акындар, архитекторлор, зергерлер чыккан. Буга Персия­Тажик лирикасынын баштоочусу Абуабдулло Рудакинин лирикалары, Абдулкасим Фирдавсинин "Шахнаме" поэмасы, Абу­Али ибн Синанын (Авицена) Европанын медицина боюнча окуу жайларында негизги окуу программасын ээлеген "Врачтык илимдердин канондору" аттуу китебин кошуп кетсек болот. Дүйнөлүк поэзиянын жылдыздары Хайям, Руми, Саади, Хафиз, Жами, көркөм чыгармалардын мастерлери Борбад Мани, Бехзоддор байыркы Согда, Хорасан, Мовароуннахр аймактарынан сырткары элдерге да таанымал болгон.
Тажикстандын аймагы байыркы доорлордон бери Чыгыш менен Батышты бириктирген Улуу Жибек- Жолунда жайгашкан. Алар эл аралык соодада, маданият мамилелеринде маанилүү ролду ойногон. Бүгүнкү күндө Тажикстандын Ходжент, Истаравшан, Пенджикент, Куляб аталган байыркы шаарларынын түзүлүшү кескин өзгөргөн.
Тажикстан Республикасынын борбору Душанбе саясый жана административдик борбор катары дүйнөлүк картага XX кылымдын башталышында киргизилген. Ал Гиссар өрөөнүндө 730­930 метр бийиктикте жайгашкан. Түндүктөн Түштүккө Варзоб дарыясы агып өтсө, Чыгыштан Батышка Кофарнихон дарыясы агып өтөт.
Душанбе шаарындагы эң чоң, эң узун көчө Рудаки атындагы проспект. Дарактардын, чынарлардын аллеясы ушул жерде. Тажик мамлекетин түптөгөн эң адилет падыша деп эсептелген Исмаил Сомонинин мемориалы аталган проспектти көрккө бөлөп турат. Анан тажик туугандар көбүнчө кооз фонтандарды жасаганга өзгөчө көңүл бурганын байкадым.
Биз Тажикстанга барган күнү КРнын Президентинин пресс­ катчысы Нурланбек Тургунбекович Шакиев, Улан, мен үчөөбүз Рудаки көчөсүнүн тротуары менен жогору карай жөнөдүк. Жарым жолдон кайра кайтпай, көчөнүн башына чейин баралы,- деди Нурлан. Бир сааттай баскан соң адырларга жакындадык. Эми ары жактагы тротуар менен ылдый түшөлү дейт Н.Тургунбекович. Владимир Маяковский Парижге барганда бир көчөнүн башына чыгып, эми бул жагынан караганда кандай көрүнөт экен дегендей эле болду.
Жайма­жай басып келаттык. Бараткан адамдардын айрымдарын токтотуп, шаарда канча адам жашаганын сурадык. Билбейбиз дешет. Көчөлөрүндө машиналар да аз экен. Биздин Бишкектегидей пробка жок. Анан келин­кыздар шым кийишпейт. Согончокторуна чейин жеткен узун көйнөк кийгендерин байкадык. Рудаки эң негизги проспект болгону менен тротуарлары асфальт эмес. Цементтелген одур­бодур таштардан айрым журналист кыздарыбыздын туфлилеринин такалары сынганын да айта кетели. Рудаки проспектисин Исмаил Сомонинин бийик эстелиги көркүнө чыгарып тургандай туюлат. Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун жаңы курулган резиденциясы да Сомон деп аталат. Архитектуралык түзүлүшү заманбап. Азыркы президент өзү бакчачы (садовод) болгондугуна байланыштуу бак­дарактардын түрлөрүн өстүргөнгө көп көңүл бурган экен. Анан мен жогоруда айтып кеткендей тажик туугандар фонтандарга сыягы өзгөчө көңүл бурат окшойт.
Тажикстандын экономикасы жөнүндө биздин айрым саясатчылар Кыргызстандан алда канча алдыга өнүгүп кетиптир деп сөз кылып жүрүшкөн. Анын калп экенине алардын турмушун көрүп, байкап ынандым. Кыргызстандын Тажикстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчисинин орун басары Урматтын айтканына караганда бизге салыштырмалуу айлыктары өтө эле төмөн. Биз "Вечерный Бишкек" гезитинин кабарчысы Александр Тузов экөөбүз эртең менен "Пойталх" мейманканасынын ресторанынан тамактандык. Бир кеседен каша, 1 чайнек чай, бир нанга 7 доллардан төлөдүк. Мейманкана 1 күнгө 25 доллар экен. Тажикстандын эли кыргыздардын жашоо­турмуш деңгээлине жетиш үчүн дагы 15, 20 жылды башынан өткөрүш керек. Албетте, аларда 4,5 жыл граждандык согуш болуп, негизинен 2000­жылдан тартып өнүгүү жолуна түшкөнүн айта кетүүбүз абзел. Анан Душанбенин көчөлөрүндө биздикиндей тыгылышкан машиналар аз. А балким бизде бажы посттору бошураактыр, айрыкча сатылып келген машиналарды өткөрүүдө.
Сомон резиденциясынын 1­кабатында отурсам, Президенттин пресс­катчысы Нурлан Шакиев бир тажик менен кыргыз тилинде сүйлөшүп жатыптыр. Кызыгып мен дагы алардын жанына басып келдим. Абдулла Саидов Тажик Республикасынын өзбек тилинде жарык көргөн "Халк обазы" гезитинин башкы редактору экен. Лакай деген урууданмын, бизди кыргыз деп айтышат, ­ деди ал. Лакайлар Душанбеден 20 километр алыс турушат. Бир топко чейин сүйлөшүп отурдук.
Кыргызстан менен Тажикстан илгертен бери эле бири­бири менен байланышып, кыз алышып, кыз беришип, кошуна эле катары ынтымакта, достукта жашап келишкен. Буга "Манас" эпосунда Манас атабыздын Букар ханынын кызы ­ Каныкей апабызга үйлөнгөнү күбө. Эки өлкөнүн бүгүнкү күндөгү байланышы да күчөгөндөн күчөөдө. Экономикалык жана маданий байланыштар улантылууда.
Баса, ушул сентябрь айында дүйнөгө белгилүү лирик акын Абуабдулло Рудакинин 1150 жылдыгы Душанбе шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын да акын­жазуучулары катышмакчы.

Карбалас БАКИРОВ,
"Эркин Тоо",
Бишкек-Душанбе-Бишкек.




Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
токтому
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 78-беренесинин 3-пунктуна ылайык А.К.Мадумаровдун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө берген арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Токтом кылат:
1. "Ак Жол" Элдик партиясы" саясый партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитинде жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу аппарат жетекчиси К.Б.Базарбаевге жүктөлсүн.

Төрайым К.Кабилова
Бишкек шаары, 2008-жылдын 1- сентябры, №53.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
токтому
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 78-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
Токтом кылат:
1. "Ак Жол" Элдик партиясы" саясый партиясындагы №76 тизме боюнча шайланган Жакыпов Жолдошбек Сейталиевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын.
2. "Ак Жол" Элдик партиясы" саясый партиясынан катталган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жакыпов Жолдошбек Сейталиевичке күбөлүк жана белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитинде жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу аппарат жетекчиси К.Б.Базарбаевге жүктөлсүн.

Төрайым К.Кабилова
Бишкек шаары, 2008-жылдын 1-сентябры, №54.

Постановление
Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики
О досрочном прекращении полномочий депутата Жогорку Кенеша
Кыргызской Республики
В соответствии с пунктом 3 статьи 78 Кодекса Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике, согласно поданного письменного заявления Мадумарова А.К. о сложении полномочий депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, Центральная комиссия по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики
Постановляет:
1. Досрочно прекратить полномочия депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от Политической партии "Народная партия "Ак Жол" Мадумарова Адахана Кимсанбаевича.
2. Опубликовать настоящее постановление в газете "Эркин Тоо".
3. Контроль за исполнением настоящего постановления возложить на руководителя аппарата Базарбаева К.

Председатель К.Кабилова
г.Бишкек, 1 сентября 2008 года, №53.

Постановление
Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики
О регистрации депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики
В соответствии с пунктом 3 статьи 78 Кодекса Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике, Центральная комиссия по выбором и проведению референдумов Кыргызской Республики
Постановляет:
1. Зарегистрировать депутатом Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Жакыпова Жолдошбека Сейталиевича следующего за избранным в списке кандидатов от Политической партии "Народная партия "Ак Жол" под №76.
2. Выдать зарегистрированному депутату Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от Политической партии "Народная партия "Ак Жол" Жакыпову Жолдошбеку Сейталиевичу удостоверение и нагрудной знак установленного образца.
3. Опубликовать настоящее постановление в газете "Эркин Тоо".
4. Контроль за исполнением настоящего постановления возложить на руководителя аппарата Базарбаева К.

Председатель К.Кабилова
г.Бишкек, 1 сентября 2008 года, №54.