Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№66, 05.09.08-ж.

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр






  Клара Кабилова:

"Биздин жарандар татыктуу өз өкүлдөрүн шайлоого тийиш"
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2008-жылдын
5-октябрына Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо дайындалган. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүнүн жана аны өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрайымы Кабилова Клара Саматовна баяндап берди.

- Клара Саматовна, алдыдагы шайлоо өлкө үчүн канчалык мааниге ээ жана шайлоого карата даярдыктар кандай жүрүүдө?
- Чынында эле, биздин жарандар менен шайлоочулардын алдында өтө маанилүү тандап алуу мүмкүнчүлүгү турат, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарын шайлайбыз. Жергиликтүү кеңеш өз районунун, өз шаарынын, өз айылынын чегинде биринчи кезекте жылдык бюджетти беките жана кабыл ала турган, андан ары ал бюджеттик каражаттардын канчалык деңгээлде пайдаланылып жаткандыгына көз сала турган орган болуп саналат. Ошондой эле, жергиликтүү коомчулук таянып жашай турган документтерди түзүүдө, ал аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө, калкты социалдык жактан коргоодо депутаттардын ролу өтө маанилүү.
Жергиликтүү кеңештердин эң башкы милдети шайлоочулардын суроо-талаптарынын аткаруу бийлигинин органдары тарабынан орундалышына түрткү берүүдө турат. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы боюнча жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" мыйзамга ылайык жергиликтүү кеңештин депутаты шаарлардын мэрин, айыл өкмөтүнун башчыларын шайлайт, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун көйгөйлүү маселелерин чече алат.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жергиликтүү коомчулуктардын депутаттарын шайлоону даярдоого жана аны өткөрүүгө өтө чоң маани берет. Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоону дайындоо жөнүндөгү Жарлыгы жарыяланар замат Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын отуруму өткөрүлдү. Анда КР БШКнын шайлоо жүрүмүнүн бардык катышуучуларына Кайрылуусун бекитүү туралуу токтом кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын Календардык планы бекитилген.
Борбордук шайлоо комиссиясынын жана бардык шайлоо тармагынын бардык иш-чаралары мына ошол Календардык планга ылайык жүргүзүлүүдө. Ушу тапта округдук жана участкалык комиссиялар түзүлүп бүттү. Эми КР БШКнын алдында ал шайлоо комиссияларына уюштуруу жардамдарын берүү милдети турат.
- Баса, жанагы "жардам" тууралуу алдыдагы шайлоого катышуу маселеси боюнча катардагы шайлоочулар менен талапкерлер кайда кайрылса болот?
- Биз үчүн кыйла мааниге ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын натыйжалуу камсыз кылуу максатында жарандардын кайрылуулары, каалоо-тилектери, сунуштары жана даттануулары менен ырааттуу жана ыкчам иш алып баруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Коомдук кабылдаманы уюштуруу тууралуу токтом жана Юристтердин коомдук палатасы тууралуу убактылуу жобо кабыл алынды. Ал документте жаңы түзүмдүн ишинин так графиги каралган. Тактап айтсак, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү мезгилинде КР БШКнын Коомдук кабылдамасы күн сайын саат 9.00дөн тартып саат 18.00гө чейин иштейт, саат 13.00дөн саат 14.00гө чейин демалыш. Алар төмөнкү даректерде жайгашкан:
- Бишкек шаары, Раззаков көчөсү 59, КР БШК имараты, 1-кабат, №103 кабинет.
- Ош шаары, Ленин көчөсү 221, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Юристтердин коомдук палатасына кайрыла турган болсок, анын курамы Кыргызстан жарандарынын - юристтердин, көз карандысыз эксперттердин, окумуштуулар менен адистердин арасынан түзүлүп, кеңеш берүүчү орган болуп саналуу менен анын сандык курамы жетиден кем эмес адамдан турат.
Юристтердин коомдук палатасынын ыйгарым укуктарына шайлоо мыйзамдарынын бузулушу жөнүндө материалдарды жыйноо жана аны ыраатка салуу, укуктук жактан көмөк көрсөтүү, талапкерлерге, саясый партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлерге жана башка шайлоо жүрүмүнүн субъектилерине юридикалык консультацияларды берүү сыяктуу бир катар милдеттер кирет. Жалпысынан алганда, бул түзүмдүн ишмердүүлүгү саясаттан сырткары болуу менен, укук талаасында пайда болгон татаал кырдаалдарды чечүүгө багытталган.
Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарынын талаптагыдай сакталышын камсыз кылуу боюнча иштерди ыраатташтыруу максатында 20-26-август аралыгында республиканын бардык аймактарынан келген соттордун, укук коргоо органдары менен прокуратуралардын кызматкерлеринин катышуусу менен окуу семинарлары жана тренингдер өткөрүлдү. Алгачкы мындай семинар-тренинг ушул жылдын 19-августунда КР БШК имаратында болду.
- Клара Саматовна, округдук комиссияларды түзүү кандай өттү, мында саясый партиялардын катышуусу кандай болду?
- Жогоруда белгилеп өткөндөй, ушу тапта облустук жана Бишкек шаардык шайлоо комиссиялары тарабынан округдук комиссиялар түзүлүп, анын курамы менен жайгашкан дареги аймактык басылмаларда жарыяланды. Белгилей кете турган нерсе, округдук комиссиялардын түзүлүшүнө "Ак Жол", "Ата Мекен", "Айкөл Манас", Кыргызстан Коммунисттер партиясы, "Жаңы Кыргызстан", Социал-демократиялык партиясы сыяктуу бир катар саясый партиялар жигердүү катышып, алардын өкүлдөрү өлкөнүн бардык аймактары боюнча кирди.
Округдук комиссияларды түзүүнүн жүрүшүндө КР БШК мүчөлөрү бардык аймактарда иш сапар менен болуп кайтышты. Алар райондук, шаардык (округдук) шайлоо комиссияларынын курамын мыйзам чегинде түзүүгө көзөмөл кылып, зарыл болгон учурда кеп-кеңештерин берүү менен шайлоо мыйзамдарынын ченемдери тууралуу түшүндүрмө беришти.
КР БШК мүчөлөрү облустук жана округдук шайлоо комиссияларынын толук курамына алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында окуу семинарларын өткөрүштү. Эми алардын төрагалары менен катчылары, андан кийин катары 24 миң адамдан турган участкалык комиссиялардын толук курамы каскад системасында окутулат.
Окуудан өткөн шайлоо комиссияларынын бардык мүчөлөрү үчүн КР БШК тарабынан атайын материалдар даярдалып, аларга укук-ченемдик, маалымат-маалымдама жана усулдук материалдар таркатылды. Алардын арасында Шайлоо жөнүндө Кодекс, календардык план, округдук комиссиялар үчүн маалымдама, талапкерлер жана саясый партиялар үчүн эскертме, шайлоо укуктарын бузгандыгы үчүн юридикалык жоопкерчилик жөнүндө эскертме бар. Аларда шайлоо документтеринин формалары менен үлгүлөрү камтылган.
- Шайлоо жөнүндө Кодекстин жаңы редакциясы боюнча бул шайлоого саясый партиялардын да катышуусу күтүлүүдө, алар кандай тартипте катышат?
- Аныңыз ырас, чындыгында эле Шайлоо жөнүндө Кодекстин жаңы редакциясында саясый партиялардын катышуусу жөнүндө ченем киргизилген. Алар округдук жана участкалык шайлоо комиссияларын түзүүдөн тышкары, бул шайлоодо депутаттыкка өзүлөрүнүн талапкерлерин да көрсөтө алат. Ал үчүн саясый партиядан көрсөтүлгөн талапкер округдук шайлоо комиссиясына саясый партиянын съездинин же анын аймактык бөлүмүнүн чогулушунун партиянын мөөрү менен бекитилген протоколуна паспортунун көчүрмөсүн, добушка коюлууга макулдугу жөнүндөгү арызын, банк эсебин ачкандыгы тууралуу документти, иштеген жеринен маалым катты, өмүр баянын тиркөө менен тапшырууга тийиш.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жараны да өзүн өзү көрсөтүү аркылуу депутаттыкка талапкер боло алат. Ал катталуу үчүн арызын, паспортунун көчүрмөсүн, иштеген жеринен маалым катты, шайлоо фондун түзгөндүгүн тастыктаган документти, өмүр баянын тапшыруусу керек. Ошону менен бирге депутаттыкка талапкерлердин көңүлүн дагы бир нерсеге бургум келет, Шайлоо жөнүндө Кодекстин жаңы редакциясы боюнча талапкерлер шайлоо күрөөсүн төгүшпөйт. Эгер үгүт жүргүзүү иш-чараларына алар тарабынан каржылык чыгымдар жумшалбай турган болсо, талапкер шайлоо фондун түзбөй койсо деле болот.
- Саясый партиялардан көрсөтүлгөн жана өзүн өзү көрсөткөн талапкерлерден депутаттык мандатка ээ болуусу үчүн кандай шарттар талап кылынат?
- Белгилей кетүүчү нерсе, бардык шарттар, жасай турган иш-аракеттеринин мөөнөттөрү менен жолжоболору Шайлоо жөнүндө Кодекс аркылуу регламенттелген. Курагы 20 жашка жеткен, тиешелүү административдик аймактык бирдиктин аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү кеңештин депутаты боло алат. Талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн башталып, шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда аяктайт.
- Ушу тапта азыркы депутаттык орунга талапкерлер курамына кире турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын саны канча?
- 2008-жылдын 5-октябрында депутаттарды шайлоо 491 жергиликтүү кеңеште өткөрүлөт. Алар: Бишкек шаардык кеңеши, 9 облустук маанидеги шаарлардын кеңеши, 12 райондук маанидеги шаарлардын кеңеши, 429 айылдык жана поселкалык кеңеш, ошондой эле 2008-жылдын 29-майындагы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" мыйзамга ылайык 40 райондук кеңеш бар. Ал эми азыркы чакырылыштагы депутаттардын ыйгарым укуктары кийинчерээк бүтө тургандыгына байланыштуу 34 жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо өткөрүлбөйт. Ага Ош, Каракол, Токмок шаардык кеңештери, 31 айылдык кеңеш кирет.
Белгилей кетүүчү нерсе, КР Өкмөтүнүн сунушу боюнча чыгарылган мамлекет башчысынын Жарлыгына ылайык республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймагында 13 айылдык округу жана поселка, айыл жоюлган. Ошондуктан, ал айылдык округдарда, поселкалар менен айылдарда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жүрбөйт, бирок ал айылдык округдардын жана поселкалар менен айылдардын шайлоочулары өзүлөрү кирген шаардык кеңештердин депутаттарына добуш берүүгө катышат.
- Бишкек шаарындагы ОБСЕ борборунун башчысы менен болгон жолугушууда Сиз шайлоо ачык-айкын өткөрүлө тургандыгын айттыңыз эле, мындай ачык айкындуулукту кандай чаралар камсыз кылмакчы?
- Биздин өлкөнүн шайлоо мыйзамдары ачык-айкындуулукту, бардык шайлоо жүрүмдөрүндө коомдук көзөмөлдү толук камсыз кылат.
Шайлоого даярдык көрүү, добуш берүү, добуштарды саноо шайлоо жүрүмдөрүндө бардык кыянат пайдаланууларга бөгөт коюу максатында көптөгөн жаңы технологиялар киргизилди. Буга добуш берүү үчүн тунук ящиктерди пайдаланууну, чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен үч чарчы добуш берүүчү кабиналардын орнотулуусун эле мисалга тартсак болот. Шайлоо бюллетендерин алуунун жана берүүнүн бардык баскычтарына көзөмөл күчөтүлөт. Добуш берүүнү уюштурууда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жеке жоопкерчилиги киргизилди. Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн ортосундагы милдеттер добуш берүү алдында чүчүкулак тартуу аркылуу бөлүштүрүлөт: бирөөлөрү жарандарды шайлоо тизмесине каттоону жүргүзсө, башкалары шайлоо бюллетендерин берет, дагы бирөөлөрү шайлоочулардын кабинага кирүүсүн көзөмөлгө алат ж.б.
Байкоонун эркин болушуна да кепилдиктер берилет. Мында жарандык коомдун өкүлдөрү шайлоо бюллетендеринин мазмунун көрө ала тургандай, бардык толтурулган же толтурулбаган шайлоо бюллетендери менен таанышууга мүмкүн боло тургандай аралыкта жана шартта шайлоочулардын добушун саноого көзөмөлдүк жүргүзө алышат.
Ушул жерде шайлоо жүрүмүнүн бардык катышуучуларынын көңүлүн буруу менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону мыйзам талаптарын бекем сактоо менен өткөрүүгө чакырам.
Биздин жарандар жергиликтүү коомчулуктун турмуш-тиричилигиндеги бардык маселелерди жогорку деңгээлде жана сабаттуу чечүүгө жөндөмдүү жергиликтүү бийлик органдарынын татыктуу өкүлдөрүн шайлоого тийиш!

Маектешкен
Н.Керимбекова,
КМШ Парламенттер аралык катышуучу-мамлекеттеринин демократиялык өнүгүү, парламентаризм жана жарандардын шайлоо укуктарын сактоого мониторинг жүргүзүү эл аралык институтунун Бишкек филиалынын директору.












??.??