Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№66, 05.09.08-ж.

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр






  Кут даарыган Сары­Өзөн!

Азык-түлүк ярмаркасы кардарлардын жарпын жазды
Чүй облусу боюнча биринчи жолу азык­түлүк ярмаркасы борборубуз Бишкек шаарынын эски аянтында жана Аламүдүн районунун Пригородный айыл өкмөтүнө караштуу жаңы базар аянтында өткөрүлдү. Бул ярмарканын артыкчылыгы алып- сатар кызыл кулактар эмес, жайлы­жай таман акы, маңдай тери менен жер иштетип, жүгүн тартып, түшүмүн алган баба-дыйкандар өстүргөндөрүн өздөрү сатып жатты.Сокулук районунун Жаңы­Пахта айыл өкмөтүнөн 2 тоннага жакын казандай дарбыздарын жүктөп келген Ярмухаммед аксакалды сөзгө тарттык.

­ Жыл жаман, эл ачка калат деген сөздүн чындыгы жок. Биздин 3 гектар сугат, 10 гектар кайракы жерибиз бар. 1 гектарына дарбыз, 1 гектарына жүгөрү, кыскасы алакандай жерин "ала" калтырбадык. Өзүңүздөр көрүп тургандай кучак жеткис мына бул дарбыздарды алдык. Сапатына жараша ар килограммын 1 сом 20 тыйындан сатып жатабыз. Элдин "чөнтөгүнө" жараша кымбаттатпадык. Эл ыраазы болуп, сатып алып жатышат.
Аксакалдан соң ушул эле райондун Новопокровка айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Мамышевдин айтканына кулак салдык.
Новопокровкалыктар 5 тонна ун, 250 килограмм балды баш кылып, ток этери (эки жерге) 28 машина менен жашылчаларын жүктөп келишкен. 1 кап жогорку сорттогу ун 1100 сомго, 1­сорт ун 909 сомго, экинчи сорт ун 800 сомго сатылып, заматта түгөндү.
Пригородныйлык жергиликтүү тургун Орункул: ­ 10 кг. жогорку сорттогу унду 25 сом 50 тыйындан алдым, базарда эң бери жагы 28 сомдон. Бир кап пияздын килограммын 8 сомдон алдым. А, базарда кеминде 14­15­16 сомдон турат. Ал эми эттин килограммын 130 сомдон сатып жаткан экен, мен жетпей калдым. Ушундай ярмаркаларды уюштурткан Президент Курманбек Салиевич Бакиевге, бүгүн мында кыдырып жүргөн Өкмөт башчы Игорь Викторович Чудиновго чоң ыракмат айтабыз. Мындан ары да ушундай ярмаркаларды үзгүлтүксүз уюштуруп турушса эң жакшы болор эле ­ деп кубанычын жашырбады.
Аламүдүн районунун Октябрск айыл өкмөтүнүн стат­экономисти Татьяна Алексеевна да жер менен алектенет.
­ Жалаң айлык, айтыңызчы, эмнеге жетет. Биз чоң үй­бүлөбүз, 2 кызым, күйөө балдарым менен 4 гектар, 40 сотых жерди иштеттик. Тонналап арпа алып келдик, килограммын 10 сомдон талап кетишти. Чесноктун килосун 25 сомдон саттык, базарда 40­45 сомдон, 1 баш чеснокту беш сомдон алгандар бар ­ деп туурасын айтты.
Таш­Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Канат Күмүшбекович Карымшаковдун жетекчилиги менен тонналаган арпа, картошка, жашылчалар келген. Базар баасына салыштырмалуу арзан. Мисалы, алмуруттун килограммы 4 сомдон. Ушундай уюштуруучулугу менен узун элдин учуна жетип олтурса, айыл өкмөттүктүн ордуна буюрса эртең эле олтурат. Анткени, иш дегенде ичкен ашын жерге койгон жаш.
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн баба дыйканы Ороз Темировдун 5 гектар жери бар. 1,5 гектарына жашылча, 2 гектарына беде, 1,5 гектарына жүгөрү айдашкан. Пиязынын килограммын 9 сомдон, помидорунун килограммын 3 сомдон, сабизинин килограммын 8 сомдон, чесноктун килограммын 24 сомдон сатып, "Кыдырбай" дыйкан чарбасын кыдыр даарып турду. УАЗ машинасындагы ящиктер көздү ачып­жумганча бошоду.
Ысык­Ата районунун Новопокровка айыл өкмөтүнөн келген нан сатуучу ларектун башчысы Батима Сакиркуловна Бектемишованын нанынын салмагы 1,5 килограмм, баасы 40 сом. Базар баасынан 7 сомго арзан.
­ Биздин дыйкандар эккен эгиндин унунан, өзүбүздүн наабайкананын чеберлери жапкан мындай нанды эч бир жерден таппайсың, ­ деп айыл өкмөт башчысы Нурмухамед Баяхунов сыймыктанды. Чын эле тегирмендеринин берекеси барбы ким билет?! Нанына кызыккандарга сан жетпейт. Учу-кыйыры кең эки жерде уюштурулган азык­түлүк ярмаркасына облустун бардык райондорунан айыл өкмөттөрү катышты. Ак койдун карды жарылган күздө "ачарчылык" болот деген "академиктер" терең жаңылышат.

Айчүрөк МАКЕШОВА,
"Эркин Тоо".




С.М. Закиров жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы
Закиров Султан Момунович Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Башкы консулу болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү,
2008-жылдын 4-сентябры.

А.Р.Тохтоходжаев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы
Тохтоходжаев Анвар Розамович Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Башкы консулунун кызматынан бошотулсун.

Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү,
2008-жылдын 4-сентябры.

Премьер-министр мектепте болду
Жаңы окуу жылы ачылган 1-сентябрь күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин атындагы орто мектептин майрамдык линейкасына Премьер-министр Игорь Чудинов катышты. Өкмөт башчы куттуктоо сөзүндө ар бир адамдын жашоодогу ийгилиги анын алган билимине жараша аныкталаарын айтып, жыл өткөн сайын адамдардын билимге болгон чаңкоосу күчөп бараткандыгын да кошумчалап өттү. И.Чудинов билим берүүдөгү мугалимдердин баа жеткис эмгегин белгилөө менен Өкмөт окуучулардын билим алуусу үчүн бардык шарттарды түзүү үчүн аракеттерди көрүп жаткандыгын билдирди.
Белгилей кетчү нерсе, аталган мектепте учурда 1130 окуучу билим алат. Ал эми быйыл 105 бала биринчи класстын босогосун аттады. Кыркка жакын мугалим (анын ичинде бешөөсү билим берүүнүн отличниги) иштеген мектептин билим сапаты 43,3 пайыз деңгээлинде бааланып келет. Республиканын башка мектептеринде кездешкен маселелер бул мектепте да бар. Анын бири мугалимдердин жетишсиздиги. Учурда математика, информатика, тарых, орус тили, чет тили сабактарынан окутуучулар зарыл.
Мектепте өз алдынча жолго эрте түшүп, иштегенге аргасыз болгондор үчүн сырттан окутуу системасы киргизилген. Мында сөзсүз 9-классты бүтүргөндөн кийин гана мүмкүн болот. Азыркы кезде сырттан 97 окуучу билим алат.
Премьер-министр класстык бөлмөлөрүн кыдыруу менен ремонтуна көңүл буруп, оң баасын берди. Быйыл бул мектептин ремонтуна айыл өкмөтү 189 миң сом бөлгөн. Андан сырткары 475 сомду керектүү жабдууларды алуу үчүн беришкен. Республикалык бюджеттен дагы 117,2 миң сом бөлүнгөн. 42 миң сом өлчөмүндөгү демөөрчүлүк каражатка кабинеттер акталып, сырдалган. Ал эми АРИС программасы боюнча 2005-2006-жылдары мектептин жылытуу системаларын реконструкциялоо үчүн 455 миң сом каражат жумшалган. Эки жыл мурун 300 миң сомго мектептин спорттук залы капиталдык ремонттон өткөн.
Ж.Эргешбаева, "Эркин Тоо".




 5­октябрь - жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнү

Жарандык бийик жоопкерчилик талап кылынат
Азыркы күндө республикабызда дагы бир чоң саясый өнөктүк кызуу жүрүп жатат. Ал ­ ушул жылдын 5­октябрында өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болуп саналат. Сыртынан анчалык байкалбаганы менен бул шайлоого бардык саясый партиялар менен ар кыл саясый күчтөр, жарандык коомдун өкүлдөрү, турмуштук активдүү позицияда турушкан айрым жарандар чоң даярдыктар менен келишкендиги айкын болуп турат. Себеби, КРнын Жогорку Кеңешине шайлоолордо жеңишке жетише албай, көксөгөн мандатка жетпей калышкан кээ бир саясый партиялар ал кенемтени ушул шайлоо аркылуу толтурууга, тактап айтканда, өз талапкерлерине депутаттык орунду алып берүүгө бардык болгон ресурстарын - саясый­материалдык, инсандык күчтөрүн, каражаттарын чабылып­чачып жумшоого аракеттенишээри бештен белгилүү эмеспи. Себеби, азыркы күндө жергиликтүү кеңештердин, алардын депутаттарынын кадыр­барктары өсүп баратат. Анткени, айыл өкмөттөрүнүн, райондордун, шаарлардын, поселкалардын, облустук маанидеги шаарлардын бюджеттерин кароо, бекитүү, ошол аймактарга тиешелүү социалдык­экономикалык, ж.б. маселелерди чечүү, дагы башка маанилүү чечимдерди кабыл алуу алардын түздөн­түз аткаруучу милдет­вазийпаларына кирет. Демек, кай жерде бюджет бекитилсе ­ бардык бийлик жана көңүл борбору ошол жерде болот эмеспи. Анүстүнө бул шайлоонун камтыган чөлкөмү да чоң. Алсак, 491 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Чечмелеп айта турган болсок, Бишкек шаардык кеңешине, облустук маанидеги 9 шаардын кеңешине, райондук маанидеги 12 шаардын кеңешине, 429 айылдык жана поселкалык кеңешке, ошондой эле 2008­жылдын 29­майында кол коюлган "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" мыйзамга ылайык 40 райондук кеңешке депутаттар шайланат. Бул жерде окурмандарда айрым шаарлар, айылдык кеңештер бул шайлоо өнөктүгүнө кирбей калганбы? деген өңдүү суроолор туулушу мүмкүн. Ооба, алардын эсептөөлөрү туура. Ошентсе да айта кетээрибиз, азыркы чакырылыштагы депутаттарынын ыйгарым укуктары бүтө элек жергиликтүү кеңештерге шайлоо жүргүзүлбөйт. Алардын арасында Ош, Каракол, Токмок шаардык кеңештери жана 31 айылдык кеңеш, бардыгы болуп 34 жергиликтүү кеңеш бар.
Айтор, жогоруда айтылгандардан көрүнүп тургандай, Бишкек шаардык кеңешинин жана райондук, ошондой эле облустук, райондук маанидеги шаардык кеңештеринин депутаттык орундары үчүн күрөш күчтүү болоору күтүлүүдө. Бул күрөш участоктук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө талапкерлерди көрсөтүүдөн башталаарын жашоо­турмуш көрсөтүп олтурат. А мындай укукка саясый партиялар менен шайлоочулардын чогулуштары гана ээ экендигин да эстен чыгарбашыбыз абзел. Мындан сырткары, депутаттыкка талапкерлер да саясый партиялар жана өзүн­өзү көрсөтүү жолу менен жарандар тарабынан гана көрсөтүлөөрү негизги күрөш саясый партиялар ортосунда жүрөөрүн тастыктап турат. Ошондуктан, бул жерде саясый күрөштү жүргүзүүнүн адептик­этикалык нормаларын так сактоо менен бири­бирин ашыкча каралоодон, жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чабуунун жараксыз, негизсиз ыкмаларынан ат чабым алыс болуп, саясый кайым айтышуунун, үгүт­насыят иштерин алпаруунун саясый маданиятынын чегинен чыкпоо, өзгөчө зарыл экендиги талашсыз. Ансыз калыбына келип калган эл ынтымагына катуу доо кетирилип, шайлоочулар арасын жик­жикке бөлүп, араздашууларга, өз ара таарынычтарга жол ачып, саясый чыр­чатактардын дүрт этип от алып кетишине себеп түзүлүп калышы ыктымал. Ошондой эле талапкерлер кайсы гана партиядан көрсөтүлбөсүн алардын жеке жашоосуна, үй-бүлөлүк турмушуна кийлигишип, дене­бой түзүлүштөрүнө, келбет­көрүнүштөрүнө жөнү жок асылып, шылдыңдоодон кача алсак, шайлоого катышуу маданиятынын жогорку деңгээлин камсыз кыла алган болоор элек. Мында сот, прокуратура, укук коргоо органдары адилеттүүлүктү туу тутуп, шайлоо кодексинин талаптарына туура келбеген ар кандай чагымчылдык­куйтулук иш­аракеттерге, басма сөздөрдөгү ар­намыска шек келтирүүчү жарыялоолорго өз убагында так баасын берип, мыйзамдуу гана чараларды көрүп туруусуна көп нерсе байланыштуу болоору бышык. Албетте, бул жерде жарандык коомдун өкүлдөрүнө да зор роль таандык болот. Алардын объективдүү, чынчыл мониторинг жасоолорунун, саясый партиялардын эч бирине жан тартпай, ортомчул позицияда ­ мыйзамдуулуктун сакталышынын, шайлоонун адилеттүү өтүшүнүн, эч бир тарапка кысым көрсөтүлбөшүнүн, шайлоо жыйынтыктарынын бурмаланбашынын тарабында турушунун мааниси баа жеткис. Эң негизгиси, округдук жана участоктук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жарандык жоопкерчиликтерин көтөрүү талап кылынат. Шайлоонун жыйынтыктары көп жагынан алардын иш­ аракеттерине жараша болот. Кайсы жерде шайлоо жүрүмү кынтыксыз, так уюштурулса, ал жерде ыр­чыр, ызы­чуу да жок өтөөрү анык. Ал эми тигил жагына да, бул жагына да чуркайм деген жерлерде ар кандай талаш­тартыштар, атүгүл жаңжалдар болушу мүмкүн. Ошол себептүү, шайлоо комиссияларынын ар бир мүчөсү өзүнүн ар­намысынын, адамдык бийик сапатынын болоор­болбос нерселер үчүн жаманаттыланып, тебеленип­тепселбешине аракет кылуулары абзел. Андыктан, шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө татыктуунун татыктууларын - эч нерсеге сатылып кетпеген ак ниет, чынчыл, патриот атуулдарды тандоо, сунуштоо зарыл. Албетте, азыркы күндө бул жүрүм аяктады. Эми алардын тизмелери жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. Ошондо кимдер киргендигин талдап, таразалап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошол эле учурда бүгүн депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүлөр соңуна чыгат. Андан кийин алардын тизмелери жарыяланганда кимиси кайсы партиянын атынан көрсөтүлүп жаткандыгы, кандай социалдык­экономикалык программалар менен чыгып жаткандыгы анык болот. Мына ошондон кийин гана ар бир шайлоочу өз жүрөгү менен тандоо жасап, кимдерди татыктуу ­ көздөгөн мүдөөсүн аткарууга күч­жигери, ынанымы, туруктуулугу жете алат деп тапса, ошолор үчүн өз добушун берүүгө умтулат.
Кыскасы, жергиликтүү кеңештердин депутаттык оруну үчүн болгон "кичи майдан" башталды. Анда кайсы саясый партиялар же жарандар марага жемиштүү жетип, канча депутаттык мандатка эгедер болушаарын убакыт, шайлоонун жыйынтыгы көрсөтөт.
Т.ТЕМИРОВ, "Эркинтоо".












??.??