Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№66, 05.09.08-ж.

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр






  Майда - маани

Москвага жөнөп кетет
5-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев башында турган Кыргызстандын расмий делегациясы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги отурумуна катышуу үчүн Москвага жөнөп кетет.
Мамлекет башчысынын Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин мүчө-өлкөлөрдүн мындан аркы кызматташтыгын бекемдөө жана кеңейтүү маселелерин, ошондой эле эл аралык саясаттагы актуалдуу темаларды, атап айтканда Кавказдагы абалды талкуулаган жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кеңейтилген жана тар чөйрөдөгү отурумдарына катышуусу күтүлөт.
Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммитинин жүрүшүндө Президент Курманбек Бакиевдин Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн болушу да пландалууда.

Качкындар кайтып бара элек
Орус-грузин жаңжалынан кийин үй-жайын таштай качкан адамдардын 50 миңдейи өз мекендерине кайтып бара элек. Анткени, айрым аймактарда али күнчө согуш аракеттери токтотула элек. БУУнун качкындар иштери боюнча атайын өкүлү Антонио Гуттерес качкындар гуманитардык жардамга муктаж экендиктерин билдирди.

Никарагуа көзкарандысыздыгын тааныды
Борбордук Америкадагы Никарагуа Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендигин тааныды. Никарагуа аталган эки аймактын көз карандысыздыгын тааныган Россиядан кийинки экинчи өлкө болуп калды. Ал эми Куба, Вененсуэла, Беларусия Россиянын чечимин колдошкондору менен көз карандысыздыктарын тааныша элек.

АКШ Грузияга 1 миллиард доллар берет
АКШ Грузиянын экономикасын көтөрүүгө бир миллиард доллар берээрин Президент Буш билдирди. Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс бөлүнгөн каражат Грузиянын кыйраган инфраструктурасын калыбына келтирүүгө жумшаларын кошумчалады.

Абактагы абал иликтенүүдө
Кечээ "Кабар" маалымат агенттигинде Адилет министри Марат Кайыпов жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле айрым абактардагы акыркы учурда болуп өткөн баш аламандыктардын негизги себептерине токтолуп, иликтөө иштерин өкмөттүк комиссия жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

Мектеп рэкети коркунучтуу
Азыркы коом социалдык­ экономикалык өнүгүүнүн балдар көйгөйлөрү жалпы социалдык көрүнүшкө айланган этабында турат. Коом үчүн бир кыйла олуттуу коркунучту "мектеп рэкети" алып келүүдө. Ушундай билдирүүнү Кыргызстан Омбудсменинин бөлүм башчысы Альберт Колопов "Кабар" агенттигинен жасады. Анын ою боюнча окуу жайларындагы мындай терс көрүнүштөрдүн келип чыгышынын бир нече себептери бар. Атап айтканда, социалдык­экономикалык көйгөйлөр, ата­энелер тарабынан керектүү деңгээлде көзөмөлгө албагандык, мектептердин өзүндө окуу­тарбия иштеринин солгун жүргүзүлгөндүгү жана адеп­ахлактык нормалардын жоктугу. А.Колопов 2008­жылы республиканын Омбудсменинин аппаратына жашы жетелектердин арасында акча талап кылып алуу жүрүп жаткандыгы, ага эч кандай чара көрүлбөгөндүгү тууралуу жарандардан жана ата­энелерден бир катар кайрылуулар түшкөндүгүн айтты. Балдардын укугун жана эркиндигин коргоо үчүн Омбудсмендин тийиштүү бөлүмү тарабынан мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдар, НПОлор менен бирдикте республикалык деңгээлде бир катар иш­чаралар өткөрүлө тургандыгы жөнүндө бөлүмдүн инспектору М.Турдумаматова билдирди.

"Дыйкан" базарына куш келиңиз
Жаңы ачылуучу муниципалдык "Дыйкан" базарынын жалпы аянты 2,7 гектарды түзөт. Ага 551 тонналык, 60 соода орунуна эсептелинген кырк футтук 15 контейнерлер, 2 сактоочу жайлар орнотулган. Ошондой эле жашылчаларды тазалап ирээттөөчү 24 жылытылма бокстар, жашылчаларды сактоочу 12 атайын бокстар, конок автостоянкасы жана коомдук транспорт үчүн стоянка бар. Мындан сырткары бардык санитардык талаптарга жооп берген ашкана жана санитардык түйүндөр иштейт. Бул базар дыйкандардын продукцияларын сатып алып, 20 пайыздык кошумча менен кайтарып бермекчи. Муну менен муниципалдык базар жашылча жана өсүмдүк продукцияларына атаандаштык бааны түзө алат.
Соода орундары жана контейнерлердин аренда баасы Баткен базарына караганда 50 пайызга төмөн болмокчу. Муниципалдык базардын расмий ачылышы үстүбүздөгү жылдын 9­сентябрына болжолдонууда.

Чичен­Ица ­ Майянын храмдар комплекси (Мексика)
Юкатан Пенинсулдун байыркы Чичен­Ица пирамидасы, Майянын эң атактуу храмы Майя цивилизациясынын саясый жана экономикалык борбору катары кызмат кылган. Кукулган­пирамидалары, Чак Мол храмы миңдеген тирөөчтөр залы жана туткундар үчүн оюн талаасы сыяктуу бир катар курулуштар комплекси композициясы менен архитектурасына өзгөчө ординардуу көз караш менен жасалганын ачык­айкын көрсөтүп турат. Комплекстеги акыркы болуп курулган пирамида Майя цивилизациясынын храмдарынын ичиндеги эң маанилүүсү болуп саналат.

Токмокто Америка университети ачылат
Бүгүн Токмок шаарында "Ырайым" кесиптик институтунун салтанаттуу ачылышы болот. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Айылдык билим берүү" долбоору маалымдагандай, бул институт "Ырайым" кайрымдуулук христиан фонду тарабынан негизделген. Институтту түзүүгө башкы консультант катары Камила Шаршекеева жана Борбордук Азия Америка университетин негиздөөчүлөрдүн бири Джон Кларк катышууда. Жаңы ЖОЖ билим берүүнүн америкалык моделинде түзүлүп, анда "Лингвистика" (англис тили) жана "Менеджмент" (бизнести башкаруу) адистиктери боюнча бакалаврларды даярдайт. Келерки жылы бул ЖОЖ айыл чарбасы боюнча академиялык программаны түзүүнү пландаштырууда. Институтту ачкандардын ою боюнча келечекте ал Токмок шаарындагы Америка университети болуп түзүлмөкчү.

Алмаз Раимкулов мексикалык Хавьерон менен беттешет
Алмаз Раимкулов 19­сентябрда мексикалык Хавьерон Хауреги менен Невада штатындагы Примм шаарында беттеше турган болду. Өзүнүн спорттук карьерасында Алмазбек Раимкулов 26 беттешүүнү (15ин нокауд менен) жеңген. Бир жолу Нэйту Кэмпбеллуга жеңилген, дагы бир дүйнөнүн чемпиону Жоеля менен тең чыккан.

Ющенко Жогорку Раданы таркатып жиберээрин эскертти
Украинанын Президенти Виктор Ющенко амалдуу жүрүштөрдүн курмандыгы болгонун, парламентте жаңы коалиция түзүлүп, Конституциялык жана саясый төңкөрүш жасалганы жатканын айтып, Жогорку Раданы таркатып жиберээрин эскертти. Парламент Президенттин Ыйгарым укуктарын кыскартууну караган мыйзамдарды кабыл алгандан кийин Президентти колдогон "Биздин Украина" партиясы нааразы болуп, бийликтеги коалициядан чыгып кеткен. Анткени, Ю.Тимошенконун партиясы оппозицияга кошулуп, Президенттин Ыйгарым укуктарын караган мыйзамдык өзгөртүүлөр үчүн добуш беришкен эле.

И.Масалиев "Манастагы" авиабаза маселесин козгоду
Коммунисттер фракциясынын башчысы Исхак Масалиев бириккен күчтөрдүн авиабазасынын "Манас" аба майданында жайгашуусунун максаттуулугу боюнча маселени Жогорку Кеңештин сентябрь айындагы күн тартибине киргизүүнү сунуш кылды. Бирок, бул сунушка айрым депутаттар каршылыгын билдиришти. И.Масалиев бул маселени артка жылдырууга макул болуп, сентябрь айынын күн тартибине кирген жок.

Түркиянын Президенти Арменияга барат
Президент Абдуллах Гүл Ереванга Армениянын Президенти Серж Саркисяндын чакыруусу менен футбол боюнча 2010­жылда болуучу дүйнөлүк чемпионатка тандоо матчтарын көрүү үчүн бармакчы. Анын сапары Осман империясында 1,5 миллион армян кырылгандан кийин дээрлик 100 жылдан бери келаткан касташуудан кайтууга маанилүү кадам болуп калмакчы.

Кыргызстанда 4 күндүн ичинде 40 өрт болгон
Кыргызстанда 31­августтан 3­сентябрга чейин 40ка жакын өрт катталган. Анын ичинен өрттүн 70%ы турак үйлөрдө болгон. Атап айтканда, 31­августта Баткен областынын Кызыл­Кыя шаарындагы Асаналиев көчөсүнүн жашоочусунун Хундай-Старски автомашинасы өрттөнгөн. Өрттүн чыгышынын себеби, автомашина ээсинин көңүлдөшүнүн күйгүзүүсү болгон. Кара­Суу районундагы Жоош айылынын тургунунун 2 кабаттуу, аянты 64 чарчы метр болгон чаркары 100 түк саманы жана 200 боо козосу менен кошо өрттөнгөн. Араван районундагы Юсупова айыл өкмөтүнүн тургунунун 40 чарчы метрлик чарба курулушу, бир тонна чөбү, 300 боо жүгөрүсү менен кошо өрттөнүп кеткен. Ушул сыяктуу өрт учурлары Ала­Бука ж.б. райондордо катталган.

Түрмөдөгү учук оорулууларына 400 граммдан сүт
Кыргызстанда пенитенциардык мекемелерде камакта жаткан учук оорулууларына күн сайын 400 граммдан сүт берилүүдө. Жакында пенитенциардык мекемелери тарабынан 60 уй сатылып алынган. Сапаттуу медициналык тейлөө жана жакшы тамактандыруу камактагыларды бул жаман оорудан айыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Бишкек шаарында "Ржаная" арагынын жасалмасы табылды
"Ржаная" орус арагын Бишкекке ташып келүүчү Д.Даньшин деген кармалды. Андан алынган 104 бөтөлкө күмөн туудурган акциздик маркалар болуп чыкты. КР Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекеттик сот экспертизалары борборунун адистеринин бүтүмү боюнча бөтөлкөлөрдөгү суюктуктар спирти бар суюктук, ал эми бөтөлкөгө чапталган акциздик маркалар жасалма экендиги аныкталды. "Ржаная" (Главспирттрест) арагынын расмий алып келүүчүлөрү болуп "Форестер" ЖЧКсы эсептелет, анын жетекчиси жогоруда аты аталган Даньшин алардын кызматкери эместигин жана андан алынган алкопродукция жасалма экендигин билдирди.

Даярдагандар А.Абилов,
Ж.ДЫЙКАНОВА, "Эркин Тоо".












??.??