Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№66, 05.09.08-ж.






  Президенттин кыдыруусу

Манас менен Таласты айт
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев 29-август күнү Талас областында болуп, бир катар өндүрүштүк объектилердин иш-аракеттери менен таанышып, аларда эмгектенген жумушчулар менен маектешти. Манас районунда областтын элинин өкүлдөрү менен жолугушуп, кеңири жыйын өткөрдү. Президенттин Таластагы жумушчу сапарына КР Өкмөтүнүн биринчи вице-премьер министри Искендербек Айдаралиев катышты.
Мамлекет башчысынын облустарды кыдыруусу Бишкек- Суусамыр-Ош автомагистралынан Таласка бурулган жерде Өтмөк ашуусунун оозунда тургузулган Манас атанын айкелин жана Арканы ачуу салтанаты менен башталды. Айкөлдүн Аккулачан айкели жана Арка элдик каражаттардын эсебинен кыска аралыкта тургузулду. Президент Манас атанын айкелин ачуу салтанатында сүйлөгөн куттуктоо сөзүндө, эзелки чоң тарыхтын ээси болгон ата бабабыздын табылгыс таберигин "Манас" эпосу жана Айкөл Манасынын улуу рухунун түбөлүктүүлүгү туурасында айтты.
Андан кийин Президент Талас шаарынын четиндеги "Жолчу" АКсынын асфальт заводуна келди. Президенттин ар бир областта асфальт заводдорун ачып иштетүү тапшырмасы боюнча курулган завод күнүнө 30 тонна асфальт чыгарууга жөндөмдүү. Эмгек акылары жаман эмес - 10 миң сомго чейин маяна алгандар бар. Көйгөйлүү маселе - техникалардын эскилиги. Ишкананын жетекчиси Эсен Назаралиев 50 гектар жер иштетип, 1 короо кой багышып, көмөкчү чарба күтүшөөрүн, продукциясы арзан баада жумушчуларга берилерин айтты. Жумушчулардын 70 пайызы кышка кам көрүп, көмүр түшүрүп алышкан.
Президент ишкананын жетекчисинин техникаларды толуктап, сактап келгендигин белгиледи. Жаңы техникалардын бөлүнүшүнө көмөктөшөөрүн айтты.
- Жолчулар эл үчүн эң керектүү жоопкерчиликтүү ишти аткарышат. "Ушул жолду мен салдым элем!" - деп балдарыңыздарга сыймыктансаңыздар болот. Ушунун өзү бакыт. Эмгек жамааты көп улуттуу экенсиздер. Ар бир улуттун жакшы касиети болот жана ал бир улуттан экинчи улутка өтүшөт. Талас шаарынын жолдорун жакшыртып, көркүнө чыгарууда сиздер чоң ишти аткара аласыздар,- деди Президент.
***
Бакай-Ата районундагы "Нурас-Нурсултан" айыл чарба кооперативинин жамааты Өлкөнүн башчысын кубануу менен тосуп алышты. Кооператив үрөндүк эгин өндүрүү багытында иштейт. Жетекчиси Нурлан Сырдыбаевдин кесиби- экономист- менеджер. Айыл чарба техникалары жетиштүү, жаңылары бар.
Кооперативге 150 адам үлүш жери менен мүчө болуп кирген. Мал чарбасында 15 адам, талаачылыкта 40 адам эмгектенет. Жан башына 250 кг. буудай берилген. Салыкка 90 миң сом, соцфондго 100 миң сом которулган.
Президент кооперативдин мүчөлөрү менен кыйлага маектешти. Кооперативдин ишине ийгиликтерди каалады. Иш-аракеттерин башкаларга үлгү катары көрсөтүүнү сунуштады.
Президент сапарын улап, ушул эле райондогу Талас мамлекеттик балык чарбасын барып көрдү. Балык чарбасы союз маалында түзүлүп, керектөөчүлөргө жылына 50-60 тоннага чейин балык берип келген. Кийин банкрот болуп, иши өксүгөн. Бүгүнкү күндө мамлекетке 600 миң сомдун тегерегинде карыз. Ошого карабастан көлмөлөрдү ижарага алып иштетишкен балыкчылар балыктын төрт түрүн өстүрүшөт. Балык чарбасынын башчысы Ороз Дүйшөбаевдин айтканына караганда быйыл 45 тонна балыкты рынокко чыгара алышат.
Курманбек Салиевич балык чарбасынын аракетин колдоп, өндүрүшүн өркүндөтүүгө мамлекеттин көрсөткөн көмөгү болсун деп карызын жойду. Мындан аркы иштеринде ийгиликтерди каалап, Кара-Буура районуна сапар улады.
Бул райондогу "Эжигей" чакан ишканасынын ачылуу аземине катышып, жамаат менен өндүрүштү өнүктүрүү, жашоо турмушту жакшыртуу туурасында жылуу маектешип, иштеринде ийгиликтерди каалады.
***
Областтын активинин жана калкынын мамлекет башчысы менен жолугушуу жыйыны Манас районундагы Чоңкапка суу сактагычынын этегиндеги тегерек-чети бак-дарактарга чулганган эс алуу жайында өткөрүлдү. Жолугушуунун ишин Талас областынын губернатору Бейшенбек Болотбеков алып барды.
Президент Курманбек Бакиев сөзүн Пекин олимпиадасында кыргыз спортчуларынын жеңиши туурасында баштады.
Өтмөктө Манас атанын айкелинин тургузулушун кубануу менен белгиледи. Автожолдорду куруу жана оңдоо маселелерине кеңири токтолду. - Элибизде "Алысты жакын кылган кыз" деген жакшы макал бар. Бул абдан туура. Ошол эле учурда азыр алысты жакын кылган - жол деп айтсак да жарашат,- деди Президент. Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында жол байланышынын абалы жакшырды. Он беш жылдын аралыгында Бишкек- Ош жолунан башка жолдор каралбай калгандыктан, маселе курч болчу. Учурда бардык областтарда жолдор оңдолууда. Ысык-Көлдө сентябрдын ортосуна карата асфальт заводу ишке берилет.
Президент бүгүнкү күндө жалпы дүйнөлүк саясатка айланган азык- түлүк жана энергетика маселелерине токтолду. Областта буудайдын аянты көбөйтүлүп, ун менен өзүн-өзү камсыздоого шарт түзүлгөнүн белгиледи. Мал чарбасына токтолду . - Мага берилген маалыматтарга караганда бодо мал 2000 башка, кой, эчки 12000 башка көбөйгөн. Менин оюмча элибизде малынын башын жашыруу психологиясы кете элек. Убагында мындай ойдун жаралышына мамлекет да күнөөлүү болгон. Эми малга салык салынбагандан кийин колдогу малдын башын көрсөтө бериңиздер,- деди Курманбек Салиевич.
Облустта жашылча-жемиш өндүрүүнүн деңгээли өткөн жылга салыштырганда өскөнү менен жан башына бөлгөндө нормадагыдан кыйла аздыгын белгиледи. Жашылча-жемиштерди өстүрүүнү үч эсеге жогорулатуу зарыл. Рентабелдүүлүгү жогору төө буурчакты өндүрүүгө өкмөт көмөктөшүүсү керек. Дыйкандын продукциясын ортомчуларсыз сатып өткөрүүсүн уюштуруу маанилүү. - Мен губернаторлорго, акимдерге жер жерлерде дыйкандар өздөрүнүн өндүргөн продукцияларын өздөрү сатып өткөрүүчү муниципалдык базарларды ачууга көрсөтмө бергем. Мага берилген маалыматтарга караганда республика боюнча мына ушундай 30 базар ачылды. Кеп берилген рапортто эмес. Биз үчүн базарларды натыйжалуу иштеши маанилүү,- деп эскертти Президент.
- Энергетика системасы кризиске учурады. Бул көп жылдардан бери топтолуп келген көйгөй. Башкарууда кемчиликтер орун алган. Мен муну түз айтып келгем,- деди Президент.- Душанбеде өткөрүлгөн ШОСтун жыйынынан кечээ эле келдим. Элчиликтеги кызматкерлер менен сүйлөштүм. Алар өткөн кышта Душанбенин өзүндө күндүзү 1,5-2 саат гана электр жарыгы берилгенин, түнкүсүн жарык берилбегенин айтышты. Бизде кышкысын элибиз кыйналбасын деп үзгүлтүксүз электр жарыгы берилди. Демек, суу кое берилди. Экинчи себеп- быйыл суу аз болду.
Кышкысын свет болот. Токтогул ГЭСинде суунун деңгээлин "мертвый точкага" жеткирбешибиз керек. Ага жетсе ГЭС токтойт. Ошондуктан мен үч фазаны кышкысын пайдаланууга тыюу салдым. Алардын көпчүлүгү колунда барлар, чиновниктер. Үйлөрүн көмүр алып жылытууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Кийинки жылы үч фазаны пайдаланууга уруксат берилет.
Энергосистемабызды реформалоо күн тартибине коюлду. Биз Камбар-Ата-2 ГЭСин өз күчүбүз менен куруп жатабыз. Ага мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Иранга, Пакистанга электр энергиясын сата баштайбыз ошондо. Чоң ГЭСтерди Кыргызстан өзү курат деп эч ким ойлогон эмес. Ага мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Экономикабыз өсүүдө. Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында ИДП өнөр жайында 105%га, айыл чарбасында 102,4%га, кызмат көрсөтүүдө 134%га өстү. Курулуш иштери кеңири кулач жайды. Турак- жай курулушу өстү.
Мамлекет башчысы областта жумушсуздарды иш менен камсыздоодо айтарлык аракеттердин бардыгын, жаңы ишканалардын көбөйгөндүгүн канааттануу менен белгиледи.
Президент билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарынын абалы боюнча жакшы пикирлерди айтты. Ысык-Көл жана Талас областтарына пилоттук катары "Айылдык билим берүү" долбоорунан 1 млн. доллардан каражат бөлүнгөн.
Жарыш сөзгө чыккандар өлкөдөгү социалдык экономикалык өсүштөрдү белгилешти.
Жыйында көтөрүлгөн КР Өкмөтүнө тиешелүү социалдык, чарбалык маселелер боюнча КР Өкмөтүнүн биринчи вице -премьер министри Искендербек Айдаралиев жооп берди.
Жыйындын акырында Президент Курманбек Бакиев элден кат түрүндө түшкөн суроолорго жооп берип, бир катар адамдардын өтүнүчтөрүн жеринде чечти.
Н.Сейдалиев,
"Эркин Тоо".




Жаңы мектеп эшигин ачты
1-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Бишкек шаарынын "Учкун" жаңы конушундагы орто мектептин ачылыш аземине катышты.
Жаңы окуу жайдын ачуу лентасын кескенден кийин мамлекет башчысы мектептин окуу жана компьютердик класстарын, спорттук залын, китепкана менен ашканасын көрүп чыкты. Мамлекет башчысы биринчи класстын окуучулары менен аңгемелешип, аларга ак жол, ден соолук жана окууларына ийгиликтерди каалады. Спорттук секцияларда машыгышкан мектеп окуучулары менен сүйлөшкөн Президент жакын арада спорттук жабдыктардан берилерине сөз берди. Мектеп 960 окуучулук орунга эсептелген. Мектепти көрктөндүрүүгө, электр менен камсыз кылууга жана канализация жана суу жеткирүүнүн сырткы керектөөлөрүнө шаардык бюджеттен -12900,0 миң сом, ал эми амбулаториянын курулушуна - 4947, 9 миң сом жумшалган. Объекттин сметалык баасы 80186,7 миң сомду түзгөн. Андан кийин мектептин актовый залында өткөн салтанаттуу жыйында мамлекет башчысы сөз сүйлөдү. Президент жыйындын катышуучуларын Билим күнү жана "Учкун" жаңы конушунун турмушундагы жакшынакай жөрөлгө болгон жаңы мектептин ачылышы менен кызуу куттуктады. "Биз мектептин имаратын азыр эле көрүп чыктык. Чындыгын айтканда бул мектепте түзүлгөн шарттар жана мүмкүнчүлүктөр канааттанарлык экен. Эгер бардык окуу жайларда ушундай шарттар болгондо жакшы болмок", - деп айтты К. Бакиев.
Президент акыркы жылдарда борборубуздун айланасындагы жаңы конуштарды өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан үзгүлтүксүз көңүл бурулуп жаткандыгын белгиледи. "Мындан 3-4 жыл мурда жаңы конуштар мамлекет тарабынан көңүл сыртында калган абалда болчу. Шаардык бюджеттен бөлүнгөн каражат эч жакка жетишсиз эле. Азыр абал толук өзгөргөн. Жыл сайын бул максаттар үчүн 400 млн. сом каражат бөлүнөт. Биз үчүн бул чек эмес. Бирок, ошол эле учурда жаңы конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү менен актап-сырдап, көрктөндүрүү иштеринде жергиликтүү жашоочулар да активдүүлүктөрүн көрсөтүшү керек",- деди К. Бакиев.
Мамлекет башчысы бүгүн ошондой эле "Ак-Бата" жаңы конушунда да жаңы мектептин ачылып жаткандыгын айтуу менен октябрь айында "Орок", ноябрь айында "Арча-Бешик" жаңы конуштарында да жаңы мектептердин курулушу бүткөрүлө турганын билдирди. Андан тышкары борбордун жаңы конуштарында 6 медициналык тейлөө пункттары ачылат.Окуучулардын ата-энелерине кайрылган Президент, аларды мугалимдер менен тыгыз байланышууга чакырды. "Окуучулук жылдар - ар бир кишинин өмүрүндөгү эң эле эсте калаарлык кызыктуу мезгил. Чындыгында ар бирибиз мектептен тамга таанып, билим алып, досторду күтүп, ошол жактан турмушту тааныганга үйрөнөбүз. Бирок, ата-энелер бардык жоопкерчиликти мектепке жүктөп салбашы керек. Ата-энелер мугалимдер менен биргеликте окуучулардын мекенчилдик, жоопкерчиликтүү жана ак ниеттүүлүк сезимдерин калыптандырууда чогуу иштеши керек",- деп айтты К. Бакиев.
Мамлекет башчысы кыйынчылыктарга карабай билим берүү тармагында иштеп жатышкан мугалимдерге өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. "Сиздердин Кыргызстандын жаш муундарын тарбиялоодогу ак эмгегиңиздер үчүн чын жүрөктөн чыккан ыраазычылыгымды кабыл алыңыздар. Сиздердин эмгегиңиздер чындыгында баа жеткис. Сабырдуулугуңар, мектепке, окуучуларыңарга, ишиңерге берилгендигиңер үчүн сиздерге ыракмат", - деди К. Бакиев. Президент мамлекет мындан ары да билим берүү системасынын өнүгүшүнө жана борборубуздун жаңы конуштарындагы маселелерди чечүүгө өзгөчө көңүл бурат, деп ишендирди. Сөзүнүн аягында Президент салтанаттын бардык катышуучуларына саламаттык, ийгилик жана жакшылыктарды каалады.
Ж.Дыйканова,
"Эркин Тоо".












??.??