Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№66, 05.09.08-ж.






Балбанды жеңгенде макта, эрдигин даңкта
Шаршемби, 3-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Пекиндеги XXIX жайкы Олимпиада оюндарына катышкан Кыргызстандын курама командасынын урматына арналып, атайын Каба уулу Кожомкул атындагы спорттук-маданий борбордо өткөн салтанатка катышты.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө мамлекет башчысы, бүгүнкү күндө Олимпиада оюндарында өздөрүн татыктуу көрсөтүшкөн спортчулар менен алардын машыктыруучуларын бүтүндөй Кыргызстан сыймыктануу менен куттукташат деп белгиледи. "Силер XXIX Олимпиадада Кыргыз Республикасынын желегин татыктуу көтөрүп, оюндарында ийгиликтүү таймаштыңар. XXIX Олимпиада оюндарына катышкан 205 өлкөнүн арасындагы расмий эмес биринчиликте 89 өлкө байгелүү орундарга жетишкен болсо, Кыргызстан 65-орунду камсыздаган. Бул - силердин салымыңар. Олимпиадалык оюндарда эгемен Кыргызстандын курама командасы биринчи жолу күмүш жана коло медалдарды жеңип алды", - деди К.Бакиев.
Президент күрөштүн грек-рим түрүнүн балбандары күмүш байгенин ээси Канатбек Бегалиев менен коло медалдын ээси Руслан Түмөнбаевдердин мелдештери - спорттогу чыныгы жеңиш болду, деп белгиледи. "Урматтуу Канатбек жана Руслан силер өзүңөрдүн күйөрмандарыңарга, спорт ышкыбоздоруна жана жалпы кыргызстандыктарга жөн гана эстен кеткис таймашты эле тартуулабастан, көптөн күткөн жеңиштин кубанычын, Кыргызстан үчүн сыймыктанууну жана ишенимди жараттыңар. Силердин жеңишиңердин арты менен биздин өлкөнүн желеги эки ирээт сыймык менен жогору көтөрүлдү. Кыргызстандыктардын жүрөгү эки жолу өз өлкөсүнүн намысын татыктуу коргогон мекендештери үчүн сыймыкка толуп турду", - деди К.Бакиев.
Мамлекет башчысы, ошондой эле эркин күрөштүн балбандары - ардактуу 5-орунду алган Базар Базаргуриев, 8-орунду алган Арсен Гитинов, ошондой эле оор атлетикадан 11-орунду алган Улан Молдодосовдордун ийгиликтерин жогору баалады. "Силердин атыңар кыргыз спортунун тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калат. Силердин жетишкендигиңер - жалпы Кыргызстан үчүн баа жеткис белек", - деди К.Бакиев.
Мамлекет башчысы, ошондой эле Олимпиада оюндарына катышкан, бирок өз таланттарын ар кандай шарттарда толук ачып бере албай калган спортчуларга алардын машыктыруучуларына ыраазычылык билдирди. "Бардык машыктыруучуларга, профессионалдуулугун жана өз ишине берилгендигин көрсөткөн спорт уюмдарынын кызматкерлерине чын жүрөгүмдөн ыраазычылык айткым келет. Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Эмил Алыкуловдун, өлкөнүн эмгек сиңирген машыктыруучулары Мейрамбек Ахметов, Ороз Шаршекеев жана Амеркул Молдобаевдердин эмгектерин өзгөчө белгилеп кетүү керек. Анан, албетте биздин олимпиадачыларды тарбиялап өстүргөн ата-энелерине зор алкыш айтабыз", - деди К.Бакиев.
Андан соң Президент ата мекендик спортту өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө кыскача токтолуп өттү. Спорт аянтчалары, залдар жана башка спорт имараттары калыбына келтирилип, курулууда. Дүйнөлүк биринчиликтердин жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине квартиралар бөлүнүп, мамлекеттик стипендиялардын өлчөмү көбөйүүдө. "Мамлекет тарабынан мындан ары да ата мекендик спортко максималдуу колдоо көрсөтүлө бермекчи. Биздин максат - өлкөбүздө спорт менен машыгуу жарандар үчүн турмуш нормасы, ар бир кыргызстандыктын жеке ийгилигинин айныгыс атрибуту болуп калгандай шарт түзүү",- деди К.Бакиев.
Мамлекет башчысы адамдардын ден соолугу - бул коомдун ийгиликтүү өнүгүүсүн камсыз кылуучу баа жеткис ресурс экендигин жана спорт менен машыгууга кызыгуу сезимин бала чактан калыптандыруу зарылдыгын белгиледи.
Президент эмгеги көпчүлүккө анчалык байкалбаган кишилердин ролун өзгөчө баса белгиледи. "Алар- дене тарбия мугалимдери, балдардын спорт мектептеринин, секциялардын, ийримдердин, спорт борборлорунун тарбиячылары жана машыктыруучулары. Дал ошолор өсүп келаткан жаш муундун спортко болгон кызыгуусун ойготуп, балдардын арасынан таланттуу спортчуларды көрө билип, спорт Олимпине алып барчу жолду табууда аларга жардам беришет. Мен мамлекет башчысы катары ата мекендик спортту өнүктүрүүгө жана улуттун ден соолугун чыңдоого кошкон баа жеткис салымыңыздар үчүн сиздерге ыраазычылык билдирем",- деди К.Бакиев.
Мамлекет башчысы ошондой эле өткөн жылдын этегинде Олимпиада оюндарынын чемпиондоруна жыйырма миң, күмүш медаль ээлерине он жети, коло медалды жеңип алгандарга он беш миң сом өлчөмүндө ай сайын өмүр бою берилчү стипендияны белгилөө жөнүндө Жарлыкка кол койгонун айтты. Мындай стипендияны атактуу спортчу, Москва Олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиев алып жатат. Эми ай сайын берилчү стипендияны Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев да ала башташат.
Мындан сырткары Президент сөзүндө: "Азыр региондордо мектеп салына турган болсо, спорт залы сөзсүз болсун деп суранып жатышат. Мурда мындай өтүнүчтөр болгон эмес. Бул эң жакшы жөрөлгө десек болот. Алыскы тоолуу региондордо да спортко болгон кызыгуу артып, балдардын спорттун ар кайсы түрү менен машыга башташканы жакшы көрүнүш. Биз жергиликтүү бийликтегилерден тарта баарыбыз жардам берүүгө тийишпиз", ­ деп өзгөчө белгилей кетти.
Жыйынтыгында Президент алдыдагы дүйнөлүк, азиялык чемпионаттарда, 2010-жылдагы ХVI Азия оюндарында, 2012-жылдагы ХХХ юбилейлик Олимпиада оюндарында жана башка эл аралык мелдештерде спортчуларыбыз Мекенибиздин кадыр-баркы үчүн жаңы спорттук ийгиликтерге жетишүүгө бүт күч-аракеттерин жумшаарына ишенгендигин билдирди. Анан, Кыргызстандын Өкмөтү алардын ийгиликтүү оюндарын камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрөөрүнө ишендирип кетти.
Сөзүнүн аягында мамлекет башчысы Олимпиада оюндарында байгелүү орундарды ээлеген спортчуларыбызга жана алардын машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды жана бир жолку акчалай сый акы алууга сертификаттарды, ошондой эле олимпиадалык күмүш жана коло медалдардын ээлери Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевге ар бирине наркы 38 миң доллар турган "Mitsubishi Pajero" маркасындагы автомобилдердин ачкычын тапшырды.
Андан соң Кыргызстандын Олимпиадалык курама командасынын урматына майрамдык концерт болду.
Чындыгында Канатбек менен Русландын жеңишинен кийин эми өлкөбүздө күрөшкө болгон кызыгуу артпай койбойт. Балбандарыбыздын ийгилиги канчалаган жаштарды шыктандырып койду. Ошол күнкү салтанатка катышып олтурушкан мектеп окуучулары менен студенттер мына ушул эки балбаныбызга Президентибиз өзү баш болуп байгелерди тапшырып, сый­урмат көрсөтүп жатканына күбө болушуп, кимиси кандай таасир алганын айтуу кыйын. Таасирленбей да кое албайсың. Анткени, бул салтанат өтө чоң уюшкандыкта, эсте каларлыктай болуп өттү.
Жыйындан чыккан эл котолоп спорт ордосунун маңдайына коюлган Канатбек менен Русланга берилчү эки жол тандабас жип автоунааларын үймөлөктөшүп "мурда мындай болгон эмес" дешип өзүнчө эле ыраазы болушуп, алкап жатышты. Айрым билермандар автоунаалардын мамлекеттик номерлерин көрүшүп (Канатбекке берилген автоунааныкы В 8200 J, Русланга берилгени B 8300 J) аларды төмөнкүдөй таризде чечмелеп да жиберишти: В ­ Бээжин, 008 датасы, J ­ жыл "2" деген цифра ­ 2­орун, Русланга берилген номер деле ушундай чечмеленип, "3" деген цифра 3­орунду билдирип калат экен.
Эки балбанды ортого алышып эстеликке сүрөткө түшүшүп алар аргымактарын айдап кеткиче кете албай турушту. Айтмакчы мамлекеттик сыйлыктардан сырткары демөөрчүлөрүбүз да балбандарыбызды кур кол калтырышкан жок.

Сыйлык - сыймык
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен дене тарбия жана спорт жагындагы көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн:
"Даңк" медалы менен сыйланышты:
БЕГАЛИЕВ Канатбек Кубатбекович ­ грек­рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери, Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарындагы XXIX Олимпиадалык оюндардын күмүш байгесинин ээси, ТҮМӨНБАЕВ Руслан Самаганович ­ грек­рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери, Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарындагы XXIX Олимпиадалык оюндардын коло байгесинин ээси.
Дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө, республиканын квалификациялуу спортсмендерин даярдоого кошкон зор салымы үчүн:
"Даңк" медалы менен сыйланышты:
АЛЫКУЛОВ Эмиль Таштанович ­ Кыргыз Республикасынын курама командаларын Олимпиадага даярдоо борборунун грек­рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу­окутуучу, АХМЕТОВ Мейрамбек Джанилович ­ Ш.Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайынын машыктыруучусу­окутуучу, МОЛДОБАЕВ Амеркул Алимжанович ­ Бишкек шаарынын Свердлов райондук олимпиадалык резервдин балдар­өспүрүмдөрдүн адистештирилген спорттук мектебинин грек­рим күрөшү боюнча улук машыктыруучусу­окутуучу.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды:
ШАРШЕКЕЕВ Уразбек Рысбекович ­ Талас шаарынын балдар­өспүрүмдөр спорт мектебинин грек­рим күрөшү боюнча машыктыруучусу ­ окутуучу.


Бир жолку акчалай сый акы алуу сертификаттары төмөнкүлөргө тапшырылды:
Бегалиев Канатбекке - Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээсине - 100 000 АКШ долларына сертификат.
Түмөнбаев Русланга - Олимпиада оюндарынын коло байге ээсине - 75 000 АКШ долларына сертификат.
Базаргуруев Базарга - эркин күрөш боюнча ардактуу 5-орундун ээсине - 15 000 АКШ долларына сертификат.
Гитинов Арсенге - эркин күрөш боюнча 8-орундун ээсине -
10 000 АКШ долларына сертификат.
Алыкулов Эмилге - грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучуга - 43 750 АКШ долларына сертификат.
Ахметов Мейрамбекке - Бегалиев Канатбектин жеке машыктыруучусуна - 25 000 АКШ долларына сертификат.
Молдобаев Амеркулга - Түмөнбаев Русландын жеке машыктыруучусуна - 18 750 АКШ долларына сертификат.
Усенканов Анарбекке - эркин күрөш боюнча башкы машыктыруучуга - 6 250 АКШ долларына сертификат.
Лхамажапов Жамсого - Базаргуруев Базардын жеке машыктыруучусуна - 3 750 АКШ долларына сертификат.
Изабеков Нурбекке - Гитинов Арсендин жеке машыктыруучусуна - 2500 АКШ долларына сертификат.


А.ЖУНУСОВ,
Сүрөттөрүн тарткан
С.ДОСАЛИЕВ,
"Эркин Тоо".














??.??