Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№66, 05.09.08-ж.

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр






Ош облусундагы Өзгөн токой чарбасынын директору Кадыркулов Раимжан Кудайбердиевич менен маек
Токойлорду сактоонун мааниси чоң
­ Раимжан Кудайбердиевич, Өзгөн районунун аймагында токойду коргоо, өнүктүрүү багытында аткарылып жаткан иштерге токтоло кетсеңиз?
­ Баса белгилей кетүүчү нерсе, Өзгөн токой чарбасы Ош облусундагы бай тарыхы бар жаңгак, мөмө­жемиштүү токой чарба болуп эсептелет. Учурда биздин токой чарбанын жалпы аянты 49 миң 187 гектар аянтты ээлейт. Биздин токой чарбабызда негизинен жаңгак, жапайы алма, долоно, бадам жана башка мөмөлүү дарактар бар. Ал эми бийик тоолуу аймакта арча, карагайлар жайгашкан. Эң негизгиси биздин токойлор жер кыртышын сактоочу ролду аткарат. Өзгөн токой чарбасынын структурасына токтоло турган болсом, карамагыбызда 7 токойчулук жайгашкан. Ошондой эле 2 мөмө­жемиш көчөттөрүн өстүрүүчү питомниктерибиз бар. Учурда биздин токой чарбада жалпысынан 72 кызматкер эмгектенип жатат. Ар бир кызматкерибиз токойлорду өнүктүрүү, коргоо, сактоо, көчөттөрдү арбын өстүрүү боюнча иш алып барышат.
­ Улуттук токой программасы кабыл алынган эмеспи. Ушул программанын алкагында кандай иштер аткарылууда?
­ Бул программаны турмушка ашыруу багытында биздин токой чарбабыздын базасында дагы бир топ иштер аткарылууда. Азыр жыл сайын 100 миң гектар аянтка токой көчөттөрүн олтуругузуп жатабыз. бир жылда 1,5 млн. түп көчөт өстүрүүнү колго алдык. Токой тармагын республика боюнча өнүктүрүү негизги маселелердин бири. Себеби, өлкөбүздөгү жалпы жер аянтынын 4,5 пайызы гана токой болгондуктан, токой аянттары аз мамлекеттердин катарына киребиз. Ошондуктан, биздин негизги максатыбыз уникалдуу токой тармагын көбөйтүүгө бардык аракеттерди көрүшүбүз зарыл. Улуттук токой прораммасынын алкагында токой аянттарын жылдан жылга көбөйтүп жатабыз. Айрыкча жаңгак токою Кыргызстанда эң жакшы өскөндүгүнө байланыштуу жаңгактарды коргоо, кайра көбөйтүү чоң мааниге ээ.
­ Президентибиз К.С.Бакиев 2006­жылы жаңгак токойлорун сактап калуу боюнча мораторий жарыялаган. Токойлорду сактап калуу боюнча мораторий жарыялаган Жарлыгы кандай аткарылууда?
­ Мамлекет башчыбыз эң туура, учур талабына ылайык Жарлык чыгарганын турмуш өзү ырастоодо. Акыркы мезгилде бул Жарлыктын негизинде жаңгак токойлорун мыйзамсыз кыйгандар кескин түрдө азайган. Жаңгак токойлорун сактоо үчүн мамлекеттик деңгээлде колдоолор керек. Мисалы, жөнөкөй токойчулардын эмгек акысы 800 сом. Бул акчага бир кап ун да келбегенден кийин токой кызматкерлерин кармап калуу өтө кыйынга турууда. Жаштардан дээрлик эч ким келбейт иштегени. Биздин кызматкерлердин эң эле жашы 40­45 жаштагылар. Токойду сактап калуу үчүн токойчуларга мамлекеттик колдоолор өтө зарыл. Эгерде мамлекеттен көңүл бурулбаса, келечекте токойчуларды кармап калуу өтө кыйынга турат. Кээ бир токойчуларга ат жетишпейт, кийим­кече, мылтык менен камсыздоого мүмкүнчүлүк болбой жатат. Мына ушундай көйгөйлүү маселелерди чечүүгө Өкмөттүн көмөгүнө өтө муктажбыз.
­ Токойлорду өрт кырсыгынан сактоо үчүн алдын ала кандай иштер аткарылууда?
­ Өрт коопсуздугу да эң көйгөйлүү маселелердин бири. Быйыл да кургакчыл болонуна байланыштуу токойлорубуз коркунучта. Өрттөн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин көп жүргүзүп жатабыз. Өткөн жылы ноябрь айында Доңуз­Төрө деген жаңгак токоюнда өрт чыгып, 29 гектар токой күйүп, жалпы элдин, аскерлердин көмөгү менен өрттү өчүрүп калдык. Ошондуктан биз жергиликтүү жашоочуларга, келген туристтерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Эгерде, кокус өрт чыгып кетсе көптөгөн зыяндарды алып келет. Тилекке каршы кээ бир айыл өкмөттөрү токойду сактоого, өрт коопсуздугун алдын алууга кайдыгер болушу өкүнүчтүү. Жакында эле Кызыл­Туу айыл өкмөтүнүн аймагында өрт чыгып, токойчулардын аракети менен зорго өчүрүлдү.
­ Өзгөн токой чарбасынын экономикалык көрсөткүчтөрү кандай?
­ Өткөн жылы 1 млн. 800 миң сомдук атайын каражат чогултулган. Биздин токой чарбабыздын негизги киреше берүүчү тармактары көчөттөрдү сатуу, жер аянттарын, жайыттарды арендага берүү, токойду мыйзамсыз кыйгандарга айып салуудан түшкөн каражаттар, жаңгак түшүмү, бал өндүрүүчү чарбабыздын эсебинен да каражат түшөт. Өзүбүздүн аракет менен күрүч өстүрөбүз.
Биз 1996­жылдан бери Кыргыз­ Швейцариялык токойлорду колдоо программасынын негизинде иш алып барып жатабыз. Швейцариялык өнөктөштөр менен тыгыз байланышта иштешип келүүдөбүз. Эң негизгиси бул программанын көмөгү менен токой чарбасынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, техникаларды жаңылоого, токой жабдууларын алып берүүгө, токойчулардын имараттарын оңдоого чоң салым кошушту. Азыркы мезгилде бул программанын акыркы бөлүгү иштеп жатканына байланыштуу, айыл өкмөттөрү менен биргелешип иш алып баруу каралууда. Мисалы, Мырзаке айыл өкмөтүндө биздин үч токой чарбабыз жайгашкан. Мындан ары айыл өкмөттөрү менен токой чарбалар биргелешип иш алып барууну колго алуу, мамлекеттик токойду биргелешип өнүктүрүү, коргоо болуп саналат. Ушул программа Ысык­Көл облусунда дагы иш алып баргандыктан жакында бизге Ысык­Көлдүн айыл өкмөттөрү, токой чарбаларынын директорлору келип, тажрыйба алмашып кетишти. Кыргыз­Швейцария биргелешкен программасынын өзөгүн токойлорду жамаатташтырып пайдалануу түзөт. Ошондуктан биз 119 үй­бүлөгө токой чарбанын аймагынан пайдаланууга жер бергенбиз. Ошол аймактагы токойду сактоого, өрт коопсуздугун алдын алууга, үй­бүлөнүн жашоо­шартына да оң таасирин тийгизүүдө. Эми бул кадам бюджетти толтуруунун эң жакшы ыкмаларынын бири.
­ Сиздердин токой чарбада эмгектенип жаткан токойчулардын социалдык абалына көмөк көрсөтүлүп жатабы?
­ Токойчунун айлыгы өтө төмөн болгонуна байланыштуу биз өзүбүздүн тапкан кирешебизден кошумча эмгек акы, сыйлык берип турабыз. Токой чарбанын жерлеринен арендага беребиз. Эгерде токойчунун жакын тууганы каза болсо, же уул үйлөп, кыз чыгарса чарбанын атынан материалдык жардам көрсөтүлөт.
­ Мөмөлүү дарактардын көчөттөрүн өстүрүүгө кандай маани берилүүдө?
­ Биз жылына эки гектар аянтка күзүндө көчөттөрдүн үрөнүн себебиз. Ал эми 2,5 гектар аянтка калемчелер олтургузулат. Ошондой эле карагат, кайың, теректин көчөтү да өстүрүлөт. Жылына 1,5 млн. түп көчөт өстүрөбүз. Биз Кыргызстанда биринчилерден болуп көчөттөрдү клёнкалар менен жабып өстүрүүнү колго алдык. Азыр биздин мындай аракетибизди, иш ыкмабызды үйрөнүүгө бүтүндөй Кыргызстандын аймагынан токойчулар келип жатат. Мисалы, 1 гектар жерге көчөт өстүрүүгө көп каражат, мээнет талап кылынса, биз чакан эле жерге көчөт өстүрүп каражатты үнөмдөп жатабыз.
­ Өзгөн токой чарбасында жаңы лабораторияны ачууга эмне себеп болду?
­ Өткөн жылы Түркиянын ТИКА деген уюмунун көмөгү менен биздин токой чарбага 2 млн. сомдун тегерегинде жабдууларды сатып алдык. Өзүңүздөргө маалым болгондой акыркы мезгилде токой чарбаларын зыянкечтер каптап кетпедиби, ошолорго каршы өлтүрүүчү курт­кумуртскаларды лабораториялык жол менен көбөйтүүчү технологиялык жабдууларды пайдаланып жатабыз. Имаратты болсо өзүбүздүн аракетибиз менен ремонттон өткөрүп, техникаларды орнотуп, азыр биздин кызматкерлер жемиштүү иштеп жатышат.
­ Токойду мыйзамсыз кыйгандарга кандай чаралар көрүлүүдө?
­ Эл арасында ар кандай адамдар болот экен, өз көмөчүнө күл тартып, мыйзамсыз карагайларды кыйгандар да жок эмес. Биздин токойчулар күнү­түнү өздөрү жооптуу аймактарда болушуп мыйзамсыз токойлорду кыйган адамдарга каршы, чечкиндүү чараларды көрүп жатышат. Биз укук коргоо органдары менен да тыгыз байланышта иштешип, мыйзам бузгандарды милицияга, прокуратурага өткөрүп берип жатабыз.
­ Өзгөн токой чарбасында эмгектенген алдыңкы кызматкерлерге да токтоло кетсеңиз?
­ Биздин токой чарбабыз 50 жылдан ашык тарыхка ээ. Чарбаны өнүктүрүүдө белгилүү жетекчилер эмгектенген. Чарбаны 30 жылдап башкарган Маматкадыр Жээнбеков деген аксакалыбыз бар. Азыркы мезгилде токой чарбанын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон алдыңкы кызматкерлердин катарына Өмүрбек Кудайбердиев, Садырбек Төлөбев, Пазыл Жунусалиев, Аким Абдыразаков, Манапбай Шамшиев, Накиш Маматеминов, Кадыш Молдокулов, Абыш Илязов деген азаматтарды кошууга болот. Мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жакында боло турган Кыргыз Республикасынын токой кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен жамаатымды жана республикабыздын аймагында эмгектенип жаткан жалпы кесиптештеримди майрамы менен чын ыкластан куттуктап, бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалап, өлкөбүздүн токой тармагынын өнүгүүсүнө өз салымдарын кошо бериштерине тилектешмин.
Маектешкен
Абдиламит ЖУМАШЕВ,
"Эркин Тоо".












??.??