Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№66, 05.09.08-ж.

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр






  Президент өргөөсүндө

Өкмөттүк комиссия ишин тездетет
1-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудиновду кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчысына 2008-жылдын 24-августундагы "Боинг-737" учагы учураган авиакырсыгынын себептерин иликтеген өкмөттүк комиссиянын жүргүзүп жаткан иштеринин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берилди.
И.Чудинов азыр Москва шаарында учактын өзү жазчу жабдыктарынын маалыматтарын чечмелеп окуу иштери жүрүп жаткандыгын жана ал жакынкы күндөрдө аяктай тургандыгын айтты.
Жабыркагандардын төртөөсү шаардык 4-клиникалык ооруканада дарыланып жатат, алардын абалы туруктуу. Оорукананын бир дарылануучусу ата-энелеринин суранычы боюнча Москва шаарынын клиникаларынын бирине которулган, врачтар анын абалына туруктуу-оор деп баа берип жатышат.
Кырсыкта каза болгондорду аныктоо иштери улантылууда. Моргдогу бальзамдалган сөөктөрдөн дагы 10 жарандын өздүк инсандыгы такталууда.
Өкмөттүк комиссиянын ишине Эл аралык авиациялык департамент активдүү көмөктөшүүдө, деди өкмөттүк комиссиянын жетекчиси.
Президент Курманбек Бакиев комиссиянын ишин тездетүүнү сурап, изилдөөнүн жыйынтыгын коомчулук күтүп жаткандыгын белгиледи.




Эл өзү тандоосу керек
2-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчиси Медет Садыркулов баштаган Президенттик Администрациянын бөлүм башчылары менен салтка айланган жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө мамлекет башчысы алдыда боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоолор тууралуу маселеге токтолду. Президент шайлоо 503 өкүлчүлүктүү органдарда - айылдык, шаардык жана райондук кеңештерде өтө тургандыгын айтты.
Мамлекет башчысы азыр депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү кызуу жүрүп жаткандыгын, шайлоого катышууну каалай тургандыгын билдирген кээ бир партияларды кошпогондо көпчүлүк талапкерлер шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен бара жатышкандыгын белгиледи. "Мунун өзү - мыйзам ченемдүү көрүнүш, анткени, жер-жерлерде, эл көп жашаган округдарда, айылдарда жана шаарларда шайлоочулар баарыдан мурда өздөрү жакындан билген талапкерлерге, алардын конкреттүү жергиликтүү коомдоштуктун аймагын өнүктүрүүгө байланыштуу программаларына добуш беришет.
Партиялардын түптөлүшүндө, ошондой эле партиялык парламентаризмдин принциптеринин тамыр жайышында Жогорку Кеңешке болгон шайлоолор маанилүү роль ойноду. "Мен "Ак Жол" элдик партиясынын жетекчилигине жергиликтүү кеңештерге шайлоого партиядан талапкерлерди көрсөтүү менен көп алектенбөөгө кеңеш берем. Өлкөбүздүн шаарлары менен айылдары ар кандай партиялык платформалардын күрөшүнүн аренасына айланышын каалабас элем. Эгер ак жолчулардын ичинен кимдир-бирөөлөрдүн шайлоого катышууга ниети болсо, анда шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен барганы оң", - деди К.Бакиев.
Президент чечим кабыл алуу ар бир партиянын өз эрки экендигин белгиледи. Бирок, кандай болгондо да жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду саясый симпатияларды жана антипатияларды териштирүүнүн аренасына айландырууга болбойт. Эл өзү жактырган талапкерин тынч кырдаалда, жайма-жай тандап алуусу керек.
Андан соң мамлекет башчысы 30-августта борборубуздун эски аянтында жана Пригородный айылында болуп өткөн айыл чарба жарманкесинин уюштурулушуна жана өткөрүлүшүнө канааттангандыгын билдирди. "Мен Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеевге жана Чүй областынын губернатору Кубанычбек Сыйдановго ушул сыяктуу жарманкелерди декабрга чейин айына эки жолудан өткөрүп туруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылдым. Башка аймактардын областтык мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери да бул маселе боюнча борбор калаабыз менен Чүй областынын оң тажрыйбасына көңүл бурушса жакшы болмок", - деди К.Бакиев.
Кеңешменин жүрүшүндө ошондой эле күнүмдүк мүнөздөгү кээ бир маселелер талкууланды.
Т.ТЕМИРОВ, "Эркин Тоо".




Илимдин коомдогу орду зор
Кечээ Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев салтанаттуу түрдө илим жана техника жаатындагы жетишкендиктер үчүн мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды.
Өлкө башчысы лауреаттардын алдында сүйлөгөн сөзүндө Какиш Рыскулова, Карпек Курманов жана Эгемберди Маанаев сыяктуу илим дүйнөсүндө салмактуу орду бар кишилерге мамлекеттик жогорку сыйлыктарды тапшыруу чоң сыймык экендигин белгиледи. "Сиздер кыргызстандыктардын бир канча муунун тарбиялоодо жана билим берүүдө чоң иштерди аткаргансыздар. Биздин коомубуздун өсүшү үчүн кошкон сиздердин зор салымыңыздарды эске алып, бүгүн сиздерге мамлекеттик жогорку сыйлыктарды тапшыруудабыз", - деди К.Бакиев.
"Азыр илим менен технологиянын, ар кайсы өлкөлөрдүн окумуштууларынын жана адистеринин илимий-практикалык кызматташтыгынын өтө тыгыз интеграциялашкан мезгили. Бул багытта Кыргызстан менен Россиянын көрүнүктүү медик-окумуштуулары - Акрамов Эрнаст Хашимович, Бебезов Хаким Сулейманович, Бородин Юрий Иванович, Любарский Михаил Семёнович жана башкалар - биздин өлкө менен Россия Федерациясынын Сибирь илимий борборунун окумуштууларынын биргелешкен иштеринин ийгиликтүү натыйжасы болуп эсептелет", - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.
Андан ары жалпы дүйнөдөгүдөй эле Кыргызстанда да экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси актуалдуу экендиги белгиленди. "Биздин өлкөнүн азыркы геоэкологиялык проблемаларынын ичинен курчап турган чөйрөнүн булганышы өзгөчө тынчсызданууну туудурат. Ушуга байланыштуу уран калдыктары көмүлгөн жерлердин радиациялык коркунучтуулугунун маселелерин кароого арналган иштердин албетте мааниси зор. Анда сунушталган туруктуулукту камсыз кылуу жана эларалык экологиялык жана биологиялык катастрофалардын алдын алуу боюнча практикалык чаралар Кыргызстандын эле кызыкчылыгын көздөбөстөн, аймактагы башка өлкөлөрдүн да кызыкчылыгына жооп берет", - деди К.Бакиев.
Андан тышкары Курманбек Бакиев биздин элибиздин жашоо-турмушун, анын каада-салттарын, тилин, тарыхын, адабиятын жана маданиятын изилдеген кыргыз окумуштууларынын эмгектери артыкчылыктуу бойдон кала бере тургандыгын белгиледи. "Албетте, К.Тыныстанов атындагы Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон "Кыргыз фольклору жана адабияты боюнча эмгектер" жыйнагы илимий-практикалык өтө чоң баалуулукка ээ. Бул жыйнак биздин кыргыз фольклору жөнүндөгү, анын географиясы, жанрдык жана тематикалык көп түрдүүлүгү жөнүндөгү элестетүүлөрүбүздү бир топко байытты", - деп белгиледи мамлекет башчысы.
Сөзүнүн аягында Кыргыз Республикасынын Президенти бардык лауреаттарды алардын чыгармачыл иштерин татыктуу бааланышы менен куттуктап, аларга чың ден соолук жана Мекенибиздин өсүп-өнүгүшүндө мындан ары да активдүү жаратман ишмердүүлүк каалады.

Чын жүрөктөн куттуктайбыз
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий "Эркин Тоо" газетасынын эмгек жамааты Кыргыз­Түрк "Манас" университетинин ректору кесиптешибиз, окумуштуу-адабиятчы Кайыпов Сулайман Турдуевичти Өлкөнүн Президентинин Жарлыгы менен "Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты" деген АРДАКТУУ наамга татыктуу болушун чын жүрөктөн куттуктап, жетекчилик жана чыгармачылык ишине чоң ийгиликтерди каалайт.

Ж.Дыйканова,
С.Досалиев (фото),
"Эркин Тоо".




Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин атына Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведевден куттуктоо телеграммасы келди. Анда мындай деп айтылат:
"Улуттук майрамга -Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу чын дилден чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз.
Россиялык -кыргыз мамилелери салттуу түрдө ар түрдүү чөйрөлөрдө достуктун жана ишеним арткан өз ара аракеттенүүнүн духунда өнүгүүдө. Биздин элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарынын жалпылыгы, өзөктүү эл аралык проблемаларга карата мамилелердин дал келүүсү, ошондой эле эки жактын саясый эрки Россиянын жана Кыргызстандын көп пландуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да кеңейтүүгө мүмкүндүк берээрине, Борбордук Азияда туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөөгө көмөктөшөөрүнө ишенемин…
КМШ алкагындагы биздин кызматташтык жаңы деңгээлге чыгууда, анда Кыргызстан быйыл ийгиликтүү төрагалык кылууда. Бишкекте өтүүчү КМШга катышуучу мамлекеттердин башчыларынын отуруму шериктештикти андан ары чыңдоого олуттуу салым кошоруна ишенемин.
Дос, Кыргызстандын жарандарына тынчтыкты жана гүлдөп-өсүүнү каалаймын".
ххх
Ушундай эле куттуктоолорду Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримов, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Украинанын Президенти Виктор Ющенко, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Түркия Республикасынын Президенти Абдуллах Гюль, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Ху Цзиньтао, Индонезия Республикасынын Президенти Х.Сусило Бамбанг Юдхойо, Германия Федеративдүү Республикасынын Президенти Хорст Келер, Индия Республикасынын Президенти Пратибха Девисинг Патил айым, Куба Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин жана Министрлер кеңешинин Төрагасы Рауль Кастро Рус, Корея Республикасынын Президенти Ли Мен-Бак, Мексика Кошмо Штаттарынын Президенти Фелипе Кальдерон Инохосы, Улуу Социалисттик элдик Ливия Араб Дмамахириянын лидери полковник Муммар Каддафи, Хорватия Президенти Степан Месич, Австралия шериктештигинин генерал-губернатору генерал-майор Майкл Джеффри, ж.б. жиберишкен.
Т.Темиров, "Эркин Тоо".




Кыргыз Республикасынын Президентинин
Буйругу
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-статьясына ылайык:
1. Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин шайлоо 2008-жылдын 5-сентябрына дайындалсын.
2. Чүй облусунун Токмок шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди сунуш кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлү болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Момуналиев Нурханбек Сакенович дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Токмок шаардык кеңеши менен бирдикте Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштурсун.
4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү,
2008-жылдын 3-сентябры.


Кыргыз Республикасынын Президентинин
Буйругу
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-статьясына ылайык:
1. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоо 2008-жылдын 5-сентябрына дайындалсын.
2. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди сунуш кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлү болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Осмоналиев Самир Кушайынович дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Таш-Көмүр шаардык кеңеши менен бирдикте Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштурсун.
4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү,
2008-жылдын 3-сентябры.


Кыргыз Республикасынын Президентинин
Буйругу
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-статьясына ылайык:
1. Нарын шаарынын мэрин шайлоо 2008-жылдын 16-сентябрына дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Ботобеков Уран Токтоназарович Нарын шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди сунуш кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлү болуп дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Нарын шаардык кеңеши менен бирдикте Нарын шаарынын мэрин шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү,
2008-жылдын 3-сентябры.












??.??