Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№66, 05.09.08-ж.

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр






  Сары-Камыштагы суу бассейни

КАКЫР ЖЕРГЕ СУУ ЧЫГАТ
Өткөн жумада журналисттер Суу чарба департаментинин кызматкерлери менен Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылынын тоо жагында салынып жаткан суу сактоочу бассейнди көрүү үчүн бардык. Бул жүрүштү Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин башында Кымбатбек Мусаев турган пресс-кызматы уюштурган. Биз барсак техникалар тынымсыз иштеп, 15 км. аралыктан Тогуз-Булак менен Калмак-Ашуу суусунан кышкысын тоңуп калбаш үчүн жер алды менен түтүк аркылуу суу тартуу иши кызуу жүрүп жатыптыр. Андагы адистер июнь айында башталган иш декабрь айына чейин бүтөт дешти. Эгер курулуш иши декабрь айында бүтүп калса, эмки жаздан баштап мурунку иштетилип келген 240 гектар жерге кошумча 420 гектар жер суу менен камсыз болот. Буга чейин жердин баары айылдык тургундарга үлүш үчүн менчикке берилген. Аларга суу чыгарып берүү үчүн кам көрүп жаткан Өкмөткө рахмат айтса жарашат. Жергиликтүү тургундар эмки жылдан баштап суунун жоктугунан иштетилбей келген жерлерине эми алма, өрүк, жүзүм, карагат сыяктуу жемиштерди тиксе болот. Келечекте ал жер жемиш бакчасына айланаарынан күмөн санаганыбыз жок. Анүчүн да талбаган эмгек керек.
Кыргызстандагы суу бассейндери жана Сары-Камыш суу сактагычы жөнүндө айтып берүүсүн өтүнүп, айрым адистерге кайрылдым.
Эсен Жусуматов, Суу чарба департаментинин директорунун биринчи орун басары
Акыркы эки жылдан бери Президентибиз К.Бакиевдин тапшырмасы менен Кыргызстандын бардык жерлерине бассейндер, суу сактагычтар курулуп жатат. Өкмөттүн 2007-жылдын декабрь айындагы № 593-токтому менен 2008-2010-жылдарда суу чарба объекттерин куруу жана жаңы суу баскан жерлерди өздөштүрүү боюнча атайын программа бекитилген. Ошол программанын негизинде мурда токтоп калган объекттерди кайрадан изилдеп, жандантып жатабыз. 2008-жылга 330 млн. сомдук иштер каралган, анын ичинде долбоорлоо, курулуш иштери бар. Республика боюнча алганда Баткен областында Төрт-Күл, Кадамжай районунда Кара-Кыштак-Боз, Аксы районунда Иринжит каналдарынын жана Ысык-Көл районунда Сары-Камыш бассейнинин курулушу жүрүп жатат. Андан сырткары Ысык-Ата районундагы бассейндин реконструкциясын жасап чыгуу колго алынууда. Ушул жылы жогоруда айтылган иштердин көбү бүткөрүлөт. Экономиканын өнүгүшү үчүн Суу чарба департаменти өз үлүшүн кошуп жатат десем жаңылбайм. Бул үчүн Өкмөт акча каражатын бөлүп берүүдө, биз аны туура пайдаланып, суу чарба объекттерин куруп жатабыз. Иш ыргагы эгер ушундай темп менен жүрүп отурса, Кыргызстандагы какыраган боз талаалардын көбүнө суу чыгып, элдин жашоо турмушу бир топ жакшырат.
Акималы Иренчиев, Ысык-Көл областтык бассейндик суу чарба башкармалыгынын башкы инженери
Сары-Камыш айылына салына турган суу сактагыч 1988-жылы башталып, 1991-жылы токтоп калган. Ошондон бери айылдыктардын сууга болгон муктаждыгы чечилбей, үлүшкө алган жеринин баары ушунча жылдан бери кургап жатат. Какырап жаткан талаага суу чыгаруу үчүн жардам берген Президентибизге, Өкмөткө абдан ыраазыбыз. Суу сактагычтын курулушу ушул жылдын экинчи жарымында башталды эле буюрса, жаңы жылга чейин бүтүп калабыз деген ишеничтебиз. Эгер курулуш иштери бүтсө Сары-Камыш айылынын 700 гектар жери суу менен камсыз болот. Бул суулар Тогуз-Булак менен Калмак-Ашуу суусунан түтүктөр менен суу сактагычка келет.
Качыбек Сыдыков, "Дон" фирмасынын башкы директору
Биз Сары-Камыш суу сактагычын салуу үчүн тендерди июнь айында утуп алдык. Жумушту 20-июнда баштадык. Эми курулушту декабрь айында бүтүшүбүз керек. Тендердин жалпы суммасы 37 млн. 457 миң сом. Бирок титулдук тизмеге киргени 20 млн. сом экен, калган 17 млн. сом Ысык-Көл областтык, райондук мамадминистрациялардан, суу департаментинен берилет дешти. Ушул август айында 14 млн. 400 миң сомдук жумуш аткардык. Суу келе турган 14-15 км.ге барабар түтүк өткөргүчтөрдүн ремонту жана суу сактагычтын суу толуучу аянты 60%га бүтүп калды. Иш абдан кызуу жүрүп жатат.
Ал эми проблеманы айтсак, банктардан акчанын келип түшүүсү улам кечеңдеп жатат. Өзгөчө Финансы министрлигинен областка, андан районго келип түшкөн акча биздин колго өтө кеч тиет. Район акчаны 1-3-5-күндөрү гана 1 млн. сомдон бөлүп которот экен, бул бизге абдан кыйынчылыктарды туудурат. Ушул жагын эске алып, чечип беришсе жакшы болот эле. Акча учурунда берилип турса эле иш токтобой жүрө берет. Суу сактагычтын салынышы үчүн техника жетиштүү, азыр 20дай ар түрдүү техника иштеп жатат.
Ошентип, какыраган кайрак жерге эми суу чыкмай болду. Капкайда агып жаткан Калмак-Ашуу суусунан жердин алдынан түтүк менен тартып келип айылга жакын жерге суу толтуруу- чынында эрдик иш. Союз кулагандан бери суу чарба тармагы да абдан аксаган экен. Эми Президенттин тапшырмасы менен сугат үчүн суу бассейндерин куруу жакшы колго алынып жатыптыр. Биз барган Ысык-Көл районунда бир эле Сары-Камышта эмес, Жаркынбаев, Кара-Ой айылдарында да суу сактагычтар курулуп бүткөн. Какыраган чөлдөр эми жашыл бакчаларга айлана баштаптыр. Эгер иш ыргагы ушундай жол менен кете баштаса айылдагы элдин жашоо-турмушу тез оңолуп, жер иштетем деген дыйкандар үчүн көктөн тилегени жерден табылгандай эле болот. Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшү үчүн ушундай биргелешкен иш, ынтымак, түшүнүшүү гана керек. Калганын жасап алыш эмгектен эмеспи.
Сымбат Максутова,
"Эркин Тоо".




Ломоносов атындагы сыйлык
Кыргызстан Жаштар сыйлыгынын лауреаты, 12 ыр-жыйнактын автору, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын Маркабай Ааматов жакында Россия Федерациясынын коргоо жана укук коргоо академиясы тарабынан М.Ломоносов атындагы сыйлык менен сыйланды. Ал Россиядагы ­ Москвадагы Эл аралык жазуучулар союзунун башкармалыгынын мүчөсү, "Дом Ростовых" журналынын редколлегиясынын мүчөсү катары эки элдин маданий байланышына олуттуу эмгек сиңирген. Ошондой эле М.Ааматов которгон Тамара Крюкованын "Костя+ Ника" аттуу китеби жакында кыргыз тилинде жарык көрмөкчү. Эмесе, белгилүү акынды дүйнөгө таанымал илимпоздун атындагы сыйлыкты алышы менен куттуктап кетмекчибиз.

К.БАКИРОВ,
"Эркин Тоо".





КАТЕЛ-жаңы байланышка өтөт
3-сентябрда борборубуздун "Хаят" мейманканасында КАТЕЛ-уюлдук башкармалыгынын төрагасы Р.Жокоби мырза журналисттер үчүн атайын пресс-конференция өткөрдү.
Р.Жокоби мырза Кыргызстандын Улуттук байланыш агенттигинен үчүнчү муундагы Европа стандартындагы WCDMA/UMTS-3G жаңы байланыш системасына өтүү жөнүндө уруксат алгандыгын билдирди.
Жаңы универсалдуу уюлдук телекоммуникация системасы (UMTS) Европа үлгүсүндөгү жаңы стандарттуу уюлдук телефон чалуулардын кеңири кызматын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Анда байланышкан адам бири-бирин көрүүгө болот, ошондой эле тез арада интернетке чыгууга мүмкүнчүлүгү бар.
Биринчилерден болуп Кыргызстанда уюлдук байланышты өнүктүрүүдө КАТЕЛдин ролу чоң. Бүгүнкү күндө КАТЕЛдин абоненттери бүткүл республика аймагы менен ошондой эле башка өлкөлөр менен байланышуу жакшы жолго коюлган. Ушул күнгө чейин өлкөбүзгө 50 млн. доллардан ашык инвестиция тартып келүүгө жетишкен. Үстүбүздөгү жылы эле жаңы базалык станцияларды куруу, алардын кабыл алуу чөйрөсүн кеңейтүү боюнча 5 млн. доллар инвестиция тарта алган.
Азыркы мезгилде КАТЕЛ жаңы байланыш түйүнүн өнүктүрүүгө бардык күчүн жумшап жатышат.
Пресс-конференциянын аягында Р.Жокоби мырза журналисттердин кызыктырган суроолоруна жооп берди.
О.Сатыкулов,
"Эркин Тоо".





Государственное агентство
по делам религии при Правительстве КР
Объявляет конкурс на вакантные должности
Южный региональный отдел
Главный специалист - 1 вакансия.
Ведущий специалист - 1 вакансия.

Отдел по проведению религиоведческой экспертизы, организации паломничества, учетной регистрации и связей с общественностью
Главный специалист - 1 вакансия.
Общие квалификационные требования:
- высшее образование, знание законодательства КР, знание государственного и официального языков, английского или арабского языков (желателен), хорошие навыки работы на ПК.
Требования к стажу и опыту работы:
Главный специалист - стаж государственной службы 1 год или 3 года по специальности.
Ведущий специалист - стаж государственной службы или стаж по специальности желателен.
Для участия в конкурсе необходимо предоставить следующие документы:
- личное заявление, копия паспорта, личный листок по учету кадров (с фотографией), автобиографию, резюме, копии документов об образовании, трудовой книжки (заверенная нотариально или службами управления персоналом по месту работы). Документы для участия в конкурсе на вакантные должности необходимо представить до 20 сентября 2008 года по адресу: г.Бишкек, ул. Киевская, 96-б. Т.:(0312) 90-05-26, г. Ош, ул. Заднепровская, 4. Т.: (03222) 7-24-91, факс: 2-06-78.













??.??