Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№66, 05.09.08-ж.

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр






Сулайманов Жолдошбек Атакеевич -
Ош облусунун прокурору.
Мыйзамдуулукту сактоо-милдетибиз
Ош облусунун прокурору 18 жылдан бери прокуратура кызматында эмгектенет. Өзүнүн кесиптик тажрыйбасынан, көп жылдык профессионалдык усулдарынан улам Эл деген чоң тамгадан сот, прокуратура жана милицияны ажыратып кароого болбойт деп эсептейт. Мунун баары бир бүтүндүк, бири-бирине табигый түрдө жакын болгон бири-бирисиз жашай албаган түшүнүктөр. Кылмыштын кайсы түрү болбосун ириде үй-бүлөнүн, андан чыгып коомчулуктун жоопкерчилиги көңүлгө тутулат. Кылмышка жараша жазалоо да буларсыз болбойт. Коом тазарган сайын мыйзамдар жумшарат. Мыйзамды сыйлоо өзүн-өзү сыйлоо менен барабар дейт прокурор Жолдошбек Сулайманов.

- Жолдошбек Атакеевич, элге жакын болуш керек деген аксиомага сиздин көз карашыңыз…
- Сот, прокуратура жана милиция эл менен бирдей жазылыш керек. Мунун баары бүтүндүк. Жакын болуш керек деген сөз эмнеден улам айтылып калды? Буга чейин биримдикке келе албагандан, элге орой мамиле жасап, элден өзүңдү обочо алып жүрүп, нагыз кекирейген чиновниктик мамиледен улам пайда болгон сөз, көз караш деп ойлойм. Терс көрүнүштөрдөн улам пайда болгон мындай пикир өзүн тазалашы, акташы үчүн убакыт керек. Ошол талапка биз азыр баратабыз. Сиз журналистсиз, тартип бузуу, кылмышты элге маалымдап, жеткиришиңиз керек. Мен прокурормун, элден чогулган салыктын эсебинен айлык алып жаткандан кийин, кайсы бир чиновник элдин салыгын жеп жатса, ошону ордуна коюшум керек. Менин да, сиздин да, ошол чиновниктин да элден өзгөчө жагы жок. Ошону түшүнгөн адам элден бөлүнбөйт. Учурда сот, ички иштер бөлүмүндө жана укук коргоо органдарында реформалоо жүрүп жатпайбы, ошонун баары фискалдык органдар менен коомду тазартуу үчүн жасалып жаткан аракеттер, алга карай жылуулар. Биз эл кызматындабыз, биздин кызматты элсиз элестетүүгө болбойт.
- Демек, анда сиздерден (прокуратурадан) эмнелер талап кылынат?
- Биринчиден, элге туура мамиле экинчиден, тазалык үчүнчүдөн, жогорку профессионалдык чеберчилик. Прокуратура көзөмөлдөөчү орган болгондуктан, прокурордун бир эле туура эмес кадамынан канчалык зыян келерин айтыш кыйын. Прокурор үчүн жаран деген чоң тамга менен жазылган атуулдун бейнеси биринчи орунда турушу керек. Жарандын кийимине, кызмат абалына, коомдогу ордуна ж.б. карап мамиле жасаса, "кимдир бирөөнүн" көңүлүн караса, көңүл коштукка, аракетсиздикке, эң башкысы акыйкатсыздыкка жол койсо, өзүнүн коомдогу ордун аныктаган мыйзамга өзү душман болот. Аткаруу бийлигиндегилер элдин жашоосун жакшыртабыз, экономиканы жогорулатып, коомду өнүктүрөбүз деп аракеттенип жатабыз. Ийгиликти канчалык жакындатуу - өзүбүздөн. Эгер буга тескери иш кылсак, мунун баары куру сөз, сулуу сөз болуп калат. Азыр эч бир жаран өзүнүн укугун жөн эле тепсетип койбойт. Эмне үчүн Япония, Корея сыяктуу мамлекеттер өнүгүп жатат? Аларда өзүнө, коомго туура, түз жана так мамиле жасагандан, мыйзамды сыйлагандан, патриоттук сезимдин бийиктигинен өнүгүп жатат.
Мен боломбу, райондун прокурорубу же башкабы жогоруда айтылгандардын баары өзүнө алган жоопкерчилик деген сезим-туюмга байланышат.
- Өткөн жылдын 6 айына салыштырмалуу ушул жылдын жарым жылдыгындагы облустагы криминогендик жагдай жана кылмыштуулук менен күрөшүү-нүн абалына токтолсоңуз.
- Жүргүзүлгөн анализге таянсак, ушул жылдын биринчи жарым жылында Ош облусунун аймагында былтыркы жылга салыштырмалуу криминогендик абалдын төмөндөшү айкын байкалат. Атап айтканда, 2008-жылдын 6 айында облустун аймагында бардыгы болуп жалпы катталган кылмыш былтыркыга салыштырмалуу 8,0%га аз. Ош облустук прокуратура органдары тарабынан үстүбүздөгү жылдын 6 айында прокурордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен жалпы суммасы 24 099 109 (15 094 500) сомдук зыяндар келтирилген 121 (108) кызматтык жана экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар аныкталып, кылмыш иштери козголгон. Жыйынтактап айтканда, ушул жылдын жарым жылдыгында прокуратура органдары тарабынан аяктаган кылмыш иштер боюнча келтирилген зыяндын жалпы суммасы 16 217 823 (12 511 1000) сомду түздү жана бул иштер боюнча тергөө учурунда 15 624 217 (6 805 600) сомдук зыяндар, т.а. келтирилген зыяндын 96,3% (54,3%) тергөө учурунда өндүрүлдү.
Албетте, кылмыштын жалпы жонунан төмөндөшүнүн бирден бир себеби жер-жерлерде түшүндүрүү иштери тынымсыз, ыргактуу жүргүзүлүүдө. Укук коргоо органы, айыл-өкмөттөрү милиция кызматкерлери менен биргеликте иштеп жатабыз. Калктын социалдык турмушу жакшырган сайын, аң сезимдүү мамиледен, жогорку билим алуунун таасиринен да болуп жатат десем жаңылышпайм.
- Ички жана сырткы миграцияга байланыштуу кайсы кылмыштар көбүрөөк кездешет?
- Тышкы миграцияга байланыштуу Ош облусунда көбүнчө КЖКнын 124-статьясы, "Адамды сатуу" жана 204-1 статьядагы "Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу" фактылары боюнча, аталган кылмыштын белгилери менен кылмыш иштери козголуп, мыйзамдагы статьялар боюнча күнөөлүү адамдар жоопкерчиликке тартылышкан. Ал эми ички миграция боюнча Ош облусунда кылмыштар катталбады. Тышкы миграция негизинен жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерге жумуш издеп баруу менен тыгыз байланышат. Бардык эле фактыларда жарандарды чет мамлекеттерге жакшы акы төлөнүүчү жумуш менен камсыз кылабыз деп алдап алып барышып, ал жактарда сатып жиберип же болбосо оор кара жумуштарда иштетип, акысын төлөбөй койгон жагдайлар билдирилет. Коңшулаш Казакстанга алып кетип, жалданган жарандардын үстүнөн акча алып, же жарытылуу төлөбөй, басмырлап кордогон фактыларды телероликтерден көрүп жүрөбүз. Мындай кылмыштарды алдын-алуу боюнча облустук прокуратура тарабынан ар түрдүү иш чаралар жүргүзүлүп жатат. Анын ичинде ММК аркылуу да ушул тематикада ар кандай билдирүүлөр берилип келүүдө. Жер-жерлердеги айыл өкмөттөрүндө эл менен жолугушууларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
- Айтыңызчы, бюджеттик ссудаларды чет өлкөлүк гранттардын эсебинен алынган кредиттерде кайтарып төлөөнүн Ош облусундагы абалы кандай?
- КР нын Президентинин 1999-жылын 6 - январдагы "Бюджеттик ссудаларды жана Өкмөттүн кепилдиги менен алынган чет өлкөлүк кредиттерди кайтаруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү жөнүндөгү" буйругун аткаруу боюнча прокуратура органдары аркылуу бюджеттик ссудаларды жана чет өлкөлүк гранттардын эсебинен алынган кредиттерди кайтарып төлөө боюнча 1 сунуш, 64 эскертүү, 27 кылмыш иши козголгон. Натыйжада 4238,7 миң сом кайтарылып төлөнгөн. Былтыркы жылга салыштырганда бул багытта 10 кылмыш ишине көп козголду, 2 398 868 сом көп өндүрүлдү. Жогорудагы кредиттер КРнын Өкмөтүнүн кепилдиги боюнча берилген, азыркы учурдагы бюджеттин тартыштыгы Ош облусунун прокуратура органдарынан бул багыттагы иштерди күчөтүүнү талап кылат. Мисалы, Өзгөн райондук прокуратурасы аталган райондун Кызыл-Сеңир айылынын жашоочусун кредитти кайтаруу боюнча текшерүү жүргүзгөндө, ал 162, 5 миң сомдук кредит алып, аны өз кызыкчылыгына иштетип, кредитти кайтарып төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн май айында ага карата кылмыш иши козголду. Ал эми Араван райондук прокуратурасы тарабынан Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн тургуну 40 тонна буудайды кредитке алып, акча каражатын өз кызыкчылыгына иштетип жибергендиги үчүн кылмыш иши козголуп, сотко жиберилди. Ошондой эле Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан 2008-жылдын 14-мартында фермердик чарбасынын жетекчиси жасалма справкаларды көрсөтүп, 200 тонна буудай жалпы суммасы 1440,0 миң сомдук кредитти алып, аны максаттуу пайдаланбагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине кириптер кылынды. Жыйынтыгында жогоруда белгиленген 1440,0 миң сом кайтарылып төгүлгөн, иши сотко өткөрүлгөн. Ушул сыяктуу факты Ош шаарынын тургуну да 60 тонна буудайды акчалай түрүндө 453,6 миң сомдук кредит алып, аны максаттуу пайдаланбагандыгы жана өз убагында кайтарбагандыгы үчүн 2008-жылдын 26-мартында кылмыш иши козголуп, сотко өткөрүлүп, жоопкерчиликке тартылган. Кредит толугу менен кайтарылды.
Мындан тышкары, Ош облустук өкүлчүлүгүнүн ГФРЭнин жетекчилери дагы өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, дыйкандарга бериле турган кредитти, өзүнүн сүйлөшүлгөн адамдары аркылуу кредитти алды кылып келишимдерди түзүп, өз пайдасына сиңирип алган фактылар да ачыкка чыкты. Мисалы, 2007-жылдын 27-апрелинде Ош облусунун регионалдык ГФРЭнин жетекчилиги кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, башка бир жарандын атына 1300000 сомдук 200 тонна аштык буудайды алды деп, жалган келишим түзүп, өз кызыкчылыгына жумшап жиберген. Бул факты боюнча 2008-жылдын 4-июнунда облустук прокуратура тарабынан КРнын КЖКнын 304-статья 4 -бапы менен Б.Зундуновдун үстүнөн кылмыш иши козголгон. Учурда 7 кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан ГФРЭнин Ош облустук өкүлчүлү-гүнүн жетекчилиги тарабынан мамлекетке 2 369 500 сом зыян келтирилген. Кыскартып айтканда, жалпы эле ушундай фактылар боюнча иликтөө тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Ризван Исмаилова,
"Эркин Тоо".




  Рамазан ай куттуу болсун!

Бисмиллахир-рахманир-рахиим
Урматтуу мусулмандар!
Урматтуу мамлекетибиздин жалпы тургундары!
Баарыңыздарды үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрь күнү башталган ыйык Рамазан айы менен чын ыкласыбыздан куттуктайбыз.
Рамазан айында орозо кармоо исламдагы беш парздын бири.
Алла Таала Куранда "Ким эгер ушул айга күбө болсо, орозо кармасын" деп айткан.
Рамазан - рахматтын, магфираттын (күнөөлөрдүн кечириши) жана тозоктон кутулуунун айы.
Алла Таала Рамазан айында пенделерден урушкандары болсо жарашууну, орозо кармап кайрымдуулук иштерди жасоону, сооптуу амалдарды аткарууну талап кылат.
Алла Таала Мухаммад алейхис-саламдын үммөттөрүн, Курандын жана Рамазандын нуру менен сыйлаган. Бул нурларга ээ болгондорду кабырдын жана Кыямат күнүнүн караңгылыктарынан сактайт.
Пайгамбарыбыз өзүнүн осуятында "Ким эгер Рамазан айынын келгенине сүйүнүп кубанса, Алла Таала ал адамдын денесин тозок отуна арам кылат (тозоктон сактайт)" деп айткан.
Орозо кармагандар үчүн эки кубанычтуу убакыт болот: кечке орозо кармап, ооз ачкан убакта жана Кыяматта Алла Тааланын жүзүн көргөн убакта.
Урматтуу мекендештер!
Жараткан өзү ыйык айдын урматында мусулмандарга, өлкөбүзгө ынтымак, ыйман менен жакшылыкты насип кылсын.
Ылайым элибизде тынчтык, береке орносун. Рамазан айы баарыбызга куттуу болсун.
Сиздерди терең урматтап,

Кыргызстан мусулмандарынын
Азрети муфтийи Муратали ажы Жуманов.


Орозонун коомдук пайдасы
Орозонун жеке оозу бек адамга гана эмес, жалпы коомчулукка да пайда келтирет. Орозо -эл ичиндеги бардар, бай адамдар менен жарды-жалчынын арасында тыгыз байланыш түзөт. Көбүнесе бардар адамдар жаштайынан өмүрдүн ысык-суугун, оор тиричиликти баштарынан өткөрүп, бирөөгө милдет артпай өскөндүктөн, күйүмдүүлүк сезимден алысыраак келишет. Бул "ач бала ток бала менен ойнобойт, ток бала ач калам деп ойлобойт" дегендей сөз.
Кээде адам байлыкка батып, көпкөлөң тартып айланасын унута баштайт. Өзүмчүлдүккө маталып, зыкымдык өзөгү өөрчүп баштаган напси барып бийлеп, жан дүйнөдөгү боорукерлик, күйүмдүүлүк сезимдерди тумчуктуруп жиберет. Бай-дөөлөттүү адамдары ушундай абалга түшүп калган элден кут-береке качат. Бир мамлекетке жашаса да байлары башка ааламда, жарды-жалчылары башка ааламда жүрүшөт. Мындай коом оор дартка чалдыгып, элде да нарк бузулат. Бардар адамдары демейки карапайым калкты төбөсүнөн баса карайт. Башаламандык ушундайдан улам туулат. Байлыкка батып, көпкөн адам ар качан өзүнүн керт башын гана ойлойт. Мындай адам эч качан кедей-жоксуздардын абалын уга да, сезе да билбейт. Адам орозо кармап, саардан кечке чейин ач калганда гана өз айлана-чөйрөсүндөгүлөргө башкача карай баштайт. Анткени, оозун бекиткенде күнү бою ач калып, суусап, эс-акыл ойгоно түшөт. Ач адамдын боюнда ээ-жаа бербей албууттанган эрке напси акырын алсырайт да, жүрөктүн түпкүрүндөгү күйүмдүүлүк, боорукердик сезими баш көтөрөт. Ал ошондо гана ачтыктын кандай болорун аңдайт. Өзүнүн да жөнөкөй пенде экендигин сезет. Ал эми ойгонгон боорукерлик сезим жалпы адамзатка, ааламга болгон сүйүү сезимин өзү менен кошо ала келет. Ошентип, ал адам инсан турмак жан-жаныбарга да боорукердик сезим менен карай баштайт. Рамазан айынын "боорукерликтин айы" болгонунун сыры да ушунда жатат. Адам менен адамдын, адам менен ааламдын арасындагы биримдик, достук жана махабат байланышы ушундайча курулат.
Бул жактан алып караганда, адамдардын бири-бирине болгон мээрими чыныгы шүгүрчүлүктүн негизи. Ким болсо да, бул жашоодо өзүнөн дагы кедейирээк адамды көрүшү мүмкүн. Андыктан ага мээримдүү мамиле кылууга тийиш. Эгерде өзүнө ачкачылыкты мажбур түрдө сездирип, ачка адамдын чыныгы абалын баш оту менен сезбесе, жеткиликтүү деңгээлде түшүнүп, мээримдүү мамиле кыла албай турганы анык.
Демек, адамдын боюнда боорукердик, күйүмдүүлүк ойгонуп, аны өз айлана-чөйрөсүнө нурлуу чачуу кылып жайылтуу - Улуу Жаратканга арналган нагыз шүгүрчүлүк болмок.

Кыргызстан Мусулмандарынын
Дин башкармасы.
О.САТЫКУЛОВ, "Эркин Тоо".











??.??