Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№66, 05.09.08-ж.





  Архив - өлкө тарыхы

КРнын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы мамлекеттик архив агенттигинин директору Чолпонбек Абыкеев:
- Чолпонбек агай, бүгүнкү күнү Мамлекеттик архив агенттиги Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы мекеме катары өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Дегеле, архив кызматынын тарыхы канча убакытты камтыйт?
- Кыргыз Республикасында архив кызматы 1926-жылы 30-августта уюшулган деп эсептелет. Ошол мезгилдеги Кыргыз мамлекетиндеги жогорку бийлик - Кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитети 30-августта "Кыргыз автономиялуу облусунда архив кызматын уюштуруу жана КАОнун аймагындагы мекемелердин архивдик материалдарын иретке келтирүү тууралуу" токтом кабыл алган. Ошол күн Кыргызстандын архивчилер күнү катары 1993- жылдан бери Өкмөттүн токтому менен бекитилип, расмий белгиленип келе жатат.
1926- жылы облустук аткаруу комитетинин алдында "Архив бюросу" болуп, курамында 2 адамдан турган архив кызматы бүгүнкү күндө мамлекетибиздин документтерден куралган тарыхын чогултуп, бапестеп сактап, сакталган материалдардан пайдаланып, элге керектүү маалыматтарды жарыялап туруучу көп тармактуу мамлекеттик мекемеге айланган. Республикабыздын архив мекемелеринде элибиздин 1852- жылдан берки тарыхын чагылдырган 4 млн. го жакын бирдиктеги архивдик документтер сакталып келет. Бүгүнкү күнү 3 борбордук, 8 облустук (Ош облусунда 2), 53 райондук жана шаардык мамлекеттик архивдер иштеп жатат. Ал эми бул тармакта 500дөн ашык жогорку билимдүү кызматкерлер эмгектенишет.
- 80 жылдан ашык убакыттын ичинде архив кызматы бир нече жолу аталышын өзгөрттү…
- Ооба, ушул мезгилдин ичинде архив кызматы элибиз менен бирдикте өзүнүн тарыхый жолун басып өттү. 1927-1938-жылдары Кыргыз АССРинин аткаруу комитетине, 1938-1960-жылдары НКВДга, 1960-1998-жылга чейин Кыргыз ССР Министрлер Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, 1998-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министрлигине караштуу болуп, 2003-2007-жылдары кайрадан Өкмөттүн карамагына өтүп, 2007-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин курамына кирди. Архивди башкаруу жана уюштуруу мекеме катары эң биринчи архив бюросу болуп түзүлсө, кийин Башкармалык, Башкы башкармалык, Департамент, Архив кызматы, Архив агенттиги болуп өзгөрдү. Аты өзгөргөндүгүнө карабай милдети мурдагы эле бойдон -Кыргыз Республикасынын аймагындагы анын тарыхына тиешелүү документтерди топтоп, мамлекеттик сактоого алып жана андан пайдаланууну уюштуруу бойдон кала берди. Мурда СССРдин мезгилинде архивге тиешелүү бардык маселелер Москвадан чечилчү. Бул бир жагынан жеңил эле. Усулдук көрсөтмөлөрдү, документтерди кайда, кантип сактоого чейинки эрежелерди алар айтып турчу. Кадрлар да Москванын тийиштүү институтунда даярдалчу. А азыр болсо ал маселелердин бардыгын өзүбүз чечүүгө мажбурбуз. Биринчи кезекте архив тармагынын укуктук базасы түзүлүп, 1999-жылы "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. Ушул мыйзам биздин бардык аракетибизди иретке салып туруучу негизги документ болуп келет.
- Адистердин кесиптик тажрыйбаларын жогорулатуу боюнча кандай аракеттер жүргүзүлөт?
- 1996-жылы архив тармагы боюнча Париждеги Эл аралык архивдер кеңешине мүчө болуп кирдик. Ушул кеңештин Европадагы жана Азиядагы 18 мамлекеттин архив кызматтарынан турган ЕВРАЗИКА уюму бар. Архивге тиешелүү көйгөйлүү маселелерди кароо үчүн жыл сайын кезектешип бир мамлекеттин архивинин базасында кеңешме өткөрөбүз. Мындай кеңешме мурдагы жылы Ереванда, былтыр Москвада өттү. Эмки жылы биз өткөрүп, ведомстволук архивдердин маселелерин талкуулап алалы деген оюбуз бар. Аталган кеңешмени өткөрүү менен бири-бирибиздеги архив материалдарын сактоодогу жаңы ыкмалар, укуктук- ченемдик документтер менен алмашып турабыз. Ошондой эле кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча да иштер жүргүзүлөт.
- Башка өлкөлөрдүн архив кызматтары менен да келишим түзүп, жакындан иштешесиздерби?
- Мурда бир мамлекеттин курамында болгондуктан, архивдик документтер да пайда болгон жеринде ошол мамлекеттин менчиги болуп калды. Мисалы, Россиядан келип биздин республикабыздын маданиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон Скрябин, Шубин сыяктуу инсандардын өмүр жолун чагылдырган документтер биздин менчигибиз болсо, 1930-жылдары кулакка тартылып аргасыз жер которуп кеткен аталарыбыздын, БАМдын курулушуна катышкан агаларыбыздын документтери Украинада же Россияда калды. Бул документтер биздин элдин тарыхына тиешеси бар. Мындай материалдарды сатып алыш керек. Ошону эске алып мурунтан катышып келе жаткан Кытай, Түркия, Польша жана шериктештикке кирген Казакстан, Россия, Литва, Тажикстан ж.б. мамлекеттердин архивдери менен кызматташуу келишимдери түзүлгөн. Мындай келишимдин негизинде биздин элдин тарыхына байланыштуу алардын архивдериндеги маалыматтардын көчүрмөсү бизде болгон алардын тарыхына тиешеси бар маалыматтардын көчүрмөсүнө акысыз алмашылат.
- Чолпонбек агай, ар бир нерсенин күнгөй-тескейи, ал тургай артыкчылык жана кемчилик жактары же болбосо орчундуу проблемалары болот. Сиздерде кандай көйгөйлөр бар?
- Биздин жарандардын эмгек стаждарынын табылбай калган учурлары болуп жатат. Учурдагы көйгөйлүү маселелердин бири ушул. Айрыкча 90- жылы жоюлуп кеткен мекеме, ишканалар өздүк курам боюнча документтерин чачып таштап баса беришкен. Ошондон улам бул проблемалар келип чыгууда. Мындан кийин ушундай абал кайталанбасын деп биздин сунушубуз менен менчиктин түрүнө карабастан өлкөнүн аймагындагы бардык ишкана, уюмдарда документтердин сакталышына жоопкерчиликти, ага көзөмөл кылууну күчөтүү максатында КРнын мыйзамдарына кошумчалар киргизилди. Мындан тышкары дагы бир көйгөй бар. Ал материалдык-техникалык базабыздын начардыгы.
- Өзүңүз айтып өткөндөй, буга чейин Кыргызстанда архив кызматкерлери даярдалбай келген болсо, анда кадр маселеси кандай болуп жатат?
- Кадрларды даярдоо боюнча мамбюджеттин эсебинен Бишкек гуманитардык университетинин базасында архивдик бөлүм ачылды. Бул окуу жайында сабак өтүүгө бизден тажрыйбалуу кызматкерлер тартылган. Анда билим алып жаткан студенттер быйыл 5-курска барышат. Алар практикалык тажрыйбаны биздин архив мекемелеринен өтөшөт. Ошондой эле алардын дээрлик бардыгын жумуш менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүгүбүз бар.
- Мамлекеттик архив кызматына быйыл 30-августта 81 жыл толду. Буга ылайык кандай иш-чаралар өткөрүлдү?
- Адаттагыдай эле алдыңкы кызматкерлерге мамлекеттик даражадагы жана министрлик тарабынан атайын сыйлыктар ыйгарылды.

Маектешкен
Динар Турдугулова,
"Эркин Тоо".




Мектеп формасы
кимдир бирөөлөр үчүн бизнеске айланганбы?
Бир баланы мектепке толук даярдоого канча акча кетет?
Анда эмесе чогуу эсептеп көрөлүчү:
Боз жука дептер ­ 2,5­3 сом
Мелован жука дептер ­ 3­5 сом
48 барактуу дептер ­ 10 сом
48 барактуу предметтик дептер ­ 20 сом
98 барактуу дептер ­ 20­30 сом
Дептер тыштагыч ­ 3­10 сом
Күндөлүк ­ 25 сом
Калем сап ­ 5­10 сом
Түстүү карандаштар ­ 15­20 сом
Жөнөкөй карандаш ­ 5 сом
Ластик ­ 5­20 сом
Клей ­ 5­15 сом
Түстүү кагаз ­ 15 сом
Картондун топтому ­ 30 сом
Черчения үчүн альбом ­ 40 сом
Сүрөт тартуу үчүн альбом ­ 30 сом
Сызгычтардын топтому ­ 25 сом
Кайчы ­ 10­30 сом
Пенал ­ 15тен 200 сомго чейин
Биринчи класстар үчүн жазуу дептери ­ 15 сом
Рюкзак ­ 200­600 сом (орточо ­ 280 сом).

Баалардын өсүшү менен быйылкы окуу жылына даярдык көрүү өткөн жылга караганда ­ 1,5­2 эсеге кымбат. Ушундан улам көптөгөн ата­энелер алдыдагы кыш башка жылдардан бир топ катаал болооруна кайыл боло, чүрпөлөрүн теңтуштарынан кем кылбай мектепке даярдоо менен алек.
Ооба, көпчүлүк бишкектиктер гана эмес, алыс­жакындан келгендер баамдагандай, эң төмөнкү баа "Дордойдогу" мектеп окуучулары үчүн атайын уюштурулган базарда экен. Андагы бир топ контейнерлер окуучуларга зарыл керектүү буюм­тайымдар менен соода кылат. Контейнерлердеги кардарлар үчүн кеңири жайылган товарлар көз жоосун алат. Каражатың болсо эле болду. Өңдөрү сертирээк, бозомук 12 барак дептер ­ 1,5 сом (бу дептер Ош базарында 3 сомдон), ал эми барактары апакай дептерлер ­ 3­5 сомго чейин. Кыскасы, бу "Дордойдогу" товарлар шаар ичиндегилерге караганда ­ 30­50%га арзан.
Бир гана айыбы ­ балдар менен бирге барып, беймарал кыдырып, соода кылууга ыңгайсыз. Себеби, ал жердеги каз­катар, маңдай­тескей жайгашкан соода точкаларынын ортосунан эл өтчү жолчо өтө эле кичинекей. Бу жагдайда эне­аталар үчүн кымбат болсо да, Ош базары жүрөктөрүнө бир топ жакын, ыңгайлуу. Бу жерде, тагыраак айтканда, мектеп окуучуларына арналган бир топ соода түйүндөрү "Кыялдын" жанынан орун алган. Эл да аз. Каалаган товарларың жайнап турат. Канцтовардан тартып китеп салгыч (рюкзак), мектеп формасы, бут кийим, спорттук кийимдерге чейин кардарларды күтөт. Бир гана айырмачылыгы "Дордой" базарынан бир топ кымбат. Аны ал жердеги сатуучулар да эч жашырышпайт. Керек болсо, август айынын акыркы күндөрүндө мектеп ярмаркасындагы баалар дагы 20­30%га кымбаттаарын айтышууда.
Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан быйылкы окуу жылында киргизилүүчү бирдиктүү мектеп формасы боюнча уул­кыздарын мектепке даярдоо үчүн базарга барган ата­энелердин нааразы кептерин көп угууга болот. Алардын айтымында (тагыраак айтканда мектеп таңуулаган) сунуш кылган баа өтө эле жогору. Бир эле баланын формасы үчүн ата­эне ­ 1200 сом сарпташы керек. А көпчүлүк ата­энелердин ага чама­чаркы жетишпейт. Анан калса, эң аз дегенде бир үй­бүлөдөн ­ 2 же андан көп бала мектепке барат да.
Ошол кыйналып, кысталып табылган каражат менен мектеп окуучулары үчүн тигилген костюмдардын (костюм­тройка) сапаты мыкты болуусу абзел. Антпесе, көпчүлүгүнүн жыл сайын уул­кыздарына жаңылап алып берүүгө кудуреттери жетпейт да.
Мына ошол министрликтин талабына ылайык кездемелердин, тагыраак айтканда кыздардын костюмдарына керектелген (костюм­тройка үчүн) кездемелердин бир метринин дүң баасы 100 сомдон бир аз жогору. А бирдей моделдеги ири заказдын тигүү наркы ­ 20­30 сомго жакын дейт адистер. Демек, болжолу мектеп формасынын баасы орточо алганда ашып кетсе 500-600 сомго турат. Ал эми бул долбоорду сунуштап жаткандардын мектеп формасын 1200 сомго баалаганы көп күмөн суроону туудурууда.
Жогорудагы долбоордун дагы бир чийкилиги ­ бүгүнкү окуучулар үчүн сунушталган мектеп формаларын үч жылга чейин кийишсе болот дешкени. Себеби, алар формаларды тигүүдө (запасы) кийинчерээк кеңейткенге болоору эске алынганын, аны ар бир эне өздөрү эле бүткөрүп алышаарын айтышууда. Тилекке каршы, алар айткандай кеңейтүү бардык эле энелердин колдорунан келбейт, экинчиден, 3­класска барган окуучу эч качан 1­класстагы формасын кийбейт, себеби кичинекей болуп калат.
­ Мен жаңы конушта турам. Быйыл окууга менин эки балам барат. Өзүм кош бойлуумун. Жолдошум жалгыз иштейт. Кантип анан 2400 сомго мектеп формасын сатып алабыз. Анан калса кездеменин түсү да мага эч жакпайт. Себеби, менин толмоч уулума бу форма эч жарашпайт. Мен ага ар дайым өзүнө жарашыктуу стилдеги кара түстөгү костюм алып берчүмүн. Аны 2­3 жыл жөн эле кийчү. Эмне дешсе ошо дешсин. Кыйын болушса уулумду мектептен ушул кийими үчүн кууп көрүшсүн. Мен уулума өзүнө жарашканын гана сатып берем. Билим берүү жана илим министрлиги бул жаңы форманы киргизээрден мурда анын балдарга жарашыгын, ата­энелердин мүмкүнчүлүгүн эч эске албаганы таң калтырат. Менимче алар биринчи кезекте мектеп окуучуларын, алардын ата­ энелерин эмес, эң негизгиси өз кызыкчылыктарын ойлошсо керек?.. ­ деди Дарика аттуу келин. Анын катарындагы кызынын керектүүсүн сатып берип жаткан эже ачуусун тизгиндей кепке аралашты…
­ Мен кызым менен ага алгачкы күндөрү күндүзү өтө ысытып тердетпеген, таңкы суукта үшүбөгөндөй кийим издеп жүрөм. "Министрлер" үчүн тигилген формаларды көрдүм, эч талапка жооп бербейт. Бирок, биз аны алганбыз, класс жетекчи менен мамилебизди бузбайлы деп. Тилекке каршы, кызым быйыл аны мектепке кие албайт. Себеби, ага тар болуп калды. Класс жетекчисине үтүктөп жатып күйгүзүп алдык дейбиз. Кыскасы, бир шылтоо табылаар, ­ дейт кыздын энеси ийинин куушуруп.
Бирдиктүү форманы уул­кыздарына сатып берүүнү ата­энелер өздөрү чечишет. Бу мектеп формасынан тышкары мектеп окуучусунун эки ак көйнөгү болушу керек. Алар ­ 100­200 сом турат. Мындан тышкары аларга туфли ­ 150­400 сом, спорт сабагы үчүн костюм ­ 200­500 сом, ага кошумча бут кийими ­ 200­400 сом турат. Жыйынтыгында бир баланы мектепке даярдоо үчүн орточо 1800­2000 сом сарпталат. Эгерде базарларды түгөл кыдыргыңыз келбей, аларга сапаттуу кийим­кече, бут кийим алып берсеңиз, анда алар ­ 3,5 миң сом менен бүтөт… Жо­жок, кымбаттуу ата­эне, муну менен эле уул­кыздарыңыз үчүн чыгымдарыңыз бүтпөйт, алдыда мектеп босогосун аттатпай мектеп ремонтуна, класстын керектөөсүнө ж.б. толгон­токой иштер үчүн деп акча сурамайлар али алдыда… Айла канча ыйлап­сыктасак да уул­кыздарды теңтуштарынын алдында жер каратпай эжей­агайлардын сураганын таап беребиз да. Кеп, агай­эжейлер да биздей маңдай тер төгө уул­кыздарыбызга сапаттуу билим беришсе эле болду…

Б.ИМАМАДИЕВ,
"Эркин Тоо".