Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№66, 05.09.08-ж.

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр






Кара­Буура районундагы Кара­Буура айыл өкмөтүнүн башчысы
Болотбек Тоташев:
"Айылдан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы шаарга айланабыз"
Болотбек Абдыбекович 1976­жылы Киров атындагы орто мектебин бүтүргөн.
1981­жылы Фрунзе политехникалык институтунун архитектура жана курулуш факультетин аяктайт. Алгачкы эмгек жолун Киров МСОсунда мастер болуп баштайт. Киров МПМК ­ 2де да эмгектенет. Бара­бара баралына жетип прораб, башкы инженерликке жетет. 1989­жылы начальник болуп көтөрүлөт. 1994­жылдан 1999­жылга чейин "Жетиген" АКсында жетекчинин орун басары, андан кийин төрагасы, 1999­жылдан райондун башкы архитектору болуп эмгектенет.
2004­жылдан бери Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы. Өмүрлүк жубайы Нурила Карабаева экөө эриш­аркак өмүр сүрүшүп, беш баланы эрезеге жеткирип, тарбиялашууда.

"Жерди бакканга бер!"
Райборбордун калкынын саны 15 миңге чукулдап баратат. Жалпы түтүнү ­ 3109. Борбору - Кызыл­Адыр Мындан тышкары Чоң-Кара­Буура, Үч­Булак айылдары бар.
Дыйкандарга тиешелүү жери 5007 гектар. Сугат ­ 4338, кайрак ­ 669 гектар. Жерди кайра бөлүштүрүү фондусунда (ФПСте) 486 гектар. Баба дыйкандар негизинен төө буурчактан баар таап, байып да жатышат. 3341 гектарга төө буурчак эгишкен. 400 гектар күздүктүн 235 гектары сугат, 165 гектары кайракы. Кыскасы, жол азабын (бажы азабын) чегип, коңшу жайгашкан Тараздын (Жамбылдын) жашылча базарынын көркүн кара­бууралыктар ачат десек жаңылышпас элек.
Жалпы айыл өкмөтүнүн аянты 29389 гектар. Жакынкы жайыты ­ 1410, ортоңку жайыты ­ 15823, алыскы жайыты - 715 гектар.
Жер болгон соң, мал болот. Малсыз, дансыз жашоо­шартты элестетүү кайдан?! Кудайдын кулагы сүйүнсүн, мурдагы жылдарга салыштырмалуу уйдун башы 271ге, койдун башы 513кө өскөн.
Мыкты фермер­малчылар Э.Сманалиев, Ж.Жумашев, А.Кудукеев, Ж.Жантемиров жана башкалардын короосу малга толууда. Калайык­калкты тонналаган азык­түлүк (эт, сүт, каймак ж.б.) менен камсыз кылууга салымын кошкондор, май чайнаткандар мына ушул ­ малдын ысык­суугуна кабагым­кашым дебеген эр­азаматтар.

"Билимсиз кайда барабыз?!"
5 орто мектеп, 1 информатика ­ чет тилдер багытындагы лицей, 4 бала бакчанын (небак курулгандардын) материалдык­техникалык базасын чыңдоого Болотбек Абдыбекович абдан көңүл бурду. Кошумча каржы булактарын, резервдерди табууга талпынды. Мисалы, "Теремок" бала бакчасынын керектөөсү 282 миңге чамалады. Андан чыгуунун жолу бар турбайбы?
Ток этери АРИС долбоорунан 3 миллион, Азия өнүгүү банкынан 5,5 миллион, көмөк берүүчү гранттан 1 миллион, айыл өкмөтү менен жамааттардан жана ички инвестицияны тартуунун эсебинен 1 миллион сом жумшалар жумуштардын изи токтолду. Иштер кызуу жүрүп жатат. Башталган иш аягына жетпей койбойт.
Отун­суунун азабы чегине жетти. Ушундай учурда кыйынчылыктан чыгуунун чырагына жерден эмес, көктөн май тамызууну көздөп, Үч­Булак айылындагы орто мектепке, Чоң­Кара­Буура айылындагы бала бакчага күн менен иштөөчү батарейка орнотуу аракети көрүлүп жатат. Мисалы, Ж.Субанбеков атындагы орто мектептин жылытуу системасы көмөк берүүчү гранттан 178 миң, айыл өкмөтүнүн эсебинен 80 миң сом жумшалып, ишке кирген. Ошондой эле ичи евростандартта шыбалган. Чатыры жаңыртылды. Жаңы типтеги спорт залдын курулушу аяктоодо.
Айыл өкмөтүнүн өз көмөгү менен "Айданек" бала бакчасы 240 миң сомго курулган. МЕРСиКО долбоору менен 80 миң сомдук жабдуу алынган. Башкы мактаныч мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын бир топ ачылган.
Мектеп менен спорттун киндиги бир. Жашынан машыкканга не жетсин. Чоң­Кара­Буура айылындагы орто мектептин спорт залы оңдолуп, күрөш залына мат алынган. Борбордук стадиондогу бассейн реконструкцияланып, катамарандуу болушкан. Спорттук иштерди ар тараптан жандандыргандыгы, мелдештерде алдыңкы орунга чыккандыгы үчүн республика боюнча уюштурулган байгеден куру калышпады, 20 миң сом менен сыйланышты. Бул албетте, сыйдын алды.

Инвестициясыз иш илгерилебейт
Чоң­Кара­Буура айылындагы мончого капиталдык ремонт жүргүзүлгөн. Кыргыз­Швейцариялык саламаттыкты сактоо долбоорунун колдоосу менен ден соолук комитети чакан мончо салышкан. Курулуш материалдарын иштетүүчү цех иштөөдө. Жаңы мечит ыйман­ызаттын очогу болуп калды. Клуб жаңыртылган. АРИС долбоору аркылуу "Таза суу" программасы турмушка ашып, ооруканага 15 чакырым капрон трубаны киргизишти, 385 миң сом сарпталды.
Баса, быйылкы жылы, "Жолдун жылы" деп бекеринен аташпады. Ага кылымдык кылган иштери айкалышып жатпайбы?! ДЭП ­ 36 мекемесинен 35 тонна асфальт алышты. 1,5 чакырым жолдун чуңкурлары түзөлгөн. Жаңы жолдор салынган. Жалаң жолду оңдоп, түзөөгө айыл өкмөтү 140 миң сом, жамаат менен ички инвестициянын эсебинен 100 миң сом жумшалган.
Эң бери жагы сегиз чоң көпүрө курулган. Аларга 120 миң сом кеткен.

Кыйраган "комхоз" кайрадан эл кызматында
Райборбордун аймагы күзгүдөй жолдору, таштандыдан арылган сулуулугу менен айырмаланып турат. Анткени, аты бар, жыты жок коммуналдык чарба ишканасын кайрадан уюштурушту. Кымбат экен деп кылчакташпай ЮМЗ ­ 6 маркасындагы эксковаторду, ГАЗ­53 Б маркасындагы автомашинаны сатып алышты. Кадимкидей колдору узарды. Дагы жаңы техникаларды сатып алышмакчы.
Көз тийбесин, болочок Ч.Айтматов атындагы борбор шаарга айлануучу Кара­Буура айыл өкмөтүнүн кийинкиси келечектүү! Бакубат айыл өкмөтүндө багын сынаган Бокебиз айыл өкмөт башчылыгынан шаар башчылыгына көтөрүлүп кетсе ажеп эмес. Ой, тиги көпүрөнү, же жолду эмнеге (канчага?!) оңдодуң дешип, эшигин тешип, "тескөөчү" текшерүүчүлөрдөн тажагандай эле болду.
Президентибиз Курманбек Салиевич Бакиев ар жыйында "цыгандай" текшерүүчүлөрдүн тирсегинен илсек, мына ошондо иш илгерилейт. Иш дегенде ичкен ашын жерге койгондордон "илинчек" издөө туура эмес деп "сансыз" текшерүүчүлөр жөнүндө айтканы капарыбыздан чыкпаса…
Болоттой жигиттер эч качан сөзүнөн кайра тартпайт. Айтканын аткарууга аттанган чынында Болот Абдыбековичтей жигиттер саналуу, арабызда аз.

Элинен, үй-бүлөсүнөн санаасы тынч
­ Элиме, айылдык депутаттарыма, жамаатыма ыраазымын, ­ дейт Болот Абдыбекович: ­ ишимди баалаган ушулар. Анткени, кылган кыймылым алардын көз алдында.
"Кайда жүрдүң, үй бетин качан көрөсүң?" ­ деп чаалыгып кеч кайтканда өмүрлүк жары Нурила Карабаева шагын сындырбады. "Көпүрөңдү жакшы курдуңбу?" ­ деп үйдө ынтымак­ырашкерликке көпүрө! Алтындай балдарды төрөп, энелик нускасын берген алганына ыраазы эки дүйнөдө.

Айчүрөк МАКЕШОВА,
"Эркин Тоо".












??.??