Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№66, 05.09.08-ж.





Түпкүргө кеткен көз ирмем
же кыргыз тарыхынын "постулаттары" жөнүндө
"Элдин сезими ­ тарых сезими. Анткени, эл тарыхты эстүүлүк, аңдап­билүүчүлүк менен жаратат. Тарых керт башыбыздан өткөргөн жеке тагдырыбыздай сезилет. Азап чегип, мээнет тартып, жүрөк элегинен өткөргөн өз тагдырыбыз сыяктуу".
Чыңгыз АЙТМАТОВ.

Акыркы кезде тарыхты жазгандар көбөйүп кетти. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Анткени, Кыргызстан эгемен өлкө болгондон кийин жалпы элибиз эркин ой жүгүрткөнгө мүмкүнчүлүк алды. Ошентип, Союз кезиндеги "ооздон жаңылган турбайт" деген замандан өткөн соң жөнөкөй санжырачыдан баштап акын­жазуучу, журналист, коомдук ишмер, саясатчы жана тарых боюнча профессионал аалымдарга чейин республикабыздын жалпыга маалымдоо каражаттарына көкүрөктү өйүгөн "ала тактар" жөнүндө кенен жазып, ал жетишинче айтып, ички бугубузду бир чыгарып алгансыдык. Эмки кезек ­ демократиянын шарапаты менен боо­боо болуп үйүлгөн маалыматтарды, макалаларды, китептерди бир ирээтке салып агын ак, карасын карадай тактап тизмектөөдө калды…
Ушул максатта мамлекет өзү колдогон тарыхчылардын атайын кеңеши түзүлүп, ага кыргыз элинин өткөн жолун терең изилдеген, тарыхый маалыматтарды мыкты билген жазуучулар, санжырачылар, коомдук ишмерлер, профессионал адистер кирсе жакшы болоор эле. Себеби, тарых ­ илим эле эмес, идеология да болуп саналат. Анын үстүнө "кечээки күн ­ сабак, бүгүнкү күн ­ жашоо, эртеңки күн ­ илгери үмүт" да эмеспи. Айрыкча, кыргыз тарыхы боюнча 1917­жылга чейинки мезгилдер жөнүндө кеп жүргөндө "бул мындай болсо керек же тигиндей болгон" деп эле, физика илиминин тили менен айтканда, Бордун постулаттарындай "бүтүмдөрдү" чыгарып жиберген "тарыхчылар" көп кездешкен. Анан ошол көз караштардан өзгөрө албай жүрө берчүбүз. Маселен, Союз бар кезинде "кыргыз элинин тарыхы Кокон хандыгы менен тыгыз байланышкан" дегендер мыскылдоо менен күлкүгө алынып же куугунтукталып келсе, азыр Кокон хандыгынын түзүлүшүндө, жашап турушунда Оң, Сол, Ичкилик кыргыздарынын кошкон салымы өтө зор экендиги айкын далилденип калды. Бул багытта дагы терең изилдөөлөрдү жүргүзүү керек. Кокон хандыгынан Алымбек датка, Алымкул бий, Жусуп миңбашы (Нүсүп), Ысакбек Асан молдо уулу (Полотхан), Кубат бий, Мусулманкул, Шабдан баатыр ж.б. жүздөгөн тарыхый инсандарды эч ким бөлүп кете албайт. Эгерде Кокон хандыгынын тарыхы бул инсандарсыз түзүлсө, анда ал кунарсыз же чылгый калп тарых болоор эле. Жогорудагыдай эл билгилердин артында бүтүндөй кыргыз эли турган. Мындан эл эле эмес, асылзат акылга бай энелерибиз да четте калбаган. Мисалы: Жаркын айым, Курманжан датка, Зыйнат датка жана башкалар.
Ушул жерден төмөнкүдөй бир чакан "эпизодду" келтире кетсек ашыкча болбос (бул маалымат "Саясат таануу" энциклопедиялык окуу куралынан алынды, 312­бет): "Шабдан Жантай уулу (1839­1912) ­ Чүй, Кемин өрөөнүндө жашаган сарыбагыш уруусунун тынай уругунан чыккан манап; Жантай хандын уулу. Саясый турмушка жаштайынан катышкан. 1860­жылдын акырында Кокон хандыгынын кол башчысы Канат­шаага кошулуп, Ташкенге барган. Узун­Агачтын жанындагы орус аскерлерине каршы урушка катышкан. Канат­шаа менен бирге Ташкенде эки жылдай турган. Сарымсак хандын уулу Шаа­Муратты хан көтөрүшүп, Канат­шаага жана Кудаяр ханга каршы чыккан кыргыз­кыпчак феодал төбөлдөрү курчап алган (53 күн курчоодо калган) Ташкен шаарын коргоодо көрсөткөн каармандыгы үчүн Кудаяр хан аны Түркстан шаарынын беги кылып дайындаган…" Мындай тарыхый окуяларды келтире берсек, өзүнчө эле "том­том" болуп кетээр, ошондуктан кыргыз элинин тарыхына тыгыз байланышкан Кокон хандыгы тууралуу сөздү ушуну менен токтото туралы.
"Түпкү атабыз Карахан..."
Карт тарыхтын Кокон хандыгынан аркы мезгилдерине карай жылсак, кыргыз жерин баскан "Калмак доору", дагы ылдый түшсөк "Чыңгызхан жапырыгы", андан ары наймандар, каракытайлар деп барып, Улуу Караханиддер дөөлөтүнө жете, бир токтойбуз. Негизи, кыргыз элинин тарыхындагы эң урунттуу мезгилдерди табигаты кооз жергебиздин бийик чокуларына салыштыра турган болсок, анда дал ушул бийик чокулардын бири ­ Караханиддер мамлекети болуп саналат. Эгерде биз Кокон хандыгынан баштап андан аркы "тоо, дөбө" тарыхтарыбызды изилдеп, аягына чыгып алсак, андан кийинки көпкө чейин токтой турган жерибиз ушул ­ Караханиддер. Орто кылымдагы көөнө тарыхыбыз дал ушул жерде жатат. Бул "бийик чокуну" багындыруу да оңой эместир. Бирок, "Караханиддер мамлекети" деген ат менен тарых аренасына келген дөөлөт азыркы Кыргызстандын чегинде жаралганы менен да өзгөчө маанилүү жана баалуу! Караханиддер бийлигинин чектери кийин бүтүндөй Орто Азияны жана азыркы Казакстандын түштүк тарабын камтыган. Ал дөөлөттүн бир ордосу (күздүк деп аталган) азыркы Токмок шаарынын жанындагы Бурана мунарасы турган жерде болгон. Шаардын аты Баласагын деп аталган. Ал эми негизги чоң ордосу азыр Кытай Эл Республикасына карап турган Кашкар шаарына жайгашкан.
Орто кылымдын чоң аалымдарынын бири, улуу акын, даанышман бабабыз Жусуп Баласагын көрүнүктүү тарыхый инсандарыбыздын көч баштоочусу катары учурдагы кыргыз тарыхынан чыккыс болуп бекем орун алды. Анын "Кут алчу билим" деген эмгеги дүйнөлүк маданияттын ири "берметтеринин" бири катары эсептелет. Экинчи бир аалым бабабыз Махмуд Кашкари болсо, Ысык­Көл аймагынын Барскоон шаарчасында төрөлгөн. Ал Кашкар шаарында билим алып, атагы чыккан үчүн "Кашкари" ысымы кошо ыйгарылган. Дал ушул Караханиддердин доорунда бүткүл Орто Азия чөлкөмү гүлдөп, өсүп­өнүгүп, дүйнөлүк илим­билимдин, маданияттын чоң борборуна айланган. Ошол кезде бул аймактан улуу философ, аалым Аль­Фараби, чыгыштын чыгаан дарыгери Авицена (Абу­Али­ибн­Сина, кыргызча аты Улукбек, Улукман аке) сыяктуу ж.б. математика, физика, география, химия, медицина илимдеринин аалымдары, атактуу акындар, колунан көөрү төгүлгөн усталар чыккан. Мамлекетибиз өсүп­өнүксүн, элибиздин духу бийик болсун десек, мына ушундай бай маданияттуу өз тарыхыбызды терең изилдешибиз абзел.
Орус элинин чыгаан окумуштуусу, тарых илимдеринин доктору, Кыргызстанды көп жылдар бою кыдырган профессор­этнограф С.Абрамзон өзүнүн кыргыздар жөнүндөгү китебинде "Караханид мамлекетинин хандары чыккан башкаруучу журт­ ягмалар кыргыз элине таандык" деген ойду айткан. Т.а. Оңдордун (Адигине, Тагай бийге караган урууларынын) Ураан­тамгасы "жагалмай" (йагалмай) болгон, ушул ураандын башка тилге өткөн транскрипциясы "ягма" болсо керек деп катуу белгилеген.
Караханиддердин дагы бир башкаруучуларынан болгон чигилдерге байланышкан кызыктуу маалымат Махмуд Кашкаринин "Лугатут­Түрк" деген эмгегинде кездешет. Анда түркий тилинде сүйлөгөн элдер (мунун ичинде кыргыздар да) чүкөнү өкчөгөндө ичи менен түшүп калса "чик" деп айтышканы жөнүндө маалымат берет. Б.а. "чик" деген сөз "чүкө ичи менен түштү" деген маанини берет. Демек, "чигил" деген сөз биздин тилде "ич ил", "ички эл" же "ички ээлик" - бул "ичкилик" деген маанини түшүндүрүшү мүмкүн. Мындан сырткары, "Манас" эпосундагы "Түпкү атабыз Карахан, Карахандан тараган" деген ыр саптарын да эске алып койгон оң. Кыскасы, тарыхчыларыбыздын Караханиддер тууралуу үңүлө изилдешер эмгектери, ири ачылыштары али алдыда деп ойлойм. Кептин баары экономикабыздын өнүгүп, мамлекетибиздин тезирээк байышында жатат. Эгерде өлкө кубаттуу болсо, элдик таланттар тоо гүлүндөй кулпуруп ачылаарын азыркы замандын мисалынан көрүүдөбүз. Маселен, быйылкы жылы Бээжинде өткөн Олимпиадада алдыңкы орунду ээлеген спортсмендер жалаң өнүккөн өлкөлөрдөн чыкканы буга бекем далил. Ошондуктан, кыргыз мамлекетинин өсүп­өнүгүшүн Кудайдан тилеп, анан катуу аракеттенүү зарыл.
Жебе болуп, желдей сызган - Нуркунан
Сөз акырында кыргыз элинин тарыхынын дагы бир "бийик чокусу" жөнүндө айта кетпесек болбойт. Ал 840­жылы тарых аренасына келген Енисей Кыргыз каганатынын соңундагы бир топ "тоо, дөбөлөрдү" ашып баргандан кийинки "чоң чоку" ­ Хунндар (Хунну, Гунну, Гунн, Гүн ж.б. аталышта) болуп саналат. Караханиддерден кийинки элибиз сыймыктана турган көөнө тарыхыбыз ушул ­ Гунндарда жатат! Кыргыз эл жазуучусу Орозбек Айтмамбетов өзүнүн "Кара Кыргыздар" деген 6 томдук тарыхый­публицистикалык ири эмгегинде Караханиддер дал ушул Хунндардын урпагы экенин далилдеп берген. "Манас баатыр бабабыз да ушул Хунндардан чыккан" деген ойду айткан. Ал эми акын жана тарых жыйнагыч авабыз Тоголок Молдо Манас баатырдын уруусу Нуркунан (Нургунан ­ А.Ч.) экенин жазып, аны байыркы кыргыз элинин курамына кирип, кийин жок болуп кеткен Эсбут, Досбут деген уруулардын катарына коет. Ошондой эле Манас баатырдын Угузхан, Караханга чейинки 17 муун ата­бабаларынын аттарын тизмектеп берген. Бу өтө кундуу маалымат. Биздин тарыхчылар мына ушул эмгекке көп көңүл бурбай келе жатышат же "көз жаздымда" калтырышууда. Маселен, кытайларда "р" тамгасы жок, ошондуктан "нуркунан" деген кыргыз сөзү кытайча "нукунан" болуп айтылат. Муну тез­тез айтканда "кунанну" же "хунну" келип чыгары көрүнүп эле турат… Деги эле Чүй, Нарын, Көл, Алай тараптагы санжырачылардын кыргыз элинин башкаруучу бийлери, падышалары, хандары жөнүндөгү генелогиялык схемалары окшош экендигин байкоого болот. Ушул жерде Карахан, Нуркунан деген аталыштар ачык эле жазылып турат, кыскача берели: Т үрк­Түтөк­ Сүйүнчүхан­Карахан­Угузхан­Кыргызхан­Нуркунан­Долонбий­Домбулбий­ Узункалпакмаатбий. Мындан Ак уул (Оң), Куу уул (Сол), Кызыл уул (Ичкилик).
Кантсе да тарыхты издөө "ийне менен кудук казгандай" машакаттуу оор иш. Ага көп эмгек жана каражаттар кетет. Андыктан, көптөгөн маалыматтардын "төө бастысында" калбаш үчүн мухиттей болгон тарыхтын кыргыз элине тиешелүү урунттуу учурларын бөлүп караган программа­багыт керек. Ушундай "урунттуу учурлардын" эң дааналары Караханиддер жана Хунндар болуп саналат. Кийин Караханиддердин тарых аренасынан кетиши менен кыргыз элинин өзүнчө эркин мамлекет, чоң державаларды курган доорлору аяктап, андан берки кыргыз элинин тарыхын карасак ачык дагы, кыйыр да күнкор болуу менен өткөнү белгилүү. Кудайга шүгүр, 1990­жылдардан бери өзүнчө түтүн булаткан эгемен өлкөбүз. Алла берген ушул белекти эч ким тартып албасын. Өсөлү, өнүгө берели.
Эскертүү: казак эли болсо өздөрүнүн байыркы мезгилдер жөнүндөгү тарыхында Хунндарга "тиштери өтпөй", кандайдыр бир "басып алуучулар" катары сүрөттөшүп, ал эми Сак (Скиф) тарыхын таптакыр өздөрүнүкү сыяктуу "ээлеп алышыптыр"… Алардын "аргументи" боюнча "сака" деген сөздү тез­тез айтканда казак келип чыгат экен. Тарыхка кызыккан адамдарыбыз бизге боордош калктардын да мына ушундай ой­пикирлерин "эске алып" койгондору оң го дейм.
Азизбек ЧАМАШЕВ,
"Эркин Тоо".