Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№66, 05.09.08-ж.

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр






Ак-караны так айткан,
Акыны болгун элиңдин
Өткөн айдын акыркы үч күнүндө кыргыз маданиятынын тарыхында кала турган орчундуу окуя болду. Республикабыздын эгемендүүлүк алган күнүнүн майрамына карата Президентибиздин атайын уюштурган байгесине ылайык казак жана кыргыз төкмө акындарынын ортосунда Эл аралык айтыш Бишкек шаарында өткөрүлдү.
Бул айтышка Кыргызстандан 30 төкмө акын катышып, алардын ичинен казактардан келүүчү 5 акын менен марага чыгуу үчүн 8 гана акын тандалып алынды.
Айтыштын үчүнчү күнү жалпы жыйынтык чыгарылып, Президенттин 100 миң сом баш байгесине Кыргызстандан Майра Керим кызы менен Казакстандан келген акын Үрүстөм Кайыртай уулу татыктуу болушуп, биринчи орунга -Раисова Канышай (Казакстан) Туткучов Аалы (Кыргызстан)- 50 000 сом,
Экинчи орунга - Толгонбаев Азамат (Кыргызстан),
Гафуров Аслан (Казакстан)-30 000 сом, үчүнчү орунга-Калиев Серик (Казакстан), Токтобеков Жеңишбек (Кыргызстан)-20 000 сомду утуп алышса, төртүнчү орунга коюлган -10 000 сомдон коюлган акчаны, Айтикеев Адилет (Кыргызстан), Сарсенбаева Күмүсай (Казакстан), Кулуев Максат (Кыргызстан), Кутманалиев Амантай, Козукеев Рахматулла менен Акимбеков Абдубалилер жеңип алышты.
Баш байгени алган эки акынга "Айтыш" коому тарабынан да 20 000 сомдон Эстебес Турсуналиев атындагы акчалай сыйлыкты ошол фонддун Президенти Садык Шерниязов тапшырды.
Айтыштын калыстар тобунун курамы 9 кишиден туруп, ага Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору Кайыпов Сулайман Турдуевич төрагалык кылды.
Курч жана калыс өткөн бул Эл аралык айтыштын айрым катышуучуларына жана калыстар тобунун мүчөлөрүнүн бул жарыштын өтүшү боюнча ой-пикирлерин билүү максатында суроолор мене кайрылган элек:
Кайыртай уулу Үрүстөм, баш байгенин жеңүүчүсү, казак акыны
- Кыргыз элине биринчи ирет келип турумуз. Буга чейин биздин акындарымыз да айтыска талай келип, кыргыз баурларымыз да талай ирет бизге барган. Эки элдин ортасында тагында буюрса талай айтыстар болады деп ойлайм. Бул ирет айтыс өтө асманга көтөрилди. Мемлекеттик маселелер адеми түрдө айтылды. Куда кааласа биз да бир айдан кийин кыргыз акындарын чакырып айтыс өткөремиз.
- Айтыштын өтүшүнө кандай баа бересиздер? Калыстарга нараазычылыктар жокпу, айтыштын мындан ары өтүп турушуна көз карашыңыз кандай?
- Эң баскысы эки элдин акындары бирин-бири сыйластыгын арттыра берсе, бардык нерсени шешүүгө болады. Калыстар тобунун бардык мүшелери так истеди. Казакстан тараптан келген акындарымыздан эш кандай нааразышылыктар болган жок. Аларга мың реет рахметимизди айтамыз. Кыргыз акындары дале осылай ойду айтат го деген ойдамыз.
- Президент тараптан, Өкмөттөн келген биздин жетекчилер, Маданият жана маалымат министри 3 күн катары менен ордунан жылбай эки элдин акындарынын айтышына катышып отурушту, муну кандай баалайсыз?
- Муну - ал кисилердин өнөргө деген каты баа берүүсү, бул, өнердин өркиндеп келажаткандыгы конактарды, достыкты сыйлагандыгы деп баалаймыз.
Сиздерге, кыргыз элине үлкен рахметимизди айтамыз, кайрадан казак жеринде жүздешкенче амансау болуңыздар!..
Сарсенбаева Күмүсай, айтышта 4-орунга татыган казак акыны
- Күмүсай, сиз бүгүн баш байгени албасаңыз да 4-орунга чыктыңыз. Айтыштын жүрүшүнө, калыстар тобуна нааразы эмессизби?
- Мен бас байгени алмай калганга эч кандай таарынбайм, эч кандай иренжимейм. Аны биз алып жүргөн байге го.
Басымызды сыйлап шакыргандан кийин, биз бул айтышты жане эки элди сыйлагандыгымыз үшүн келемиз. Кыргыз, казак бир тууган дейт эмеспи, сол үшүн да келүүмүз керек. Айтыска катысуу биз үшүн үлкен сыймык. Элдин көңүлин, кара калыктын көңүлин көтеремиз деп келгенмиз. Элдин ишиндегини эки ауз сөз менен айтсак, бизге үлкен күш, мээрим береди.
Мен өзүм Бишкеке канатташ кордойдо турамын. Сиздердин Дордойго күндө келемин. Кыргызстандын да экономикасы көтерилип, бир топ жаксыланып келе жатыр. Эр Манастын урпагы дегендей, мыкты мамлекетти көргимиз келеди, сиздерден. Сондой Улуу эл болсоңуздар экен деген тилек, ниеттер менен келгенмиз. Үлке-ен мейрамдарыңызда сиздерге тагы да үлкен бахыт тилеймиз. Жерлериңиз кутка толсун, элдериңиз бай болсун, барлыктарыңызга сондой жаксылык тилеймиз! Биздин туускан экенимиз осы айтыстың аркасында тагы да жакындай түстү го деймиз.
- Ыракмат сиздерге!
Жеңишбек Токтобеков, Кыргыз төкмө акыны, айтышта 3-орунга ээ болгон
- Жеңишбек мырза, бүгүнкү Бишкектеги казак-кыргыз айтышы дегеле мурун биз, көрүп-билбеген жагдайда өттү. Ондогон жылдар бою республиканы башкарып келишкен андан мурунку өлкө башчылары деле мынчалык каражат бөлүп 3 күн бою Эл аралык айтыш өткөргөн эмес эле, азыркы иш-чараны кандайча кабыл алдыңыз да, кандайча баалайсыз?
- Эми, акын болгондон кийин акыйкаттан танбашыбыз керек. Өзүбүздүн Президентибиз Курманбек Салиевич Бакиевке чыны менен ыраазычылыгыбызды айтабыз. Экинчиден, ажобуздан дагы суранаарыбыз, бул айтышты бир жылда эмес жарым жылда бир өткөрүп турса абдан сонун болоор эле. Анан, кандай деңгээлде өттү деп сурап жатасыз, өтө мыкты деңгээлде өттү. Биз аябай кубанычтабыз. Байге да туура чечилди. Бул жерде бары биринен-бири өткөн күлүктөр. Байгени акын бирде алса, бирде албайт эмеспи. Ушул айтыш баарына тең ийгиликтүү болду.
- Ыракмат.
Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз Эл акыны, калыстар тобунун мүчөсү
- Шайлообек Дүйшеевич, ушул жолку Эл аралык айтышка көз карашыңызды айтып кетсеңиз?
Мындай айтыштар мындан мурда деле болуп келген. Кыргыз-казак айтышы биздин филармонияда алгач башталганда казактарга төө берип, алар кыргыздарга жылкы тартуулоо менен башталган болчу. Азыр анын баары акча бирдиги менен бааланып калды.
Адегенде, казактар айтышта утуп кетип жүргөн, себеби алардын даярдыгы күчтүү болчу. Бизде баягы эле төрт төкмө… Ошондо ошол 4 акындан башка акын чыкпайт деген түшүнүк бар эле. Кийинчерээк бизде жаш акындар өстү. Ушул жолку айтыш -жакшылык иштердин башталышы гана. Бүгүн мамлекеттик катчы эмдиги жылы баш байгени бир миллион сомго көтөрүү жагы каралып жатат деген жакшы сөздөрдү айтты. Эгер, андай болуп калган болсо ойдогудай жакшы иш болоор эле…
- Ыракмат!..
Садык Шерниязов, Кыргызстандагы айтыш коомунун алгачкы уюштуруучусу жана Президенти
- Садык Шерниязович, мен ушул өткөн үч күндүк кыргыз-казак Эл аралык айтышын "Улуу Айтыш"-деп атаар элем, анткени өлкөнү 25, 15 жыл башкарган Эл башчылары деле казына корунан мынчалык көп чыгым жумшап айтыш өткөрүү үч уктаса түшүнө да кирген эмес эле да?..
- Сиз абдан туура суроо бердиңиз жана "Улуу Айтыш" -деп туура ат коюпсуз. Мен буга кошулам, себеп дегенде, Президенттин байгесине арналган айтыш "Улуу Айтыш" болбой койбойт.
- Сөз арасында сурай кетейин, Буга чейин Өлкө башчыларынан бирөө-жарымы, ушундай Эл аралык айтышты өткөргөнбү?
- Жок, мындай болгон эмес, бул биринчи жолу болуп жаткан Президенттик байге. Анан дагы бул эки элдин ортосундагы кош байге. Эки элди бөлүп-жарбай коюлган байгенин чоң мааниси мына ушунда болду. Мына ушунусу менен айырмаланды.
- Ыракмат, ишиңизге ийгилик болсун!
Керим кызы Майра - баш байгенин ээси, кыргыз акыны
- Майра Керим кызы, сиз өзүңүз казак кызы болсоңуз да, кыргыз келини болуп калганыңызга, айтыш өнөрүн аркалап кыргыз элинин аброюн дайым көкөлөтүп көтөрүп жүргөнүңүз үчүн биз сыймыктанабыз. Кемчиликтер болсо аны да айта кетсеңиз. Казак- кыргыз төкмө акындарынын айтышынын өтүшү жөнүндө жеке ой-пикириңизди газета окурмандарга сунуш этсек дедик эле?
- Бул айтыштан, бул өнөр адал кыргыз казактын өнөрү экени көрүндү. Кол чаап, отурган элге, кара кылды как жарган калыстар тобуна ыракмат. Баш байгени алганыма өтө кубанычтуумун. Мен бактылуу акынмын. Айтыштын баланча жеринде кемчилдик бар деп айта албаймын. Анткени айтышып жатканда кайсыл жерде кемчилик, кайсыл жерде артыкчылыкка көз салып олтурмак турсун ал жерде адам өзүнүн аң-сезими менен, акыл майданында рингинде жана өзү менен өзү күрөшүүдө болот.
Ал эми, айтыштын жалпы жонунан алып караганда, биринчи бул жолу айтышта - чогуу айткан тандоо турдан баштап эң акыркы байгеге чейинки айтышып жаткан акындардын бардыгы эң чоң байгеге чогуу барып жүргөндөр. Мени менен айтышкан Сапарбек Зулпуев баш болуп, Казакстандан келген Үрүстөм Кайыртай уулу, Серик Калыев, Аслан Гафуров сыяктуу байгелерге ээ болгон акындарга ыраазычылыгымды билдирем.
- Бул байгени Ажобуз өзү баш болуп көңүл буруп уюштуруптур, мындан кийин кандай болушун каалар элеңиз?
- Негизги бу айтышты Дастан ага баш болуп, Садык Шерниязов сыяктуу айрым жеке адамдардын уюштуруп жүргөнүн көргөнбүз. Ушул улуу өнөр өлүп кетпесе экен деп, айтыш өткөрүү үчүн демөөрчүлөр изделчү. Мунун башаты тээ 1992-жылга туура келет.
Ал эми, бул сапар, Президенттик байге коюлат экен дегенди укканда, биз абдан толкундандык. Эл башы өзү, элдик өнөргө көңүл бурганы бизди абдан толкутпай койбоду. Чоң жоопкерчилик болду. Курманбек Бакиевге ыракмат, иштерине ийгилик каалайбыз. Элибизге ак жол, токчулук ынтымак тилейм!
Жамакчынын жаагына Кудай тек жакшы ырларды салсын.
- Калыстар тобунун курамына адилеттигине кандай баа бердиңиз?
- Алар калк шайлаган калыстар. Ал жерге аалымдар, окумуштуулар, төкмөлөр, ырчылар бардыгы бар. Ошолордун бардыгы калыс иш кылды. Бири кем дүйнө дегендей, калыстардын арасында сыркоолоп жатышкандыгына байланыштуу катыша алышпай калган Ашыкемдин, Тууганбай Абдиевдердин жок орду оркоюп көрүнүп турду. Калыстар тобунун ичинде болбой калды дегенде 4-5 төкмө акын болсо өтө жакшы болоор эле... Себеби, ал кишилердин алдында акындар айтышканда, мамлекеттик сынактан өткөндөй болот эле деп ойлойм…
Бирок, ошондой болсо да ушул айтышта, Бексултан Жакиев, Сулайман Кайыпов, Сапарбек Касмамбетов, Дастан, Түгөлбай, Төлөгөн агалардын калыстар тобунун арасында отурушу биз үчүн сыймык.
- Ыракмат өнөрүңүз өркүндөй берсин!
Үч күнгө созулган элдик кара жаак, кайкы тил төкмө акындарынын ортосундагы курч айтыш мына ушундайча өтүп, калыстар тобу тарабынан туура таразаланып, айтышка катышуучулардын бары ыраазы болуп кайтышты.

Мамат Өсөров,
"Эркин Тоо".












??.??