Балбанды жеңгенде макта, эрдигин даңкта
Чындыгында Канатбек менен Русландын жеңишинен кийин эми өлкөбүздө күрөшкө болгон кызыгуу артпай койбойт. Балбандарыбыздын ийгилиги канчалаган жаштарды шыктандырып койду. Ошол күнкү салтанатка катышып олтурушкан мектеп окуучулары менен студенттер мына ушул эки балбаныбызга Президентибиз өзү баш болуп байгелерди тапшырып, сый­урмат көрсөтүп жатканына күбө болушуп кимиси кандай таасир алганын айтуу кыйын. Таасирленбей да кое албайсың. Анткени, бул салтанат өтө чоң уюшкандыкта, эсте каларлыктай болуп өттү.
Жыйындан чыккан эл котолоп спорт ордосунун маңдайына коюлган Канатбек менен Русланга берилчү эки жол тандабас жип автоунааларын үймөлөктөшүп "мурда мындай болгон эмес" дешип өзүнчө эле ыраазы болушуп, алкап жатышты.

3-бетте.




  БШК кабарлайт

Кеп-кеңештерди берип келишет
КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы К.Кабилова баштаган КР БШКнын өкүлдөрүнүн тобу Жалал­Абад облусунда жүрүшөт. Алардын негизги максаты болуп Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук­практикалык иш­чаралардын календарлык планынын аткарылышына көзөмөл жасоо саналат. Атап айтканда, участкалык шайлоо комиссияларын, ошондой эле шайлоочулардын тизмелерин түзүү жүрүмдөрүнүн так сакталышы, бул аймакта жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү иштеринин жүрүшү менен таанышып чыгып, тийиштүү түшүндүрмөлөрдү, кеп­кеңештерди беришүүдө.

Мэрлерди шайлоо боюнча комиссиялар түзүлдү
Үстүбүздөгү жылдын 3­сентябрында КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын отуруму болду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругуна ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу башчыларын - Токмок жана Таш­Көмүр шаарларынын мэрлерин шайлоолорду уюштуруу үчүн КР БШК аталган шаарлардын мэрлерин шайлоо боюнча комиссияларды түзүү тууралуу токтом кабыл алды.
Токмок шаарынын мэрин шайлоо боюнча комиссиянын курамына комиссия төрагасы ­ КР БШК мүчөсү Д.В.Лисовский, КР БШК мүчөсү Ж.С.Алымбекова жана Чүй облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Р.А.Иманбекова, ал эми Таш­Көмүр шаарынын мэрин шайлоо боюнча комиссиянын курамына комиссия төрагасы - КР БШК мүчөсү К.Маматкеримов, Жалал­ Абад облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.А.Ашимов жана Жалал­Абад облустук шайлоо комиссиясынын катчысы Б.М.Турдубаева киришти.

КР БШКнын басма сөз кызматы.



















??.??