Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№65, 29.08.08-ж.





 31-август - Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн күнү

Эркиндикти туу туткан эл кайраты миң жылдык
Дамира Ниязалиева, Жогорку Кеңештин депутаты
- Биздин эл илгертен эркиндикти сүйгөн эл. Кылымдан келаткан кыргыз элине эгемендиктин берилиши өтө чоң сыймык болду. Бизди дүйнө жүзү таанып келатат. Аларга катарлаш өнүгүп-өсүп келатканыбыздын башкы себеби - эгемендикти алганыбыз. Эгемендикке ээ болгону биз менен абройлуу өнүккөн өлкөлөр эсептеше башташты. Ушул 17 жылдын ичинде эл аралык ири ШКУ, ОДКБ өңдүү эл аралык мекеме-уюмдарга мүчө болуп кирдик. Акырындык менен биз көп нерселерге жетишип келатабыз. Биз коңшу өлкөлөргө салыштырганда демократиялуу өлкөбүз, бизде сөз эркиндиги бар. Мен сүйүктүү кыргыз элимди эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм!

Турсун Турдумамбетов, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитетинин төрагасы
- Биринчиден, канчалаган мамлекеттер согушуп жетпей жүргөн эгемендүүлүккө биз кыйналбай жеттик. Бул чоң жетишкендик. Экинчиден, эгемендүүлүктүн аркасы менен Кыргызстанды бүткүл дүйнө таанып жатат. Бардык тараптан өнүгүүгө өбөлгө түзүлүп, дүйнө элине канатташ саясат жүргүзүүгө мандат алдык. Албетте, 17 жыл мезгил алкагынан алып караганда чоң мөөнөт эмес. Сөзсүз түрдө туура жолго түшүш үчүн маселелер жаралат. Ошентсе да өнүгүү жолунда кемчиликтерге караганда жетишкендиктер көп болду. Келечекте чакан мамлекетибиз өнүксө, биз көрбөсөк да балдарыбыз сезе турган деңгээлге жетишебиз.

ТЕМИРОВА Кайринса Хасановна, № 1 ҮМБ, врач­гинеколог:
- Эгемендүүлүк ­ бул көз карандысыздык.
Биз өз тилибиз, жердеген Ата Мекенибиз, көтөргөн туубуз, гимнибиз, гербибиз бар толук кандуу эгемен мамлекет болдук. Ата­бабалардан калган, кылымдан­кылымга берилген тарыхыбыз бар. Дүйнө мамлекеттеринин катарында биздин мамлекеттин туусу желбиреп турса кантип толкундабайсың.

МАМАЕВ Салибай Пусуевич, № 27 кесипчилик лицейдин устаты, окутуучу, КР Өкмөтүнө караштуу кесипчилик билим берүү агенттигинин отличниги:
- Эгемендүүлүк Кыргызстан үчүн көптөгөн жылдардан бери эңсеп жүргөн, күтүп жүргөн тилек болчу. Кыргыз эли байыртадан көчмөн калк болсо да өзүнүн жерин, Ата Мекенин урпактарга сактап келген. Эгемендүүлүк Кыргызстан үчүн өзүнчө иш баштоого, жогорку деңгээлдеги жетишкендиктерди жаратууга жол түздү. Бир сөз менен айтканда, эгемендүүлүк ­ чоң жетишкендик, биз үчүн чоң майрам. Ошон үчүн биз 31­августту эгемендүүлүк күнү деп белгилеп, майрамдап жүрөбүз. Эгемендүүлүк кыргыз эли үчүн, анын ичинде мен үчүн бакыт­таалай, келечекте өсүп­өнүгүү жолунун башаты. Баарыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктайм!

Жумаев Сагындык Шаршекеевич, Ак-Ордо конушунун тургуну:
- Кыргызстан чакан мамлекет болсо да жакында өткөн олимпиадада спортсмендерибиз жеңишке жетишип, Кытай жергесинде туубузду көтөрүп, гимнибиз жаңырды. Бул да эгемендүү мамлекет экенибизди башка мамлекеттердин арасында дагы бир жолу далилдеди. Биздин эгемендүүлүгүбүз дагы кылымдан­кылымга уланып, бизден кийинки урпактарга да эстафета катары калаарына толук ишенем. Ошондой эле жалпы кыргыз элин 31­август ­ эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайм!

ЭЛИМ КҮТКӨН ЭГЕМЕНДИК - ЭЛ ЭРКИ!
Айтибай Тагаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы

Урматтуу мекендештер!
Баарыңыздарды Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан алдыда келе жаткан Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктаймын.
Мындан он жети жыл илгери - дал ушул күндөрү элибиз эзелтеден эңсеп, аруу тилек кылган өлкө эгемендүүлүгү өз колубузга тийип, эрктүү мамлекеттин түндүгү бийик көтөрүлгөн эле. Демек, Эгемендик күнү -Кыргызстандын соңку тарых башаты болуп калды. Мына ошол тарыхый күндөн тарта калкыбыз өз тагдырын өзү чечип, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү менен өз алдынча алака түзүп келет.
Акыркы жылдары саясый, экономикалык, социалдык, маданий багыттарда бир катар кечиктирилгис маселелерди чечүү милдети турган. Мына ушундай тарыхый кырдаалда ары жооптуу, ары ардактуу эл ишенимин аркалоо менен, Жогорку Кеңеш жогорудагы милдеттерди аткаруу максатында анын мыйзамдык базасын чыңдап жаткан учуру. Ушу тапта бир катар заманбап жаңы мыйзам долбоорлору иштелип чыгып, айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилүүдө. Анын баары элибиздин кызыкчылыгы үчүн иштей тургандыгына ишенебиз.
Өткөн мезгил аралыгында Кыргызстан жалпы адамзат өнүгүү көчүнө кошулуп, демократиялык ачык коомду түзүү жолуна түштү. Эми мындай алгылыктуу саамалыктардын тамырын дагы тереңдетип, ар бир жаран үчүн жагымдуу шарт түзүп берүү менен, жамы журттун байгер жашоо-турмушун камсыз кылууга баарылап бар аракетти жумшообуз зарыл. Эгемендиктин башкы озуйпасы да дал мына ушунда турат.
Ардактуу мекендештер, эгемендүүлүк мааракеңиздер кут болсун. Эгерим, журтубузду эч качан эл эркинен жаралган эгемендик тагдырынан айырбасын!

Керим Турапов,
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын директору, Кыргыз Эл артисти
- Кыргыз эли эгемендүүлүк алууда жолдуу болду. 20-30 млн. калкы бар элдер бүгүнкү күнгө чейин өздөрүнүн мамлекеттери жок жүрүшөт. Көз карандысыздык үчүн канчалаган элдердин каны төгүлгөн. Аларга салыштырмалуу кыргыз эли бактылуу эл экен. Анткени, ата-бабаларыбыз илгери эле чек араларын белгилеп, ажайып кооз жаратылышыбызды сактап, муундан-муунга өткөрүп беришти. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө жаратылышыбызды бүлүндүрүп, улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү, баалуулуктарыбызды жоготуп бараткандайбыз. Сөз эркиндигине жамынып оозубузга келгенди отточу болдук. Бирок, кандай жагдай болбосун, баары бир желегин желбиреткен эгемендүү өлкө бойдон кала беребиз.


Турусбек Мамашов,
КР Өкмөтүнө караштуу туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору
Кудай таала бизге өтө жеңил жол менен эгемендикти берди. Кыргызстан азыр келечеги кең, өнүгүп бараткан өлкө катары дүйнө жүзүнүн көз кырында турат. Улам алдыга умтулган биздин эл ырым-жырымын, каада-салтын, дүйнөдө жок "Манас" эпосун, көчмөндүк салтын, улуттук касиетин, менталитетин сактаган улуу эл катары өз ордун таба алды. 17 жыл аз убакыт, дагы убакыттар өтүп, Кыргызстан дүйнө элин суктандырган өнүккөн өлкө болооруна толук ишенем. Учурдан пайдаланып, бардык кыргызстандыктарды 31-август эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

ЖУМАКАДЫРОВА Калиман,
КУУнун 1­курсунун студенти:
Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгону менен өзүбүздү өзүбүз толук камсыз кыла албай жатабыз деп ойлойм. Менин оюмча карапайым эл көбүрөөк кыйналып калууда. Элди жумуш менен камсыз кылып, башкача айтканда өндүрүшүбүздү жандандырып, заводдорубузду иштетип, тышкы жана ички саясатыбызды өз алдыбызча жүргүзө берсек, толук кандуу эгемендүү болот элек.

С.Максутова, Ж.Эргешбаева,
А.КЕРИМБЕКОВА, Ж.ДЫЙКАНОВА, "Эркинтоо".




  Майда-маани

Талас облусуна барат
29-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев бир күндүк жумуш сапары менен Талас облусунда болот.
Мамлекет башчысынын жумушчу сапарынын учурунда кыргыз элинин эпикалык улуттук баатыры Айкөл Манастын айкелинин ачылышына катышып, кээ бир өнөр жай объекттерине барат жана облустун калкы менен жолугушат.

1-сентябрь - эс алуу күнү
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, 31-август- эгемендүүлүк майрамы дем алыш күнүнө туш келгендиктен, эс алуу күн кийинки жумуш күнүнө жылдырылат. Ошондуктан 1-сентябрь эс алуу күнү деп жарыяланды.

Конфуций институту ачылды
Бишкек гуманитардык университетинде Конфуций институту ачылды. Аталган институт жаңы окуу жылына карата студенттерди кабыл алууга даяр. Андан 200дөн ашуун студенттер билим алмакчы. Ушул тапта дүйнөнүн 70 өлкөсүндө 260 Конфуций институту бар. Конфуций институту кытай тилин, маданиятын жана дүйнө таанымы боюнча билим берет.

Тазалык комитеттери жоюлду
Бишкек шаарынын тазалыгын камсыз кылган райондук комитеттери жоюлуп, анын милдети "Тазалык" муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилет. Бишкек мэриясы мындай чечимин райондук комитеттердин шаарды көрктөндүрүү, таштандыларды өз убагында тазалоо иштери боюнча жетиштүү иш алып барбагандыгы менен түшүндүрөт. Аны менен катар бөлүнгөн каражаттар сарамжалдуу пайдаланбай келген.

Жусуп Бакиев атындагы фонддун жардамы
Жогорку Кеңештин "Ак Жол" фракциясы жана Жусуп Бакиев атындагы коомдук фонду медициналык мекемелерге 2,9 млн. доллар өлчөмүндө гуманитардык жардам көрсөттү. Гуманитардык жардам жети облустун ооруканаларына жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна бөлүндү. Берилген дары-дармектер максаттуу пайдалануу үчүн уюштуруучулар тарабынан көзөмөлгө алынат.

Москвадан атайын адистер келишти
"Боинг - 737" учагынын кырсыкка учуроо себебин иликтөө үчүн Москва шаарынан атайын адистер келишти. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги атайын комиссия түзүп, Москва шаарынан эл аралык авиация комитетинин атайын адистерин чакырган.
Ал эми Акыйкатчы институту "Боинг-737" учагынын кыйрашынын себептерин өз алдынча иликтемей болду. Бул максатта атайын комиссия түзүлүп, ишке кирди.

31-август күнү Борбордук Ала-Тоо аянтында оюн-зоок иш-чаралары өтпөйт
"Боинг-737" учагынын кырсыкка учурашына байланыштуу 31-август эгемендүүлүк күнү Ала-Тоо аянтында оюн-зоок иш-чаралары өткөрүлбөйт. Мындай чечимди Өкмөт кабыл алды. Бирок, республиканын аймактарында эгемендүүлүк күнүнө карата белгиленген майрамдык иш-чаралар өтө бермекчи. Кыргыз Өкмөтү кабыл алган чечимди жалпы эл түшүнүү менен кабыл алып, жабыр тарткандарга моралдык жактан колдоо көрсөтүлөөрүнө ишенет.

Даярдаган Ж.Дыйканова, "Эркинтоо".