Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№63, 22.08.08-ж.





Бишкек шаардык мамлекеттик автоинспекциясынын начальниги, милициянын подполковниги
Токтосун Сатаров
МАИде аялдар взводу иштей баштайт
- Токтосун Сапарбекович, КРнын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам кабыл алынып, өз ишин конкреттүү түрдө баштоодо, буга кандай себеп түрткү болду деп ойлойсуз?
- Чындыгында бул кодекстин өзгөртүлүп берилиши бүгүнкү күндүн талабына толук кандуу жооп бере алат. Баарыңыздардын жүрөгүңүздөрдү өйүгөн жол кырсыгынан улам канчалаган адамдар каза болушуп, кейиштүү абал бүгүнкү күнгө чейин уланып келүүдө. Мына ушундай абалдардан чыгууга жаңы мыйзам өз таасирин берет деп ишенсек болот. Далилдүү белгилей кетсем, биздин кызматкерлерге толугу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жол коопсуздугун иретке келтирүү маселесинде мурдагыдан да бир топ катуу талаптар менен ишти аткарып жатабыз.
Ал эми бул кабыл алынган мыйзам мамлекетибиздин ар бир жаранына тиешелүү экендигин белгилеп кетким келет, себеби ар бирибиз окуп, билип, түшүнүшүбүз зарыл. Ар бир адам жол кыймылынын катышуучусу болуп эсептелет. Бир гана айдоочу эмес, жолдон өтүп бара жаткан адам дагы өзүнө тиешелүү эрежени сактоосу зарыл. Кандай учурда болбосун автокырсыктын болушуна себепкер болгон жөө жүрүүчүлөргө да ири өлчөмдө айып салынарын баса белгилеп кетким келет.
Ал эми өзгөртүүлөр киргизилген мыйзамда административдик айыптар күчөтүлүп, жогорулатып көрсөтүлгөн. Бул боюнча жалпы коомчулук кабардар болуп калышты. Мисалы, айдоочу кур тагынбай айдап кетип жаткандыгы үчүн башта 50 сом айып төлөп келген болсо, бүгүнкү күнү 300 сомго жогорулап олтурат. Мындай жол эрежесин бузган айрым айдоочулар эч нерсе болбогон өңдүү "эмне үчүн тосо бересиңер, ушуну көрүп калдыңарбы" дегендей кыска ой жүгүртүүлөрүн айтып, нааразы болушат. Курун тагынып жол кырсыгына кабылган адамдардын 90%ы дени сак, аман калгандарын турмушубузда көп эле көрүп келатабыз. Эми ойлоп көрүңүз, ошол машинадагы кур жөн жерден орнотулган эмес. Ал рулда отурган адамдын коопсуздугуна ылайыкташтырылган. Бул талапка ар бир айдоочу милдеттүү түрдө макул болуп, аткаруусу зарыл.
- Машина айдап баратып, чөнтөк телефону менен сүйлөшүү да жол эрежесин бузуунун бир түрү катары белгиленди, эми мунун жыйынтыгы кандай болор экен?
- Бүгүнкү күндө мына ушул чөнтөк телефондун кесепетинен улам жол кырсыгы катталган фактылар көп болуп жатат. Эң жөнөкөй нерсе, рулда кетип баратып, бирөөгө чалыш үчүн ар бир номерди карап теришке туура келет, бул учурда айдоочу сөзсүз алагды болот. Мына ушундай көрүнүштөрдөн улам алдыдагы машинаны сүзүп алуусу, же жолдон чыгып кетүүсү, же жолдон өтүп бараткан адамга маани бербей сүзүп алуусу толук мүмкүн. Кырсык деген көз ирмемдин ортосунда болот да. Ошондуктан, бул маселе ары олуттуу да, кооптуу да болуп саналат. Ушундан улам рулда олтуруп, телефон менен сүйлөшүп бараткан айдоочуга 200 сом айып салынат.
Дагы бир айта кетчү жагдай, айдоочунун транспорт каражаттарын алкоголдук, наркотикалык же токсикоманиялык мас абалында айдоосу эсептешүү көрсөткүчүнүн он, беш өлчөмүндө администрациялык айып салынат же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратылышына толук жол берилген.
- Ал эми мас абалында авариялык кырдаалды түзгөн айдоочуга кандай жаза колдонулат?
- Бул учурда администрациялык айып салынат же эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө айдоочулук укугунан ажыратылат. Мас абалында жол эрежесин бузса, ошондой эле татаалдашкан оор абалды пайда кылса, ошончолук айыптын суммасы жогорулап, айдоочулук укуктан ажыроо мөөнөтү да узартыла бермекчи. Ошол эле учурда мас абалындагы айдоочулар белгиленген тартипке ылайык мас абалын күбөлөндүрүүдөн өткөрүүдөн баш тартса, он беш суткага администрациялык камакка алууга жаңы кабыл алынган мыйзам жол берет. Бул боюнча ар бир айдоочу, дегеле ар бир жаран кабардар болуусу абзел. Жогорудагыдай талаптардын аткарылышы оңунан чыгып, өз жыйынтыгын берерине мен толук ишенем.
- Токтосун Сапарбекович, уруксат берилбеген жерлерге токтотулган автоунаалар ээсинин макулдугусуз МАИнин машина токтотуучу жайына жеткирилүүсүнө толук негиз бар, эмнегедир бул иштин аткарылышы айдоочулардын түшүнбөстүгүнөнбү, тоготпостугунанбы же МАИ кызматкерлеринин өз ишине салкын мамилесинен уламбы, жанданбай келет, сиз буга кандай жооп айтасыз?
- Бул жерде мурдагы кабыл алынган кодекстин ошончолук деңгээлдеги таасирдүүлүгүнүн жок болгондугун, ошол эле учурда МАИ кызматкеринин да салкын мамилеси бар экендигин жашырууга болбойт. Айдоочулар да уруксат эместигине карабай, мисалы, аялдамага каз катар тизилип, туруп алышат. Бул багытта биздин кызматкерлер үзгүлтүксүз иш алпарып жатышат. Бирок ага карабастан, көндүм адатка айланган көрүнүштүн көйгөйү уланып келет. Мындай маселеге жалпы коомчулук маани берип, бирдикте иш жүргүзүшүбүз керек.
- Жакынкы күндөрдө МАИ кызматкерлеринин катарына аялдар курамынан турган взводдун пайда болору жалпы коомчулукту кызыктырууда. Мунун себеби эмнеде, зарылдыгы барбы?
- Бардык өнүккөн мамлекеттерде ар тармакта аялзатынын орду бар, ошол эле учурда орган кызматтарында да аялдар эмгектенип келишет.
А эмне үчүн биздин өлкөдө мындай көрүнүш болбошу керек? Негизинен аялзаты аралашкан иштин ийгилиги болоруна ишенүүгө болот. Бул маселе ИИМ тарабынан колго алынып, ишке ашыруу алдында турат. Аял кишинин МАИ кызматына келишинин көп пайдалуу жакшы жактарын эске алсак болот. Айталык, айдоочулар менен биздин кызматкерлердин ортосунда бири-бирин түшүнбөөчүлүк, конфликттер болуп кетиши мүмкүн. Ал эми кыздардын жол эрежесин бузган айдоочуну тосуп, документтерин текшерип, тийиштүү талаптарды коюусунда ал айдоочу кыз кишиге болгон сый-урмат менен жооп берип, ашыкча сөз болбошу мүмкүн. Бүгүнкү күндө биз аларды окутуп жатабыз. Алардын кийиле турган формаларына чейин көңүл бөлүүдөбүз.
Мисалы, биз шаардагы мектептин окуучулары менен болгон түшүндүрүү иштерин көп уюштурабыз. Бул боюнча кыздардын сөзсүз түрдө салымы болот. Аларда энелик мээрим күч алган, ал эми балдарга мындай сезим тез таасир берип, бат кабыл алышат, б.а. алар үйрөнүүгө толук далалат кылышат.
Биздин алдыдагы иш-максаттарыбыз ишке ашарына жана аялдар курамынан түзүлүп жаткан взводдун ишинин жыйынтыгы коомчулуктун ыраазычылыктарына татыктуу болушарына үмүтүбүз чоң.

Айзада Дүйшөнбаева,
"Эркинтоо".




Айтматовго арналат
Адабиятчы, окумуштуу Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси менен уюшулган "Адабият жана искусство маселелери" деген илимий журнал кыргыз жана орус тилдеринде былтыртадан бери чыгарылып келе жатат. Журналдын №1-саны чыкканда залкар жазуучубуз, академик Чыңгыз Айтматов да өз батасын берип, ак жол каалап, тилегин жазган эле. Журналдагы чыгармачылыкка байланыштуу терең маанидеги материалдар коомчулугубуздун көңүлүн буруп, мугалимдер менен студенттердин окуу куралы болуп келе жатат. Жакында журналдын №3,4,5 сандары Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып чыкты. Окурмандар жазуучу тууралуу М.Ауэзовдун, Л.Арагондун, Г.Гачевдин, А.Золотовдун, Л.Левченконун, К.Асаналиевдин, А.Садыковдун, Л.Үкүбаеванын, С.Байгазиевдин, Ч.Жолдошеванын, А.Акматалиевдин ж.б. илимий макалалары менен тааныша алышат. Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда май айында өткөн эл аралык конференциянын материалдары да журналдын бул сандарынан орун алган. Макалалардын диапазону да кеңири: кино, театр, музыка, балет, педагогика, методика, психология, тил, адабият, философия, тарых ж.б. Журналды Чыңгыз Айтматовдун ар кыл мезгилдеги 150дөн ашуун түстүү сүрөттөрү көркөмдөп турат. Дүйнөлүк жазуучуну акыркы сапарга узатуу мезгилинде Президент К.С.Бакиевдин сүйлөгөн сөзү, КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин жана окурмандардын көңүл айтуулары да жарыяланган.




Канча кылым өтсө да өчпөс жылдыз,
Замандын залкар уулу аты ­ Чыңгыз.


Журналдын бул номерлери да Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын ар тараптан таанып-билүүгө өз салымын кошмокчу.
Кыйынчылык учурда демөөрчүлөрдү таап, руханий дүйнөнү окурмандарга сунуш кылышкан профессор Абдылдажан Акматалиев жетектеген жамаатка коомчулук ыраазы болууда.
Т.БЕКОВ.


Аска­зоо урап бузулду,
Асманда күн да тутулду.
Теңдешсиз уулун жоготуп,
Ата­Журт ыйы угулду.

Табият ыйлап, тал ыйлап,
Адамзаттын баары ыйлап.
Кайрылып кайра келбейт деп,
Сезимдерди жан кыйнайт.

Аскасы көккө мелжиген,
Чокусу жылдызга жеткен жер.
Манас Тоо, даңазалуу Шекерде,
Чолпонбай, Чыңгыз өскөн жер.

Күн Чыгыш менен Батышка,
Из калтырып өттүңүз.
Табият берген талантты,
Бапестеп дайым өстүңүз.

Маржан БЕКМАНБЕТОВА,
Шекер ­ Бишкек.