Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№58, 08.08.08-ж.






  Кыргыздын ыйык жерлери

Табышмактуу ташрабат
Орто кылымдарда Борбордук Азияда курулган архитектуралык эстеликтердин арасынан Нарын облусунда жайгашкан айтылуу Ташрабат тарыхый комплекси эң уникалдуу деп эсептелинип келет. Себеби, Ташрабатка окшош чоң, архитектуралык курулуш ыкмасы татаал эстелик бүтүндөй Азия аймагында жок. Жалаң жалпак таштардан салынгандыктан ал Ташрабат аталып, бүгүнкү күндө дүйнө элинин туристтерин кызыктырган жайга айланган. Ташрабат деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте, Нарын облусунун Ат-Башы районунун борборунан 80 километр алыстыкта, Тянь-Шандын тоолорунун арасындагы Кара-Коюн капчыгайында жайгашкан. Биздин эрага чейинки II-I кылымдарда жана биздин замандын I-II кылымдарында Кара-Коюн капчыгайынан Кытай менен Фергананы байланыштырган саясый жана соодалык чоң мааниси бар кербен жолу өткөн экен. Кийинчерээк кербенчилер ал жолдон өтүшпөй, түндүктөгү жолдон өтө башташат. XIII кылымдарда Чыңгызхандын ордосунун чабуулдарынын айынан түндүктөгү шаш- түрк кербен жолу жабылып, соодагерлер кайра Кара-Коюн капчыгайынан өткөн кербен жолун пайдаланганга өтүшөт. Ошол кезде Ташрабат курулуп калган экен. Соодагерлер рабатка токтоп, түнөшүп, кайра жолун улашкан деген маалыматтар бар. Илим өнүгүп, цивилизациянын келиши менен археолог тарыхчылар арасында эгер Ташрабат XIII кылымдарда бар болсо ал качан, ким тарабынан курулду экен деген суроо туулуп, изилдөөгө алына баштайт. Ал союз убагына чейин, андан кийин да көп изилденип, бирок ушу күнгө чейин изилдөөлөр так эмес болуп келет.
Уламыштарда.
Ташрабаттын курулушу тууралуу эл оозунда айтылып жүргөн уламыштардын биринде ошол жерде бир хан жашап, анын эки уулу болгону айтылат. Күндөрдүн биринде хан өзүнүн байлыгын, хандыгын балдарынын кимисине калтыраарын билбей "балдарым экөөң элдин жакшы жашоосу үчүн бир жакшы иш жасагыла, кимиңердин жасаган ишиңер жакшы болсо ошого хандыкты берем"-, деп тапшырма берет. Балдарынын улуусу эл жакшы жашаш үчүн душмандан коргогон чеп керек деп Ташрабатты, Ош шаарынын жанына бир чеп куруптур, кичүү уулу болсо элдин кат-сабатын жойгонго, жерди иштетүүгө, соода жүргүзүүгө көбүрөөк көңүл буруптур. Хан кичүү уулунун бул эмгегин баалап хандыкты ага берет.
Экинчи уламышта ошол аймакта жашаган элдерге жараткан кылган күнөөлөрү үчүн катуу сел жөнөткөн экен. Элдин баары селден каза табышып, арасында ошол кезде сыйынуучу жай (Ташрабатты) куруп жаткан ата-бала аман калыптыр. Бирок, Ташрабатты атасы жалгыз куруп бүтүргөн экен. Баласы Рабаттын жанынан өткөн кербенден бир кызды сүйүп калып, аларды ээрчип кете берет. Ошондо абышкага сыйынуучу жайдын жанынан өткөн зыяратчылар жалпак таштарды коюшуп жардам көрсөтүшкөн делет.
Тарыхый булактарда
Тарыхчылардын арасында бул уламыш библиядагы сел тууралуу сюжеттерди эске салгандыгы айтылат. Анүстүнө 1901-жылы Ташрабатты изилдегени ориенталист, аймак таануучу Н.Пантусов келип, ал жерден сирия тилинде жазылган жазуусу бар сыйынуучу таштарды тапкандан кийин бул тарыхый эстелик христиандардын чиркөөсү болушу мүмкүндүгүн айткан. Анын оюн 1979-1980-жылдарда Ташрабатты изилдеген советтик археологдор тастыкташып, эстелик X-XI кылымдарга таандык, табылган буюмдарына караганда бул жерде несториандар (Византиялыктар) жашашкан деген божомолдорду айтышкан. Бул илимий жыйынтыкка Ташрабат жөнүндөгү үчүнчү уламыштын өзүнчө түшүндүрмөсү бар. Илгери бул жерлерде теңирчилик динин тутунган кара кыргыздар жашаган. Күндөрдүн биринде Азыркы Атбашынын аймагына кара кыргыздарга тааныш эмес динди тутунушкан элдер келишип, аларды башкарган бир баатыр тез аранын ичинде Ташрабатты курдуруп бүтүп, жергиликтүү элди өздөрүнүн динине окутуп, үй-жайы жокторду Ташрабатка жашатып турган экен. Бирок, кийинчерээк белгисиз себептер менен аларды башкарган баатыр жоголуп, анын элин батыштан чыгышты көздөй кетип жаткан кербенчилер туткунга алып кетишет. Элдин уламышына таянсак рабатты хринстиан дининдеги адамдар куруп, ошол жерде жашагандыгынын чындыгы да бар. Себеби тарыхчылардын айтымында биздин эранын I кылымынан баштап Жибек жолунун кербен жолдору менен дүйнөгө диндердин таралышы башталган. Индиядан Согдианна, Тянь-Шанга чейин буддуисттер, V кылымдан баштап Батыштан чыгышты көздөй христиан монахтары, миссионерлери христиан диндерин жайылтышып жүрүшкөн. VI кылымдарда Согдианнада Христиандардын чиркөөлөрү көп болгон. Ошол кезде түрк тилдүү элдердин көпчүлүгү несториандар болушкан делет.
Кыргыз тарыхчылары болсо Ташрабатты ким, качан кургандыгы жөнүндө башка тарыхый булактардан таап чыгышкан. XV-XVI кылымдарда жазылган Мырза Хайдар Куренкандуглаттын" "Тарих - и Рашиди" тарыхый дил баянында Ташрабатты Монголстандын бийлеринин бири Мухаммед- хан курдурган деп айтылат. Бул тарыхый дил баяндын 27 бөлүмүндө "Мухаммед -хан Чадир-Күл ашуусунун түндүк тарабына бир рабат курду"-деп айтылган. "Тарих - и Рашидидеги" Чадир-Күл албетте биздин Чатыр-Көл катары кабыл алынган. Мухаммед -хан бул аймакка ислам динин таркатыптыр. Эгер бир адам башына чалма кийбей койсо анын башын кыйдырып салчу экен. Бирок Ташрабаттын Мухаммед-хандын курдургандыгын дагы башка тарыхчылар жеришип жүрүшөт. 1499-1551- жылдары жашап өткөн Мырза Хайдардын бул жазгандары так эмес болушу мүмкүн. Себеби бул дил баян ошол кезде монгол хандарынын бири султан Кашкар Абу-Рашиддин ата-бабасынын тарыхын жазып калтыруу тапшырмасы менен жазылган дешет. Ошондуктан анда мактоолор орун алып калышы мүмкүн деген божомолдор бар. Ал эми белгилүү тарыхчы Чокон Валихановдун изилдөөлөрүнө караганда Ташрабатты XVI кылымдарда Бухарадан баштап Түркстандын бүт аймагын башкарып турган шейбан ханы Абдуллах хан курдурган. Бирок, Ч.Валихановдун бул ойлору тарыхый, археологиялык далилдердин толук эместигинен так эмес деп табылган. Оозеки уламыштардын биринде Абдылла деген бухардык хан калмактар менен болгон согушта чеп катары пайдалануу үчүн "1001 рабат" курган деп айтылып жүрөт.
Ошентип Ташрабаттын качан ким курганы бүгүнкү күнгө чейин так далилдене элек. Тарыхый эстеликтин архитектуралык курулушун, жасалгасын XV кылымдардагы Самарканддын, Бухаранын архитектуралык мектебинин куруучулук ыкмаларына окшоштуруп келишет. Ошентсе да Ташрабатты көпчүлүк ошол кезде болуп турган согуштардын айынан чеп катары курулган деп божомолдошот. Анын таштан курулган 40-41 бөлмөсүндө жергиликтүү эл душмандан коргонуп жатышкандыгы жөнүндө да уламыштар бар.
Ташрабаттын 40-41 бөлмөсү жөнүндө да өзүнчө уламыш айтылып жүрөт. Бөлмөлөрдү санасаң кээде 40, кээде 41 болуп эч качан саны бирдей чыкпайт. Мунун себеби ошол убакта душмандардан коргонуу үчүн бир бөлмөсү атайын табышмактуу жол менен курулуп, хандын көрүнбөй бекинип калуусу үчүн шарт түзгөн делет. Ташрабаттын алдындагы зындан менен лабиринт бөлмөлөрү да душмандардан коргонуу үчүн курулган деген божомолдор бар. Ташрабаттын негизги бөлүгүндөгү эки мунара болсо алыстан келе жаткан жоону байкоого кароолдор үчүн курулган. Ташрабаттын кербен жолунан алыс курулушу да ушул багытта болгон. Себеби, душман раббатка келүү үчүн бир гана Кара-Коюн капчыгайынан өтүүсү керек болгон ал капчыгайга болсо желдеттер коюлуп чеп кайтарылып турчу экен. Кийинчерээк бул тарыхый жерге Жибек жолунан өткөн кербендер, элчилер келип, конгон жайга айланыптыр. Археологдор менен архитекторлор рабат таштан курулса да анын архитектуралык ыкмасы өтө чеберчилик менен курулган дешет. Себеби анын ичи кандайдыр бир жол менен желденип, аба кирип, ичи ным болуп кетпейт. 21 бөлмөсүнүн төбөсү жарым шарга окшоп ийилип жасалып, аларда жарытылыштык гипс менен чопонун аралашмасынан жасалган материалдын издери бар. Рабаттын бөлмөлөрү мурун аябай бийик болуп, каалгасынан атчан киши өтө тургандай болгон экен. Азыр алардын көбү чөгүп кеткен. Чептин арткы бөлүгү болсо тоодон түшкөн көчкүлөрдүн айынан жерге сиңип кеткендей көрүнүшкө ээ болгон. Учурда бул тарыхый эстелик туристтер үчүн эң табышмактуу комплекс катары кабыл алынат. Өзгөчө анын бир санасаң 40, бир санасаң 41 даана чыккан бөлмөлөрү бүгүнкү күндүн баш катырмасына айланып, кызыгууларды жаратып келет. Дагы бир кызыгы Ташрабаттын айланасынан рабатты курууда пайдаланылган таштай таштарды гана эмес, бир кумалак ташты да табууга болбойт. Ташрабаттын жалпак таштарын кайдан, ким алып келгени азырга чейин табышмак боюнча калууда. Табышмактуу Ташрабатты ким, качан курбасын анын тарыхый мааниси учурда артып турган кези. Ал эми канчалаган муундун өкүлдөрүн көрүп, кылымдарды карыткан бул эстеликтин кандайча пайда болуп калгандыгы дагы изилдене турган иш.

Жазгүл Кенжетаева,
"Эркинтоо".












??.??