Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№58, 08.08.08-ж.






  Кудайберген Базарбаев:

"Шайлоону ачык, айкын жана калыс өткөрөлү"
2008-жылдын 4-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти 2008-жылдын 5-октябрына жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндөгү Жарлыкка кол койду. Бул жолку шайлоо өнөктүгү мурдагы шайлоолордон кандай өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат? Ушу тапта алдыдагы шайлоого даярдык көрүүлөр кандай мүнөздө жүрүп жатат? Өтө маанилүү өнөктүктүн катышуучуларына БШК эмнелерге айрыкча көңүл бурууга кеп-кеңеш берүүдө? - мына ушундай жана башка толгон-токой суроолорго жакындан жооп алуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Кудайберген Базарбаевге кайрылдык.

- Кудайберген Базарбаевич, азыркы өтө маанилүү учурдагы КР БШК иштеринин негизги багыттарын чечмелеп берсеңиз…
- Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоолорду дайындоо жөнүндө Жарлыгы жарыяланар замат Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын отуруму болуп, анда БШКнын шайлоо жүрүмүнүн бардык катышуучуларына Кайрылуусу, шайлоолорго даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы жана 2008-жылдын 5-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн сметасы кабыл алынды. Дагы бир маанилүү нерсе, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын натыйжалуу камсыз кылуу максатында шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү маалында жарандардын кайрылуулары, сунуштары жана даттануулары менен чапчаң иш алпара турган коомдук кабылдамасын ачуу тууралуу атайын БШК токтому кабыл алынып отурат. Ал документте жаңы түзүм ишинин так графиги каралган. Тагыраак айтканда, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү мезгилинде КР БШК коомдук кабылдамасы күн сайын саат 9.00дөн 16.00гө чейин саат 13.00 - 14.00 демалуу убактысы менен, демалыш күндөрүсүз иштей баштайт. Коомдук кабылдамасынын дареги:
- Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюна Борбордук комиссиясынын имараты, 1-кабат, №103-бөлмө;
- Ош шаары, Ленин көчөсү, 221, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Ошондой эле, бардык деңгээлдеги шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн кесиптик даярдыгын жогорулатуу максатында шайлоо комиссияларын окутуунун графиги жөнүндө токтом кабыл алынды. Окуу семинарлары мезгил сынагынан өткөн "каскад" таризинде жүргүзүлмөкчү. Бекитилген графикке ылайык, биринчи кезекте КР БШК аппаратынын кызматкерлери, облустук жана Бишкек шаардык шайлоо комиссияларынын төрагалары менен катчылары, андан кийин облустук, Бишкек шаардык жана округдук шайлоо комиссияларынын курамы толугу менен атайын окуудан өтүшөт. Ал эми участкалык шайлоо комиссиялары түзүлүп бүткөн соң, алардын төрагалары менен катчылары, андан кийин шайлоо комиссияларынын толук курамы семинардан окушат.
Эң негизгиси, шайлоого карата даярдык Шайлоо жөнүндөгү кодекске жана бекитилген календардык планга шайкеш жүрүүдө.
- Ушул күздө өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгү мурдагы шайлоолордон эмнеси менен айырмаланат?
- Кыйла эле өзгөчөлүктөр бар. Ошондуктан, шайлоо жүрүмүнүн баардык катышуучулары бир катар олуттуу айрымачылыктарга жакшылап көңүл буруусу зарыл. Биринчиден, Шайлоо жөнүндө кодекстин жаңы редакциясына ылайык шайлоо күрөөсүн төгүү ченеми алынып салынды. Мындан ары саясый партиялар жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу аркылуу жарандар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугуна ээ болду. Округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын курамы да ушундай эле жол менен түзүлүп, ага эки гана субъект катыша алат - саясый партиялар менен шайлоочулардын чогулуштары.
Добуш берүү жайынан сырткары жерде добуш берүү маселеси да кыйла маанилүү жагдайлардын бири болуп саналат. Эгер мурда арыздар добуш берүү убактысы бүтөрүнө 6 саат калганга, тактап айтканда, 14.00гө чейин кабыл алынып келсе, Кодекстин жаңы редакциясына ылайык, азыр добуш берүү күнүнө добуш берилген күндөн кийинки күндүн саат 18.00нөн кеч эмес убакытта кабыл алынат.
Дагы бир маанилүү жагдай - шайлоо күнү шайлоочуларды кошумча тизмеге киргизүү маселеси. Ошентип, Шайлоо жөнүндө Кодекстин жаңы редакциясына ылайык шайлоо өткөн күнү шайлоочуларды кошумча тизмеге киргизүү тизмеден чыгуу күбөлүгү менен сот чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Тизмеге жазуу участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы менен катчысынын колу жана ал түзүмдүн мөөрү, ошондой эле экиден кем эмес шайлоо комиссиясынын кеңеш берүү добушуна ээ мүчөсүнүн колу, ал эми шайлоо комиссиясынын кеңеш берүү добушуна ээ мүчөлөрү жок болуп калган учурда, талапкердин, саясый партиянын өкүлдөрүнүн же байкоочулардын колу менен бекитилет.
- Депутаттык орунга талапкерлер курамына кире турган жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын саны канча?
- Дайындалган шайлоо күнүндө 503 айылдык кеңешке шайлоо жүрөт. Алар: Бишкек шаардык кеңеши, 9 облустук маанидеги шаардын кеңеши, 12 райондук маанидеги шаардын кеңеши, 428 айылдык жана поселкалык кеңеш, 2008-жылдын 29-майындагы "Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" мыйзамга ылайык - 40 райондук кеңеш. Азыркы чакырылышындагы депутаттарынын ыйгарым укуктары кийинчерээк бүтө тургандыктан, 31 жергиликтүү кеңештин депутаттарына шайлоо өткөрүлбөйт. Алар: Ош, Каракол, Токмок шаардык кеңештери, 28 айылдык кеңеш.
Өзгөчө баса белгилей кете турган нерсе, КР Өкмөтүнүн сунушу боюнча мамлекет башчысынын Жарлыгы аркылуу республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймагында жайгашкан 13 айылдык округ, поселка, айыл жоюлган. Ошондуктан, ал айыл округдары менен поселкаларда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жүрбөйт, бирок ал айыл округдары менен поселкалардын шайлоочулары өздөрү кирген шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катыша алат.
- Кудайберген Базарбаевич, депутаттык мандатка ээ болуу үчүн кандай шарттар зарыл, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына атсалышууга ниеттенген жарандар кандай аракеттерди жасоого тийиш, ушул тууралуу учкай маалымат бере кетсеңиз…
- Шайлоо жөнүндө Кодекстин талаптарына ылайык, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына курагы 20 жашка жеткен, тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.
Талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалганда башталып, шайлоого 30 календардык күн калганда аяктайт. Талапкер же саясый партия тиешелүү документтерди округдук шайлоо комиссиясына тапшырат. Андан кийин округдук шайлоо комиссиясы талапкерди каттоо жөнүндө же андан баш тартууга жүйөлүү чечим кабыл алат. Үгүт иштери бардык талапкерлер катталып бүткөндөн кийин башталат. Анын бардык мөөнөттөрү менен жолжоболору Шайлоо жөнүндө Кодекс аркылуу регламенттелген. Баса, шайлоо жүрүмүнүн бардык катышуучуларына, анын ичинде талапкерлер менен саясый партияларга жардам катары айта кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Боршайкому тарабынан ар кандай багыттагы эскертмелер, брошюралар, колдонмолор жана көрнөк материалдар даярдалып жатат, алар жакын арада таркатылат.
Мындан тышкары, облустарда, Бишкек жана Ош шаарларында жарандарынын саны 24 миңден ашкан бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары үчүн окуу семинарлары менен тренингдерди өткөрүүнү пландаштырып жатабыз, ал үчүн атайын программалар, окуу жана тренинг графиктери түзүлүүдө.
- Сизде шайлоо жүрүмүнүн катышуучуларына карата дагы кандай каалоолор менен кошумча маалыматтар бар?
- Учурдан пайдаланып айта турган болсок, саясый партиялар менен шайлоочуларга жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайлоо боюнча райондук, шаардык (округдук) шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү башталгандыгын эстерине салабыз.
Саясый партиялардын (конференциялардын), шайлоочулардын чогулуштарынын протоколдору, көрсөтүлгөн талапкерлердин округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болууга макулдугу жөнүндөгү арызы округун көрсөтүү менен шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча тиешелүү облустук, Бишкек шаардык комиссияларына тапшырылууга тийиш. Шайлоо жөнүндө Кодекске ылайык округдук комиссия шайлоо дайындалгандан 10 календардык күн аралыгында түзүлүүгө тийиш.
Ошону менен бирге шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышкысы келген жалпыга маалымдоо каражаттарына айта кете турган нерсе, шайлоо дайындалгандыгы жөнүндө КР Президентинин Жарлыгы жарыялангандан 5 күндөн кеч эмес мезгилде эфирдик убакыттын, басма аянтынын төлөм өлчөмү жана дагы башка шарттары тууралуу маалымат жарыялоого тийиш.
ЖМК өзүнүн бааларын бардык мезгилдүү басылмаларга жарыялай берсе болот. Ошол эле учурда эфир убактысына, басма аянтына төлөмдөр баардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн бирдей өлчөмдө болууга тийиш. Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бардык талапкерлерге даяр экендигин билдирген кабаркат, ал жарыяланган гезиттин ошол санынын көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы расмий жарыялангандан 5 күндөн кеч эмес мезгилде Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылат.
- Сиздин оюңузча, алдыдагы шайлоого БШКнын канчалык деңгээлде даярдыгы бар?
- Мен жогоруда айтып өткөндөй, округдук жана участкалык комиссияларды түзүү иши Шайлоо жөнүндө Кодекске ылайык комиссия курамдары түзүлүп жаткандыгы тууралуу жана аларды түзүүгө саясый партиялар менен шайлоочулардын чогулуштарын чакыруу маалыматтарын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо менен башталат.
Дагы баса белгилеп кетким келет: Кодекске ылайык, шайлоо мөөнөтү дайындалгандан кийин ага даярдык көрүү жолжобосу бүтүндөй бир иш-чаралардын топтомун жүргүзөт, ал эми БШК башында турган белгиленген программаны толугу менен жүзөгө ашырат.
Сөз соңунда шайлоо жүрүмүнүн баардык катышуучуларына кайрылуу менен, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өнөктүгүн ачык, айкын, калыс жана өлкө мыйзамдарына шайкеш өткөрүүгө чакырабыз.

Ихболжан Мирсаидов,
КМШ Парламенттер аралык катышуучу-мамлекеттеринин демократиялык өнүгүү, парламентаризм жана жарандардын шайлоо укуктарын сактоого мониторинг жүргүзүү эларалык институтунун Бишкек филиалынын директорунун орунбасары.












??.??