Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№58, 08.08.08-ж.






 10-август - Кыргыз Республикасынын куруучуларынын күнү

Жалалабат облусунун Ноокен районундагы "Масыайылкурулуш" Ачык акционердик коомунун башкы директору Давлетов Болотбек Эргешович менен маек
Куруучулук кесиптин кадыры өсүүдө
­ Болотбек Эргешович, сиздердин ишкана Жалалабат облусундагы курулуш тамагындагы алдыңкы ишканалардын катарына кирет экен. Алгач ишкананын тарыхы тууралуу кыскача маалымат бере кетсеңиз?
­ Биздин ишкана 1974­жылдын 1­февралында Базаркоргон районунун Сакалды айылындагы колхоздор аралык курулуш башкармалыгынын базасында Сакалдыдагы колхоздор аралык курулуш мекемеси болуп уюштурулуп, анын биринчи жетекчиси болуп Аралов Эсенгелди дайындалган. Ал эми 1974­жылдын август айында ишкананын жетекчиси болуп Гайрат Разыков, 1976­жылы ишканага жетекчи болуп Жуматай Искендеров бекитилип, бул киши 1984­жылга чейин жетектейт. Ал эми 1984­1986­жылдары ишкананы Жусупбек Максуталиев, 1987­жылы болсо Жаныш Кулуев жетектеп ишкананы өнүктүрүүгө чоң салым кошушкан. 1990­жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин "Масыайылкурулуш" ачык акционердик коомун мен жетектеп келе жатам. Өткөн аралыкта биздин ишкана облусубуздун аймагындагы көптөгөн социалдык объектилерди, турак жайларды, көпүрөлөрдү куруп бүткөрүп, пайдаланууга бердик.
­ Өткөн жылдары сиз жетектеген "Масыайылкурулуш" ачык акционердик коому кандай ири курулуштарды пайдаланууга берди?
- Өткөн 2007­жыл биздин жамаат үчүн ийгиликтүү жылдардын бири болду. Анткени, биз мурдагы жылдарга салыштырганда эки эсе көп курулуш объектилерин куруп бүткөрүп, тапшырдык. Мисалы, Масы айылындагы Масы­Сай көпүрөсүн куруп бүткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарыялаган тендерди биздин ишкана утуп алып, 4604525 сомдук курулуш иштерин аткардык. Андан сырткары Аксы районунун аймагындагы "Бозбу­Ата­Суу" каналын реабилитациялоо иштерин жасап, 1651282 сомдук жумуш аткарылды. Ошондой эле Ноокен районундагы Шайдан­Сайда суу жээктерин бекемдөө боюнча дагы биздин ишкананын кызматкерлери 257151 сомдук жумуштарды аткарышты. Өткөн жылдагы ири курулуштардын катарына Жалалабат шаарында "Спутник­А" кооперативинин заказы менен учур талабына ылайык авиакассаны 5711029 сомго бүткөрүп, пайдаланууга бердик. Ал эми Ноокен райондук аймактык оорукананын хирургия жана төрөт бөлүмдөрүнүн имараттарын сапаттуу ремонттон чыгарып, 478115 сомдук иш аткарууга жетиштик. Базаркоргон районундагы № 6 Б.Осмонов атындагы орто мектептин имаратын 1407217 сомго ремонттон өткөрүп бердик. Ал эми Ош­Бишкек автожолундагы Базаркоргон районунун аймагында жайгашкан Кара­Үңкүр көпүрөсүнүн жээктерин бекемдөө иштерин колго алып, 17031532 сомдук жумуш аткарылды. Жалпысынан өткөн жылы 31140851 сомдук курулуш иштери бүткөрүлгөн.
­ Үстүбүздөгү жылы сиздердин ишкананын куруучулары бүткөрүп жаткан объектилерге токтоло кетсеңиз?
­ Быйылкы жылы да биздин ишкана бир топ тендерлерге катышып, жеңүүчү болуп, азыр курулуш иштерин жакшы темпте улантып жатышат. Базаркоргон районундагы Бабаш­Ата участкасындагы сайдын жээктерин бекемдөө иштерине активдүү катышып, 1600000 сомдук кызмат көрсөтүлдү. Ал эми Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл­Кыя айылындагы көпүрөнү 8364529 сомго куруп жатабыз. Андан сырткары Ноокен районунун Арал айылында 192 орундуу мектептин имаратын 5800000 сомго бүткөрүүгө белсенип аракет кылып жатабыз. РСКнын Ноокен райондук бөлүмүнүн имаратын оңдоп, капиталдык ремонттон чыгаруу үчүн 5512853 сомдук курулуш иштерин аткаруу белгиленген. Ошону менен бирдикте быйыл Ноокен райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүн капиталдык ремонттон чыгаруу үчүн 2200000 сомдук жумуш аткаруу белгиленген. Буюрса, быйылкы жылы белгиленген курулуш объектилерин сапаттуу бүткөрүп, пайдаланууга берүү үчүн бардык аракеттерди көрөбүз. Баса белгилей кетчү нерсе, 2008­жылы биздин "Масыайылкурулуш" ачык акционердик коомунун куруучулары 35372582 сомдук курулуш иштерин бүткөрүүнү пландаштырып, аны ашыгы менен аткарууга астейдил аракеттерди көрүп жатышат.
­ Сиздер негизинен мектептерди, ооруканаларды, көпүрөлөрдү куруп жатыпсыздар. Өндүрүмдүү иштөө үчүн техникалар менен камсыздоо кандай абалда?
­ Өзүбүздүн ишкананын карамагындагы техникаларды сапаттуу ремонттон чыгарып, пайдаланып жатабыз. Бүгүнкү күндө бизде жалпысынан 21 ар кандай маркадагы техникаларыбыз бар. Курулушка эң зарыл, керектүү болгон автокран, экскаватор, бульдозер, жүк ташуучу кубаттуу автоунаалар бар. Азыр запастык бөлүктөрдүн кымбатташы, күйүүчү майлардын баасы улам жогорулап жатышы бизге өз кедергисин тийгизип жатат. Өзүбүз чарбалык эсепте иш алып баргандыктан бардык зарыл болгон нерселерди өзүбүз базардан сатып алууга туура келүүдө. Аракет кылсаң беркет болот экен. Иштиктүү аракетибиз текке кетпей, жыл өткөн сайын жакшы көрсөткүчтөрдү камсыз кылып жатабыз.
­ Сиздердин тармактагы эң көйгөйлүү маселелер кайсылар?
­ Учурдагы эң көйгөйлүү маселе бул адам ресурсу. Себеби, курулушта иштей турган жаштар дээрлик көпчүлүгү Россияга кетип калышкан. Албетте, ал жакта курулуш тармагында жакшы эмгек акы алгандыктан, биздеги эмгек акы көпчүлүк жаштарды канааттандырбай калды. Бүгүнкү күндө адам жетишпей, курулуш иштерин бат бүткөрүүгө өз кедергисин тийгизүүдө. Экинчиден, биз кээ бир объектилердин курулушун бүткөрүп коебуз, ал эми акча каражаты чечилбей биздин ишибизге тоскоол болгон учурлар көп. Эгерде өз учурунда каражат маселеси чечилсе, биз зарыл болгон курулуш материалдарын камдап алмакпыз.
­ Бүгүнкү күндө сиздердин ишканада канча адам эмгектенип жатат?
­ Азыр биздин ишканада жалпысынан 90го жакын адам эмгектенүүдө. Алардын эмгек акысын өз убагында берип турабыз. Андан сырткары биздин ишкана салыкка жана Социалдык фондго болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөгөн ишканалардын катарына киребиз. Бүгүнкү күндө эч кандай карыздарыбыз жок. Жылына салыктын түрлөрү боюнча 3­4 млн. сом салык төлөнөт. Ишканабыз өткөн жылга салыштырмалуу 4 млн. сом курулуш иштерин арбын бүткөрүү милдеттенмесин алганына байланыштуу, салыктын да көлөмү бир кыйла жогорулайт.
­ Сиздерде эмгектенип жаткан куруучулардын социалдык маселелерин чечүүгө да көңүл бурулуп жатабы?
­ Албетте, куруучулук кесип оор болгондугуна байланыштуу биз куруучуларды эс алууга чыкканда курортторго, эс алуу үйлөрүнө жөнөтүп ден соолуктары чың болушуна кам көрөбүз. Майрамдарда сыйлыктар берилет, жакшылык­жамандык болсо ишкана тарабынан материалдык колдоо көрсөтүлөт. Майрамдарды жогорку деңгээлде уюштуруп беребиз.
­ Бүткөрүлгөн курулуш объектилеринин сапаттуу болушуна кандай маани берилет?
­ Эң биринчи курулуп жаткан объектилердин сапаттуу болушуна бардык аракеттерди көрөбүз. Азыр рыноктун талабы да ошондой. Эгерде биз сапатсыз курулушту бүткөрсөк, экинчи бизге эч ким ишенип объекти бербейт. Азыр курулуш компаниялары да көбөйүп атаандашуу күч алган мезгил. Ошондуктан, биз өзүбүздүн аброюбузду сактап, курулушту сапаттуу, заманбап кылып бүткөрүүгө ынтызарбыз.
­ Ишканаңыздардагы алдыңкы кызматкерлерге да токтоло кетсеңиз?
­ Биздин ишканада өз кесибин сүйгөн, дасыккан куруучулар арбын. Мисалы, башкы инженер Кубатбек Каназаров, прораб Бахадир Юлдашев, айдоочулар Абдыкахар Мансуралиев, Абдыжалил Абдыкадыров, автокрановщиктер Асылбек Акматов, Акылбек Абдирашитов, экскаватор айдоочу Фархат Абдырахманов, бульдозер айдоочу Кахар Умаров өз кесиптеринин устаты болуп эсептелет. Мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жакында боло турган Кыргыз Республикасынын куруучуларынын кесиптик майрамы менен жалпы өлкөбүздүн аймагында эмгектенип жаткан куруучуларды майрамы менен куттуктайм. Түйшүктүү куруучулук кесибинен баар таап, кооз имараттарды куруп республикабыздын аймагында көз жоосун алган ажайып жайлардын көбөйүшүнө өздөрүнүн салымын кошо беришерине тилектешмин.
Маектешкен
Абдиламит ЖУМАШЕВ,
"Эркинтоо".












??.??