Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№58, 08.08.08-ж.






Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы коомдук мамлекеттик капиталдык курулуш башкармасынын начальниги
Муктар Айткулов:
"Жаңы мектеп 1-сентябрда пайдаланууга берилет"
"Бишкек шаарында жаңы конуштар кана кандайча пайда болду эле?" - деген суроого жооп табыш оор болсо да сыймык! Өз мекенинде батирде жашашкан жаштардын алакандай жер участогуна ээ болсок деген демилгелери тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калды. Үй куруучулар партиясынын лидери Муктар Мукулович Айткулов ал өткөөл мезгилде болгону 24 жашта эле. Жаш инженер-куруучу Арчабешик жаңы конушунун түптөлүшүнө эбегейсиз эмгегин, мээнетин арнаганын андагы жашагандар эң жакшы билет. Азыр Арчабешик жаңы конушунда 30 миң калк жашайт, аянты 950 гектар. Азырынча Арчабешикке элинин саны, аянты боюнча тең тайлашар башка жаңы конуштар жок. Мына ушул эң чоң жаңы конуштун элинин сүйүүсүнө арзып, Муктар Мукулович демократиялык кыймылдын шарапаты менен Арчабешик өзүн-өзү башкаруу комитетинин төрагалыгына шайланып, 14 жыл каруусун казык кылат. Арчабешик жаңы конушунун экономикалык-социалдык жактан өнүгүшүнө бардык мүмкүнчүлүк, потенциал, эрудициясын жумшайт.
1999-2005-жылдары Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты болуп шайланат.
Жаңы конуштарда жанданган өзүн-өзү башкаруу реформасына сиңирген эмгеги, мээнети үчүн 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланат.
Ал эми 2005-жыл, 24-марттагы элдик революциядан кийин жалпы үй куруучулардын, жаңы өкмөттүн ишеними менен Ленин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары болуп дайындалат. Аз иштесе да бул орунунда саз иштеди. Тээ токсонунчу жылдагыдай алакандай жер участогуна жетпеген, Кыргызстандын туш тарабынан Ош, Жалалабад, Талас, Нарын, Ысыккөл, Баткен, Чүй облустарынан бакыт издеп келген, карапайым элдин жаңы толкуну, тергеп айтканда "жер басып алуучулардын" арманына, азабына кулак төшөп аралашып калды. Үйгө муктаж үй куруучулардын бардык масалелерин чечип берүүгө белсенип, колдон келген колдоосун көрсөттү.
2008-жылдын башынан бери учурдагы жетекчилик кызматында иштеп жатат. "Казды сойсо да, касапчы сойсун" демекчи тээ жеринен тааныш ишине мына эми анык келди десек жаңылбас элек. Үй куруучулардын зор армиясы, партиясы жаңы жетекчини жакшы кабыл алышты.
Чындык керек аз убакыт ичинде өзүнүн жетекчилик талантын, талыкпас жөндөмүн ар тараптан көрсөтө алды. Үй куруучулардын ынтымак-ырашкерлигин сактап, алардын мэрия менен болгон жалпы мамилесин жагымдуу нукка бура алды.
Жаңы конуштардагы эң оор маселелер кайсылар?! Ал албетте мектеп, бала бакча, медициналык мекемелердин тартыштыгы. Эч бир улут билимсиз, чың ден соолуксуз узакка узай албасы беш колдой белгилүү. Президентибиз Курманбек Салиевич Бакиев мына ушул маселелердин жаңы конуштарда чечилиши үчүн каржы маселесин мурда болуп көрбөгөндөй көлөмгө көтөрүп чыккан. Айталык борбордук шаардык бюджеттен 300, республикалык бюджеттен 300 миллион сомдон каралсын деген сөзү жерде калбас. Президенттин айтканын Бишкек шаардык мэриясы так аткарып, каралган каржыны берип жатат. Тилекке каршы Республикалык бюджеттен каржылоо ойдогудай эмес. Бирок каникулга кеткенге чейинки КРнын Жогорку Кеңешинин сессиясында каржы министри Тажикан Калимбетова жаңы конуштарга бөлүнүүчү каржыны кечиктирбөөгө сөз берген. Министр айым сөзүнө бек турары баарыбызга беш колдой белгилүү. Буюрса, бурулуштар алдыда.
Себеп жаңы конуштарды өнүктүрүү минимум жана максимумдук программалардан турат. Минимум 2015-жылга чейинкиси, мында негизинен борбордук көчөлөр асфальтталат, жарык киргизилет. Жаңы мектеп, бала бакча, медициналык мекемелер салынат. Муну негизинен шаардык бюджет каржылайт. Ал эми максимумдук программа боюнча ар бир жаңы конуштардын ар бир көчөсү оңдолуп, асфальтталууга тийиш. Таза суу, жол, жарык масалеси мына ушул программада аткарылмак. Шаардык бюджеттен каржылоо дурус жолго коюлгандыктан кечээ жакында Касым жаңы конушунда жаңы бала бакча ачылып, лентасын Президентибиз Курманбек Салиевич Бакиев кести. Билим, тарбияны бала-бакча, мектептен баштасак гана ууз муундар каалаган максаттарына жетет. Билимсиз, татыктуу тарбиясыз жаштар алыска узай албайт.
- Мына эми буюрса былтыр фундаменти түптөлгөн Тунгуч жаңы конушундагы 960 балага ылайыкташкан, 3 кабаттуу эң сапаттуу курулуп жаткан жаңы мектеп 1-сентябрь, жаңы окуу жылында пайдаланууга берилмекчи. Мугалимдер, жалпы окуучу, ата-энелер Президенттин келишин, лентаны кесип, ак батасын балдарга беришин чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Мектепке кетүүчү жол да асфальтталат, дейт Муктар Мукулович. -Эгер Президентибиз жаңы конуштарда жашаган ууз муундардын муңуна көңүл бөлбөгөндө, мындай сапаттуу курулган орто мектептер өң тургай, түшүбүзгө кирмек эмес.
Муктар Мукулович туурасын айтты. Мектеп издеп жаңы конуштун балдары не деген азаптарга кабылып жатат. Жол узак, чоң балдарга балким жеңилирек, ал эми жаңыдан мектеп босогосун аттоочу 1-класстын балдарын шаардагы мектептерге жайгаштыруу тозок экенин кимдер гана билбейт. Демек жаңы конуштардын өзүндө мектеп ачуу - эң зор байлык.
1-сентябрда ачылчу Тунгуч жаңы конушундагы орто мектепти көрүп, чынында жетиналбадык. Сапаттуулугу менен айрымаланат. Ал эми Арчабешик чоң жаңы конушунда курулуп жаткан экинчи орто мектеп бышкан кирпич менен тургузулуп жатат. Биринчи кабаты даяр. 1-ноябрда пайдаланууга берилмекчи. Каражыгач жаңы конушунда быйыл башталган орто мектептин курулушу кызуу жүрүп жатат. Келерки жылы пайдаланууга берилет. Курулуп жаткан мектептерден тышкары быйыл, келерки жылы ондон ашык медициналык жана бала бакчалар курулмакчы. Каржылоо эле аксатпаса баары жайында болчудай.
- Биз курулуштарды сапаттуу курууга тийишпиз, дейт Муктар Мукулович, ураа-ураа менен бүткөн мектептердин ремонтуна кайрадан каржалып жаткан учурубуз. Ошондуктан мурдагылардын шашмалыгынын азабын кайрадан тартып жатабыз. Бир жыл мөөнөт ичинде бирден мектепти сапаттуу бүткөрүп турсак, өзүбүзгө эле жакшы. Акөргө, Алатоо жана башка жаңы конуштарда жаңы мектептер салынууда. Мындан ары да салына берет, дейт Муктар Мукулович.
Жаңы окуу жылы жакындап калгангандыктан биз жаңы мектептердин гана курулуш иштерине кызыктык. Оңдолуп жаткан жолдор, тартылган таза суулар, жана башка курулуш иштери жөнүндө кийин кеп кылууну көздөдүк.
Жаңы конуштарда 300 миңден ашык калк жашайт, негизин жаштар түзөт. 47 жаңы конуштарды ар тараптан чыңдап, шаарга теңтайлаштырууга бардык мүмкүнчүлүгүн жумшап жаткан үй куруучулардын лидери, такшалган таланттуу жетекчи Муктар Мукуловичке кандай алкыш айтсак жарашат.
- Куруучулук кесиптей сыймыктуу кесип кездешпес, дейт Муктар Мукулович: -бардык куруучуларды келе жаткан майрамдары менен чын жүрөктөн куттуктайм. Кылымдар бою солк этпес курулуштарды курууга бардык аракетибизди жумшайлы! Келечегибиз жаштарга мектеп, бала-бакча баш болгон туруктуу курулуштарды куруп берели.
Ылайым айтканы келсин! Кечээ эле курулган курулаштар жер титирөөнү койчу, желге туруштук бербей жатканы баарыбызга маалым. Санга эмес сапатка көңүл бөлүп жатабыз деген жетекчинин кылган ак кызматына тан бербесек болбойт.

Айчүрөк Макешова,
"Эркинтоо"
Ж. Казыболотов (фото).















??.??