Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№58, 08.08.08-ж.






 10-август - Кыргыз Республикасынын куруучуларынын күнү

"Сапаттуу жана мыйзамдуу курулуштар үчүн күрөшөбүз"
Бишкек шаарынын Мамлекеттик архитектура жана курулушту көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги Азиз Суракматов:

- Азиз Эмилбекович, келе жаткан майрамыңыздар менен! Жасаган иштериңиздер менен тааныштырып кетсеңиз?
- Биздин башкармалык өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Өкмөтүнүн 15.12.1995-жылдагы №540 "Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин архитектура жана курулушту көзөмөлдөөнү уюштуруу жөнүндөгү" токтомун жетекчиликке алуу менен иш жүргүзүп келүүдө. Башкармалык негизинен курулуш-монтаждоо жумуштарынын сапатын көзөмөлдөө боюнча эки өндүрүштүк кызмат башкармалыгынан турат.
Бишкек шаарынын Чыгыш жагында жайгашкан Октябрь, Свердлов райондорун начальниктин орун басары Б.К.Жанбоев жетектейт. Ал эми шаардын батыш жагында жайгашкан Ленин, Биринчи май райондоруна начальниктин биринчи орун басары У.Ш.Азыгалиев жетекчилик кылат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 14-май 2008-жылдагы №164 "Кыргыз Республикасында долбоорлоо жана курулуш куруу маселелериндеги уруксат берүү жумуштарын оптималдаштыруу жөнүндөгү" жана Кыргыз Өкмөтүнүн 30-май 2008-жылдагы №252 "Кыргыз Республикасындагы бүткөрүлгөн курулуш объекттерин жана кыймылсыз мүлктөрдүн курулушун өзгөртүү, уруксат берүүчү документтерин жана долбоорлоону жөнгө салуу жана жоболорду бекитүү жөнүндөгү" токтомдорун ишке ашырууда биз алгылыктуу иштерди жүргүзүп жатабыз.
Баса белгилеп кетүүчү жагдай курулуштарды куруунун буга чейин болуп келген тоскоолдуктары кыскарды. Курулуштардын долбоорлору баш болгон бардык зарыл документтерин тез арада бүткөрүүгө шарт түзүлдү. Ошондой эле 30-май 2000-жылдагы №252 Кыргыз Өкмөтүнүн токтомунда курулушка уруксат берүүчү документтердин так мөөнөтү көрсөтүлгөн.
- Бүгүнкү күнгө чейинки көзөмөлдөө иштериңиздерге токтолуп кетсеңиз?
-2008-жылдын биринчи жарым жылдыгында биз тараптан 128 объектиге курулуш-мантаждоо иштерин жүргүзүүгө руксат берилди. Ошол эле мезгилде каттоодон өтпөгөн, өзүм билемдик менен курулган 137 капиталдык курулуш объектилери, арналышын өзгөртүү менен реконструкцияланган 134 объектилер аныкталып жана аларга административдик чаралар көрүлгөн.
Биздин башкармалыктын дагы бир негизги иши курулуш-монтаждоо иштеринин сапаттуу жүрүшүнө түздөн-түз көзөмөл кылабыз. Техникалык жактан курулуш материалдарынын кандай пайдаланылып жаткандыгына да көз салабыз. Мындан тышкары чоң курулуш объекттерин комплекстүү текшерүүгө алабыз. Бул текшерүүнүн тутуму дасыккан адистерден турат. Текшерүүгө долбоордун авторлору, прораб, заказчынын техникалык көзөмөл кыла турган адиси катышат.
Быйыл жарым жыл ичинде 61 объекттиге комплекстүү текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Ар бир текшерүүдө кемчиликтердин бети ачылып, кетирилген кемчиликтер боюнча актылар түзүлдү. Андан жыйынтык чыгаруунун жолдору көрсөтүлдү. Кемчиликтен жыйынтык чыгаргандардын курулуш иштери кайрадан улантылууда. Эгер кемчиликтер эске алынып, оңдолбосо кандай гана курулуштар болбосун мыйзам чегинде жооп беришет. Жыл башынан бери курулуп жаткан объекттерге 600дөн ашык демейдеги текшерүү жүргүзүлгөн.
- Азиз Эмилбекович, эл тараптан түшкөн арыз-муңдарга кандай мамиле жасайсыздар?
- Албетте элдин пикир-сунуштары менен ар дайым эсептешип келебиз. Жарым жылдын ичинде борбордун тургундарынан 986 ар түрдүү мазмундагы арыздар келди. Мындан 202 арыз Бишкек шаарынын мериясы, 208 арыз Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги аркылуу келген. Ал эми курулуп жаткан курулуш объекттерине каршылыгын билдирген 146 арыз түшкөн. Ошондой эле 638 арыз мекеме-уюмдардан келген. Демек КРнын Президентинин "Атуулдардын арыз жана кайрылуулары жөнүндөгү" жарлыгын так аткарууга бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшап жатабыз. Каралбай калган калк арызы азырынча боло элек. Мындан ары да болбойт. Мыйзамсыз курулган курулуштар жөнүндө эл көбүрөк кайрылат. Биз да көзөмөлдү күчөтүүгө милдеттүүбүз. Жалпы куруучуларды келе жаткан майрамдары менен куттуктайм! Аларды сапаттуу, мыйзамдуу курулуштарды курууга чакырам.

Айчүрөк Макешова,
"Эркинтоо".












??.??