Бүгүн Бээжин олимпиадасы ачылат
7-9-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев башында турган КРнын расмий делегациясы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Ху Цзиньтаонун чакыруусу боюнча КЭРдин борбору Пекин шаарына жумушчу визит менен барышып, ал жерде XXIX жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш салтанатына катышат.
Расмий делегациянын катарында: КРнын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Медет Садыркулов, республикалык балдардын спорттук Олимпиадалык резервдеринин оор жана жеңил атлетика боюнча мектебинин директору, Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кадырбек Сарбаевдер бар.




М.А.Жаманбаев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы
Жаманбаев Марат Акматбекович Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2008-жылдын 6-августу.

Сыйлык-сыймык
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргызстанды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Япониянын Кыргыз Республикасындагы иштерине Убактылуу ишенимдүү адамы Касай Тацухико Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.




Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети
Маалымдайт
Урматтуу салык төлөөчүлөр!
"Чегерилген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндөгү"
Мыйзамга ылайык берилген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибербеңиздер. Негизги салыктар боюнча карызыңыздарды 2008-жылдын 1-сентябрына чейин төксөңүздөр Сиздерге эсептелинген пайыздар жана финансылык айыптар 100%га бошотулат. Ал эми 2008-жылдын 1-декабрына чейин -80%ы, 2009-жылдын 1-мартына чейин 50%ы эсептен чыгарылат.
Кеңири маалыматты катталган жери боюнча салык органдарынан алсаңыздар болот.


















??.??