Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№57, 05.08.08-ж.





Өзгөн өзөн толо иш-ийги
Байыркы шаардын байманалуу тарыхы
Биз сөз кыла турган шаардын тарыхы жөнүндө азын-оолак сөз кылбасак болбостур. Анткени байыркы шаардын азыркы абалын, бүгүнкү ажарын элестетүү үчүн Өзгөндүн өзүн көз алдыга келтирген оң. Өзгөн Кыргызстандагы 2000 жылга жакын тарыхы бар байыркы шаарлардын бири. Орто кылымдарда Орто Азия жана Кытай мамлекетинин Улуу Жибек соода жолунун ири борбору болгон. Анын тарыхый-маданий эстеликтери, тарыхый-архитектуралык комплекси баалуулугун, уникалдуулугун жогото элек. 12 - кылымдын башында курулган бийиктиги (44) 24,7 м мунара, шаар караханиддер династиясынын борбору болуп турганда жаралган. Анын жанындагы мечит, медресе да ошол мезгилге таандык. Мавзолейде караханиддердин династиясынын башчыларынын кабыры коюлган. Шаардагы байыркы чептин калдыгы, 11-12-кылымдардагы атактуу адамдардын ("Султаным", "Ал-Сарахсий", "Кылыч-Бурханым") күмбөзү, мазарлар ыйык жерлерге айланган. 19-кылымдагы мечит да өз келбетин жакшы сактаган. Булардын баары эларалык уюмдар тарабынан реставрацияланып, кайра калыбына келтирилген.
Тогуз жолдун тоомунда
Бишкек-Ош автомагистралынын кайра курулушу автотранспорттордун багытын өзгөртүп, Өзгөн шаары жана районунун аймагы аркылуу өтүүгө, т.а. Өзгөн шаарын жарым туңгуюктан алып чыгып, ачык экономикалык зонага айландырды. Автомагистралдын оңдолгонуна аз убакыт болгонуна карабай, борбордук трассанын эки тарабына көптөгөн коомдук тамактануу жайы, сервистик жана техникалык тейлөө борборлору ачылып, жаңы жумуш орундары түзүлдү.
Өзгөн шаарындагы жер аянтынын баасы кескин көтөрүлдү. Үстүбүздөгү жылда муниципалдык менчиктеги 10 сотых жер тоорукта 1 млн. 300 миң сомго сатылды. Ал эми турак-жай курууга 5 сотых жердин баасы 300 миң сомго, шаардын борборундагы үйлөрдүн 1-кабатындагы квартиранын наркы 35 миң долларга чыкты. Шаарда кийинки 2 жылда банктык - кредиттөө мекемелеринин 7 филиалы ачылып, кардарларын тейлөөдө.
Өзгөн- кан жолдун боюндагы шаар. Жылдан-жылга жерге болгон талап болуп көрбөгөндөй өсүп баратат. 50 миңге жакын калкы, райондо 125 миң адамы бар, бир күндө жолдон 8-10 миңдин тегерегинде автомашиналар өтөт. Ошолордун соода-сатыгы бүт шаардан. Шаарда айыл-чарба продуктыларын кайра иштетүүчү 108 кичи ишкана иштейт, алардын 18 тегирмен, 46 майжубаз, 15 күрүч жубаз, 18 нан бышыруучу, 6 макарон цехи, 5 кондитердик, 4 балмуздак, 2 пахта тазалоочу цехи бар. Өнөржай ишканаларынан "Өзгөн-Дан Азык", "Зан-Жабил" (ун чыгаруучу) АК, "Өзгөн-Май" ЖЧИнин продуктысы Ош облусунун бардык райондоруна кеңири тараган.
Урбан институтунун жардамы
Өзгөн шаарынын экономикалык өнүгүшүнүн стратегиялык планын 2003-жылы ЮСАИД каржылаган "Башкарууну борбордон ажыратуу жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу" программасынын эксперттери катышып, иштеп чыгышкан. Анда негизги 5 багыт: ЖӨБ органынын жана жергиликтүү жамааттарды күчөтүү, шаарды көрктөндүрүү жана инфраструктураны өнүктүрүү, экономикалык өнүгүү, социалдык өнүгүү, табигый кырсыктардан жана экологиялык коркунучтан сактоо маселеси коюлган.
Ошентип 1996-жылдан тартып, Өзгөн шаарынын турмушунда бурулуш жылдар башталган. Анда Өзгөн шаардык кеңеши болуп турганда 1996-1997-жылы шаар өзүнүн паспортун алып, мамлекеттик жана жеке менчиктен тышкары бардык социалдык объектилерди эсептеп, 10 миң турак жай, 23 көп кабаттуу үйлөрдү тактаган. 1998-жылы шаардын мүлкүн ажыратып берүү, тактап айтканда, 361 объектини муниципалдык мүлккө өткөрүп берүү жөнүндө тиешелүү мекеме уюмдарга, Кыргыз Өкмөтүнө кайрылышкан. Ошол жылдын 16-декабрында №827 Кыргыз Өкмөтүнүн 41 объектини шаардын мүлкүнө өткөрүү жөнүндө токтому чыккан. Мына ошентип, мүлкү мыйзамдуу ажыратылгандан кийин, аны классификациялоо башталган, тактап айтканда, кайсынысы кирешелүү же болбосо кайсы биринен пайда көрсө болот, кайсынысынын кирешеси аз же көп чыгымды талап кылат сыяктуу талдоо жүргүзүлгөн. Ырас, мурдагы көнгөн психологиянын азабын тартууга туура келди… "Мамлекеттин жерин эмнеге сатат?", "Кимдин акысы бар?", "Кантип сатат?" сыяктуу түшүнбөстүктөр болду. ЮСАИД менен эриш-аркак иштегендиктен алардын адистери жакындан жардам беришти. Конкреттүү багыттар боюнча иш жүргүздү. Объектилердин реестрин кантип түзүү, кантип каттоого алуу, кантип пайда көрсө болот, эгерде жер кирешесиз болсо, аны конкурстун же тооруктун негизинде сатып туруп пайда тапса боло турганын семинар-тренингде окутушту. Мына ошондо муниципалдык менчикти башкаруу боюнча атайын департамент түзүүнүн зарылчылыгы келип чыккан.
Аталган департамент Өзгөн шаар башкармасынын структуралык бөлүмү, 2003-жылдын 23-июнунда Өзгөн шаардык кеңеши тарабынан түзүлгөн, 3 штат бирдиги менен ачылган. Департамент башкарган муниципалдык менчиктин объектилери Өзгөн шаарынын менчиги болуп саналат. Департамент өзүнүн ишин КР мыйзамдарына, нормативдик-укуктук актыларына негизделип, Өзгөн шаар башкармасынын, Өзгөн шаардык кеңештин токтом, буйрук жана аныктамаларына таянып жүргүзөт. Юридикалык жак катары өзүнүн балансына, мүлкүнө ээ жана мөөрү, тегерек штампы ж.б. юридикалык атрибуттары бар.
Муниципалдык менчикке берилген жерди, объектилерди каттоодон өткөрүп, тактап чыккандан кийин, реестрин аныктап, балансылык наркы, калдык наркы канча боло турганы эсептелип, кайрадан инвентаризациялап чыгышты, натыйжасында потенциалдуу кирешелүү объектилер жана кирешесиз жерлер аныкталды. Ал эми чакан күркө, дүкөндүн ээлери жерди инвентаризациялоодон кийин, бош турган жерлерди өзүнүн территориясынан башкасын конкурстун же тооруктун негизинде сатып алуу керектигине ынанды. Өкмөттүн 1999-жылдын 16-июнуна чейинки токтомуна жооп берген мүлктөр гана мүлк ээсине катталып, өзүнчө ээлеп алгандар жаңы усулдун талабы боюнча сатып алышты.
- Шаар тургундары мурда 2 гана менчиктин түрүн билишет болчу. Коммуналдык мүлк деген "Комхозго" тиешелүү деп жүрүшкөн. Муниципалдык менчикке өткөн мүлктөрдүн азыркы абалы, ремонту кандай, пайдаланса болобу же болбойбу деп тактагандан кийин, шаардагы 8 мектеп, 3 балдар бакчасы сыяктуу мекемелердин жамаатында кызыкчылык ойгонду. Эми өздөрүнөн башка эч кимге мүлктүн керек эмес экенине, тагдырына жоопкер өздөрү гана болорун түшүнүштү. Кимдир бирөө жасап берет деген психология жоголду, -дейт шаар башкармасынын орун басары Махаммаджан Насыров. Ал киши бул кызматында 14 жылдан бери эмгектенет.
Суу менен тазалык эгиз маселе
Өзгөндөгү көп кабаттуу үйлөрдө 1996-жылга чейин таза суу болгон. Макмал участкасынын жанындагы суу сактагыч жарылып, иштебей калгандай кийин, көп кабаттуу үйлөр суусуз отуруп калышкан. Короодогу суу түтүгүнөн 4- кабатка чейин челектеп ташып ичишет. Факты менен айтканда 10 миң калкты 360 суу түтүгү тейлеп, болгону 33% таза суу менен камсызданып келген.
- Өзгөн шаар башчысы болуп шайланганымда суу жана тазалык т.а. шаардан таштанды чыгаруу, тазалоо сыяктуу эки маселенин оор экенин, элди чүнчүтүп бүткөнүн баамдадым. Мурдагы "Комхоз" жана "Шаардык сууканал" деген ишканалар карызга батып, жок болуунун алдында туруптур. Шаардык депутаттар менен бул маселени сессияга коюп, атын да, затын да өзгөртүп, тагдырын жаңыча чечтик, - дейт Өзгөн шаарынын башчысы Сабир Атаджанов.
"Өзгөн Таза Суу" муниципалдык ишканасы калкты иче турган таза суу менен камсыздоодо союз маалындагы иш стилинен таптакыр башкача усулда, жаңы нукта иш алып бара баштады. АРИС программасы менен иштеп 2006-жылы 10 млн., 2007-жылы 30 млн. каражатка башкы суу кампасын куруп, жаңы насосторду орнотуп, суу түтүктөрүн толук жаңылады. Шаардын калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоодо 3% акы жыйноо менен 858 680 сомдук киреше тапкан. Узуну 2 км суу түтүктөрү орнотулуп, 1,5 миң3 суу бата турган 2 резервуар курулуп жатат. 2 жылда АРИС реабилитациялоого 40 млн. сом бөлсө, биргеликте каражат табуунун т.а. жергиликтүү жамааттардын салымы менен 7 млн. 900 миң сом жумшалды. АРИС аркылуу 2 млн. сомдук кошумча жумуштар аткарылды.
Ошентип долбоордун жемиши менен шаар тургундарынын 70% иче турган таза суу менен камсыздалды. Жакында дагы бир саамалык жүз берди. 2 млн. 400 миң сомдук долбоор ишке киришти. 1 млн. сому стимулдаштыруучу гранттын эсебинен (ЖК депутаты С. Кадыралиевдин көмөгү аркылуу ), 1 млн. сомду шаар башкармасы 6 участокту сатып, элдин кошумча салымын топтоп, 7 км жерге суу чыгарышты. Бул болсо 8 миңден ашык калкты, жаңы участокторду таза суу менен камсыздайт.
Шаардагы демилгелүү топтун мүчөсү, "Төрт көчө" кварталдык комитеттин төрагасы Турсунбай Хайдаровдун айтуусуна караганда шаардыктар ичиле турган таза сууга, таштандыга төлөнө турган тариф, нормативин, келишимдин шарттарын "Өзгөн Таза Суу" көрсөтө турган кызматтары кандай экенин билип, көрүштү. "Беш кол тең эмес" дегендей, тургундардын арасында ардемеге шылтоолоп, акы төлөөдөн качкандар да жок эмес. Айрымдары үйлөрүн квартиранттарга берип коюп өздөрү чет жакта иштешет. Убактылуу жашоочулар болсо сууга,таштандыга акыны беришпейт.
Ал эми "Өзгөн Тазалык" жөнүндө эмнелерди айтууга болот. Анын жетекчиси кылып Хакимов Өзгөнбайды тандашканда, шаардын депутаттары жаңылбаптыр. Союз кезинде 24 даана техникасы болгон "Комхоз" муниципалдык ишкана болуп кайра түзүлгөндө, эскирген 2 техникасы калган. Алгачкы кадамын шаарды тазалоо, тартипке келтирүүдөн баштады. Гүлдөрдү эгип, бак дарактардын көчөтүн отургузуп, асфальт жана шагыл төшөлгөн ички жолдорду ремонттоду. АРИСке долбоор жазып, 2,5 млн. сомго таштанды ташычуу машина алышты. Муниципалитеттер эл менен тыгыз жана системалуу иштегенге үйрөнүштү. Өзүнүн атайын техникасын колдонуп, 72 миң сомдук пайда тапты. ОБСЕнин көмөгү менен 260 миң сомго келишим түзүп, 12 таштанды аянтына 40 контейнер жасашты. Шаар башкармасы буга 74 миң сом берди. Ага 13 (выгрибной яма) суюктук кармалчу аңды цементтеп коюшту. Ишемби-жекшемби күндөрү шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана көчөлөрдү тазалоо үчүн жамааттардын эмгек ишембилигин уюштуруп, ар ким өз участогунун, ишканасынын тазалыгын сактай турган болду.

Ризван Исмаилова,
"Эркинтоо".