Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№57, 05.08.08-ж.





  Майда маани

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында курулган Христостун статуясы. Ал Корководу дөңсөөсүнө деңиз деңгээлинен 704 метр бийиктикке тургузулган. Статуянын бийиктиги 30 метр, постамент 7 метр, салмагы 1140 тонна. Бразилиянын көз карандысыздыгынын 100 жылдыгына арналып курулган. Христостун статуясын куруу идеясы Экватор да Силва Костага таандык. Анын конструкциясы Парижде жасалып, даярдалган. Постаментке 220 тепкич аркылуу көтөрүлөт.

Дан эгиндерин жыйноо ортолоп калды
Өлкөдө 1-августка карата 291 миң гектар айдоо аянтынан эгин жыйналып алынды. Бул былтыр ушул маалга салыштырмалуу 30,7 миң гектарга көп. Ош облусун албаганда быйыл түшүмдүүлүк бир катар аймактарда жаман эмес.

Улуу жазуучунун урматына
Улуттук илимдер академиясы Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган, "Искусство жана адабият маселелери" журналынын кезектеги санын жарыкка чыгарат. Учурда аталган журналдын 4, 5 жана 6-номерлери даярдалып жатат.
Улуттук илимдер академиясынын Манастаануу борборунун директору Абдылдажан Акматалиев: "Журналдын бардык номерлери улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналат. Ага Улуттук илимдер академиясынын окумуштууларынын эскерүүлөрү, каттары жана чыгармаларынын үзүндүлөрү камтылат", - дейт.


Шалаакылар жазаланды
1-августта Ноокатта балдарды ВИЧ инфекциясы менен массалык жуктургандыгы жөнүндөгү иш боюнча сот өз ишин аяктады. Эки айлык сот тергөөсүнүн натыйжасында 14 күнөөлөнгөн медициналык кызматкерлердин 9 кызматкерине карата КРнын Кылмыш кодексинин 316(шалаакылык), 117 (ВИЧ инфекциясын жуктуруу) статьялары боюнча өкүм чыгарылды, алардын төртөө күнөөсүнүн далилдери жок болгондугуна байланыштуу акталды, бир кылмыш иши кыскартылды. Медициналык кызматкерлер 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылуу менен аркыл мөөнөттөргө өкүм чыгарылды. Өкүм күчүнө киргенге чейин соттолгондордун аттары айтылбайт.

1-сентябрга карата жаңы мектептер
Мамлекет башчысы Курманбек Бакиев бүгүнкү жумушчу жыйында жаңы окуу жылына карата даярдыкты көзөмөлгө алууну, мектептерди каржылоо жана керектүү жабдыктар, окуу китептери менен камсыздоону президенттик администрациянын кызматкерлерине тапшырды. Ал ошондой эле ачылышы ушул жылга белгиленген жаңы мектептерди убагында ишке киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

Эң төмөнкү айлык акы көтөрүлөт
Бул тууралуу эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү министринин орунбасары Жамал Миңбаева бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда этап-этабы менен көтөрүүнүн натыйжасында эң төмөнкү айлык акы 100 сомдон 340 сомго чейин көбөйдү. Ал эми керектөө корзинасынын төмөнкү өлчөмү бүгүнкү күндө 3400 сомду түзөт. Министрдин орунбасары социалдык-маданий тармактагы бюджеттик кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү биринчи кезекте тургандыгын кошумчалады.

Кыргызстанга АКШ Конгрессинин делегациясы келди
АКШ элчилигинен маалымдашкандай Конгресстеги сенаттык көпчүлүктүн лидери Гарри Рид баштаган беш кишиден турган делегациясы келди. Конгресс өкүлдөрү үч күндүк иш сапары учурунда өлкөнүн жетекчилиги менен эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшмөкчү. Мындан тышкары сенаторлор АКШ тарабынан берилип жаткан жардамдардын программалары менен таанышып, Тынчтык корпусунун волонтерлору менен жолугушмакчы. Ошондой эле АКШ Конгрессинен келген делегация коалициялык күчтөрдүн аскерий "Манас" аба майданына да баруусу күтүлүүдө.

"Вечерний Бишкектин" кирешеси
"Вечерний Бишкек" газетасы өзүнүн беш санында реклама үчүн 2,5 млн. сомго жакын каражат түшүрөт. Жабык түрүндөгү Акционердик коом негизги кирешесин газеталык реклама аянттарын сатуудан алат. Рекламалар түрдүү категориядагы сап жарыялары, модулдук рекламалар жана реклама укугундагы макалалар түрүндө жарыяланат. Рекламалык кирешелердин көпчүлүк бөлүгүн жума күнкү номер алып келет. 56 беттен турган жума күндөгү номердин 30 бети же гезиттин 54 пайызы сап түрүндөгү же модулдук рекламага, ал эми 26 бети редакциялык материалдар үчүн берилет.

Үч шахтер курман болду
3-августта Жалалабат облусунун "Көкжаңгак-Көмүр" шахтасынан көмүр алуу учурунда көмүр кычкыл газынан үч жумушчу каза болгон. Алар 17 жаштагы Нурсейит Кубатов, 41 жаштагы Базарбай Мавлянов, 42 жаштагы Темир Мамбетов.

Колуң менен жасаганды мойнуң менен тарт
Акыркы жарым жыл ичинде мамлекетти чыгымга дуушар кылган 517 мыйзамсыз иш катталган. Натыйжада 151 млн. сомдон ашык каражат мамлекеттин казынасына кайтарылган. Учурда Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбеков, экс­премьер­министр Николай Танаев, Миграция комитетинин экс­стат­катчысы Мухтар Өмүракунов жана Ысыккөл облусунун экс­губернатору Эмил Анапияев баш болгон чиновниктерге карата тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Александр Солженицын дүйнөдөн кайтты
Москвада 90 жаш курагында дүйнөгө таанымал жазуучу, адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Александр Солженицын дүйнөдөн кайтты. Ал жүрөк оорусунан улам каза тапкан. Александр Солженицын көптөгөн романдар менен повесттердин, көркөм чыгармалардын автору. Алардын эң белгилүүлөрүнүн бири - сталиндик лагерлер тууралуу чындыкты баяндаган "Архипелаг Гулаг" чыгармасы. Дал ушул эмгеги үчүн ал 1974 -жылы СССРдин жарандыгынан кол жууп, эмиграцияга кетүүгө мажбур болгон. Адабият боюнча Нобель сыйлыгына 1970- жылы татыктуу болгон. Орусияга Солженицын кайра 1994-жылы кайтып келген эле.

Кыргызстандык кикбоксер Европанын чемпиону
Кыргызстандык "Вихрь" аталган 63,5 кг салмагындагы Алексей Федосеев 2008-жылдын 31-июлунда Москвада болуп өткөн WDKF кикбоксинги боюнча Европа чемпиону титулун жеңип алды. Ал финалдык беттешүүдө "Инквизатор" деп аталган бокс боюнча Россиянын эки жолку чемпиону Тимур Худоянды жеңди.


Казакстанга жөнөсөң, жол эрежесин үйрөн
Мындай кайрылуу менен Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык жарандарга кайрылды. ТИМ тараткан маалыматка ылайык жакынкы мезгилден тартып, казак өкмөтү тарабынан айдоочулардын жана жөө адамдардын жол эрежелеринин сакталышына катуу текшерүү жүргүзүлө баштады. Ага ылайык МАИ жана жол коопсуздугун сактоо кызматкерлери күнү-түнү иш алып барышып, жолдо жүрүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлгө алышат.

Кыргызстан эларалык "Чыгыш Базары-2008" конкурсуна катышат
Эларалык "Чыгыш Базары-2008" эстрадалык ырлардын конкурсу түрк музыкалык искусствосунун ири жетишкендиктерин кеңири жайылтуу, элдик салттарды сактоо жана өнүктүрүү, эларалык чыгармачылык байланыштарды кеңейтүү, тынчтык, достук идеяларын, өз ара маданий -руханий кызматташтыкты өз ара түшүнүшүү жана чыңдоо максатында уюштурулат. Бул конкурска Кыргызстандан жаш ырчы кыз Нэна жана ырчы Ирлан Андашев катышышат. Конкурс 18- 22-августта Крымда өтөт.

Кашкарда жардыруу болду
Бээжиндеги олимпиадалык оюндардын ачылыш салтанатына төрт гана күн калганда, Кытайдын расмий Синхуа кабар агенттиги өлкөнүн батышындагы Шинжаң Уйгур автоном районуна (ШУАР) караштуу Кашкар шаарында жардыруу болгонун маалымдады. Кытай расмий бийлиги "террордук чабуул" катары шек кылган бул жардыруудан улам он алты полиция кызматкери набыт болуп, дагы ошончосу жаракат алганы айтылууда.

Мартин Демпси Кыргызстанда
АКШ борбордук командачысынын милдетин аткаруучу, генерал-лейтенант Мартин Демпси менен бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министринин орунбасары Эрмек Ибраимов жолугушту. Жолугушууда аскердик жааттагы эки тараптуу кызматташуу, аймактык коопсуздук маселелери тууралуу кеп болду.

Менин милициям мени коргой…бу?
КРнын ички иштер министринин биринчи орунбасары Мелис Турганбаев селектордук жыйын өткөрүп, анда 2008-жылдын 7 айында өлкөнүн ишки иштер органдарынын оперативдик -кызматтык ишинин алдын ала жыйынтыктары каралды. Республиканын ишки иштер органдарында катталган кылмыштардын саны өткөн жылга салыштырганда 16 564төн 16 524кө же 40 фактыга кыскарган.
Ошентсе да...
Министрдин биринчи орунбасары Мелис Турганбаев үстүбүздөгү жылдын 26-июлунда тоого эс алганы чыгып, жосунсуз жоруктарды жасагандыгы, ошол окуядан жабыркаган адам КРнын башкы прокуратурасына арыз менен кайрылгандыгы тууралуу маалымат тарады.

Иранга карата санкциялар күчөтүлөт
Америка Кошмо Штаттарынын БУУдагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Ричард Гренеллдин Иран өкмөтү эл аралык коомчулуктун уран байытууну токтотуу жөнүндөгү талабын аткарбоосу анык экендигин билдирди. Мындай шартта Коопсуздук кеңешинде санкцияларды күчөтүүдөн башка арга жок. Америкалык расмий өкүлдүн мындай билдирүүсү Иран талаштуу өзөктүк программасынан баш тартуусу үчүн дүйнөнүн алты ири өлкөсү: АКШ, Британия, Франция, Германия, Кытай жана Орусиянын сунуштар топтомуна жооп берүүсү үчүн берилген бейрасмий мөөнөт аяктаган соң айтылды.

Даярдагандар А.Абилов, Ж.Дыйканова, "Эркинтоо".