Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№57, 05.08.08-ж.





  Президент өргөөсүндө

Катуу көзөмөл керек
4-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев КРнын Президентинин Администрация жетекчиси Медет Садыркулов баштаган Президенттик Администрациянын бөлүм башчылары менен салтка айланган жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге ошондой эле КРнын Мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулу катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө мамлекет башчысы республикадагы мектептердин жаңы окуу жылына карата даярдыгын көзөмөлгө алууну тапшырды. Президент мектептерди финансылоо жана материалдык камсыздандыруу, ошондой эле ачылышы ушул жылга пландалган жаңы мектептерди убагында ишке киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. "Мурда 1-сентябрга бүтүрүү пландалган мектептердин курулушу, жасалгалоо иштери, ошондой эле керектүү бардык мектеп эмеректери жана жабдыктар менен камсыздоо убагында бүткөрүлүшү керек", - деди К. Бакиев.
Мамлекет башчысы мугалимдерди колдоого багытталган бардык чечимдердин толук аткарылышына өзгөчө токтолуп өттү.
Андан тышкары Президент К.Бакиев өткөн жумада Бишкек шаарында жана республиканын башка ири шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык областтык борборлорунда Агроазык-түлүк корпорациясы тарабынан сатылып алынган азык-түлүктөр сатыла турган атайын базарларды, ошондой эле Кыргызстандын фермер жана дыйкандарынын өздөрү өндүргөн азык-түлүктөрүн өзалдынча сатууга ыңгайлуу шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү багытында белгиленген тапшырманын аткарылышы боюнча көзөмөл керектигин дагы бир жолу эскертти. "Бул маселе да Президенттин Администрациясынын өзгөчө көзөмөлүндө болушу керек", - деп баса белгиледи К.Бакиев.
Кеңешменин жүрүшүндө ошондой эле күнүмдүк мүнөздөгү кээ бир маселелер талкууланды.

Т.Темиров,
"Эркинтоо".




Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы
Райондук кеңештерди түзүү тартибинин өзгөргөндүгүнө, ошондой эле айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 6-пунктун, 46-беренесинин 6-пунктунун 4-пунктчасын жана Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 7-жана 80-беренелерин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын шаарларынын администрациялык аймактык түзүлүшүн ага ылайык келтирүү зарылчылыгы жөнүндө жобосун, ошондой эле бир калктуу конуштагы жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишиндеги кайталоочулукту жоюуну эске алуу менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган райондордо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шаарларында, поселкаларында, айылдык округдарында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2008-жылдын 5-октябрына дайындалсын.
2. Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймагында турган айрым айылдык округдарды, поселкаларды, айылдарды ушул Жарлыктын №1 тиркемесине ылайык жоюу жана аталган маселелер мыйзамдуу жөнгө салынганга чейин жергиликтүү кеңештерге шайлоону дайындоону кийинкиге калтыра туруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу кабыл алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн финансы каражаттарын белгиленген тартипте бөлсүн:
- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылсын;
- шаарлардын курамындагы айылдардын функцияларын шаарлардын карамагына өткөрүп берүү менен аларды жоюуну караган тийиштүү мыйзам долбоорлорун бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана кезексиз тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
5. Облустардын жана райондордун мамлекеттик администрацияларынын, айылдык округдардын, поселкалардын, райондук маанидеги шаарлардын башчылары, шаарлардын мэрлери каттоого алуу органдары менен бирдикте шайлоо комиссияларын шайлоочулардын анык тизмелери менен камсыз кылсын жана шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде аларга уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет


Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2008-жылдын 4-августу, ПЖ №275.

Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 4-августу №275 Жарлыгынын №1 тиркемеси
Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын курамына кирген жоюла турган айылдардын жана поселкалардын
Тизмеси

Бишкек шаары
Чоң-Арык
Ош шаары
Жапалак
Баткен облусу
Сүлүктү шаары
Кош-Булак
Кызыл-Кыя шаары
Ак-Булак
Жалал-Абад облусу
Жалал-Абад шаары
Тайгараев
Кара-Көл шаары
Жазы-Кечүү
Кетмен-Төбө
Майлуу-Суу шаары
Көк-Таш
Сарыбээ
Таш-Көмүр шаары
Кызыл -Жар
Шамалды -Сай
Ысык-Көл облусу
Орто-Токой
Каракол шаары
Пржевальск-Пристаны




М.Меред жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Буйругу
Меред Майкл Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү Фондунун директорлор Кеңешинин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2008-жылдын 31-июлу.

М.Э.Каримбеков жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Буйругу
КАРИМБЕКОВ Мукаш Зиямидинович Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Чоң­Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы­акими болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2008­жылдын 1­августу.

Д.Мамасалиев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Буйругу
МАМАСАЛИЕВ Дүйшөналы Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусундагы Таш­Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2008­жылдын 1­августу.

А.Мурзабеков жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Буйругу
МУРЗАБЕКОВ Абдимамат Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Чоң­Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын­акиминин кызматынан бошотулсун.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2008­жылдын 1­августу.

Ш.Чойбеков жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Буйругу
ЧОЙБЕКОВ Шамшарбек башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусундагы Таш­Көмүр шаарынын мэринин кызматынан бошотулсун.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2008­жылдын 1­августу.




ОБРАЩЕНИЕ
к политическим партиям, собраниям избирателей
Бишкекская городская комиссия по выборам и проведению референдумов информирует:
Согласно статье 11 п. 2 Кодекса "О выборах в Кыргызской Республике" и Указа Президента Кыргызской Республики № 275 от 04.08.2008 года " О назначении выборов депутатов местных Кенешей Кыргызской Республики", проводится выдвижение кандидатов в составы окружных комиссий по выборам депутатов в Бишкекский городской Кенеш. (Границы округов опубликованы в газете "Эркинтоо" за 04.07.08 год).
Протоколы политических партий (конференций), собраний избирателей, заявления выдвинутых кандидатов о согласии быть членом окружной избирательной комиссии с указанием № округа необходимо представить до 17 часов 13 августа 2008 года, в Бишкекскую городскую комиссию по выборам и проведению референдумов: пр. Чуй, 166, каб. 104;
Консультации по оформлению протоколов собраний (конференции) о выдвижении кандидата в члены окружной избирательной комиссии можно получить с 9.00 до 17. 00 часов в рабочие дни в Бишкекской городской избирательной комиссии. Тел.: 61-39-36, 61-36-90;
Бишкекская городская комиссия по
выборам и проведению референдумов




Чегарачыларга наам берилди
1-август күнү КРнын чегара кызматынын Кесипкөйлүк жогорулатуу борборунда аскерлерди даярдоо курсунан алгачкы 17 прапорщик "лейтенант" аскердик наамын алышты. Аны КРнын чегара кызматынын төрагасы генерал-майор З.Молдошев тапшырды. Буга чейин аскерлер коңшу мамлекеттерде ЖОЖдорду аяктап, республиканын ар кайсы аймактарындагы чегара заставаларында иштешкен. Алардын атайын окуу курстарынын бүтүрүү салтанаты Чүй облустук чегара заставасында өткөрүлдү.
Республиканын ар кайсы аймактарынан келген прапорщиктер 4 айлык билимин жогорулатуу курсунан өтүшүп, аскердик наам менен бирге дипломго да ээ болушту. Бүтүрүүчүлөрдүн экөө артыкчылык дипломун алышты.
Д.Турдугулова, "Эркинтоо".