Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№57, 05.08.08-ж.





  Азаматсың!

Омардын Юрмаладагы ооматы
Толук аты-жөнү - Өмүрбек Жанышев
Туулган жылы айы - 1988-жыл, 19-ноябрь
Жактырганы- поп-музыка жана Игорь Крутойдун чыгармаларын угуу
Хоббиси - китеп окуу жана ыр жазуу
Кумири - "Backstreet Boys" тобу
Жактырган өңү - жашыл жана кара
Жактырган макалы - "Ит үрө берет, кербен жүрө берет"
Майын чыгара жасаган тамагы - улуттук тамактар
Спорттун машыккан түрү- сууда сүзүү жана баскетбол
Билими-Бишкек финансы-экономикалык техникумун аяктаган. Учурда Кыргыз Улуттук университетинин юридика факультетинде cырттан окуйт
Тилеги-дүйнөлүк масштабда жаркыраган жылдыз болуу

Жакында Юрмалада өткөн "Жаңы толкун-2008" сынагына биринчи жолу Кыргызстандан Омар Жанышев катышып келди. Омардын мындай чоң сынакка катышканы эле өлкөбүз үчүн чоң сыймык болду. Анткени Россиянын шоу-бизнесинин башында турган дөө-шааларынын көңүлүнө түшүш оңойго турбайт. Үч күн түнү менен экран тиктеп Омарды колдогон жалпы элибиздин үмүтү акталды. Дегеним Президентибиз баш болуп чоң үмүт менен узатканбыз. Үч күн баллдардын өлчөмү боюнча таблицанын алдыңкы орундарынан түшпөй турду. Сынактын жыйынтыгында биринчи орунга-Грузиянын "Georgia" дуэти татыктуу болуп, 70миң доллар алса, экинчи орунга-Россиялык Ирина Розенфельд чыгып, 40миң доллар алды. Ал эми Омарга айтылуу Алла Пугачёва өзүнүн "Алланын алтын жылдызын" тагып, 50миң долларга чек берди. Музыкалык атайын билими болбосо да Омар кыргыз элине ушундай татыктуу жеңиш алып келди!
- Омар, алгач сахнага кандайча кадам таштадың?
- Мен колледжде окуп жүргөн убакта "Алло, биз таланттарды издейбиз" деген сынак өтчү. Бирок биздин группадан ырдай турган бир да бала чыкпады. Ошондуктан намыс үчүн деп ырдоону чечтим. Ырдаганым баарына жакты. Ошондон тартып ар кандай иш-чараларга ырдап бер деп чакырышчу болду. Ресторандарда ырдап акча таап жүрдүм. Бул студент үчүн жакшы жумуш эмеспи. Ал үчүн эч уялбайм. Бул жакшы мектеп. Көптөгөн белгилүү ырчылар ушундай жол аркылуу чыгышкан.
- "Жаңы толкунга" кандайча катышып калдың?
- Алгач продюсерим экөөбүз "Жаңы толкунга" катышып күчүбүздү сынап көрүүнү чечтик. Мага аталган сынактын музыкалык продюсери Евгений Петровичтин сөздөрү аябай жардам берди. Ал мага Алматыда өткөн биринчи тандоо турунда "Сенин талантың бар, ошондуктан аракет кылышың керек" деди. Ошентип өз күчүмө ишендим. Баары мен каалагандай болду. Менин жолумду ачып, ийгиликке жеткизген кудайга миң мертебе рахмат.
- Конкурсанттар менен мамилең кандай болду?
- Көбүнчө Дон менен баарлашып жүрдүм. Аябай жакшы жигит экен. Ошондой эле Россиялык Лена Максимова, Канадалык Джесайнт, Италиялык Александролор менен жакшы мамиледе болдум.
- Юрмалада өткөн күндөрдө өзгөчө эмнелерге көңүл бурдуң?
- Мага элдин аталган сынакка жасаган мамилеси өзгөчө жакты. Өлкөлөрүндө ушундай мааниси чоң иш-чара өтүп жаткандыгы үчүн сыймыктанып жүрүштү. Баарынан да Донду колдоо үчүн Президенттин өзү келиши мени таң калтырды.
- Атайын музыкалык билим алууну көздөгөн чыгаарсың?
- Албетте, музыкалык мектепке кирүүнү чечтим. Же болбосо профессионалдардан вокал боюча сабак алам. Эми өзүмдүн мүмкүнчүлүгүм чоң экендигине ынандым. Аны кандайча пайдаланууну да билем. Музыкант гана болуп тим болбостон, чыныгы профессионал болууну көздөөр элем.
Омар Москва шаарына тандоо туруна барганда адашып төрт саат жүргөнүн күлүп эскерет. "Адамкерчиликтүү элге рахмат! Алардын жардамы менен белгиленген жерге өз убактысынан кечикпей жеттим", -дейт.
Омар, бул жеңишиң алдыдагы боло турган көптөгөн ийгиликтериңдин башталышы гана болсун!
Ж.ДЫЙКАНОВА, "Эркинтоо".




  Түз байланыш

Жамбыл Камчиев:
"Сатиранын күчтүүсү саясатка такалат"
­ Алло! Саламатсыздарбы? Бул "Эркинтоо" газетасындагы түз байланыш бекен?.. Менин Жамбыл Камчиевге суроом бар эле. Мен Эркин, Аксы районунан.
­ Саламатсызбы, мен сизди угуп жатам.
­ "Өнөрлүү жигит өлбөйт" деп коет эмеспи. Сиздеги өнөр ата­энеңизде, тууган­уругуңузда бар беле?
­ Менин атамда, апамда деле бар эле. Апам айылдагы кошокчу аялдардын бири болчу. Атам болсо чукугандай сөз тапкан тамашакөй киши эле. Ата­энемде ошондой болбосо, менде каяктан болсун.
­ Ракмат, чыгармачылыгыңызда ийгилик болсун!
­ Сизге да ракмат!

­ Алло, мен Жамбылбек куудулга кайрылайын дедим эле, атым Ракман Таштанбеков, Бишкектен.
Сиз куудулдук өнөрүңүздөн тышкары дагы саясат жаатына аралаша калып, "банктар" жөнүндө маселе коюп жатпайсызбы. Ошого токтолсоңуз?..
­ Себеби, Кыргызстандын өнүгүшүн артка тартып жаткан система ­ бул банк системасы болуп жатат. Анткени, бизде кредит маселеси өтө начар. Мисалы, Казакстанга, Россияга, Кытайга салыштырмалуу аябай кыйынчылык менен берилет. Мен муну кылмыш катары ойлойм. Латын Америкасындагы жаңы өнүгүп жаткан мамлекеттер бүт банкирлерин азыр камады. Анткени, алар мамлекеттин өркүндөшүн так ошол банкирлер артка тартышканын дилилдешти. Кыргыз сому алмашканда Аскар Акаев 6 банкирге акчаны бөлүп берген. Курманбек Салиевич революциячыл адам болгондо, акчаны алмаштырмак. Мисалы, Керенский дагы, Ленин, Сталин, Хрущевдор да бийликке келгенде акчаны алмаштырган. Ошондо гана ажо кожоюн болот. Азыр Президентке сиздин фондуңуз деп бир миллиард акчаны фондусуна ыйгарып коюп алдап, калган 27 миллиард сомду банкирлер өздөрү айлантып жатышат. Былтыр ун кымбаттагандагы чуу биринчи Кыргызстандан чыкты да.
­ Кыргыздын ишкер жаштары банктарды ача албай калган себеби эмнеде, ушуга так жооп берсеңиз?
­ Мунун себеби: 100 миллион сому бар өзүнчө банк ачалат деген уставдык эрежени азыр 300 миллион акчасы барлар ача алатка которуп коюшту. Эгер тезирээк өнүгөбүз десек, ар бир айыл өкмөттө бирден банк болушу керек. Бир миллион акчасы бар адам банк ача алса, ошондо менин оюмча туура болмок. Ошондо гана өнүгүүнүн жолуна түшөбүз, калганы жөн эле сөз.
­ Ракмат.
­ Сизге да ракмат, бар болуңуз!

­ Алло, түз байланыш бекен, менин Жамбыл агайга суроом бар эле. Агай, жаш куудулдар, шакирттериңиз жөнүндө билсем дейм. Мен Айгүл Аламүдүн районунан.
­ Саламатсыңбы Айгүл?
Өмүрбек Кенжекулов, Сагын Орозов, Кубанычбек Миталипов, Илияз Агыбай уулу, Жаныбек Аттокуров деген менин сөзүмдү угуп жүрүшкөн жаштар бар.
­ Ракмат агай!
­ Сага да ракмат, суроо бергениңе.

­ Алло! Түз байланыш бекен, менин атым Айжаркын. Жамбыл агай сиздин экинчи аялыңыз бар деп угам, ошол чын болсо эмне үчүн экинчи аялды алып алдыңыз, балдарыңыз чоңоюп калгандыр?..
­ Сөзсүз эле артып калган кыздарды түрк менен кытайлар алыш керек беле?..
­ Экинчисин алганыңызда биринчи аялыңызды таштап аттыңыз да.
­ Мен таштаганым жок, экөө менен тең эле жашап жатам. Бул тема тууралуу өзүнчө телефон чалсаңыз мен толугураак жооп берээр элем. Ракмат, ушундай суроолорду бергениңизге!
­ Сизге да ракмат, ишиңиз ийгиликтүү болсун!

­ Алло! Бул түз байланыш бекен, атым Самара, Бишкек шаарынанмын. Жамбыл байке, сиз бир убактарда депутаттыкка ат салышып, саясатка аралашып жүрдүңүз эле, эмне себеп болуп ошол жолго бардыңыз эле?
­ Мисалы, Кыргызстанды өнүктүрүүнү, мамлекетти, улуттардын өза ара катышынын жолдорун билген адам гана өзүн депутаттыкка коюусу керек. Депутаттыкка эптеп өтүп алып, оозуна талкан салып алгансып, унчукпай эле отургандар толуп жатпайбы. Азыр деле депутаттыкка даяр эмес адамдар келип, парламентте отурушкандары бар.
­ Ракмат агай!
­ Сага да ракмат, бактылуу бол!

­ Менин атым Расул Баатыров, Төмөнкү Чүй айылынанмын, Жамбыл Камчиевге суроом бар эле.
­ Сизди мен угуп жатам Расул.
­ Жамбыл Камчиевич! Сиз белгилүү куудулсуз, азыркы куудулмун дегендердин көч башында турган адамсыз десем да болот. Сиздин бул касиетти аркалап жана өнүктүрүп калууңузга туулган айылыңыздагы сөзмөр, куудул, какшыкчыл адамдардын да таасири болгонбу?
­ Албетте, болот да. Мисалы, менин таятамды "Сулайман какшык" деп койчу экен. Дайыма оозунан какшык сөз түшпөгөн болуу керек да… Өзүмдүн атам Камчы да чукугандай сөз тапкан адам эле, жакында эле көзү өттү. Ошол Камчы атам да колхоздо тамеки эктирген активдердин бири болгон окшойт. Жанаша турган Фёдоров атындагы колхоздон өз ара текшерүү келип, келгендердин ичинен Кален чолок деген бир колун согушка берип келген адам суу жетпей, кээ бир жери кургап, суюлуп калган тамекилерди көрүп:
­ Бу таздын чачындай суюлуп кетиптир го тамекиң, ким эккен эле деп, атамдын таз башына тийиштирип сүйлөсө, атам:
­ А, муну бир колу жок чолок адам эккендир да, ­ деп жооп берген экен. Мындай куйкум сөз аралашкан окуялар мен турган Ноокаттын Улуу Катын айылында илгертеден жашап келе жатат… Азыр да көп… Айылга барсаң алар менен аралаш жүрүп чериң жазылат. Бул менин эле жеримде эмес, ар бир чөлкөмдөрдө өзүнчө өнүгүптүр. Мисалы, Талас менен Кетментөбө өрөөнү төкмө акындар менен ырчылардын мекени… Түштүктүн Акбуурасын бойлогон сатирик адамдар өтө көп, алардын ичинде өзбек жазуучулары да арбын кездешет.
­ Берген жоопторуңуз абдан канааттандырарлык болду, ракмат, көп жашаңыз, Жамбыл аке!
­ Ракмат, өзүңүз да көп жашаңыз!

(Уландысы келерки санда)

Мамат ӨСӨРОВ, "Эркинтоо".