Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№56, 01.08.08-ж.





  Биргелешип иштөөнүн жолун издейли

Кыргызстандын профсоюздар Федерациясынын кеңешинин Кыргыз Республикасынын
Президенти Курманбек Салиевич Бакиевге
кайрылуусу
Урматтуу Курманбек Салиевич!
Кыргызстандын профсоюздар Федерациясынын Кеңеши коомдогу социалдык чыңалуу болгон чегине жеткендигин белгилөөнү зарыл деп эсептейт. Мындай кырдаал баарыдан мурда керектөөчү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баанын токтолбостон өсүшү эмгекчилердин, калктын бардык жарды катмарынын материалдык абалын аябай начарлатты. Муну эмгекчилердин профсоюздарга багытталган көп сандаган билдирүүлөрү жана кайрылуулары күбөлөп турат.
Биринчи зарылчылыктагы азык­түлүк товарларынын баасынын мындай кескин жогорулоосун өлкө калкы акыркы он жылдан бери башынан өткөргөн эмес. Эгерде 2007­жылдын экинчи жарым жылдыгына чейин, маселен нандын баасы ай сайын орточо 0,3 пайызга өссө, а үстүбүздөгү жылдын башында нан­булочка азыктарынын баасы 23,3 пайызга көтөрүлдү. Мындай кырдаал эт, жашылча­жемиш продукциялары, сүт азыктары, май, суусундук, ошондой эле калкка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү бааларынын өсүшүнөн улам түзүлүп олтурат. Ошол эле мезгилде калктын ар бирине эсептегенде орточо жашоо минимумунун деңгээлинде киреше алуучу жарандардын саны 2006­ жылдагы 82 %дан 2008­жылы 94%га чейин көбөйгөн. Профсоюздардын баалоосу боюнча сомдун анык сатып алуу жөндөмдүүлүгү 48,8 пайызга ылдыйлап, эмгекке жарактуу адамдын жашоо минимумунда анык орточо айлык эмгек акысынын үлүшү 30%га чейин төмөндөгөн. Эгерде, маселен 2007­жылдын июнунда орточо айлык эмгек акыга 16 негизги тамак­аш азыгынан турган 3,7 азык топтомун сатып алууга мүмкүн болсо, а үстүбүздөгү жылдын июнунда профсоюздардын эсептөөсү боюнча 1,3 топтомун гана сатып алууга болот.
Эмгек Кодексинин жана "Калктын кирешесин жана сактаган акчасын индексациялоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын эң маанилүү талаптары аткарылбай жатат, ага ылайык эмгек акы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөө бааларынын өсүшүнө байланыштуу индексацияланышы керек. Натыйжада, калктын абдан бай жана эң кедей катмарларынын ортосундагы ажырым дагы огобетер көбөйдү.
Иштин абалы баарыдан мурда бюджеттик чөйрөдө эмгек акы боюнча карыздын 2,6 пайызга өсүүсүнүн улантылып жатышы менен тереңдөөдө, экономиканын реалдуу секторундагы эмгек акы боюнча карыз үстүбүздөгү жылдын 1­июнуна карата 315,2 млн. сомду түздү.
Баалар жаатында түзүлгөн кырдаалды өлкөнүн өкмөтү дандын жана ундун кымбатташы, дүйнөлүк рынокто чийки мунайдын, башка энергия алып жүрүүчүлөрдүн баасынын өсүшү менен түшүндүрүүдө. Бирок, тамак­аш азыгынын төрт гана түрүнүн: нандын, сүттүн, күнкарама майынын, жумуртканын баасын алсак, алар Лондонго (мында азык­түлүк товарларынын баасы орточо европалык деңгээлден 13%га жогору), ошондой эле Москвага, Бакуга, Ереванга, Минскиге, Кишеневго, Дүйшөмбүгө, Киевге караганда Бишкек шаарында жогору болууда. Маселен, Азербайжанда энергия алып жүрүүчүлөрдүн баасынын өсүүсү 80%дан ашыкты, а ага байланыштуу азык­түлүк баасынын өсүүсү ­ 20%га жакынды түздү. Кыргызстанда энергия алып жүрүүчүлөрдүн баасы 17%га, а тамак­аш азыгы ­ 30%дан ашыкка жогорулады.
Натыйжада, Кыргызстанда расмий статистика боюнча иштеген калктын арасында 62%ы кедей болсо, ошол эле учурда Казакстанда кедей категориясына таандык иштеген калктын саны бар болгону 2%ды, Белоруссияда ­ 4, Украинада ­ 15, Россияда ­ 16, Грузияда ­ 22%ды түзөт.
Мындай абалды тышкы глобалдуу себептер жана рынок экономикасына шилтеме кылуу менен гана түшүндүрүүгө болбойт. Мамлекетте баа саясаты жана бааларды ооздуктоо механизми жок. Көптөгөн товарларга баалар проблеманын айланасында жасалма түрдө түзүлгөн тынчсыздануулар менен жогорулоодо. Өкмөт бул терс процесске каршы туруунун мүмкүн болуучу чараларын колдонбой жатат. Мамлекетте тариф түзүү саясаты жана баа түзүлүшүнө көзөмөлдүк кылуу жок болууда. Монополисттер үнөмдүү иштөөнүн варианттарын издөө менен машакаттангылары келбей, ашкере пайданын артынан түшүү менен бааларды коюшууда.
Тариф түзүлүшүнүн, керектөөчү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүүсүнүн проблемаларын чечүүнүн жолдорун жана ыкмаларын издөө максатында Кыргызстандын профсоюздар Федерациясы министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн, кызмат көрсөтүүчү ишканалардын жетекчилеринин катышуусу менен "Керектөөчү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулоосунун жагымсыз социалдык таасир көрсөтүүсүн басаңдатуу маселесинде социалдык өнөктөштүктү активдештирүү" конференциясын өткөрдү.
Конференцияда тариф саясаты жана калкты социалдык жактан коргоо маселеси боюнча макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу үчүн аналитикалык жана эксперттик иштерди жүргүзүүчү көз карандысыз эксперттердин жана ӨЭУлардын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, профсоюздардын, иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрүнөн ведомстволор аралык эксперттик кеңеш түзүү зарылдыгы туурасындагы профсоюздардын сунушу жактырылды. Ушул эле маселе КПФ тарабынан 2008­жылдын 10­апрелинде болуп өткөн республикалык үч тараптуу комиссиянын отурумуна киргизилип, анда жогоруда аталган кеңешти түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган, бирок ал ушул кезге чейин түзүлгөн жок.
Кыргызстандын профсоюздар Федерациясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн көңүлүн баа түзүлүшүн жөнгө салуу, баалардын жана тарифтердин болуп көрбөгөндөй өсүүсүн ооздуктоо боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу, өлкөнүн азык­түлүк коопсуздугунун программасын иштеп чыгуу зарылдыгына бир нече ирет бурду, бирок профсоюздардын кайрылуусуна Өкмөт тараптан жооп болбоду.
Урматтуу Курманбек Салиевич, Кыргызстандын профсоюздар Федерациясы Сизге социалдык программалардын аткарылышынын жүрүшүн жеке көзөмөлүңүзгө алуу, өлкөнүн азык­түлүк коопсуздугу жана инфляцияны ооздуктоо маселелерин чечүүгө көмөктөшүү, өздөрүнө тапшырылган иште өз милдеттерин аткарышпаган жана өздөрүнүн иштеп жаткандай түр көрсөтүүсү менен элдин бийлик органдарына болгон ишенимине доо кетирип жатышкан чиновниктерге келишкис чараларды көрүү өтүнүчү менен кайрылат.

Кыргызстандын профсоюздар
Федерациясынын кеңеши.




  Салык төлөөчүлөргө салам дубай

Текшерүү азайса, "тери" калыңдайбы?
Салык системасы ­ Өкмөт тарабынан чарба жүргүзүүчү субъектилерге жана калкка таасир тийгизүүнүн негизги экономикалык өбөлгөлөрүнөн болуп кызмат өтөйт. Анын жардамы менен мамлекет социалдык милдеттерди чечүү үчүн каражаттарды топтоштуруп, өлкөнүн коопсуздугун жана укук тартибин камсыз кыла алат. Бирок, салык системасы өзүнө берилген ролду кынтыксыз аткарышы үчүн, аны натыйжалуу жана социалдык жактан адилеттүү системага айландыруу зарыл. Бул үчүн мамлекет салык салууну жеңилдете турган жакшы мыйзамдарды кабыл алып, фискалдык саясатты абдан кылдат жүргүзүшсө, экинчи тараптан калайык­калктын жана мамлекеттин чарба жүргүзүүчү субъектилери салык системасын адилеттүү система катары таануусу керек. Тактап айтканда, муну ишкер чарбалар, завод­фабрикалар, комбинаттар, кичи жана орто ишканалар, дыйкан­фермерлер,бизнесмендер ж.б. өздөрүнүн кирешелерин, пайдаларын ыктыярдуу жана ак ниеттүү "декларациялоо", тиешелүү чегерүүлөрдү бюджетке тыкандык менен төлөп туруу деп түшүнсөк болот.
Бул багытта Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев ишкерлерге өтө зор колдоолорду көрсөтүп келет. Айрыкча алардын текшерүүчүлөрдү азайтуу өтүнүчтөрүн канааттандыруу максатында, быйылкы жылдын май айынан баштап текшерүүгө мораторий киргизүү жөнүндөгү Жарлыгын чыгарган. Чоң­чоң жыйындарда, ишкерлер менен жолугушууларда, слеттордо алар "бизге ушундай камкордуктар көрүлсө эле, салыкты ак ниеттик менен өз учурунда төлөп турабыз" дешкен. Быйыл Жогорку Кеңеш тарабынан Салык кодексинин жаңы редакциясы биринчи окуудан кабыл алынды. Анда салык төлөөчүлөр жана ишкерлер үчүн бир топ жеңилдиктер каралган. Бирок, иш жүзүндө бюджетке салык төлөмдөрүнүн түшүшү кандай болууда?
Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин билдиргенине караганда, салык системасына мораторий киргизилгенден берки 2 айда 2168 салык төлөөчүлөр өздөрүнүн салык төлөмдөрүн азайтышкан. 2008­жылдын 1­январынан бери таптакыр төлөнбөй жаткан салыктар 200 млн. сомду түзгөн. Мындай жагдай боюнча өтө чоң карызы бар ишканаларга "Принц", "Авангард", Комфорт, Победа, Ак-Таш, Восток, Азиз, Табак­Трейдинг, Захир, Айып­Булак ж.б. кирет.
24­июлда Өкмөттүн биринчи жарым жылдыкка карата Кыргыз Республикасын социалдык­экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана экинчи жарым жылдыкка милдеттерди аныктоо боюнча өткөргөн жыйынында өлкө башчысы К.Бакиев Кыргызстандын ишкерлерине:"Сиздердин араңыздарда эртеңки күн жөнүндө ойлонбой, бүгүнкү күн менен гана жашап жаткандар болушу мүмкүн. Биз, мамлекеттин жетекчилиги кичи жана орто бизнести өнүктүрүү максатында сиздерге жол ачып, сиздердин бизнесиңердин өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп жатабыз. Силер да мындан туура жыйынтык чыгарууга: реалдуу кирешени жашырбоого, мыйзамдуу жана зарыл салыктарды төлөөдөн качпоого, милдеттүү нерсени өлкөнүн казынасына төгүүгө тийишсиңер. Ошондо мамлекет сиздердин бизнесиңер үчүн мындан да жакшы, пайдалуу шарттарды түзө алат. Бирок, реалдуу кирешени жашыруу жана салык төлөөдөн качуу тенденциясы улана берчү болсо, биз адекваттык чараларды көрүүгө аргасыз болобуз" , ­ деп катуу эскертти.
Негизи, капиталисттик өлкөлөрдө салык төлөбөгөн же реалдуу кирешелерин жашырган ишканаларга, ишкерлерге, бизнесмендерге эч аёо болбойт. Өтө чоң айып санкциялары салынып, кылмыш жообуна тартылышат. Ошондуктан, өлкө башчысынын ишкердүүлүк өнүксүн деген камкордугун туура түшүнгөн оң. Айрым ишкерлердин жеңилдетилген салыктарды да төлөбөй бекинип жатканы: мурда кампага 10 тонна алма төгүп жүргөн кишиге кампачы, "эми 2 тонна алма эле бер, 8и өзүңдө калсын", ­ десе, ошо 2 тонна алманы да бербей качкан багбанчыдай болууда. Бул жакшы көрүнүш эмес. Маселен, Кытайда ири өлчөмдөгү салык төлөбөгөн, кирешени жашырган ишкерлерге үй­мүлкүн казынага алуу менен түрмөгө камоо же атуу жазасына чейинки катуу чаралар колдонулат.
Деги эле салык салуу ­ ар бир мамлекеттин өз функцияларын аткарып туруу үчүн сөзсүз түрдө аткаруучу негизги милдеттеринин бирине кирет. Мунсуз өлкөнүн өркүндөп­өсүшү мүмкүн эмес. Ошондуктан, салык төлөө ­ киреше алуучу бардык юридикалык жана жеке адамдар үчүн мамлекеттин финансы ресурстарынын калыптанышына катышуучу милдеттеме катары түшүнүш керек. Ушундан улам салык (Fiskal ­ казына, бюджет) саясаты өлкө экономикасын көтөрүүнүн негизги таянычтарынын бири болуп саналат.
Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети 28­июлда "Кабар" агенттигинде пресс­конференция өткөрдү. Бул комитеттин төрагасынын орунбасары Эрнс Калдыбаевдин айтымына караганда, өлкөбүздөгү алты ай боюнча салык төлөмдөрдү чогултуу көрсөткүчү 101,7 пайызга аткарылган. Мындай жыйым былтыркы жылга караганда бир аз көп чогулган, жалпы суммасы акчалай 7 миллиард 927,5 млн. сомду түзгөн. Салык төлөмдөрүнүн 6 айлык планынын аткарылышы түштүк региондо ­ 104,1 %, түндүк региондо ­ 100,5%, Ош шаарында ­ 102 %, Бишкек шаарында ­ 100,5 %га аткарылган. Ушул жылдын 1­июлуна карата салык боюнча төлөнүүчү карыздар 1 млрд. 895,3 млн. сомду түзгөн. Бул көрсөткүч былтыркыга караганда 74,4 млн. сомго көптүк кылат.
Өлкө башчысы Курманбек Бакиев Өкмөт жыйынында Премьер­министр Игорь Чудиновго ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүү жөнүндөгү Жарлыкка толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн долбоорун иштеп чыгууну тапшырды. Президенттин ою боюнча, бул толуктоолордо абийирдүү салык төлөөчүлөр мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо алуусун, ал эми салык төлөөдөн качкандарга карата тиешелүү катуу чараларды көрүүнү караган пункттар кирүүгө тийиш. Жарлыкка мындай толуктоо жана өзгөртүүлөр жакын арада кире турган болууда. Демек, салык төлөөдөн жашырынып качпай, абийирдүү гана болууга туура келет, болбосо?..
Азизбек ЧАМАШЕВ,
"Эркинтоо".