Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№56, 01.08.08-ж.







Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Салиевич Бакиевдин
1-август - туулган күнүнө куттуктоо
Татаал бир кыйын учурда,
Моюнга милдет тактыңыз.
Көпчүлүк сизди колдошуп,
Зор ишенимге баттыңыз.

Акырын-аста кыр ашып,
Бул турмуш түштү нугуна.
Башталды Камбарата ГЭС,
Конгондой бүркүт тууруна.

Өзүңүз шашпай көрдүңүз,
Кыдырып дыйкан талаасын.
Курулган жаңы мектептер,
Кубантат айыл арасын.

Калк билет кайда бараарын,
Кайра жаралуу күн жүгүн
Өлкөнү өстүрөмүн деп,
Өрүү жолдосуз сиз бүгүн.

Көп бизде сынчы кокуйлар,
Жылмакай - көркөм "ойчулдар".
Көрсө да ишти жасалган,
Көрмөксөн болгон солчулдар.

Сиз койгон бийик максаттар,
Убакыт менен бат жылып.
Айланган ушул ааламдан,
Апкелсин элге жакшылык.

Туу болуп турсун желбиреп,
Өлкөгө болгон сүйүүңүз.
Кутмандуу жайдын айында,
Кут болсун туулган күнүңүз!

Карбалас Бакиров,
"Эркинтоо".




Тапшырманы аткаруу мөөнөтү так белгиленди
30-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев КРнын Премьер-министри Игорь Чудиновду кабыл алып, ага айыл чарба азыктарын республиканын базарларында сатып-өткөрүүгө тиешелүү абалды жөнгө салуу боюнча ачык­айкын тапшырмаларды берди.

Атап айтканда мамлекет башчысы премьер-министрдин көңүлүн айыл чарба товарларын республиканын ички базарларында өндүрүүчүлөрдүн баасы боюнча сатууга шарт түзүү керектигине бурду. "Кыргызстан рынок экономикасына өткөндөн кийин республиканын бардык базарлары сатылып кетип, жеке менчикке өтүп кеткен. Ошондон баштап аларда, бардык базарларда башаламандык уланып жатат. Базарларды алып сатарлар ээлеп алышып, алар фермер-дыйкандарга өздөрү өстүрүп-өндүргөн азык-түлүктү сатууга мүмкүнчүлүк беришпейт", - деп айтты К. Бакиев.
Президент ошондой эле алып сатарлар фермер-дыйкандарга өздөрү ала турган бааны айтып шарт коюшаарын, айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөр ал баага мажбур макул болушаарын же базардан кур кол кайра тартыша тургандыгын белгиледи. "Ал "ишмерлер" айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдөн алардын товарын дарбазанын сыртынан сатып алышып, базардын ичинде эки, кээде үч эселеген жогору баада сатышат. Ал эмес ошол эле алып сатар алган товарын кээ бир учурларда базарда соода ордун сатып алган үчүнчү бир кишиге дагы кайра сатып жиберет. Андай учурда товардын баасы дагы жогорулайт. Натыйжасында бизде өзгөчө айыл чарба азыктарына баа жогору болууда",- деди Президент.
Мамлекет башчысы түзүлгөн абалды оңдоо жана айыл чарба товарларына болгон бааларды түшүрүү максатында жакында эле Азык-түлүк корпорациясы түзүлгөндүгүн билдирди. "Мен айыл чарба министрлиги айыл чарба азыктарын сатып өткөрүүдөгү абалды жөнгө салуу боюнча кандайдыр бир ачык­айкын сунуш киргизет деп күткөмүн, биз бул багытта бир канча жолу сүйлөшкөнбүз, бирок эч кандай алгылыктуу иш жасалган жок. Ошондуктан мен атайын Азык-түлүк корпорациясын түздүм. Эми мен сизге, эртең боло турган Өкмөттүн отурумунда бул жөнүндө баарына айтып, бардык облустардын губернаторлоруна жеткирүүгө тапшырма беремин. Эмне кылуу керек? Биринчи - жаңы айыл чарба товарларын сатууга арналган базар үчүн жер бөлүүгө Бишкек шаарынын мэрине тапшырма берүү керек, ал эми Азык-түлүк корпорациясы айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдөн андан ары ошол базарда сатып өткөрүү үчүн азыктарды сатып алсын. Ошондо базарларда азыркыдай жогору баалар болбойт",- деп белгиледи К. Бакиев.
Аталган тапшырманы аткаруунун мөөнөтүн Президент 25-августка белгиледи. "Белгиленген убакыт өтө кыска, бирок мэрия бул маселени убагында чечиши керек, ал эми губернаторлор да өз облустарында ошондой эле ишти аткаруулары керек. Ал эмес жарандарыбыз жолго убакытты 10-15 минут көбүрөөк кетирсе да, айыл чарба азыктарын менчик базарлардагы баадан эки-үч эсе арзан баада сатып алышат", - деп баса белгиледи Курманбек Бакиев.
Бишкек шаарынын мэри жана облус губернаторлору бир тараптан 25-августка чейин керектүү жерди бөлүп берүүсү, экинчи жактан Азык-түлүк корпорациясы тиешелүү иштерди башташы керек. Ошондо фермер-дыйкандарга өздөрү өндүргөн товарларды эч кандай ортомчуларсыз сатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт,- деп тактады Президент. "Биздин фермерлерибиз мындан ары өзү өндүргөн азыктарды өздөрү сатып өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин билишсин. Башкача айтканда алар өз товарларын базарда отуруп өздөрү сатуу менен ага бааны өздөрү коюуга же өндүргөн товарын жеринде эле Азык-түлүк корпорациясына сатууга болгон тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат", - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.




Коррупция менен күрөшүүгө калкты да тартуу керек
30-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссары Садыр Жапаровду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров мамлекет башчысына агенттиктин ишин күчөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди. Атап айтканда, С. Жапаров агенттиктин жаңы структурасы иштелип чыгып, жетекчиликтин түзүмү 36%га, ал эми кызматкерлердин түзүмү 25%га кыскартылгандыгын, ошондой эле КРнын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин жаңы жобосу иштелип чыккандыгын жана Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттик боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып жаткандыгын билдирди. Комиссар ошондой эле, Агенттиктин эларалык уюмдар менен биргелешип коррупция менен күрөшүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча жүргүзүп жаткан аракеттери жөнүндө маалымат берди.
Президент Курманбек Бакиев коррупция менен күрөшүүдө Улуттук агенттигинин башкы таянычы жарандык коомдордун өкүлдөрү жана жалпы коомчулуктун катышуусу болушу керектигине өзгөчө көңүл бурду. "Коррупция менен күрөшүүгө коомдук башталышта жалпы республика боюнча жергиликтүү калк тартылышы керек, себеби жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кимиси коррупциялык көрүнүштөргө көбүрөөк аралашкандыгын алардан жакшы эч ким билбейт. Ошондуктан алар силердин жер-жерлердеги башкы таянычыңар болушу керек", - деп айтты мамлекет башчысы.
Андан ары орто жана ылдыйкы деңгээлдеги, өзгөчө ЖОЖдордогу коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу Агенттиктин түздөн-түз милдети экендиги белгиленди. "Жогорку бийликте азыр коррупция жоюлган, кызмат орундарына акча аркылуу дайындоолор жок. Ушундай эле иштер орто жана ылдыйкы деңгээлдерде да жүргүзүлүшү керек. Коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана болтурбоо үчүн Агенттик калктын өзүнүн, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жана жалпыга маалымат каражаттарынын активдүүлүгүн көтөрүшү керек. Ошондой эле, студенттердин акчанын жардамы менен экзамендерден жакшы баа алган учурларын жоготушубуз керек. Мындай тамырлашкан коррупциялык көрүнүштөрдү токтотушубуз керек", - деп өзгөчө баса белгиледи Курманбек Бакиев.



Мыйзам долбоору даярдалып бүттү
30-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Максатбек Садыровду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Максатбек Садыров мамлекет башчысына ушул айда Ысык-Көлдө өткөн, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди финансылоого каршы туруу боюнча Евразиялык топтун 8-пленардык отрумунун жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
ФЧКнын төрагасы ошондой эле кызматтын 2008-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жана ушул жылдын экинчи жарым жылдыгында аткара турган иштеринин отчету менен тааныштырды.
Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы "Терроризмди финансылоого жана кылмыш жолдору менен табылган кирешелерди адалдоого каршы туруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүүгө багытталып иштелип чыккан мыйзам долбоорлору жөнүндө маалымат берди. Андан тышкары М. Садыров Кыргызстандын финансылык чалгындоо кызматынын эларалык кызматташтыгынын кеңейгендиги жөнүндө билдирди. Атап айтканда, КР ФЧКсы Кытай Эл Республикасынын, Афганистандын, Эстониянын жана Молдавиянын тиешелүү кызматтары менен биргелешип иш жүргүзүү жөнүндөгү макулдашууга кол коюлган.
Президент Курманбек Бакиев финансылык чалгындоо кызматы эң башкы көңүлүн өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик жана финансы-банктык структуралары менен биргеликте кылмыш жолдору менен табылган кирешелерди адалдоого каршы туруу иштерине буруу керектигин белгиледи. "Финансылык кызмат келип түшкөн жана келип түшүп жаткан маалыматтардын мониторинг жана талдоо жасоо борбору болушу керек. Силердин негизги милдетиңердин бири болуп өлкөнүн экономикасын көмүскөдөн ачыкка алып чыгуу эсептелет", - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Т.ТЕМИРОВ, "Эркинтоо".











??.??